Калкы
Көк-Арт айылдык аймагы – Сузак районундагы административдик-аймактык бирдик болуп саналат. Көк-Арт суусунун жол жээк тарабында орун алган. Деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте, ал эми райондун борбору Сузак кыштагынан 42 км түндүк-чыгыш тарапта, Бишкек шаарынан 635 км жана Багыш темир жол бекетинен 7 км аралыкта жайгашып, калкынын саны 14000 ди түзөт. Курманбек, Багыш, Кара-Алма айыл аймактары жана Көк-Жаңак шаары менен чектешет. Аймакта, кыргыз, курд, орус ж.б. улуттар жашайт. Кыргыз улуттундагылар басымдуу болуп, негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишет.