Айылдык аймактар
Кара-Алма

Тарыхы

Тарыхы

Кара-Алма айылынын тарыхы тээ Курманбек баатырдын дооруна барып такалат. Ошол замандарда Көк-Арт өрөөнүн тең ортосунан аккан Көк-Арт дарыясынын тескей тарабында тоо этектеп журт конгон экен. Боз үйлөрдүн  көптүгүнөн, үй үстүнө ойноп чыккан улак, жерге түшпөй эки чакырым жерге ойноп барчу деп айтышат. Ал эми дарыянын күңгөй тарабындагы Саты, Урумбашы, Кара-Алма тараптар, ал убакта чычкан жүрө албаган чытырман токой, арстан менен жолборстор мекендеген камыштуу жай болгон делет. Кара-Алманын төрүнө, жайында жайлоолоп эле эл чыкканы болбосо, токоюна жалгыздап адам кире албай,  күзүндө гана жаңак тергени мергенчилердин коштоосунда киришчү экен. 

Жергиликтүү аксакалдардын айтымында, Кара-Алма деп аталып калган себеби болсо, илгери токойдогу алманын көптүгүнөн тергени адам жок, алмалар жерге кат-каттап түшүп кар алдында калып калчу экен. Алмалар  жалбырактарга көмүлүп, калың жааган кардын астында үшүк урбай сакталып тураарын билген элдер, кышындасы мергенчилердин коштоосунда токойго келип, кар астындагы тоңгон алмаларды терип, Анжиян, Ош, Ташкент базарларына алпарып сатышып тирилик кылышкан. Ошол кар астында сакталган алмаларды элдер “Кар алма” деп атаганынан, бул токойлор да Каралма деп аталып калган экен. 

1900-жылдары Кара-Алма токойунун ортосундагы түздүккө эң алгач орус мужиктери олтурукташып үй салып баштаган. Алар токойдогу жаратылыш байлыгын иштетүгө жана жаңак жыгачтарын Россияга жөнөтүп туруу үчүн, атайын сүргүнгө айдалган поляктардын тобун көчүрүп келишип, түрдүү курулуштарды курдуруп, орус империясынын саясатын бул жерде да бекемдей башташкан. Ал эми жергиликтүү калкты түзгөн баасыз менен багыш урууларынын өкүлдөрү, ата бабалары кылымдар бою жайлоологон Кара-Алманын башындагы Сууган-Таш жайлоосунан ылдый түшкөн эмес. 1918-жылдан кийин Совет Өкмөтү бийликке келип, жер жерлерде колхоздорду уюштуруп, айыл кыштактарды элди көчүрүү жолу менен бышыктай баштаган. Кара-Алма айыл округун 1922-жылдары Ткачев деген жетектеген, борбору Катыраңкы кыштагында болгон. Кара-Алма кыштагы 1934-жылы негизделип, айылдык совети 1947-жылы көчүрүлгөн. Ошол учурдан баштап Кара-Алма өрөөнүндө Орток, Марча, Үчбулак, Кызылкыя, Сай, Беш-Жаңгак кыштактары пайда боло баштайт. 

Ал эми Кара-Алма токой чарбасынын тарыхына токтолсок. Кара-Алма токой чарбасы 1933-жылы Кыргыз ССРнин токой чарба комиссарияты негизделгенинен башталат. 1934-39-жылдары Азык-түлүк комиссариятына караган токой чарбасы 1941-45-жылдары Көк-Арт совхозуна карамагында болот. 1945-жылы токойлор мөмө жемиш заказнигине өтүп, Саты жана Согон Таш (Кара-Алма) жаңгак совхоздору өзүнчө негизделет. 1948-жылы ал Саты жаңгак совхозу менен биригип Кара-Алма токой чарбасы болуп түзүлгөн. 1949-жылы Октябрь райондук кеңешинин чечими менен 30 миң гектар жер Кара-Алма токой чарбасына бекитилип берилет. 1950-жылы СССРдин Министрлер Советинин №2939- токтомунун негизинде Кыргызстанда Түштүк токой башкармалыгы уюшулган. Кара-Алма токой чарбасы жаңгак токойлорун сырткары, бал өстүрүүчүлүк менен иштеген чарба болгон. Орток токой чарбасы болсо 1936-жылы Бүткүл союздук “Союз плодовощь” бирикмесине киргизилип, Орток токой чарбасы түзүлгөн. 1942-48-жылдардын аралыгында Орток токой чарбасы райондогу Каду деп аталган токой чарбага баш ийдирилген жана 1947-жылга чейин жаңгак мөмө-жемиш, түштүк трестине өткөрүлүп берилген. Кийинчерээк бул чарба Кара-Алма токой чарбасына бириктирилип, андан кийин кайра бөлүнүп, учурда кайра бириктирилген. 

Powered by Froala Editor