Айылдык аймактар

Сүрөтчүлөр

 Мырза Оморкулов 

Мырза Оморкулов 1928-жылы Багыш айылында туулган. Ал Сузак районунда көркөм жогорку окуу жайын бирден-бир аяктаган адис. Ал алгач Ташкендеги көркөм окуу жайын, 1952-жылы Ленинграддагы Ленин атындагы көркөм институтту аяктаган. 1958-жылы СССРдин сүрөтчүлөр союзуна кабыл алынган. 1959-жылы кыргыз искусствосунун жана адабиятынын Москвадагы декадасына катышкандыгы үчүн КРнын Ардак грамотасы менен сыйланган. 1984-жылы “КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам берилген.