Осмон балбан – бою эки кез, салмагы сегиз пуд келген алп адам болгон дешет. Жаныбек кызынын ашында Чоку бий, Барпы апыз менен бирге барган 19 жаштагы Осмон, чоң галада (көк бөрү) бир калта күмүш акчага таштаган, ошондон кийин эл оозуна алынып, Осмон кыйгыр, Осмон ылаачын аталган. Жүз койго атасы алып берген жээрде аты менен Кокон хандыгына караган Самарканд, Ташкент аймактарына айтылуу Мырзакул болуштун атасы ээрчитип барып улак чаптырган, толо күрүч жүктөлгөн, кош өгүз чегилген соорундарды алганы эл ичинде айтылып келет. Беш убак намаз окуган, такыба, сексен жашында жердеги камчыны ат үстүнөн эңип алган чапчаң адам болгон дешет.
Калил балбан – (1930) СССРдтин спорт чебери. Оодарыш боюнча Кыргызстандын көп жолку, СССРдин 8 жолку чемпиону. Ат оюндары боюнча Баку, Москва, Ташкендеги өткөн спорт оюндарынын катышуучусу. Бүткүл союздук маанилеги ири мелдештерге катышып, көп жеңиштерге жетишип, Кыргызстандын намысын коргогон. 1962-жылы СССРдин Айыл чарба министрлиги уюштурган ат оюндары боюнча бүткүл союздук мелдеште “Көк бөрү” боюнча “Бакыт” деген аты менен жеңишке жетишип биринчи даражадагы диплом менен сыйланган. 1967-жылы Москва шаарында өткөн бүткүл союздук мелдеште кавказдыктардын “Низаки Нетум”, “Сюр Папах” оюндары боюнча ийгиликке жетишип, мелдештин башкы судьясы С. М. Буденный медаль менен баш байгени өз колу менен тапшырган.
Кочкор балбан - айтылуу Кара-Дарыялык балбан. Оодарыш боюнча КРнын бир нече жолку чемпиону. Ташкент, Ашхабад, Москва шаарында өткөрүлгөн улуттук спартакиаданын чемпиону. Кочкор балбандын өмүр баянын, спорттогу ийгиликтери жөнүндө жазуучу Аким Акжоловдун “Кочкор палван” деген көлөмдүү повести жарык көргөн.
Акун балбан – Сузак районуна караштуу Төш-Кутчу айылынан. Оодарыш боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпиону. Азыр анын ысымы айылдын көчөсүнө коюлган.
Эргеш балбан – 1951-жылы Сузак районуна караштуу Ачы айылында айтылуу Калил балбандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Калил балбан (бир тартаар), чоң атасы Осмон ылаачын. 1974-жылы Сузак районунда өткөн оодарыш, улак тартыш бобнча мелдештерде биринчи орундарды ээлеп, кийин Республиканын чемпиону болгон. Кийинки жылдары да атаандаштарын баарын аттан оодарып, 2-ирээт чемпион аталат. 1976-жылы Фрунзе шаарында улуттук оюндар боюнча өткөн спартакиадада да андан ашып түшкөн балбан болбойт, кыдыр жылоологон Эргеш балбан элине 3-жолу чемпион болуп кайтат. Ошол мелдештен кийин “Кыргыз ССРинин спорт чебери” деген №1 күбөлүктү Кыргызстандын биринчи генералы Э. Алиевдин колунан алган. 1986-жылы Россиянын Краснодар шаарында өткөн бүткүл союздук мелдеште союздун чемпиону болушкан. 1988-жылы Украинанын Киев шаарында атчандардын бүткүл союздук 31-мелдеши өтүп, биринчи орунду камсыз кылышкан. Ростов-на-Дону, Алма-Ата шаарларында өткөн атчандар мелдештеринин катышуучусу. Эки жолу эл чарбасынын жетишкендиктеринин бүткүл союздук көргөзмөсүнө (ВДНХ) жолдомо менен барган. Эр оодарыш, улак тартыш боюнча он жолку, бир жолу абсолюттук чемпион болгон. Абдырахман, Бекибай, Ат-Башылык Дурусбек, Кененбай, Тынычали балбандардан түзүлгөн Кыргызстандын курама командасына көп жылы капитан болгон. 1974-жылдан баштап баркы колхозунда жылкычы, 1984-жылдан бригадир, айыл башчы болуп иштеп, чарбанын өнүгүүсүнө да салым кошкон. 1989-жылы Токтогул акындын 125 жылдык юбилейинде Эргеш балбандын Кыргызстандын атчандар мелдешине сиңирген эмгеги бааланып, Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин секретары М. Шеримкулов “УАЗ” автомашинасынын ачкычын белек катары тапшырган.
Тапанча Балбан (Узаков Ибрагим) – 1948-жылы Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган. КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Грек-рим күрөшү боюнча КРнын спорт чебери (1975), ошондой эле СССРдин спорт чебери (1976). 1976-жылы Кыргыз мамлекетик дене тарбия институтун бүтүргөн. 1966-жылы Карасуу шаарында өткөн Орто Азия чемпионатында чемпиондук наамды алып, эл арасында “Тапанча Палван” деген атка ээ болгон. Айтылуу палвандар, Раатбек Санатбаев менен Баяман Эркинбаевдин алгачкы устаты болгон. 1976-92-жылдары Жалал-Абад шаарындагы спорт мектебинде машыктыруучу, улуу машыктыруучу, мектептин директору болуп иштеген. 1992-жылы “Намыс” спорт коомунун, ал эми 1993-жылы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн төрагасы болгон. 1994-96-жылдары. Кара-Дарыя спорт мектебинин директору, улук машыктыруучу, 1996-жылдан баштап Жалал-Абад облустук бажыканасынын улук инспектору кызматын аркалаган. Тапанча палван Орто Азиянын 7 жолку, Кыргызстандын 25 жолку чемпиону. Көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын ээси.
Мураталиев Баатырбек балбан (1928-1990) - Кара-Алма айылында төрөлүп өскөн. Кара-Алма айылдык мектебинде окуган. 1946-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Аскердик милдетин өтөп келгенден сон, колхоздо иштейт. 1951-жылы Жыгач-Коргон айылына көчүп келип, жүзүм совхозунда талаачылык иштеринде эмгектенет. 1958-жылы Москва шаарында улуттук ат оюндары боюнча бүткүл союздук мелдеш өткөрүлүп, он беш союздук республикалардан тандалган спортчулар чакырылат. Ушул мелдешке Кыргызстандын намысын коргоо үчүн Баатырбек балбан өзүнүн "Жибек жал" аттуу атын поездге жүктөп, Москвага барган. Мелдеште кыргыздын кыз куумай, тыйын энмей, көк бөрү, оодарыш улуттук оюндарына катышып, Советтер Союзунун Маршалы Семён Будённыйдын өз колунан сыйлык алган. Баатырбек балбан мындан башка Казакстанда, Өзбекстанда өткөрүлгөн республикалар аралык ири мелдештерге катышып, Кыргызстандын намысын коргоп келген. "Аюу талпак" сыйлыгынын ээси болгон. Жүзүм чарбасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн совхоздун жетекчилиги тарабынан женил авноунаа менен сыйланган.
Камилжан балбан – Сузак районундагы Көк-Арт чарбасында 1932-жылы туулган. Шамурзаев Камилжан райондун аймагында ат оодарыш боюнча көп жолку чемпион катары белгилүү. 1984-жылы Камил балбан Москвада өткөн улуттук оюндардын спартакиадасында ат оодарыш, көк-бөрү боюнча мелдештерге катышып, натыйжада биринчи орунду жеңип алган. Камил балбан улуттук оюн боюнча 1958-жылдан 1991-жылга чейин бардык мелдештерге, спартакиадаларга, ат оюндарына активдүү катышып келген. Айрыкча оодарыш, тыйын эңмей, көк-бөрү сыяктуу оюндарда Шамурзаев Камилжан мурдагы Ош областынын жана кийинчерээк Жалал-Абад областынын чемпиону катары көп жерге белгилүү болчу. 1961-жылдан кийин Камил балбан бүткүл союздук мелдештерге катышып, натыйжада Москва, Бишкек, Ташкент, Тбилиси, Баку шаарларында болуп, анда өткөрүлгөн улуттук оюндардын бардык түрлөрүнө катышкан. Шамурзаев Камилжан СССРДин спорт комитетинин, КРнын спорт комитетинин, СССРдин айыл чарба министрлигинин жана ДСО “Колхозчу” спорт клубунун Ардак грамоталарын жана алтын медалдары менен сыйланган.
Ташымбетов Бекболот - 1951-жылы Көк-Жаңгак шаарында туулган. 1968-жылы Сузак районуна караштуу У. Абдукаимов атындагы орто мектепти, 1973-жылы Фрунзе шаарындагы Дене-тарбия институтун аяктап, эмгек жолун Ф. Э. Дзержинский атындагы сегиз жылдык мектепте дене-тарбия мугалими болуп иштеп баштаган. 1976-жылы Кыргыз ССРнин III-Спартакиадасында, тогуз коргоол боюнча жеңүүчү болгонуна байланыштуу, №76 күбөлүк менен “Спорт чебери” наамын алган. 1984-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл агартуу отличниги”, 1997-жылы “Кыргыз Республикасынын Дене тарбия отличниги”, 2003-жылы “Кыргыз Республикасынын Улуттук даражадагы калысы” наамдарынын ээси болгон. 1976-жылдан бери Ош областы боюнча окуучулар
арасында жана чоңдор арасында башкы машыктыруучу болуп эмгектенген. Азыркы учурда Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинде, ошону менен катар Жалал-Абад областы боюнча чоңдор арасында, Октябрь спорт мектебинде тогуз коргоол боюнча башкы машыктыруучу болуп эмгектенет. Түштүк Кыргызстанда тогуз коргоол боюнча биринчи жана жалгыз спорт чебери. Бир канча “Ардак грамоталар” жана башка сыйлыктар менен сыйланган. 2014-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда калыстык кылып келген.
Жумабаев Тополоң
Жумабаев Тополоң - 1933-жылы Сузак районунун Кызыл-Кыя айылында туулган. 1953-1956-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат кылат. 1957-1963-жылдары «Калинин» колхозунда бригадир болуп эмгектенген. 1964-жылдан «Дружба» совхозунда жылкы ферма башчысы, вет. техник болуп эмгектенип, 1994-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 1974-жылы Пятегорский шаарындагы, Бүткүл Союздук фестивалга барып оодарыш боюнча болгон мелдеште биринчи орунду алган. Андан кийин 1980-жылы Орто-Азия биринчилиги үчүн болгон оодарыш боюнча мелдеште, биринчи орунду ээлеген. Эңиш боюнча СССРдин Орто-Азиянын, Кыргызстандын бир канча жолку чемпиону. Ардак грамота, диплом, сыйлыктарга ээ болгон.
Үсөнов Насиринбек - 1947-жылы Кара-Март айылында туулган. –1971-жылы Ош мамлекеттик педагогика институтун бүткөн. Ал 1971-жылдан Сузак районунун Карамарт орто мектебинде мугалим, директордун орун басары, директору, облустук шахмат федерациясынын төрагасы болуп иштеген. 22 жыл директорлук милдетти аткарган. 1997-жылы биринчилерден болуп шахмат боюнча мастерлик норманы толтурган. Областтык шахмат федерациясынын төрагасы болгон.
Усенов Токтонбек -1950-жылы Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында туулган. 1971-73-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. 1985-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган. 1995-жылы Таласта өткөрүлгөн “Манас - 1000” мааракесиндеги улуттук спорттун түрлөрү боюнча республикалык спартакиаданын катышуучусу. Ордо боюнча Жалал-Абад облусунун спартакиадасынын жеңүүчүсү. 2001-жылы КРнын 2-спартакиадасынын ордо оюну боюнча чемпиону. 2003-жылы ордо оюну боюнча КРнын спорт чебери болгон. 2005-жылы КРнын улуттук спартакиадасында 3-орунду ээлеген. КРнын дене тарбиясынын отличниги.
Малик балбан (Малик Осмонов) – 1957-жылы Сузак районуна караштуу Ачы айылында туулган. Айтылуу Калил “бир тартаар” палвандын уулу, Эргеш палвандын иниси. Жогорку билимдүү, Ош технологиялык институтун “инженер-куруучу” адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун “Алай” атайын чарбасында спорт инструктору болуп баштаган. 1982-91-жылдары Ош шаарындагы балдардын №2-спорт мектебинде машыктыруучу, 1993-97-жылдары Ош облусттук бажы кызматында инспектор, ал эми 1997-2010-жылдары “Керейит” ЖЧКсынын мүдүрү болуп иштеген. 2010-жылы Республика саясий партиясынын тизмеси менен КРнын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутатты болгон. “Алыш” дүйнөлүк, эл аралык федерациясынын вице-президенти жана алгачкы түптөөчүсү. КРнын “Алыш” федерациясынын ардактуу президенти, айтылуу Баяман палвандын устаты болгон. Малик Осмонов улуттук күрөш боюнча кыргызстандын 5 жолку жана 2 жолку абсолюттук чемпиону. Орто азиянын “Алтын кубогунун” ээси, чемпиону. КРнын Президентинин жана КРнын ЖКнин Ардак грамоталарынын ээси, Сузак районунун “Ардактуу атуулу”. Малик палвандын дагы бир өнөрү, анын адабият майданындагы жазмакерлиги. Анын “Апаат”, “Боз торгой”, “Президент”, “Ялхун”, “Аян” аттуу аңгемелери гезит журналдарга басылып чыккан.
Рыскулов Жолдошбай - 1952-жылы 5-мартта Сузак районунун Сафаровка айылында туулган. «Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген тренери» наамын алган. 1968-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектебин аяктагандан кийин, Жалал-Абад шаарындагы спорт комитетинде инструктор болуп эмгек жолун баштаган. 1970-1972-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт. Келгенден кийин, Фрунзе шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия (КГФИК)институтуна окууга тапшырып, аны 1976-жылы ийгиликтүү аяктайт. Ошол жылдан Жалал-Абад шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт (ДЮСШ) мектебинде тренер-окутуучу болуп эмгектене баштайт. Айта кетчүү нерсе, азыркы убакта бул спорт мектеби атактуу спортсмен Раатбек Санатбаевдин ысмын алып, олимпиядалык резервдерди даярдоо спорт мектеби(СДЮШОР) болуп кайра түзүлгөн. Ж. Рыскулов бул мектептен көптөгөн спортсмендерди дүйнөлүк аренага алып чыккан. Атай кетсек, 1987-жылы Борбукеев Заир деген окуучусу СССР дин биринчилигинде күмүш медалга татыса, 1995-жылы Базаркулов Эрнст Будапешт шаарында өспүрүмдөр арасында дүйнөнүн чемпиондугун утуп, алтын медалга ээ болгон. Ушул мектепте эмгектенип жүрүп, Жалал-Абад облусунун күрөш федерациясынын аткаруучу директору кызматын да иштеген.
Саипов Жоробек - 1953-жылдын Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу. 1971-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин, Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия институтуна тапшырып, аны 1976-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 1976-жылы Сузак районундагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде эркин күрөш боюнча машыктыруучу болуп баштаган. 1979-жылы аталган спорт мектебинин директорунун орун басары кызматына которулат да, 1983-жылдан баштап, спорт мектебинин директору болуп дайындалат. Эгемендүүлүк алгандан кийин, Жалал- Абад шаарында Кыргыз Мамлекеттик Дене-тарбия институтунун филиалы ачылган. 1995-жылы ошол филиалда ага окутуучу болуп иштей баштайт. 1997-жылдан 2004-жылга чейин, филиалдын чарба иштери боюнча орун басары, андан кийин биринчи орун басары, ал эми 2004-жылдан ушул учурга чейин, филиалдын директору кызматын аркалап келет. Ж. Саиповдун көп жылдык эмгектери бааланып, Кыргыз Республикасынын Дене тарбия отличниги төш белгиси, «Эл агартуунун отличниги», Сузак районунун ардактуу атуулу, наамдарын жана бир катар Ардак грамоталар менен сыйланган. Багыш айыл кеңешинин төрагасы болгон, учурда айылдык кеңеште депутат.
Кукеев Адылбек - 1958-жылы 29-май Сузак районунундагы Октябрь кыштагында туулган. КРнын эмгек синирген машыктыруучусу, 1975-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектепти, 1981-жылы Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия институтун, 1989-жылы Ички Иштер академиясын бүтүргөн. Эмгек жолун 1975-1977-жылдары Фрунзе шаарында ПМКда жумушчу болуп иштеп баштаган. 1981-84-жылдары Кыргыз ССРнин Мамлекеттик Спорт агенттигинде башкы машыктуруучу, 1984-85-жылдары Сузак райондук спорт комитетинин төрагасы, 1985-86-жылдары Кыргыз ССРнин Спорт агенттигинде башкы машыктуруучу, 1986-жылдан 2008-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинде инспектордук кызматтан баштап, башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси кызматтарында иштеген. 2008-10-жылдары КРнын Адилет Министрлигинде атайын дайындалган отряддын командири болуп иштеп, учурда КРнын Мамлекеттик Дене тарбия жана Спорт агенттигинде ага усулчу болуп эмгектенет. КРсында биринчи жолу волейбол боюнча Эл аралык даражадагы калыс наамынын ээси, КРнын билим берүү, дене тарбия жана спорт, ошондой эле ИИМдин отличниги. КРнын ИИМнин, Адилет министрлигинин, Билим беруу жана Илим министрлигинин, Омбудсмен Институтунун, ошондой эле КРнын Президенттин ардак грамоталары менен сыйланган. Милициянын полковниги.
Эркинбаев Баяман – 1967-жылы, Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1991-жылы Ташкендеги айыл чарба институтун бүткөн. Эмгек жолун Жаӊы-Арык тамеки ферменттөө заводунда иштеп баштаган. 1992-96-жылдары Ош шаарындагы “Палван” кайрымдуулук фондусунун генералдык директору, 1996-жылдан Ош облустук “Күрөш” федерациясынын президенти болуп иштөө менен элге материалдык жардам көрсөтүп, кайрымдуулук иштерин көп жүргүзгөн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3 жолку чакырылыштарынын депутаты. (1995, 2000, 2005). “Алыш” эл аралык күрөш федерациясынын негиздөөчүсү, Орто Азиянын 15 жолку чемпиону, СССРдин спорт чебери. Баяман Эркинбаевдин сөөгү Аларча көрүстөнүнө коюлган.
Санатбаев Раатбек - Кыргызстандын тарыхында алгачкы Азия чемпионатын жеңген балбан, 1969- жылы туулган. Билими жогорку. Алгач Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия, спорт институтунун “тренер-окутуучу” бөлүмүн, кийин Кыргыз-орус славян эл аралык университетин бүтүргөн. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча 10 жолку чемпиону. Эл аралык мелдештерге, дүйнөлүк биринчиликтерге катышып, байгелүү орундарды ээлеген. Атай кетсек, 1994-жылы Хиросимада жана 1998-жылы Бангкокто өткөн Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси, 1999-жылы Афинада өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орун алган, 1995-97-жылдары өткөн Азия чемпионатарында эки жолу күмүш, бир жолу коло медалын алып, 1999-2000-жылдары Ташкент жана Сеул шарында өткөн Азия чемпионатында алтын медал алып чемпион болгон. 1996-жылы 26-Олимпиядалык оюндарга катышып, 8-орунду ээлеген. 1994-99-жылдары Дүйнөлүк күрөш федерациясынын жыйынтыгы боюнча Раатбек дүйнөдөгү 10 спортчунун катарына кирген жана грек-рим күрөшү боюнча 20-кылымдын эң мыкты балбаны аталган. КРнын улуттук Олимпиада комитетинин ордени, КРнын Ардак грамотасы жана “Даңк” медалы менен сыйланган. КРнын жаштар сыйлыгынын лауреаты, Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу атуулу” болгон. Казакстандын “эмгек сиңирген машыктыруучусу“ наамына жана “Кайсар” орденине татыган. Өмүрүнүн акырында олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп иштеген. Раатбектин ысымы өзү билим алган Жалалабаттагы №9-мектепке, Жалал-Абад шаарындагы балдардын олимпиадалык резерв мектебине жана Бишкек шаарындагы спорт мектебине ыйгарылган. Раатбек Санатбаевдин сөөгү Аларча көрүстөнүнө коюлган.