Көк-Жаңак шаарынын тарыхы 200 жыл ары башталган десек жаңылышпайбыз. Тээ, 1800 - жылдардын башында эле табияты кооз, жаңгак-жемиштүү, токойлуу бул аймак көчмөн элдин туруктуу кыштоосуна айланып, алгачкы айыл түптөлө башталган. Кээ бир мааламыттарга таянсак, илгери шаардын ордунда кайсы бир бийдин таштан коргону болгондуктан ал жер Коргон –Таш деп аталып калган делет. Коргондун калдыктары шаардын түштүк-батыш тарабында (4-5 км аралыкта) тоонун этегинде сакталга. Негизинен шаардын тарыхы тууралуу көп жазмалар 1865-67-жылдары орус империясынын Туркестан губерниясы негизделгенинен баштап эл каттоо тибинде сакталган. Мисалга, Коргон-Таш кыштагы катары 1896-жылда негизделген. Маркай жана Үч-малай тоолорунун ортосундагы Коргон-Таштын батыш тарабы калың жаңак токойлуу болгондуктан Көк-Жаңак деген экинчи аталышы ошол учурда эле пайда болгон. Биринчи варианты, “Көк” иран тилдеринде “кух” – тоо маанисин билдирет, котормосу тоо жаңгагы деген түшүндүрмөнү берет. Экинчи варианты жаңак токойу дайыма көкмөк болуп турганынан “көк жаңак” деген аталыш калган. Ошол көкмөк жаңактуу токойдун ичинен көмүр чыкканына байланыштуу, Коргон-Таш поселогундагы “Көк-Жаңак көмүр кени” деген алгачкы жазуулар 1880-90-жылдары орус геологдорунун карталарына түшүрүлө баштаган. Буга мисал орус чалгындоо агентигинин кызматкери (тарыхта архитектор катары таанымал) Поль Гурдьэнин 1900-жылы Парижде аукционго койгон Орто Азия кен байлыктарынын картасында Көк-Жаңак көмүр кенинин түшүрүлүшү көп нерседен кабар берет. Көмүр кени 1910-жылдан баштап казыла баштаган деген маалымат, ал Бухардык көпөс М. Мадацмандын алгачкы жолу жаңы технология менен кен казуу иштерин баштаганы менен байланыштуу. Негизинен, Мадацманга чейин эле жергиликтүү эл, жер кыртышынын үстүнө чейин чыгып турган “караташты” өздөрү казып, Жалал-Абад, Кетмен-Төбө базарларындагы темир усталарга сатып турушкан. Көк-Жаңак көмүр кени 1928-32-жылдары Орто Азия чөлкөмүндөгү эң ири көмүр кени катары бааланып, союздун стратегиялык обьектисине айланат да, Көк-Жаңак поселогуна орчундуу көңүл бурулуп, бардык тараптан поселокту өнүктүрүү иштери жасала баштайт. Ал эми 1943 – жылы Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун Указы Көк-Жаңак шаары түзүлөт. 2018-жылы шаардын 75 жылдык юбилейлик датасы шаар тургундары тарабынан жогорку деңгээлде белгиленди.
Шаарда банк, байланыш бөлүмү, дүкөн, ашкана, чайкана, ресторан, ун тегирмен, май жубаз, чач тарач, мончо, сүрөт салону, бут кийим жана телеаппаратура оңдоочу жай, жыгач иштетүүчү, нан азыктарын даярдоочу жайлар иштейт. Шаарда кесиптик-техникалык лицей, 5 орто мектеп, музыкалык мектеп, спорт мектеби, шаардык китепкана, оорукана (1935 ), 4 бала бакча, бейтапкана, дарыкана, тез жардам берүү бөлүмү (1934), музей (1985), маданият үйү, кинотеатр ж.б. мекемелер бар. Совет бийлигин орнотууда жана Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Көк-жаңак шаарынан Атабеков Сайпидин, Михаил Бабкин сыяктуу баатырлар чыккан.
Powered by Froala Editor