Курманбек айыл аймагы
Айыл аймак Курманбек баатырдын атына коюлган. Тээ 15-16-кылымдарда Көк-Арт өрөөнүн мекендеген, бул жагы Турпанга чейин аты чыккан айтылуу Курманбек баатыр ушул Калмак-Кырчында баскынчы калмактардан жерин коргоп курман болгонун биз айтпасак да жалпыга белгилүү. Башаты Кызыл-Суу менен Көк-Арт жайлоолорунан башталган суунун эки тарабында жайгашкан айыл кыштактардын тарыхын кезеги келгенде иликтеп жазабыз. Анткени, бул аймактагы ар бир айылдын өзгөчө тарыхы бар. Саты айылынын аты, ошол Курманбек баатырды колдобой аскерин алып кеткен Жарбаң баатыр окуясынан кийин аталып калса, Калмак-Кырчын айылы калмактардын чоң кыргынан кийин Калмак кыргын деп аталган делет. Үрүмбаш, Канжыга, Сары-Булак, Кызыл-Суу айылдарынын да өзгөчө терең тарыхтары бар.
Биз эми, кийинки совет доору келип бул аймактагы элдерди коллективдештирүү процесстери башталган 30 жылдарга токтолсок. Ошол убакта ылдыйкы айылдарда уюшулган колхоздорду ирилештирүү үчүн тоолуу аймактардан атайын элди көчүрүү маселеси активдешкен. Натыйжада ошол убактагы аталыштагы Октябрь, Качкынчы, Ленин, Любленко, Дмитриевка, Архангелский айылдарына жүздөгөн үй-бүлөлөр зордоп көчүрүлгөн. Көчкөндөн калган Саты, Сары-Булак, Калмак-Кырчын сыяктуу кыштактардагы эмгекчилерден Дмитриевка жана Архангелский айылдарында ирилештирилген колхоздор түзүлгөн. Ал эми Архангелский (Жоон-Күнгөй) айылынын тарыхына кайрылсак, ал учурда Көк-Арт болуштугуна караган жана калк жашаган жерлери Үрүмбаш, Сары-Айбан, Кара-Жыгач, Ак-Таш, Сары-Жон, Тарылга болгон. 1929-жылы айыл бир нече чарбаларга бөлүнгөн, жогору жагы 8-Март төмөн жагы Ворошилов, чыгыш жагы Карл Маркс колхозу болуп уюшулган. Айыл аймактын жарымы кээде өзүнчө колхоз болуп, кээде Кара-Алма токой чарбасына карап турган. Ал эми жарымы болсо Көк-Арт совхозуна караган. Тээ 1980-жылы 12-апрелинде Көк-Арт совхозунанан Ю.А.Гагарин атындагы совхоз болуп бөлүнүп чыккан. Андагы Ю.А.Гагарин совхозунун курамына Жоон-Күнгөй, Таран-Базар, Кара-Чолок, Калмак-Кырчын, Саты, Канжыга айылдары кирген. Ю.А.Гагарин совхозунун алгачкы директорлору болуп, У. Ашырматов, Ф.Чотуев, А.Жаанбаев, Ы. Жалалов, Э. Жолдошбаев, К. Курманалиевдер иштеген.
Кийин 2003-жылы 24-июнда КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан айылдардын атын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынган. Мыйзамдын негизинде Любленко – Кара-Чолок, Дмитриевка Таран-базар, Архангельский – Жоон-Күнгөй айылдары деп аталып, ушул эле мыйзамдын негизинде Архангель айылдык Кеңеши кайрадан Курманбек айылдык кеңеши болуп өзгөртүлүп аталган.
Айылдык кеңеш боюнча айтсак, 1954-жылы Бозон-Жолборс айылдык совети Архангель селолук советине каратылат. 1958-жылдан баштап Архангель селолук советинин курамына төмөнкүлөр кирген:
- “Карл Маркс”, “8-Март”, “Архангельск” жети жылдык мектептери
- Сары-булак, Үрүмбаш башталгыч мектептери,
- Архангель айылдык китепканасы
- Архангель айылдык клубу
- Архангель айылдык ооруканасы
1966-жылдан тартып Архангель поселкалык совети болуп, кайра түзүлөт. 1969-70-жылдары Архангель айылдык совети толугу менен электр жарыгы менен камсыздалган.
Архангель айылдык советинин алгачкы башкаруучулары:
- 1948-89-жж – Белов Т.
- 1949-51-жж – Блондарь
- 1951-54-жж – Петренко
- 1956-58-жж – Эрматов Мамат
- 1958-63-жж – Үметов Назаралы
- 1963-66-жж – Сыдыков Осмоналы
- 1967-71-жж – Жаманкараев Азизбек
- 1971-80-жж – Ормонов Мамат
- 1981-84-жж – Дакеев Т.
- 1984-91-жж – Бекмуратов Ороз
- 1991-95-жж – Азимбаев Ырысмамат
- 1995-96-жж – Сыдыков Бабыржан
Кийин, айылдык кеңештер айыл өкмөтү болуп өзгөргөндөн соң, алгачкы башкаруучулары болуп О. Кыдыралиев, А. Исмаилов, Т. Ахунбаев, С. Батырканов, Т. Керимкулов, У. Кыралиевдер иштеген.
Курманбек айыл аймагынан Мамаюсупов Халдарбай, Тукубай Тайгараев, Чотбаев Авазбек, Орозалы Тажибаев, Текенов Шамши, Текенов Жапар, Текенов Жолболду, Омошев Төлөгөн, Бекбоев Турдуназир, Рахманов Төрөмамат, Зулпукаров Аманкул, Абылов Нуралы, Узакбаев эмилбек, Жолдошбаев Эльбурс, Азамат Арапбаев Бактыкан Ажымаматова, Марат Нуралиев сыяктуу көптөгөн мыкты адамдар чыккан.