Сузак айыл аймагы – Сузак районунун административдтик бирдиги жана борбору болуп саналат. Сузак айылдык аймагы Жалал-Абад облустук мамлекеттик архиви тарабынан берилген тарыхый маалыматтарга караганда Сузак айыл аймагы 1929-жылы уюшулуп, алгач жумушчу, дыйкан жана Кызыл Аскер депутаттары Советинин Сузак селолук аткаруу комиттети деп аталган. 1939-жылы эмгекчилер депутаттарынын селолук советинин аткаруу комитети, 1977-жылы Эл депутаттарынын Сузак селолук советинин аткаруу комитети болгон. 1991-жылы Эл депутаттарынын Сузак айылдык кеңешини, ал эми КР өкмөтүнүн 1996-жылдын 24-апрелиндеги 187-токтомунун негизинде Сузак айыл өкмөтү деп өзгөртүлгөн. Алгач Сузак селолук совети Жалал-Абад райондук аткаруу комитетине баш ийген. Кыргыз ССР Жогорку Сорветинин Президиумунун 1940-жыл 28-апрелиндеги Указы менен райондун борбору Жалал-Абад шаарынан Сузак кыштагына көчүрүлгөн. Ошондон кийин Сузак селолук совети Сузак районунун курамына киргизилген.
1931-жылы Сузак аймагындагы Ворошилов атындагы айыл чарба кооперативи түзүлгөн. Чарба негизинен пахта өстүрүүгө багытталган. Кара-Дарыя суусунун жээгинде жайгашкан бул аймакта чарбаны суу менен камсыз кылган жана дыйкандар өздөрүнө зарыл эгиндерди өстүрүп турушкан. 1950-жылы “Майда чарбаларды бириктирүүгө байланышкан чаралар жөнүндөгү” токтомго ылайык, аймактагы майда чарбалар бириктирилип, натыйжада “Москва” колхозу түзүлгөн. Чарбаны узак жылдар бою Социалисттик Эмгектин Баатыры Адбирашит Абдыкадыров башкарган.
Ошондой эле бул айыл аймакта 1954-жылы Сузак райондук аткаруу комитетинин чечими менен Сталин атындагы колхоз жана Благовещенка селолук советине караштуу “Октябрдын 10 жылдыгы” колхозу кошулуп Коммунизм колхозу деп атала баштады. Колхоз көп жолу социалисттик мелдештердин жеңүүчүсү болгон. 1954-57-жж. пахтаны жакшы өстүрүдө үлгүлүү иштери үчүн колхозго Кыргызстан КП БК жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин өтмө Кызыл-Туу ыйгарылган. 1959-жылы Жалал-Абад облусу жоюлуп, Ош облусу менен кошулгандан кийин Коммунизм колхозу ош облусунун Сузак районунун курамына кирген. Колхозго 30 жыл башкармалык кылган Астана Бадалов пенсияга чыккандан кийин 1960-жылдын январынан тартып ордендүү Коммунизм колхозун 36 жыл бою тыныгуусуз “СССРдин эмгек сиңирген айыл чарба кызматкери” Алымжан Юнусов башкарган. Колхоз жетишкен ийгиликтери үчүн 1971-жылы “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.