Ырыс айыл аймагы
Ырыс айыл өкмөтү - Сузак районундагы административдик, аймактык бирдик болуп, 1996-жылы Ырыс айыл кеңешинин базасында уюшулган. Мурда Сузак (1933-40), Молотов (1940-56), Октябрь (1957-60), Киров (1960), Күмүшазиз (1961-66), Ырыс (1967-96) айыл кеңеши деп аталган. Азыркы Ырыс айылдык округунун алгачкы тарыхы 1929-30-жылдарга туура келет.
Азыркы Жар-Кыштак айылына мындан эки кылым мурда Сузактан биринчилерден болуп Асул баба деген киши көчүп келип отурукташкан. Ошондо Көк-Арттын өзөнү өтө кеӊейип, ушул айылдан да агып өткөн. Жазда суу ташкыны жүз берип, жээктерди жууп кетчү. Ошондон кийин жээкте жарлар пайда болуп, ушул жар-Кыштак айылы ошондон калган. Айылдын ортосунда жар бул айылды Чоӊ-Жар жана Кичи-жар деп экиге бөлгөн. Бул аймак бүтүндөй Кокон ханы Кудаяр ханга таандык болуп, анын жердешибиз Усман миӊбашы башкарган. Хандын буйругу менен эл жыш жашаган Кокон, Маргалаӊ, Анжиян, Кашкар сыяктуу шаарлардан бул жактарга айрым соодагерлер, дыйкандар, кол өнөрчүлөр көчүп келишкен. Ошондуктан Кичи-Жарды Шор-Коргон жана Кашкар маала деп да аташат. Жергиликтүү дыйканда негизинен күрүч өстүрүшкөн жана өздөрүнүн менчик мал-койлорун багышкан.
Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарынын аймактарында элдин жашоо шартын жакшыртууда, элдин арасында илим жана маданият деӊгээлин жогорулатууда 1890-1987-жылдарда аралыгында кызмат көрсөткөн Охунжанов Муллажон, мулла Косим, Собир Кори, Сидиккожи, Урмонхожи, Тиллавойхожилар өздөрүнүн каражаттары эсебинен мечит, медреселер куруп, элдин илимдүү болушуна чоӊ салым кошкон. Сидиккожи жана Урмонхожилар 1890-жылдары Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарына курган мечиттер ушул күнгө чейин элге кызмат кылууда жана бул мечиттер тарыхый эстелик эсептелет. Андан сырткары элибиздин диний-руханий дүйнөсүн байытуу максатында өлкөбүз эгемендүүлүккө жеткенден кийин бийлик органдарынын макулдугу менен Абдувалиев Абдулазиз кори жетекчилигинде “Имами-Аьззам” мечит-медресеси курулган.
1929-жылы Коммунистик партия жана совет өкмөтүнүн жалпы коллективдештирүү саясатын ишке ашыруу максатында Жар-Кыштакта алгачкы колхоз уюшулуп, ага “Жаштар” деген наам берилип, 220 га айдоо аянтына ээ болгон. Алгач бул колхозду Хамтали Мамадалиев, Рахматилла Балтаев, кийин Мирзакул, Рахманали Турдиев, Ахмат Режавалиев, Кадыркул Мирзаев, Неьматилла Мирзаев башкарышкан. Колхозчулар негизинен пахта өстүрүшүп, гектарынан араӊ 8-10 центнерден түшүм алышкан. 30-жылдардын аягында “Ешлар”, “Ташкилод”, “Урнак” сыяктуу колхоздор биригип, Киров атындагы колхоз деп аталып, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында колхозго Нуриддин Янгибаев жана Хайдар Сейдалиев төрагалык кылышкан. 1945-жылы колхозго мурда пахтачылык боюнча 100 центнерчи алдынкы звено башчысы болуп иштеген Сали Алимов колхоз башкармасынын башчысы болуп шайланган. 1952-жылы Тотуя айылында Сталин атындагы колхоз, 1954-жылы Масадандагы Молотов атындагы колхоз менен бириктирилген. 1957-жылы колхоздун төрагасы С.Алимовго Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам берилип, 1958-жылы болсо коӊшу Курук-Көл жана Күмүш-Азиз айылдарында мурда уюшулган Бауман атындагы “Курулуш”, “Кайтпас”, “Октябрь” ж.б. кичи колхоздорду бириктирген Ленин атындагы колхоз да, Киров атындагы колхоз менен кошулуп, Ленин атындагы чоӊ колхозго айланган жана аны Сали Алимов башкарган.
Ташкилот айылынын да өзүнүн тарыхы бар. Айылдын аталышы кыргызчага которгондо “Уюм” деген маанини билдирет. Бул жерлер дагы мындан 2 кылым мурда Сузактыктардын жайкы талаа аянттары болгон. Ушул айылда уюшулган колхозго Американын “Жондор” маркасындагы тракторго кошулган сеялка келген. 1937-жылы колхозго сыйлык катары Россияда жасалган 1.5 тонна жүк ташууга ылайык “ГАЗ-АА” маркасындагы автомашина берилген. Анын айылдын биринчи автомобиль айдоочусу Убайдулла Анарбаев башкарган. 1939-жылы бул колхоз “Ешлар” колхозуна кошулган.
Масадан айылы жайгашкан аянттар өткөн кылымдын башында камыштар өсүп токой болгон. Бул жерге алгач Сузактан Ташмат жана Жээнбай деген адамдар көчүп келишкен. Алар үй-бүлөлөрү, туугандары, дос-жоролору менен дыӊ жерлерди ачышып, дыйканчылык кылышкан. Алар 1929-жылы Орозбеков атындагы колхозду түзүшкөн. Ага Шамшидин Якубовду башкарма башчылыгына шайлашат. Колхозду кийин Жума ата, Шермет ата, Ахмаджан Режавалиев, Маман ата, Нишанов, Ахмедов, Аймирза Ботобаев Аьзамжан Чкубов, Узак Ахмаркулов ж.б. башкарышкан. 1938-жылы Орозбеков репрессияга дуушар болгондон кийин колхозго Молотовдун наамы берилген. 1950-жылы коӊшу Ырыс айылындагы Намуна колхозу да Молотоов атындагы колхозго кошулат. Бул колхоз болсо 1954-жылы Киров атындагы колхозго кошулган.
Намуна колхозу 1932-жылы азыркы Ырыс айылында түзүлүп, коӊшу Тейит айылынын дыйкандары да кошулушкан. Бул колхоздо биринчи тракторчу аял Ырыс Кудайбердиева эмгектенген. Бирок, 1934-жылы бир топ бай-манаптар Ырыстын эмгектеги ийгиликтерин көрө албай, аны кыйнап өлтүрүп, өрттөп жиберишкен. Ырысты жок кылгандардын бардыгы Совет сотунун алдында жооп беришкен. Ал өлгөн менен ысымы түбөлүккө калды. Азыркы Ырыс айыл өкмөтү деген ат ошол алгачкы механизатор кызыбыздын атын түбөлүккө калтыруу максатында берилген. Колхоз ошол учурда Чөкө-Дөбө селолук Советине караштуу болчу. Азыркы айыл өкмөтүнүн курамына кийин өткөн. Бул жамаат 1950-жылы Молотов атындагы колхозго, ал эми 1954-жылы чакан колхоздорго биригип, Киров атындагы колхозго кошулган.
Тотуя айылынын тарыхы кеминде 5-6 кылымды камтыйт. Муну айылдын тарыхый символуна айланган Тотуя-Дөбө да айтып турат. Алгач Тотуяда уста Абдужаббар, Артык ажы, Ашурмат, Дадажан, Хасанбай жана Хусанбай, Түмөнбай, Төракулбай, Эрали, Хакимбай сыяктуу дыйкандар келип, дыӊ жерлерди ачышкан. 1929-жылы Жалал-Абадддан Сулайман деген киши келип, жаӊы коллектив жамааттарга үгүттөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада айылда ошол жылы “Кызыл өсүм” колхозу түзүлгөн. Бул жаӊы жамаатка алгач Исхак баба, Таштемир, Юлдаш, Борон баба сыяктуу батрактар кошулган. Анан жери, жылкысы, мал-кою бар дыйкандардан 10-15 кожолук киген. Исмаил Хажикулов колхоздун биринчи төрагасы болгон.
Тотуя айылына коӊшу болгон Киткан айылында да коллектив жамаат түзүлүп, ага Сталиндин наамын беришет. Аны алгач Пулатбай Юлдашев, кийин Атабала Юсупов башкарышкан. Негизинен пахта өстүрүлгөн бул жамааттар 1939-жылы кошулушкан жана Сталин атындагы колхозго Мумин Сатвалдиев төрага болгон. 1945-47-жж Сапарбай Меӊдибаев, 1947-48-жж Махмурзи Хамрабаев, 1948-50-жж Камчы Эшматов, 1950-52-жж Кучкар Режавалиев колхозго жетекчилик кылышкан. 1952-жылы салыштырмалуу чоӊ колхоз болгон Киров атындагы колхоз менен кошулушкан.
1960-жылы колхозго Сабиткул Мамарасулов, кийин Өсөр Юлдашев анан дагы бир аз Сали Алимов төрагалык кылышты. 1962-78-жылдары колхозду партиялык жана коомдук ишмер Малабай Жунусалиев башкарып, колхоздун экономикасын кыйла көтөрүүгө жетишкен. 1990-94-жж Акрам Файзуллаев Раис болгон. 1994-жылдан тартып колхоз жоюлуп, жерлер менчик катары элге берилген.
Аталган аймактан Маматов Ибайдулла, Мадаминов Азиз, Маматякубов Ибайдулло, Мирахмедов Чирмашбай, Хуркунов Рахман, Тургунов Чоман, Боташев Мамасадик, Юлдашев Холдорвой, Кимсанов Эргаш, Жунусалиев Малабай, Мамытов Курванали, Режевалиев Кочкорбай, Кабылов Юлдаш, Акбаров Иномжон, Хайатов Пайзиддин, Мойдунов Турсунбай сыяктуу көптөгөн эӊ мыкты адамдар чыккан.
Материал "Сузак району. Мезгил жана Инсандар" китебинен алынды.