Багыш айыл аймагы Сузак районуна административдик бирдиги болуп саналат. Ал Көк-Арт өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1125 бийиктикте жайгашкан. Төрт тарабы Ленин, Көк-Арт, Таш-Булак айыл аймактары, Көк-Жаңак жана Жалал-Абад шаарлары менен чектешет. Район борборунан 25 км, Жалал-Абад шаарынан 18 км, ал эми борбор шаарыбыздан 600 км. аралыкта турат. Аянты 20326 кв.км. Анын 4 038 га айдоо жери өкмөттүн аймагында турат. Учурда жаңы салынып жаткан Ош-Бишкек алтернативдүү стратегиялык авто жолу айылдын аралап өтүүдө. Айыл аймагында Багыш темир жол станциясы бар.
Powered by Froala Editor