Айылдык аймактар
Багыш

Тарыхы

Багыш айылдык кеңешинин тарыхы, ВЦИК президиумунун чечими менен  1926-жылы декабрда Кыргызстандын аймагы 7 кантонго (Административдик аймактык бирдик) бөлүнгөндөн башталатОшонун ичинде Кыргыз АССРинин Жалал-Абад кантону 8 волостундан турган. Көк-Арт волостунун курамына Багыш айылдык кеңеши 1927–жылы кирген. Калктын катмарын негизинен кедей-кембагалдар түзгөнОшол кездеги Багыш айылдык кеӊешинде төмөнкү калк жайгашкан пунктар жана чарбалардын саны мындайча көрсөтүлгөнКедей-Арык  93, Алча-Булак -72, Багыш  122, Көкаңгак  164, Сары-Булак  44. 

Андан ары изилдесек жери түшүмдүү, жаратылышы кооз бул өрөөндү жергиликтүү кыргыздар Ой-талаа деп аташкан. Өздөрү тоо арасында жайгашкан Үч-Малай, Кызыл-Кыя. Алчалуу-Булак, Ачы, Көгүчкөн, Көк-Жаңгак, Долоно-Башат, Бугулуу, Маркай, Төлөк, Сары-Булак, жана башка айылдарда жашашкан. Серүүн тоосунун түбүндө, Ой-Талаага чектеш “Бостон” айылы болгон (азыркы Сафаровка) . Кийинчерээк Бостон айылына ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү келишип, отор алып жашап калышкан да, башкача айтканда, интернационал кыштакка айланган. Буга Улуу Жибек жолунун бир бутагы кыштактан өткөндүгү себеп болгон.

Бир нече жылдардан кийин, 1880-жылдары кыштак “Гүзар”деп аталып калган. Бул кооз, сулуу,жакшы деген маанини түшүндүргөн. ”Гүзар”кыштагы Көк-Арт өрөөнүндөгү эң ири соода борбору болуп, анда кол өнөрчүлүгү боюнча устаканалар, нан бышыруучу наавайканалар, чайканалар, мал базары иштеп, Афганистан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана башка жактан келип соода кылып турушкан. Улуу Жибек жолунун бир бутагынын кыштактан өткөндүгүн Тогуз-Торого ашып өтүүчү Көк-Арт тоосундагы Калдама ашуусунун түбүндөгү Таш-Рабат, ошондой эле айтылуу Саймалуу-Таш күбө болуп турат.

1890-жылдары Ой-Талаага биринчилерден болуп Сары болуш эки кабат үй салып (балакана), короо-жай курат. Ошондон баштап Ой-Талаага отурукташуу башталат. 

1900-жылдарыБагыш айылынын батыш тарабындагы Ормон арыктын боюна,

Кокондон жыйырмадай кожолук өзбектер келип отурукташып, алар төбөсү ылай менен шыбалган топурактан сокмо үйлөрдү салышкан да, дыйканчылык кылышып буудай, арпа, таруу ж. б эгиндерди эгишкен. Алардын айылы Кокон-Маала деп аталып турган. 1905-1906-жылдары орус дыйкандарынын отурукташуу агымы болуп, ошол айылдан түндүктү көздөй бир көчө Сибирден, Дондон, Украинадан келген орустар отурукташып, алар сууну Көк-Жаңгактан арык менен алып турушканына байланыштуу орустардын айылы поселок Көк-Жаңгак деп аталып турган. Орустардын өздөрүнүн коому (обшество) болуп келгендерди каттап, кабыл алып турушкан. 1910-жылы биринчилерден болуп келген (ал каза болгондон кийин) Ивановдун урматына, айыл Ивановка болуп аталган.Ошол учурда Ивановка кыштагын 149 орус кожолук түзүп, жалаң орустар жашашкан. Кыштакта магазин, фельдшердик пункт, башталгыч мектеп, Иоан Богослов атындагы чиркөө ачылган. Кыштакты староста, писарь, десятник башкарып турушкан. Орус кыштагына жалданып иштегендер абдан көп келип, таңдан кечке иштешкен да оорууга байланыштуу, же башка бир жеңилдиктерге ээ болгон эмес. Иш берип иштеткен кожоюндарына толук көз каранды болушкан. 

1917-жылы Октябрь революциясы болуп, падыша өкмөтүн кулатып, бийликке Кеңеш өкмөтү келип, 1918-жылы Гүзар, Ивановка айылдарында Совет бийлигинин революциялык комитети (ревком) түзүлүп, анын биринчи төрагасы болуп Поляков Павел Николаевич дайындалат. Ревкомдун мүчөлөрү П. Куркин, П. Тодоренко, Коновалов, М. Кабиров, Г. Сафаров, Б. Шарихановдор болгон.

1921-жылдын 19-апрелинде Жалал-Абад районунун Көк-Арт аткаруу комитетине караштуу, Ивановка айылдык кеңеши болуп кайра түзүлөт. 1921-жылдын 30-ноябрында Ивановка айылдык кеңеши, Октябрь айылдык революциялык комитети болуп аталат1921-жылдын 16-декабрында Октябрь революциясынын төрт жылдыгына карата Гүзар айылы, революционер Сафаровдун урматына, Сафаровка айылы болуп өзгөрүлөт.

1924-жылдын 14-октябрында Түркстан Республикасы улутташып бөлүнгөндүктөн, Кара Кыргыз автономиялуу облусу түзүлөт. 1926-жылдын

1-февралында Кыргыз АССРи болуп өзгөрөт. 1928-жылы биринчи болуп Багыш айыл кеңешине караштуу Беш бала айылында “Жаңы Кайрат” колхозу түзүлөт.

Ошол жылдан баштап коллективдештирүү чоң жолго коюлуп, артелдер, жеке

чарбалар биригип, колхоздор уюштурула баштайт. Октябрь айылдык кеңешине

караштуу 3 колхоз: “Красный Октябрь”, ”Сары Камыш”, “Красный Труженник”

Багыш айылдык кеңешине караштуу 2 колхоз: ”Турмуш”, ”Кедей Күч”, Сафаровка

айылында “Ленин жол “колхоздору түзүлгөн.

1931-жылы Жалал-Абад-Көк-Жаңгак 22 чакырым темир жолу курулат. Темир

жол Багыш айылын аралап өтөт да, Багыш айылында темир жол станциясы ачылат.

Ал эми 1935-жылы февраль айында борбору Октябрь кыштагы болгон Көк-Арт району уюшулат. 1936-жылдын 5-декабрында Кыргыз Автономиялуу Республикасы Советтик Социалисттик Республика болуп калат да, 1937-жылы болсо Көк-Арт району Октябрь району болуп которулат. Ал эми 1938-жылдын мартында жаңы уюшулган Жалал-Абад округунун курамына кирет.

Октябрь районунун карамагына төмөнкү 12 айылдык кеңештер кирген: Качкынчы (Тайгараев), Багыш, Октябрь, Көк-Арт, Михайловка, Дмитриевка, Калмак-Кырчын, Кашка-Терек, Архангел, Кара-Алма, Жылан-Темир, Кыз-Көл. Райондун карамагында болсо 38 колхоз болгон. Октябрь кыштагынын 5, 6, 7-көчөлөрү “Калинин” колхозу болуп, Кашка-Терек айылдык кеңешине карап турган.

1941-жылы башталган Улуу Ата Мекендик согушка катышып эрдик көрсөткөн,

Октябрь районунун Багыш айылдык кеӊешинен 1941-жылкы Улуу Ата Мекендик согушка 641 жоокер кеткенАнын ичинен 85 жоокер өз мекенине кайтып келген

Союзунун баатырлары Т. Тайгараев, В. Г, Крикундар бар. 476 жердешибиздин аты кыштактын ортосунда жайгашкан архитектуралык эстеликте жазылып турат

1959-жылы 31-январда Жалал-Абад облусу жоюлуп, Ош областына кошулат. Ушул жылдын 1-декабрында Октябрь району жоюлуп, Октябрь айыл кеңеши Сузак районунун курамына кирип калат. Ошол убакта Октябрь айыл кеңешине караштуу “Красный Октябрь”, Сафаровка айылында “Ленин жол”, Багыш айыл кеңешине караштуу “ХХ-партсьезд” ирилешкен колхоздор болуп турган. 1963-жылдын 14-февралында ушул үч колхоз биригип, “Дружба” тамекичилик совхозу түзүлөт. 

1965-жылдын 15-июнунда, Советтер Союзунун баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелиги коюлуп, Тайгараев атындагы эс алуу паркы түптөлөт 1965-жылдын 20-ноябрында, Октябрь айылдык кеңешине Багыш айылдык кеңеши кошулат да, Октябрь кыштактык кеңеши болуп түзүлөт. 

1991-жылы Октябрь айылдык кеңеши Багыш айылдык кеңеши болуп, ал эми 1996-жылы 1-майда Багыш айыл өкмөтү болуп өзгөргөн.

Powered by Froala Editor