Айылдык аймактар

Долбоор

 

«Сузак биримдиги» коомдук бирикмеси тарабынан, районубуздагы мектеп окуучулары арасында өткөрүлүүчү «Сузак тарыхы»  

интеллектуалдык теле-конкурсунун

ЖОБОСУ

Конкурс Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Жалалабад облусттук мамлекеттик телерадио компаниясынын колдоосу менен өтүүдө.

Конкурстун максаты.

- Окуучулардын окууга болгон каалосун артыруу, азыркы өткөөл учурда интернет желесин туура пайдалануу маданиятын сиңирүү;

- Мектептер ортосундагы интелектуалдык байланышты түзүү менен достук мамилелерди чыңдоо;

- Өз мекенин сүйүүгө, анын тарыхын билүүгө жана өмүрү өрнөк инсандардын таржымалынан үлгү алуусуна өбөлгө болуу;

- Районубуздун тарыхый инсандарын, баатырларын, коомдук ишмерлерин, адабият, маданият, илим, билим, спорт, медицина тармагында ийгилик жараткан инсандарыбызды жаштарга таанытуу, алардын эмгектерин жаштарга жайылтуу болуп саналат.  

Конкурстун шарттары.

- Конкурс Сузак районундагы мектептер арасында өткөрүлгөндүктөн, бул конкурска Сузак районунун караштуу мектептердин 8- 9 -10 -11- класстарынын окуучулары катышат;

- Конкурс Suzak.kg. сайтындагы жарыяланган жалпы маалыматтар боюнча, атайын тесттик ыкма негизинде өтөт. 

- Конкурс 3 турдан турат. 

1-тур. Ар бир мектепте жалпы окуучулар мелдеши.

2-тур. Мектептер аралык райондук мелдеш.

3-тур. Финалдык теле-мелдеш. 


- Биринчи тур тартиби.


Райондогу мектептердин көптүгүн эске алуу менен, конкурсттун 1-туру менен 2 тайпага бөлүнүп өткөрүлөт. Жеңүүчүлөрдү аныктоо дагы эки тайпага бөлүп өзүнчө каралат. Негизинен бул турда жеңүүчүнү окуучулардын тесттен алган бааларынын мектептеги окуучулар санына салыштыруудагы пайыздык чен өлчөм менен аныктайбыз. Кыскача эрежеси:

(Мисалга А мектеби 11 жылдык болгондуктан 4 класста 90 окуучу окуйт, ал эми Б мектеби 9-жылдык болгондуктан 42 окуучу окуйт. Тест боюнча конкурска катышкан окуучулардын алган бааларын, пайыздык өлчөмдө эсептегенде Б мектеби толук утуп кетиши мүмкүн.)


1-Тайпада – Айыл аймактар боюнча, Барпы -11, Ырыс -11, Атабеков -9, Кара-Дарья - 6, Таш-Булак - 4, Сузак -12, Тайгара айылы – 2, жалпы 55 мектеп күч сынашат. Байгеси:

1 - орунга - 1 даана интерактивдик окуу доскасы. 

2 - орунга - 1 даана комьпютер

3 - орунга - 1 даана тустуу телевизор

Ошондой эле граммота жана атайын сертификаттар менен сыйланат. 

(Эскертүү: Тайгара айылы шаарга караганы менен, Сузак биримдигине мүчө)

2- тайпада – Курманбек -6, Көкарт - 5, Кара-Алма - 3, Көк-Жаңак - 5, Багыш - 8, Ленин - 3, Кыз-Көл - 12, Кызыл-Туу – 13, жалпы 55 мектеп куч сынашат. Байгеси:

1 - орунга - 1 даана интерактивдик окуу доскасы. 

2 - орунга - 1 даана комьпютер

3 - орунга - 1 даана тустуу телевизор

Ошондой эле граммота жана атайын сертификаттар менен сыйланат.

- Биринчи турдун жыйынтыгынын негизинде, ар бир тайпадан 30 мектепке, жалпы 60 мектепке 2-турга жолдомо берилет.


- Экинчи тур тартиби.

- Биринчи турдан жолдомо алган мектептер өз командаларын түзөт, алар биринчи турдагы тесттик суроолорго жооп берүүдө, эң жогорку упай алган окуучулардан куралат.  Ар бир команда 4 окуучудан жана «устат» мугалими менен 5 адамдан турат. Ар бир команданын аты атайын лентага жазылып мүчөлөрү классикалык формада кийинуусу керек.

- Бул жолу 60 команда атайын лоттук тандоо менен 4 топко бөлүнүп, ар бир топ өз өзүнчө (15 командадан) таймашат. Мисалга: топтогу 15 командадан финалдык теле-таймашка 8 команда гана тандалып алынат. Бул турда, командалар атайын калыстар тобунун көзөмөлүндө 90 тестик суроого белгиленген убакта жооп жазып калтыруусу менен сыналат. Жооптордун негизинде 32 жеңүүчү командалар аныкталат.


- Үчүнчү тур тартиби. (теле-таймаш)

- Конкурстун бул туру Жалал-Абад облусттук МТРК телеканалынын студиясында болот. Теле-таймаш 2-айланпа менен өткөрүлөт. Биринчи айланпада 32 команда 4 командадан 8 тайпага бөлүнүп жарышат. Ар бир тайпадан бирден жеңүүчү команда чыгат. Кийинки айланпага 8 команда калат.

- Экинчи айлампа жарым финалдык деп эсептелинип 4 көрсөтүүдөн турат, анткени экиден команда куч сынашып 4 команда жана финалдык теле-таймашка өтөт. Ал эми финалдык теле-таймашта 4 команда бир жарышат жарышат.


Байгеси:  

1-орун. – 5 даана Ыссык Көлгө эс алууга жолдомо. 

2-орун. – 5 даана смартфон. 

3-орун.  – 1 даана ноутбук

4-орун.  – 1 даана телевизор.


Өтүү мөөнөтү.

- Конкурс 2019-жылдын 15-декабрынан башталып, 2020-жылдын май айында жыйынтыкталат.

- Биринчи туру 2020-жылдын февраль айында өткөрүлөт.

- Экинчи туру болсо 2020-жылдын март айында Сузак районунун борборунда болот.

- Үчүнчү теле-таймаш туру 2020-жылдын март, апрель айларында өткөрүлөт. Жыйынтык май айында болот.

- Долбоордун координатору Ырысбек Жабиров.

- Суроо-жооптор боюнча төмөнкү электрондук дарекке кайрылсаңыздар болот. suzak.kyrgyzstan@gmail.com. Жана Jabirov73@mail.ru. Ватсап 0709 007 999