Айылдык аймактар
Атабеков

Тарыхы

Сайпидин Атабеков атындагы айыл аймагы мурда Бек-Абад айыл кеӊеши деп аталган жана ал 1928-жылы уюшулган. 1930-жылдан баштап Бек-Абад айыл кеӊешинин аймагында колхоздоштуруу иши башталган. 1930-31-жылдарда Бек-Абад айыл кеӊешин Калматов Мирзакерим деген адам башкарган. 

Ошол мезгилде Бек-Абад айылында “Куйбышев”, Кыпчак айылында “Социализм”, Актачы айылында “Ленин” атындагы колхоздор түзүлгөн.

1936-жылы чарбаларга “СТЗ” маркасындагы алгачкы тракторлор келип, 1939-жылы Бек-Абад айылында алгачкы жолу МТС (Машина трактор станциясы) курулган. МТСтин директору болуп Д.Е.Пионт бекитилген. (Кийин ал киши Социалисттик эмгектин баатыры болгон). 

1927-жылы Бек-Абад айылындагы алгачкы жолу советтик мектеп ачылып, 1937-жылы бул төрт жылдык мектеп 7 жылдык мектепке айланып №4 Киров атындагы мектеп болуп аталган. Кийинчерээк бул мектепке кыргыз, өзбек класстары ачылып, 1956-жылы биринчи бүтүрүүчүлөр аттестат алышкан. 

1936-50-жылдардын аралыгында чарба башкаруу иши тез-тез реформаланып турган. Мисалга, 1936-жылдан кийин Бек-Абаддын аймагында Молотов жана Каганович атындагы колхоздору уюшулган 

1956-жылы Ленин, Куйбышев, Социализм колхоздору биригип Правда колхозу түзүлсө 1959-жылы август айында Правда колхозу менен Эркин колхозу биригип, Эркин колхозу деп аталган. 1961-жылы Бек-Абад аймагындагы бардык колхоздор, айылдар электрлештирилип, 1962-жылы чарбада АТС (Автоматташтырылган телефон станциясы) курулуп, айыл телефондоштурулган. Эӊ башкысы колхоздо биринчи жолу үй-бүлөлүк подряд системасы киргизилген. 

1962-жылы Эркин колхозунда чарба башкармасы болуп Сайпидин Атабеков келген. Ал 1911-жылы Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында төрөлүп, эмгек жолун 1929-жылы Көк-Жаңгак шахтасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. (1967-80). 1941-45-жж. Ата Мекендик согушка катышкан. 1945-62-жылдары Кыргызстан КП Жалалабат обкомунун инструктору Үч-Терек райкомунун катчысы, Эмгекчилер депутаттарынын Ленин, Токтогул райондук Советтеринин аткаруу комитетинин төрагасы. Партиянын Токтогул райкомунун 1-катчысы, 1962-77-жж. Сузак районундагы “Эркин” колхоз башкармасынын төрагасы болуп иштеген. Бир жылдан кийин чарбанын экономикасы жогорулаган. Чарбанын аймагында 7 кой короо курулуп, тоют цехи пайда болгон. Чарбада койлордун саны 7 миң баштан, 2 миӊ башка көбөйгөн. Чарба реформатору катары С.Атабеков “Ленин”, “Октябрь Революциясы”, 2 жолу “Эмгек Кызыл Туу” ордендери, “Ардак белгиси”, 3-даражадагы Даңк ордендери, медалдар менен сыйланган.  менен сыйланган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 3 жолку депутаты болгон.

Анын урматына 1978-жылы 28-февралда Бек-Абад айылдык кеӊеши С.Атабеков атындагы айылдык кеӊеш болуп кайра аталган. 1979-жылы Эркин колхозу экиге бөлүнүп, Эркин жана Теӊдик колхоздору болуп түзүлөт. 

Атабеков Сайпидин атындагы айыл аймагы - Сузак районундагы административдик, аймактык бирдик болуп саналат.

Powered by Froala Editor