Географиялык абалы
Көк-Жаңгак шаары Көк-Арт өрөөнүнүн батыш тарабында, Көк-Арт дарыясынын сол куймасы Коргон-Таш суусунун боюнда, Серүүн жайлоосуна жакын деңиз деңгээлинен 1200-1500 метр бийиктикте жайгашкан. 1931-жылы курулган Жалалабат – Багыш – Көк-Жаңгак темир жолу бар. Жалал-Абад шаарынын түндүк-чыгыш тарабында 30 чакырым жана район борборунан 36 чакырым алыстыкта жайгашкан Көк-Жаңак шаарынын аянты 12 400 чарчы чакырым. 1926-жылы табылып, 1952-жылы изилденген Көк-Жаңгак гипс кени. Көк-Жаңгак кумай топурак кени, ал эми 1910-жылдан баштап казыла баштаган Көк-Жаңгак таш көмүр кени – Орто Азиядагы ири таш көмүр кендеринин бири болуп саналат.
Powered by Froala Editor