Барпы айылдык округу
Барпы айылдык округу райондо алгачкылардан болуп түзүлгөн аймактык бирдик болуп саналат. 1927-жылдан баштап чарбанын аймагында жергиликтүү реформа жүрүп, ал негизинен 1930-жылы аяктаган. Бул мезгилдин аралыгында чакан клубдар, чакан мектептер, фельдшердик пункттар ачыла баштаган. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында “Интернационал”, “Кызыл Октябрь” “Ордоникидзе”, “Большевик”, “Үлгү”, “Комсомол”, Ырыс атындагы, Сталин атындагы “Кыпчак Абат”, “Коммунизм” сыяктуу майда чарбалар болгон. Алар Таштак жана Чокодөбө айыл өкмөттөрүнө караган. 50-жылдары ал чарбалар бири-бирине кошулуп ирилештирилген. 1959-жылы эки айыл советиндеги бүт чарбалар биригип, Таштак айыл совети болуп калган. Ал эми, 1974-жылдан бери айыл өкмөт белгилүү акын Барпы Алыкуловдун ысмынан аталып келет. Аталган айылдан Данияр Чойбеков, Ормонбекова Саадат, Азимов Пайзирахман, Баймурзаева Халыскан, Токторбаев Жалил, Нанаев Бектемир сыяктуу эмгек баатырлары жана эл баатырлары чыккан.
“Барпы” колхозу
1930-жылы Сузак районунун аймагында Кызыл-Мехнат колхозу уюшулган. Чарбанын аймагында пахта, кант кызылчасы, буудай жана жашылча өстүрүлгөн. Кийинчерээк сүт-товар фермалары уюштурулду. 1950-жылы СССР Министрлер Советинин №3197 – токтомуна ылайын чарбанын аймагында майда артелдер, атап айтканда Интернационал, Октябрь, Орджокидзе, жала Большевик колхоздору биригип 22-Партсьезд колхозу уюшулган. Ал эми Комсомол, үлгү жана Кызыл-Мехнат колхоздору биригип, Кызыл-Мехнат колхозу уюшулган. Ал эми 1958-жылы Кызыл-Мехнат жана 22-партсьезд колхоздору бириктирилип, Кызыл-Мехнат колхозу болуп кайрадан уюшулган.
1960-жылы Кызыл-Мехнат колхозу атактуу акындын урматына Барпы колхозу болуп аталат. Колхоз чарбалык эсепте иштөө менен өзүнүн экономикалык потенциалын жогорулаткан, натыйжада чарбанын бардык ички жолдору асфальтталган. Жаӊы балдар бакчалары, чарбалык дүкөндөр, маданият үйү курулган. Чарбанын аймагындагы адамдардын жашоо-тиричилиги жакшырган. Алар мамлекеттик карыздан толук кутулушуп, кошумча эмгек акыларды алышкан.