Курманбек айыл аймагы - Сузак районундагы административдик аймактык бирдик. Борбору – Таран-Базар айылы. Райондун борборунан 58 км, Жалал-Абад шаарынан 45 км, Борбор шаарыбыздан 643 км аралыкта жана деңиз деңгээлинен 1300 м бийиктикте жайгашкан. Айылдары тоолуу аймакта жайгашкандыктан, негизги багыты мал-чарбачылыгы жана токой чарбачылыгына багытталган. Калкынын саны 15000ден жогору, басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзөт. Айыл аймакты аралап стратегиялык Бишкек-Ош альтернативдик жаңы жолу өткөн. Төрт тарабы Көк-Арт, Кара-Алма айыл аймактары жана Нарын, Ош облусттары менен чектешет. Айыл аймакта Курманбек баатырдын күмбөзү орун алган.