Ленин айыл аймагында Ленин, Жыгач-Коргон, Ортосай айылдары жайгашкан.
Ленин айылы 1951-ж. негизделген. Мурда кант заводу иштегендиктен, бул айыл «Кант заводу» деп дагы аталат.
Ортосай (Гавриловка) - Сузак районундагы Ленин айыл өкмөтүнө караштуу кыштак. Көк-Арт суусунун сол жээгинде жайгашкан.
Жыгач-Коргон (Фрунзе, Сымкат) - Ленин айыл өкмөтүнө караштуу кыштак. Райондун борбору Сузак айылынан 32 км түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан.