Аканов Чынгызбек
Аканов Чынгызбек Калмаматович - 1982-жылы Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында туулган. 1989- жылы Кара-Дарыя айылындагы Чангыр-Таш орто мектебинде, ал эми 1996-жылдан Бишкектеги республикалык олимпиадалык резерв окуу мектебинде окуп аяктап, 2000-жылы олимпиадалык оюндарга жана дүйнөлүк мелдештерге даярдоочу 2 жылдык окуу курсунда окуган.
Жогорку билимдүү, 2002-2008-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин юридика факультетин окуп бүтүргөн. Эмгек жолун 2009-2016-жылдары Жалал-Абад шаарындагы бажы кызматында иштөө менен баштаган. Ошол эле учурда 2011-жылдан Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектепте машыктуруучу, 2016-жылы И. Раззаков атындагы адистештирилген балдар жана жаш өспүрүмдөр олимпиадалык резерв спорт мектебине директор болуп даяндалган.
Спортто болгон жетишкендиктери;
-2003-жылы Тегеран шаарындагы өткөн «Алыш» күрөшу боюнча Дүйнөлүк жана Азиянын Чемпионатында женүүчүсү;
-2004-жылы Турция мамлекетиндеги Станбул шааоында өткөн «Алыш» күрөшу боюнча Дүйнөлүк Чемпионатында женүүчүсү;
-2008-жылы Ташкент шаарында өткөн «Алыш» күрөшу боюнча Дүйнөлүк Чемпионатында 2-орунду алган;
-2012-жылы Ыссык-Көл шаарында өткөн «Алыш» күрөшу боюнча Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 2-орунду алган;
- «Алыш» күрөшу боюнча Азиянын бир нече жолку женуучусу;
- “Алыш” күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын бир нече жолку Чемпиону;
- «Алыш» күрөшү боюнча Б. Эркинбаевтин элесине арналган Гран Принин 5-жолку чемпиону;
- «Алыш» күрөшү боюнча А.Масалиевтин элесине арналган Эл аралык турнирдин 5-жолку чемпиону. Ошондой эле;
- Эркин күрөш боюнча спортун чебери;
- «Алыш» күрөшү боюнча спортун чебери;
- «Алыш» күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктуруучусу;
- «Алыш» күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери;
- «Алыш» күрөшү боюнча эл аралык класстагы калыс.
Аканов Нурбек
Аканов Нурбек Калмаматович-1987-жылы, Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында туулган. 2004-жылы Кара-Дарыя айылындагы Чангыр-Таш орто мектебин бүтүрүп, 2005-жылы Жалал-Абад шаарындагы “Экономика жана Ишкердик” окуу жайынын экономика факультетин аяктаган. 2011-жылдан баштап Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектепке машыктуруучу болуп иштейт. Азыркы күндө Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты. Ал 2013-жылы Казань шаарындагы өткөн Алыш күрөшү боюнча Дүйнөлүк Универсиаданын, Польша мамлекетиндеги Белосток шаарында өткөн Алыш күрөшү боюнча Дүйнөлүк Чемпионатынын, 2014-жылы Иран мамлекетинде өткөн Алыш күрөшү боюнча Азия Чемпионатынын жеңүүчүсү болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын жана дүйнөнүн бир нече жолку жана Азиянын 5 жолку чемпиону. Ошондой эле Алыш күрөшү боюнча Б. Эркинбаевтин элесине арналган Гран Принин 2 жолку, А.Масалиевтин элесине арналган Эл аралык турнирдин 3 жолку чемпиону.
Алыш күрөш боюнча эл аралык класстагы жана КРнын эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктуруучусу.
Аканов Сапарали
Аканов Сапарали Калмаматович - 1977-жылы, Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында туулган. 1994- жылы Кара-Дарыя айылындагы Чангыр-Таш орто мектебин аяктап, 1995-2003-жылдары Ош шаарындагы Кыргыз-Узбек университетинин “Финансы экономикалык” факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 2013-2016-жылдары Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектепте машыктуруучу болуп иште п баштаган. 2001-жылы Ош шаарында өткөн Алыш күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жана Алыш күрөшү боюнча Эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, КРнын бир нече жолку чемпиону. Ал Алыш күрөш боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери.
Бакиров Эрбол
Бакиров Эрбол - 1999-жылы туулган Жалал-Абад облосунундагы Жалал-Абад шаарында туулган. 2005-жылы №5- гимназия мектебине 1-класска барган. Учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти. 2008-жылдан баштап күрөштүн греко-рим түрү боюнча машыга баштаган. 2016-жылы жаштар арасындагы Кыргызстан чемпионатынан биринчиликти орунду алып, Азия чемпионатынан коло медал, ал эми Грузияда өткөн дүйнө чемпионатынан да коло медал алган. Греко- рим боюнча спорт чебери. 2018-жылы жаштар арасында Кыргызстан чемпионатында экинчи орунду алып, Словакияда өткөн жаштар арасындагы дуйно чемпионатынан 1-орунду алып, кыргызстандын желегин желбиреткен.
Исаев Бекзат – 1982-жылы 10-майда туулган. 1999-жылы 11-классты аяктап, Бишкектин дене тарбия институтунун Жалал-Абаддагы филиалынын бокс сексиясына тапшырган. Спорт менен машыгууну “Тай Мурас” спорт клубунда 1998-жылы баштаган. 2003-жылы “Спорт чеберин” толтурган жана ушул аралыкта 20 алтын, күмүш медалдарына ээ болгон. Ошондой эле 2004-2005-жылдары жана 2006-жылы Кыргызстандын чемпиону болгон жана чет мамлекеттерге Вьетнам, Кытай, Малазия, Таиланд, Америка, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандагы мелдештерге катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. 2007-жылы Кыргызстанда болгон профессионал бокста алтын кемерди жеңип алды. Азыркы учурда “Тай-Мурас” спорт клубунда машыктыруучу болуп иштеп жатат жана өзү да машыгып жатат. 2005-жылы спартакиаданын жеңүүчүсү болуп, 2006-жылы кубок менен дагы сыйланган.
Көчкөнбаев Кочкор
Көчкөнбаев Кочкор (Кочон балбан) – 1973-жылы, Сузак районуна караштуу Барпы айыл округунун Сай айылында туулган. Бою 2 метр 10 сантиметр, салмагы 130кг болгон Кочон балбан, Сай айылында жайгашкан №64 Токтогул атындагы сегиз жылдык мектепте окуган. Мектепте окуган мезгилде эле “Оодарыш”, “Көк бөрүү” улуттук оюндарына катышып, көптөгөн ийгиликтерге жетишип, эл арасында тааныла баштаган. Ал 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына арналган Эл аралык мелдеште “Эр эңиш” боюнча чемпион болуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрөгасы А. Матубраимовдун колунан ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны белекке алган. 2001- жылы өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 10-жылдыгына жана “ Курманбек” баатырынын 500 жылдыгына арналган спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндары боюнча Кыргыз Республикасынын II спартакиядасында биринчи орунду, 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүлүгүнүн жылына арналган элдик оюндар жана спорттун улуттук түрлөрү боюнча облустук турнирде “Эр оодарыш ”оюну боюнча I-орунду, 2009-жылы Сузак районунун 90 жылдык мааракесине арналган спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Республикасынын V спартакиадасында I-орунду ээлеген. Ал эми 2009-2010-2011-2013-2016-жылдары Ыссык-Көлдө өткөрүлгөн Эл аралык улуттук оюндарында да I-орунду бербей келген.
Көчкөнбаев Кочкор эл үчүн да кызмат кылып, колунда жок турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жардамын аябай келет. Элди отун, көмүр менен камсыз кылууда чоң салымы бар.
Караев Ыхтыяр Сабырович – 1982-жылы, Сузак районунун Багыш айылында туулган. 1999-жылы У. Абдукаимов мектебин аяктап, Бишкек шаарындагы Спорт жана дене-тарбия институтунун “машыктыруучу” факультетин 2004-жылы аяктаган. Эркин күрөш боюнча спорт чебери. 2002-жылы Кыргызстан жаштар чемпионатынын, 2003-жылы чондор чемпионатында 1-орунду ээлеп, 2002-жылы өткөн Кыргызстан кубогунун жеңүчүсү жана чемпиону болгон. 2003-2004-жылдары КРнын окуу жайлар аралык биринчилигинин жеңүүчүсү болгон. Ошондой эле Казакстанда жана Кыргызстанда өткөн көптөгөн эл аралык турнирлерде 2-3-орундарды багынткан. Учурда облусттук жана Багыш айылындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектептеринде машыктыруучу. 3 спорт чеберин чыгарган.
Караев Бахтияр - 1979-жылы туулган. Кыргыз Республикасынын спорт чебери. «Кулатуу» күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону (2001-жыл) Күмүш медалдын ээси. (2002, 2003-жылдар)
Маданбеков Мирлан - Кыргыз Республикасынын спорт чебери. Кыргыз Республикасынын спорт чебери. Мектеп окуучулар арасындагы спартакиаданын жеңүчүүсү (Токмок шаары). Кыргыз Республикасынын кубогунун ээси. Кыргызстан элдеринин 1-спартакиадасынын жана бир канча Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, (Иран, Казакстан, Таджикстан, Иран, Турция). Венгрияда өткөн дүйнөлүк биринчиликтин катышуучусу.
Рыскулов Санжарбек - 1979-жылы 2-январда Сузак районунун Сафаровка айылында туулган. Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча спорт чебери. 1991-1994-жылдары Бишкек шаарындагы Ш. Сыдыков атындагы Республикалык Олимпиадалык даярдоо окуу жайында, эркин күрөш боюнча билим алган. 1998-жылы Жалал-Абад шаарындагы Коммерциялык институттун экономист адистигин аяктаган.
Кыргыз Республикасынын Жаштар арасында өткөн мелдештин 2 жолку жеңүүчүсү. (1995-1996-жылдар). Иран, Турция, Казакстан Мамлекеттеринде өткөн Эл аралык мелдештерде утуп алган.
Рыскулов Кымбатбек – КРнын бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. 1981-жылы Көк-Жаңгак шаарында төрөлгөн. КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, республикалык спорттун отличниги Рыскулов Бакытбектин жетекчилиги менен 1989-жылы шаардык спорт мектебинле машыга баштаган. 2008-жылы КРнын бокс боюнча чемпиону наамын алган. 2002-жылы Малазия мамлекетинде өткөн эл аралык чемпионатта бокс мелдешинде биринчиликти жеңип алган. 2003-жылы Азия мамлекеттеринин бокс боюнча чемпионатында коло медалга татыктуу болгон. Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан мамлекеттеринин ортосунда өткөрүлгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.
Сексенбаев Элдияр
Сексенбаев Элдияр Абдивалиевич - 1997-жылы, Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында туулган. 2015-жылы Кара-Дарыя айылындагы А. Абдукаимов атындагы орто мектепти аяктап, учурда Жалал-Абад Мамлекеттик унивеситетинде окуйт. 2019-жылдан баштап, Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектепке машыктуруучу болуп иштеп келүүдө. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Чемпинатында Алыш күрөшү боюнча өткөн мелдеште II-орунду, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын баатыры коомдук жана мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин жаркын элесине арналган Алыш күрөшү боюнча өткөн мелдеште I-орунду, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Чемпионатында Алыш күрөшү боюнча өткөн мелдеште II-орунду, 2018-жылы Б. Эркинбаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык Гран-При турниринде III-орунду багындырган. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын чемпионатында классикалык түрүнөн III-орунду, ал эми эркин түрүнөн II-орунду камсыз кылган.
2019-жылы Кыргыз Республикасынын чемпинатында Алыш күрөшү боюнча өткөн мелдеште 70кг. салмакта I-орунду ээлеген. 2019-жылы Түштук Кореянын Чунгджу шаарындагы болуп өткөн Бүткүл Дүйнөлүк “Күжүрмөн оюндарында” Алыш күрөшүнүн классикалык түрүнөн 70кг. салмакта III-орунду, Казак күрөшү боюнча 70кг. салмакта III-орунду ээлеген.
2019-жылы Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарындагы болуп өткөн Дүйнөлүк Чемпионатында Алыш күрөшүнүн классикалык түрүнөн 70кг. салмакта I-орунду алып, Дүйнө Чемпиону болуп аталган. Ал Алыш күрөшү боюнча Эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, КРнын бир нече жолку чемпиону, Алыш күрөш боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери.
Солиев Музаффар
Солиев Музаффар - 1990-жылы, Узбекистан Республикасынын Хонобад шаарында туулган. 1996-2007-жылдары Хонобад шаарынын №6-орто мектебин аяктаган. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ладан-Кара айылына көчүп келген. 2015-жылдан бери Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектепте машыктуруучу болуп иштейт. Алыш күрөш боюнча спортун чебери, Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык турнирлердин бир нече жолку чемпиону.
Таев Тилек - 1982-жылы Сузак районунун Сафаровка айылында туулган. Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери. 1999-жылы Жалал- Абад шаарындагы №5 орто мектепти, 2005-жылы Жалал-Абад шаарындагы Коммерциялык институттун бухгалтер-аудитор адистигин аяктаган.
Ураимов Жылдызбек Арапжанович – 1990-жылы, Сузак районуна каршатуу Октябрьский айылында туулган. Жашынан спортко катышып, 2007-жылдан баштап Кикбокс менен машыгып, 2010-2012-жылдары эки жолу кыргызстандын чемпиону, 2012-13-жылдары катары менен спорттун Тай бокс түрү боюнча чемпион болгон. 2018-жылдан баштап эрежесиз эр уруш, WTF турнирлерине катышып 3 жолу чемпион болгон. 2019-жылы Финляндияда өткөн турнирдин жана 2018-19-жылдары “RFCH5”, “RFCH6” турниринин женүчүсү жана чемпиону.
Сагынбаев Максат – 1987-жылы Сузак районуна караштуу Барпы айылында туулган. 1998-жылдан бери Барпы айыл округундагы Тай-Мурас спорттук клубунун бокс секциясында машыгат. Облустук мелдештердин бир нече жолку жеңүүчүсү. 2003-жылы Тажикстанда өткөрүлгөн бокс боюнча Эл аралык мелдеште 3-орунду, 2004-жылы КРнын 5-спартакиадасында 2-орунду, 2005-жылы Ош шаарында, 2006-жылдын март айында Кара-балта шаарында өткөн КРнын Чемпионатында 1-орунду ээлеп, КРнын чемпионунун наамын алган. 9-октябрдан 16-октябрга чейин Индия мамлекетинин Гоа шаарында болуп өткөн бокс боюнча Азиянын биринчилигинде 2-орунду ээлеп күмүш медалдын ээси болгон. КРнын спортунун чебери.
Тавалдиев Руслан
Тавалдиев Руслан Батиралиевич - 1989-жылы, Узбекистан Республикасынын Андижан областынын Хонобад туулган. 1996-2007-жылдарыы Хонобад шаарынын №6 - орто мектебин аяктап, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бег-Абад айылына көчүп келип, Жалал-Абад мамлекеттик унивеситетинин инженердик-техникалык факультетине 2013-жылы бүтүргөн.
2012-жылдан бери Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектепке машыктуруучу болуп иштейт. 2013-жылы Польша мамлекетиндеги Белосток шаарында өткөн Алыш күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатында 3-орун, 2014-жылы Иран мамлекетиндеги өткөн Алыш күрөшү боюнча Азия чемпионатында 2-орун, Б. Эркинбаевтин жаркын элесине арналган Гран-При турниринде 1-орун алып чемпион болгон. Алыш күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык турнирлердин бир нече жолку чемпиону, Алыш күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери.
Турдуев Чынгыз
Турдуев Чынгыз Абдимомунович - 1989-жылы, Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында туулган. 2006- жылы Кара-Дарыя айылындагы Чангыр-Таш орто мектебин аяктап, 2006-2012-жылдары “Экономика жана ишкердик” окуу жайын окуп бүтүргөн. Эмгек жолун, 2012-жылы Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектепке машыктуруучу болуп баштаган. 2012-жылы Бишкек шаарында өткөн Алыш күрөшу боюнча Азия Чемпионатында 2-орундун ээлеп, 2013-жылы Польша мамлекетиндеги Белосток шаарында өткөн Алыш күрөшу боюнча Дүйнөлүк Чемпионатында женүүчүсү болгон. Алыш күрөшү боюнча Эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, КРнын бир нече жолку чемпиону. Ал «Алыш» күрөш боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери.
Түгөлбаев Кайратбек - 1992 жылы Сузак районуна караштуу Жалгыз-Жаңак айылында туулган. 2010- жылдан бери Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде спорттун греко-рим түрү боюнча машыгат. 2014-жылы Бишкек шаарында өткөн Кыргызстандын кубогунда биринчи орунду утуп, Азия чемпионатына жолдомо алган. Азия чемпионатында 5-орунду ошол эле жылы алып, 2015-жылы Кыргызстандын биринчилигинде чемпион болуп, дүйнөлүк чемпионатта 7-орунду ээлеген. Кыргызстандын греке-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү. Көптөгөн эл аралык мелдештердин жана 2020-жылы өткөн Кыргызстандын биринчилигинин жеңүүчүсү.
Эмилбеков Жыргалбек Акылбекович – 1989-жылы, Сузак районуна караштуу Жергетал айылында туулган. Кикбокс жана самбо боюнча спорт чебери. 1996-2007-жылдары Мария Орозалиева атындагы мектебин аяктап, кичинесинен спортко кызыгуусу башталып, 2016-жылы Россияда өткөн "Битва сильнейший" турниринде жана Кореянын Сеул шаарында өткөн мелдеште жеңүүчү болуп кыргызстандын туусун көтөрткөн. 2017-жылы Санкт-Петербург шаарында өткөн спорттун грэпплинг боюнча эл аралык мелдешинде эки жолу чемпион наамына татыган. Ошондой эле 2019-жылдан баштап KPF уюму тарабынан Финляндия, Австрия өлкөлөрүндө өткөн эл аралык турнирлерде жеңүүчү болгон.