Айылдык аймактар
Кара-Алма

Географиялык абалы

Кара-Алма - Сузак районундагы административдик аймактык бирдик. Каралма токой чарбасынын борбору. Райондун борбору Сузак айылынан 62 км түндүк-чыгыш тарапта, темир жол бекетинен 40 кмдей аралыкта жайгашкан. Тоо тизмектери Кыз-Көл айыл аймагы, Базар-Коргон району жана Нарын облусу менен чектешет. Деңиз деңгээлинен 1380-3705 бийиктикте жайгашкан. Жалпы аянты 57047 га. Кара-Алма токойун аралап Көгарттын оң куймасы Каралма суусу агат. Бул суу, Туурасуу менен Капкасуу кичи дарыялары кошулгандан баштап 12 куймасы бар Кара-Алма дарыясы аталат жана Көгарт суусунун оң куймасы болуп эсептелинет. Токоюнда элик, аюу, кашкулак, каман, каракур, кыргоол, кекилик, чүткөр ж.б. жаныбарлар бар. 1937-жылы табылып, 1942-жылы геологиялык чалгындоо жүргүзүлгөн Каралма марганец кени бар. Айыл чарбалык жерлерин жалпы аянты 7779 га. Айыл чарбачылыгына жарактуу айдоо жери 16774 га. Эки токой чарбасы бар: Каралма (40500га), жана Орток (15300га).

Powered by Froala Editor