Курманбек баатыр
"Курманбек" XVI–XVIII кылымдагы тарыхый окуя менен тагдырды баяндаган эпос. Ал Орто Азия, Могол хандыгы, казак, ногой элдеринин тарыхында "калмак доору" деп аталып, эл эсинде, оозеки чыгармачылыгында катаал кезең болгон XVI–XVII кылымдардын аралыгындагы тарыхый окуяга жана Курманбек, Аккан сыяктуу тарыхый инсандардын реалдуу өмүр баянына негизделип жаралган тарыхый чыгарма. Чыгармада кыргыздын кыпчак уруусунан чыккан Курманбек баатырдын жашаган аймагы, коңшу хандыктар менен түзгөн алакасы, калмак төбөлдөрү менен болгон согуштары, достук, сүйүү, ата-бала мамилеси, ишеним жана анын жоголушу, үмүттүн учугу, жашоонун уланышы айтылат. Мында калмактарга каршы күрөш чагылдырылган.
Түрк, иран авторлорунун кабарларында Курманбек казак каны Эшим менен бир доордо жашап, калмак төбөлдөрүнө каршы күрөшүп турат. Конкреттештире келгенде калмак төбөлдөрүнүн кыргыздарга карата баскынчылык жортуулдары, чабылып, чачылуу, кан төгүүлөр менен коштолгон калк тагдыры, элдин аларга каршы жүргүзгөн коргонуучулук, баатырдык күрөшү эпостун түзүлүшүнө негиз болот.
Чыгармадагы элдик баатыр Курманбектин Ата Журт, Ата Мекен эгемендүүлүгү, азаттыгы үчүн аң-сезимдүүлүк менен өлүмгө жалтанбай барган эрдиги азыркы кыргыз коомунда да өзүнүн маани-маңызын жоготпой келет.
Эпостун төрт варианты белгилүү. Биринчи вариантын Каюм Мифтаков 1923-жылы Молдобасан Мусулманкуловдон жазып алган. Көлөмү 2500 сап ырдан турат.
Эпостун экинчи вариантын 1933-жылы Калык Акиев жазып тапшырган. Көлөмү 5500 сап.
Үчүнчү варианты 1958-жылы Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган Каландаровдон жазылган. Көлөмү 360 сап.
Ошондой эле жазуучу, фольклорист Асанбай Жусупбеков тарабынан “Курманбек” эпосунун жаңы варианты китеп болуп 2001-жылы жазылган.
Эпостун негизинде 1942-жылы элдик варианттын негизинде баатырдык "Курманбек" драмасы, Касымалы Жантөшевдин "Курманбек" драмасы, Аалы Токомбаевдин "Курманбек" аңгемеси жарык көргөн.
Курманбек дастанын Тууганбай Абдиев, Айдараалы (Жөргөлөк), Осмонкул Бөлөбалаев, Молдобасан Мусулманкулов, Сарыкунан Дыйканбай уулу, Токтогул Сатылганов сыяктуу залкарлардан тарта азыркынын дастанчы акындарына чейин айтып келишет. Алардын арасында Роза Аманова, Өмүрзак Кайыпов, Мээрим Карыпова бар.
Андан сырткары, эстарда ырчылары Гулзада Рыскулова, Дилара Жолдошевалар да дастандын ыргагын, ырдоо мотивин сактап, бирок азыркы эстраданын ыгына салып аткарып келишет.
Курманбек баатырдын сөөгу Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы баатырдын күмбөзүно коюлган. Баатырдын сөөгун изилдөө башатына жазуучу жана журналист Б. Ажымаматованын ангемеси себепкер болгон.
2002-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдыгы белгиленип, Жалал-Абад шаарынын кире беришинде "Курманбек" – кылымдар мурасы" аталган эстелик комплекс – дарбаза курулган. Ошондой эле баатырдын наамындагы айыл аймагы, эс алуу комплекси жана көчөлөр бар.
( УИАнын илимий кызматкери О. Ахмедовдун эмгектери пайдаланылды.)
Чоку бий
Жалал-Абад аймагынан чыккан кыргыз элинин белгилүү тарыхый инсандарынын бири. Ал 16 жашында Кандын коргону деп аталган жайга сейилге келген Мадали хандан бий наамын алган. Ошондон кийин ал “Бала бий” деген да аткан конгон. Маалыматтарга караганда Чоку бий 1865-жылы Ташкендин жанында М.Г.Черняев болгон согушта Алымкул аскер башынын кошунунда, кийин 1873-74-жж. Мамыр Мерген уулунун, Полотхандын көтөрүлүштөрүнө катышкан. Кезегинде Кокон ордосунун ири саясатчылары менен байланышып иш туткан. Чоку бий Чаңгет өрөөнүндөгү зергер, Ийри-Суу, аймактарындагы элди ордо оюндарынан алыс кармап келгендиги, ыркы жокторду ынтымака, бейжаңжалдыкка чакырып жүргөндүгү маалым. Бейкүнөө элдин запкы жеп калышынан чочулаган Чоку бий 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшүнө өзүнүн таасириндеги айылдарды катыштырбай аман сактап калган.
Чыйбыл болуш
1870-жылы Сузак районунун, Калмак-Кырчын айылында туулган. Көк-Арттан чыккан белгилүү тарыхый инсан. Басыз уруусунан (камандар). Болуш болуп турганда жергиликтүү калктын таламын көздөгөн көптөгөн иш-аракеттерди жүргүзгөн. Орус бийликтеринин жергиликтүү элге болгон катаал мамилесине, айрыкча кыргыздардын семиз, сугат жерлерин тартып ала баштаган саясатына нааразы болгон. Чыйбыл болуш 1890-ж.ж. ортосунда орустарга каршы көтөрүлүш чыгаруу идеясына оогон. Ал Мадали Эшен менен 1895-97-жж. Көк-Артта Миъ-Дөбөдө бир нече жолу кеъешип, Анжиян көтөрүлүшүн даярдоого жигердүү катышкан. Ал көтөрүлүшкө түздөн-түз катышууга үлгүрбөсө да, көтөрүлүштү даярдоого жигердүү катышкан деген күнөө менен Орусиялык согуштук талаа соту тарабынан соттолуп, өлүм жазасына тартуу жөнүндө өкүм чыккан. Кийинчерээк, өлүм жазасы көп жылдык сүргүн менен алмаштырып Сибирге айдалган. Сибирге жүргөн жолдо убагында Токтогул менен жолугушкан. Акын анын өлүмүнө күбө болгон. Чыйбыл болуштун аянычтуу өлүмү жөнүндө Токтогулдун Эшмамбет менен айтышында баяндалат.
С. Стамкулов
Сары болуш
Сары ажы Үмөт уулу 1864-жылы Беш-Бала айылында дыйкандын үй-бүлөөсүндө туулган. Ал Октярь кыштагынын Ой-Талаада пайда болушуна биринчи кадам таштаган адам.
Сары акыл-эстүү, токтоо, эмгекти сүйгөн, чечен-сөзмөр, ар кандай адам менен тартьшбай сүйлөшө алган, сөзү өтүмдүү адам болгон. Улуу менен да кичүү менен да тил табышып, мамиле жасап жүрүп, тез эле байып элге журтка таанылып, көрүнө бапггайт. Өзүнүн кең пейил, жайыл дастаркону, калыс жана таамай сөзү менен жакшы адамдардан дос жар күтөт.
Өзбекстандын Чимиян айылынан чыккан белгилүү Мурзакул болуш менен, Кашкардын чоң соодагери Баабедин менен достошот. Анын дагы бир өзгөчөлүгү өзүнүн жерине эсепсиз көп мырза терек өстүрөт. Теректерди көргөн Мырзакул болуш короо-жай куруп берүүнү мойнуна алып, 50-60 тай өзбек усталарын алып келип, 2-3 жылда эки кабат үй, мечит, чоң-чоң сарайларды салып бүтүрүшөт. Ошондон кийин Ой-Талаага отурукташуу башталат. Сары дүнүйөнү тапкан да, ошончолук элге берген да бай болгон.
Ошентип кадыр-баркка ээ болуп 1902-1910-жылдары болуш, бий болуп шайланат. 1915-1916-жылдары эгин болбой калып эл ачарчылыка учураганда, короо жайынын ортосуна эки казан астырып элин багып турган. 1918-жылы болуштук шайлоого карата, Сарынын каршыларынын уюштурган жалган жалаасы менен, Ош шаарында сурак берип бир жыл түрмөдө жатат. Соту Чаңгетте, Чыйбылдын сарайында бир ай болуп, эки жүздөн ашык күбө катышып, таптаза болуп акталып чыгат.
1918-1923-жылдары элдин тынчтыгын коргоо максатында Мойдун корбашы менен Ноокатта, Жаныбек казы менен Өзгөндүн Кара-Шоросунда жолугуп сүйлөшкөн. 1929-жылы үй-мүлкү ортого алынып кулака тартылат. 1929-1931-жылдары үй-жайсыз адегенде Кара-Алмада, андан кийин, Кокондун кумунда жашап жүрүп, 1931-жылы Кытайга өтүп кетет. Кытай жеринде да кыргыздарды баш коштуруп оокаттуу жашайт.
Бир жолу Москва аркылуу Меккеге ажылыкка зыярат кылып барат. Ошентип Сары-Ажы аталып жүрүп 1948-жылы 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтат.
А. Нурумбетов.
Мырзакул болуш
Кош Датка уулу Мурзакул болуш (1875-1936-жж.) Жалал-Абад областынын Сузак району менен чектеш, азыр Өзбекстанга карап калган Чимион айылында (Баткен менен чектешкен Чимион эмес) жарык дүйнөгө келген. Атасы Кош Датка билимдүү болуп, Кокон хандыгынын ордосунда, анан хандыктын Ташкент шаарындагы акимчилигинде башкаруучу кызматтарда иштеген. Баласына да адептүү тарбия берип, жетиштүү байлык жана мал-мүлк калтырган.
Мурзакул он алты жашка келгенде элүү башы болуп шайланып, ошол эле кезде Ташкенттен Кашкарга чейинки ири базарларда соодагерлик кылып, жаңы жерлерди өздөштүрүп, ири байлар менен биригип, пахта өстүрүп, ал чийки заттарын Анжиян шаарындагы Миркамил байдын пахта тазалоо заводуна өткөрүп, андан алган каражатына Коргон-Төбөдө чоң имараттарды кура баштайт. Мына ошондой каражатка Анжияндын Ногой мааласинде мечит салат, анын имаратынын кооздугунан улам «Ак мечит» аташып, ага абдан билимдүү Кайымбай деген киши молдолук кылат. Ал мечит архивдик маалыматтарда 1890-жылы каттоого алынган.
Өзбекстандын Коргон-Төбө району Ош областынын Кара-Суу, Жалал- Абад областынын Сузак району менен чектешет жана ал жердин негизги калкын кыргыздар түзөт. Ошол Коргон-Төбөдөгү Мурзакул болуш салган медреседе жамаат айт жана жума намаздарын окуй турган кеңири айбаны, талабалар окуй жана жата турган жыйырма сегиз үжүрөсү болгон. Окуу китептерин, дарс колдонмолорун Бухарадан алдырышкан. Мударистик кызматын Сабирахун молдо, Умарахун молдо деген билимдүү кишилер жүргүзгөн. Кийин Фергана өрөөнүнө орустар көп келе баштап, орустардын програссивдүү таасири тие баштаганын сезген Мурзакул болуш медресенин жана мечиттин жанына орусча таалим бере турган мектеп курдурган.
Коргон-Төбөдөгү ошол медресе азыр да бар, 1989-жылы элге өткөрүлүп берилген, ушул тапта да 400дөй бала диний билим алат.
Мурзакул болуш Кеңеш бийлиги орногондон кийин Өзбек ССРинин аткаруу комитетинин төрагасы болгон Юлдаш (Жолдош) Ахунбабаевге (1885- 1943) жаш чагында чоң жакшылык кылган. Анда жаш бала катары Жолдош Өзгөн жакта байга жалданып иштеп, чайракер болуп, ага көп карыз болуп калганда, анын ошол абалын Мурзакул болуш түшүнүп, мандикерчиликтен азат кылып, Ташкент шаарына жибергендиги айтылат. Кийин ал басмачыларга каршы күрөшүп, «Союз Кошчу» уюмун жетектеген. «Өз кезегинде Ж. Ахунбабаев Мурзакул болушту кыргыз-өзбек элдеринин ортосундагы көпүрө катары эсептеп, кыргыз элинен чыккан даанакер ишмер катары баалаган. Ошол кездерде артында калтырган архитектуралык курулуштарын (мечит- медреселерин) сактап калууга түздөн-түз көрсөтмө берген»
Ал азыркы «Жалал-Абад» санаторийин элге кызмат кылдырууга да эбегейсиз салым кошкон, диний жактан да ыйык, ден соолукка пайдасы да чоң жерге бүт байлыгын: алтын-зерин, малын, мүлкүн сарптап 1911-жылдын жай айынан баштап жол салууну колго алат. Айтуудан миңдеген адамдар катар тизилип, Көк-Арт сайына чейин туруп, болжолу он чакырым жерден колмо-кол кылып таш алып келип, шаардан адырга чыга турган араба жол салган. Ал ашарчыларга 500 кой жана кара мал союп тамак-ашын берип ыраазычылык алган.
«Жол салып бүтөөрү менен Ташкент шаарынан Түркстанга белгилүү болгон усталарды, орус архитекторлорун чакыртып, жибек кагазга чиймесин чийдирип, курортко дарылануу үчүн толук шарты бар эмкана үчүн чоң, кооз имарат салдырат. Анын өлчөмү болжолу 10х20 метр. 1912-1913-жылдары курулган бул имарат азыркы күнгө чейин өзүнүн архитектуралык көркөмдүгүн сактап, калыбынан жазбай 100 жылдан бери эл кызматында. «Жалал-Абад» курортунун ачуу аземине Мурзакул болуш 80 боз үйдү катарлаш тиктирген»
Мына ушуга караганда жана жогорудагы ой-пикирлерди жыйынтыктап келгенде Кош Датка уулу Мурзакул болуштун агартуу жана педагогика тарыхына кошкон салымы төмөнкүлөр менен белгиленет:
1.Мурзакул болуш жалаң гана байлардын балдарын, алардан акча алып окутпастан, жетим балдарды да өз каражаты менен окуткан.
2. Талабаларды окутуу үчүн жергиликтүү мударистерди даярдаган.
3.Медреселердин окуу куралдарын илим-билими жогору ичкери шаарлардагы башка ушундай окуу жайларынан алып келген.
4.Медреселерди курууда жергиликтүү материалдарды: таштарды, топуракты, теректерди ж.б. курулуш материалдарды пайдаланып улуттук курулуш жана архитектура тармагынын өсүшүнө да салым кошкон.
5.Талабаларды жана мударистерди эс алдыруу үчүн «Айып-Булак» сыяктуу ден соолукка пайдалуу жерлерди ишке киргизген.
6.Өзү гана медресе ачпай, башка колунда бар кишилердин да медресе ачуусуна жардам берген.
7.Мурзакул болуш бир гана медресе ачпай, медреселер тармагын ачкан, бул болсо мутавалилерди, мударистерди, талабаларды, окуу каражаттарын алмашып колдонууга шарт түзгөн.
Мурзакул болуштун эл ичиндеги кадыр-баркы, айрыкча ошол убакта өзщ болуштук кылган Сузактын, Жалалабадтын жана учурда Өзбекстанга караган Ханабад шаарынын аймагындагы жерлерде элди көчмөн турмуштан отурукташуу, шаарлашуу абалына өткөрщщ, элге билим берүүгө кошкон салымы орус окумуштуулары, жеркезерлери тарабынан да жогору бааланып, ал тууралуу маалыматты падышалык Орусиянын борбору болгон Санкт- Петербург шаарындагы Эрмитаж музейине да коюшкан
Азыр Жалал-Абад шаарында Мурзакул болуштун эстелиги коюлуп, шаардан «Жалал-Абад» курортуа чейинки жол анын ысымы менен аталган.
Б. Зулуев.
Молдали Болуш.
Молдали Койсон уулу же көпчүлүк элге Молдали болуш катары таанылган улуу инсан Сузактын мурдагы Көгарт болуштугуна караштуу Актоок айылында төрөлгөн. Анын кайсы жылы бу жарыкчылыкка келгени туурасында так маалымат жок. Айрым урпактарынын айтуусунда, улуу акын Токтогул менен жашташ болгон экен. Ыр-күүгө жакын, куйма кулак болуштун Токтогул менен жакын достук мамилеси бар экенин аны билип, көрүп калган замандаштарынын эскермелеринен да байкоого болот. Кыязы, Молдали болуш улуу акын менен жашташ болгон окшобойбу, ошон үчүн ага “сен” деп кайрылган. Анан да Кетмен-Төбөдөн Көгарт тарапка өткөндө Токтогул акындын болуш досуна сөзсүз жолугуп кеткенине караганда, экөөнүн мамиле-катышы жакын болгон шекилдүү.
Кыргыз эл жазуучусу, ыраматылык Шабданбай Абдыраманов «Тарыхтын ак тактары» деген китебинде Молдали, Чыйбыл болуштардын Токтогул менен мамиле-катыштарына кенен токтолгон. Жазуучу айылдаш абасы Батыркул балбандын айткандарын эскерип, Молдали болуштун кандай адам болгонун, көркөм сөзгө жакындыгын бир топ ынанымдуу мисалдар менен бекемдеп берген. Батыркул аба жаш кезинде кыргыздын оң-солуна белгилүү кадимки Сарык балбанды эр эңиште жеңип алганда улуу Токтогул аны мактап ырдаган экен.
Батыркул да жөн эмес,
Алп турбайбы башкача.
Сөөгү чулу, сом темир,
Маңдайы жарык кашкача.
Атка минсе калдайып,
Курманбек баатыр өзүндөй.
Көздөрү сырдуу чекчейип,
Алгыр бүркүт көзүндөй.
Батыкем каардуу жан экен,
Билектери устундай.
Батыркулдун Сарык балбан менен күрөшкө чыгайын деген ниети деле жок экен. Тек дымактуу болуш агасынын сөзүнөн чыга албай чоң таймашка чыгышка мажбур болуптур. “Ал менден он жаштай улуу неме эле, бирок отуздун ортосуна эми барган кара сакал жан экендигине карабай, аксакал-көксакалдарынын бардыгынан сөзмөрдүгү, иш билгилиги, акылмандыгы менен бийлик тизгинин алып, эл башкарып калган. Кийин 15 жылдай ыстарчы, ал турсун болуш да болуп кеткен. Санжыраны “санжаптап” өргөн, ыр-күүлөрдү аки-чүкүсүнө чейин билген, өзгөчө бир туулган жан эмеспи Молдали…”- деп сый-урмат менен аны сыпаттап отурбайбы.
Жаш балбаны утуп, мөрөйү үстөм чыккан болуш улуу акынды конокко чакырган. “Кечке жуук Молдали Токтогулду өз үйүнө конокко алып келди. Молдали санжыраны, комуз күүлөрүн укмуш билген, бир укканын түк унутпаган куйма кулак адам болчу дебедимби. Ошон үчүн кечке жуук Токонун ырларын, комуз күүлөрүн башкалардан жакшы түшүнүп, аны менен ага-инидей жуурулушуп кетти”,-деп Батыркул абасы эскергенин Шабданбай Абдыраманов өз китебинде келтирген.
Молдали болуштун сөзгө жакындыгы аны кийин совет бийлиги тушундагы катаал жазадан куткарып калганын Шабданбай Абдыраманов “Тарыхтын ак тактарында” минтип белгилеген:
“Токтогул акындын Чыйбыл болушка жана элге кайрылган ырын куйма кулак Молдали чыпчыргасын коротпой жат билген. Бирок Молдалинин тагдыры да большевиктердин бийлиги доорунда аябай татаалдашып кеткен: падышачылыктын болушу жана ыстарчысы болуп жүргөндүктөн, 1929-жылкы ВКП(б)нын февраль Пленумунда “Кулактарды тап катары жоюу” деген каардуу токтомуна чалдыгып, алыскы Украинага, Оролго же Сибирге айдалуу коркунучу туулган. Ошондо биердин айрым акыл-эстүү “чоңдору”уюштуруп, Молдалидей акыл-эстүү адамын сактап калууну максат кылышат. Аны “качып кетти” деп билдиришип, алыскы капчыгайларга көчүрүп ташташат. Тамак-ашы менен камсыз кылышып, айрым туугандарынан жанына кошуп беришет. Андай адамдарынын бири Ойдуңкул деген адам эле. Анын Жалал аттуу уулу болгон. Ал комузду боздотуп чертип, шаңшып ырдаган жигит экен. Ар убак ак жоолук менен тамак жагын жаап, төбөсүнө байланып жүрчү. Көрсө бир оорудан кийин жаагынан сөөк түшүп, мойну бырык-тырык болуп бүткөн экен, ошонусун бекитип жүргөнү го”.
Токтогулдун 80 жылдыгына карата анын чыгармаларын жыйноо максатында Көгартка келген айтылуу кыргыз жазуучусу Узакбай Абдукаимов жергиликтүү таланттардын бир тобунан кызыктуу материалдарды жаздырып кеткен экен. “Бирок алар кийин Токтогулдун китептеринде жарыяланган жок”, дейт Шабданбай Абдыраманов.
Токтогулду өзгөчө кадырлап-барктаган Молдали болуштун тагдыры колхоздоштуруу башталып, байларды тап катары жоюу кезинде чынында эле татаалдашып, туугандарынын кеңеши менен бир топ жыл бою тоо арасында жашырынып жашоого аргасыз болот. Молдали болуштун небереси, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Керим Бараталиев чоң атасынын сөөгүн кыш суугунда тоодон алып келишип өз айылында жерге беришкенин эстеп калган.
- Ушу 1914 - 15-жылдары орустар биздин жерге көп келишкен экен. Чыйбылды болсо Сибирге айдап жиберишкен. Аны менен Токтогул да кошо айдалган. Акындын 2-томунда Эшмамбет менен айтышында: “Көрүп жүрдүм өлгөнчө, Көгарттан чыккан Чыйбылды, Күмүш боолуу туйгунду” деп эскерген. Чыйбыл болуш куугунтукталып айдалып кеткенде менин чоң атам Молдали болуш болуп калат. 13 жыл ал ошол Чыйбылдын кол алдында ыстарчы болуп иштеген.
Болуштун турган жери Октябрьск айылы болуп, чоң атам Көгарт дарыясын кечип, колу тийгенде айылга каттап турган экен. Ошо иштеп жүргөндө Токтогул менен жакшы мамиледе болуп, улуу акын биздин үйдө конокто болгон.
Шабданбай эскерип аткан Батыркул чалды мен да көрүп калдым, бою узун балбан киши болчу. Молдали чоң атам да бою узун, сулуу, сөзмөр, ар кандай ишти тез чечкен чечкиндүү киши болгонун эл арасында айтып калышат. Кийин совет бийлиги келгенде болуш болбой калып, анын таасири бизге тийди. Кедейлер бийликке келгенден кийин чоң атам жөн-жай турмушка өткөн.
Чоң атам - жети бир туугандын улуусу, абаларымдын эң кичүүсү Ысмайыл дегени кабарсыз кеткен. Анын дарек-дайыны кийин билинди. А көрсө чоң атамдын токолу сулуу аял болгон экен. Аны кыз кезинде Ысмайыл жактырып, экөө ынак болушкан окшойт. Агасы сүйгөн кызын алып алганда иниси каршы чыгып, таарынып Базар-Коргон жакка кетип, дайынсыз болуп кеткен. Анын неберелери, чеберелери бар, азыр жашап жүрүшөт.
Куугунтукка түшкөнү совет бийлигинин тушунда болбодубу. Отряддарды жазгырып тоого качып кеткен, Кара-Жыгач деген жер бар, ошол жерге. Атам ал кезде 8 – 9дагы бала болгон экен, атам Баратали. Ошо Кара-Жыгачта токойдо жашырынып жашаптыр.
Чоң атамдан сүрөт, качан туулгандыгы тууралуу маалыматтар сакталбай калды. Мен кичине кезимде ошо Кара-Жыгачтан чоң атамдын сөөгүн жүктөп келишип, сай боюна боз үй тигип, кышында көмүшкөнү, апам мени көтөрүп жүргөнү эсимде. Ошондо төрт жашта болчумун.
Чоң атамдын эки аялы болгон. Байбичеси, анан экинчи аялы Шабданбайдын атасы Абдыраман абабыздын сулуу эжеси болгон экен, Артыкбү деген. Бир туугандары молдо Жээналы, Сатыбалды.
Молдали болуш бир топ жылдар Көгарт болуштугун башкарып келген Чыйбыл болуштун он колу, ыстарчы болуп иштеген. Чыйбыл болуштун атасы Абдылла бий Көгарт менен Тогуз-Торого кадыры сиңген бий болгон. Чыйбыл болуш орус бийлигинин тушунда ат жалын тартып минип, эл башкарып, кийин 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнүн катышуучусу катары Сибирге айдалып, андан кайтпай калган.
Анын ордуна келген Молдали болуштун бийлиги аябай оор учурга туш келген. Жеринен ажырап, баш көтөргөн жергиликтүү элге баш-көз болчулардын асчусун асып, калганын алыскы Сибирге сүргүнгө айдап, катаал жазанын ызгаары элдин эсинен кете элек, жоолошкон тараптар демин ичине катып, ортодо белгисиздик өкүм сүрүп турганда ким эле жоопкерчилигин моюнга алып, эл милдетин аткарууга киришсин?!
Тагдырдын тамашасы: жергиликтүү элди адам катары көрбөгөн орус акимчилиги менен улутташтарынын кызыкчылыгын унутпай, эки тараптын максат-мүдөөсүн кайсы бир деңгээлде таба алган болуш жаңы заманда качкын болуп, жашырынып жашоого аргасыз болгон.
Совет бийлиги бекем орун-очок алгандан кийин таап келген жаңылыгы – жыл санап күчөй берчү тап күрөшү миллиондордун өмүрүнө балта чапты. Эл арасында кадыры, аздыр-көптүр сиңирген эмгеги бар экен, тоолуктар арасынан чыккан аткаминерин большевиктик азап-тозоктун чеңгелине салып бербей, жашырып калышкан.
Ким билет, тоо-токойдо жашырынып жүргөнү билинип, артынан түшсө коопсуздук кызматы ыр-күүгө жакын болушту оңой эле тапмак. Бирок да элдин жардамы менен куугун-сүргүндүн деми басылгыча жашырын жүрүүгө, карыганда тоо арасында баш калкалоого аргасыз болуп, өмүрүнүн соңку жылдары чынында эле оор болгон. Молдали болуштун башына түшкөн азаптарын белгилүү педагог Талипбай Салиев да угуп калган.
- Молдали болуш аз убакыт эле бийлик башында турган, кийин шайланбай калган экен. Кыйынчылык маалында Кара-Жыгачта жашырынып жашаган, сөөгү айылда коюлган, - дейт ал.
Молдали болуштун урпактары ушу тапта Сузак районунун Кыз-Көл, Ак-Талаа, Ак-Тоок айылдарында жашайт. Уулу Баратали аксакал колхоздун жумуштарын аткарып, күлүк ат таптаганын, карылыкка моюн бербей улак тартып жүргөнүн бала кезимде мен деле көрүп калдым.
Ал эми неберелери негизинен билим берүү тармагында иштеп келатышат. Чоң атасынын жолун жолдоп, алардын баары көркөм өнөргө жакын, комуз чертип, ыр ырдап, акындыкты барктаган инсандар.
Филология илимдеринин кандидаты Б. Шамшиев.
Powered by Froala Editor