Сузак айылдык аймагы - облустун борбору жана темир жол бекети орун алган Жалал-Абад шаарынан 7 км түштүк-батыш тарапта, Борбор шаарыбыздан 550 км алыстыкта, деңиз деңгээлинен 1080 м бийиктикте айтылуу Көк-Арт өрөөнүндө жайгашкан. Базар-Коргон району, Жалал-Абад шаары, Кара-Дарыя жана Кызыл-Туу айыл аймактары менен чектешет. Аянты 264505 га. Калкы 43500. Учурда кыргыз, өзбек, казак, уйгур, орус, тажик улуттары жашайт.