Айылдык аймактар
Кызыл-Туу

Тарыхы

      Азыр айыл округу деп аталган Кызыл-Туу айыл өкмөтү болуп 1996-жылы айылдык кеңештин базасында уюшулган. Борбору болгон Мундуз айылы 1954-жылдан баштап пайда болгон. Кызыл-Туу айыл окуругунун уюшулуу тарыхы өткөн кылымдын 20-жылдарынан кийин башталган. Тарыхый далилдерге таянсак, алгач “Ачы” сельсовети болуп А. Турдуев жетекчилик кылат. Көк-Арт волостунун карамагында “Кызыл-Сеңир” сельсовети (кийин Кызыл-Туу аталган) 1926-жылдын 6-декабрынан баштап катталып келген. Сельсоветтин аймагында Орозбеков, Сталин, Кара-Жыгач, Коммунизм, Жашасын Туташ деген майда колхоздор уюшулган. 

    Ачы өрөөнүндө Ак-Терек, Бостон, Чыны-Булак, Кара-Көл, Алмалуу, Кедей-Таппас, Алмалуу булак, Шатырак, Ак булак, Кара Инген колхоздору негизделген. Кийин 20-30 түтүндөн түзүлгөн колхоздор ирилештирилип Орто-Азия, Кызыл-Байрак, Ленин, Ак-Терек, Сталин, Кызыл-Сеңир колхоздору пайда болгон. 1940-жылдары Большевик жана Ачы сельсоветтери иштеп турган. 1958-жылы 3 сельсовет (Кызыл-Туу, Ачы, Большевик)  Кызыл-туу сельсоветине бириктирилген. Кызыл-Туу сельвсоветиндеги Орто-Азия, Кызыл-Байрак, Кызыл-Сеңир колхоздору да биригишкен. 1951-жылы бул аймакта МТС (Машина трактор станциясы) уюштурулган. 

         1951-жылы Ленин атындагы жана Ак-Терек деген 2 колхоз болгон. 1958-жылы Жданов атындагы колхозго Спасовка селосундагы Киров атындагы колхоз жана Ачы өрөөнүндөгү колхоздор биригишет. Мындан кийин бул колхоз элинин саны, жер аянты, экономикасы боюнча Ош областынын ири колхоздорунун бирине айланат да, Карл Маркс атындагы колхоз деп аталат. 

  1958-жылдын 7-апрелинде Кызыл-Туу сельсовети эмгекчилердин депутаттарын Кызыл-Туу айылдык кеңеши деп аталды. Ошол эле жылы Ачынын ичиндеги жана өрөөнүндөгү колхоздор биригишип Кызыл-Туу айылдык кеңеши боюнча бир гана Карл Маркс атындагы колхоз болуп бириктирилген. 1969-70-жылдары К. Тиллебаевдин эмгеги менен Ачы өрөөнү толук жарыктандырылат.

  Архивдик материалдарга караганда 1951-жылдан бери сельсоветтерде жетекчи болуп иштегендер: 

  1. 1950-жылы Юлдашев Базарбай
  2. 1951-жылы Суранбаев
  3. 1952-жылы Маматов Токтоназар
  4. 1953-жылы Абдурахманов
  5. 1954-57-жж Сатвалдиева Бүбайша
  6. 1957-63-жж Кадыркулов А.
  7. 1963-65-жж Көккөзова Какы
  8. 1965-72-жж Бечелов аттоокур
  9. 1972-85-жж Жунусова Салтанат
  10. 1985-88-жж Батыралиев Тыныбек
  11. 1988-92-жж Бегимкулова Кымбат
  12. 1992-95-жж Алимов Рысбек
  13. 1996-97-жж Жумабеков Марат
  14. 1997-2001-жж Жусупбаев Темирбек
  15. 2002-2004-жж Алишев Мурзакул
  16. 2004-жылдан бери Шакиров Асан
  17. Наримбетова Турдукан 

     Кызыл-Туу айылдык аймагынын билгендер баатырлар мекени дешет. Анткени, бир айыл аймактан союз маалында социалистик эмгектин 5 баатыры чыккан. Алар, Матиев Ажымамат, Каримов Сейит, Карымшаков Абдыкадыр, Абдраимов Көчкөнбай, Тешебаев Файзулла деген аталар.