Ленин айыл өкмөтү – Сузак районундагы административдик аймактык бирдиги. 1996-жылы айыл кеӊешинин базасында уюшулган. Калкы 7200. Учурда күрд , орус, өзбек, тажик, немец, украин ж.б. улуттар жашайт, 75% кыргыздар. Көк-Арт суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 800 метр бийиктикте, борбор шаарыбыздан 580 км, райондун борбору Сузак кыштагынан 25 км жана Жалал-Абад шаарынан 15 км аралыкта жайгашкан. Аянты 3,3 миӊ га. Ленин аймагында, Шарап заводу (азыр иштебейт), турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу жана соода жайлары, чайкана, тегирмен, май сыгуучу цехтер жана байланыш бөлүмү иштейт. 3 орто мектеп, кесиптик лицей, 2 бала бакча, маданият үйү, клуб, мечит, парк, айылдык врачтар амбулаториясы, фельдшер-акушердик пунктары жана дарыкана бар.