Айылдык аймактар

кеңешме тобу

Исаков Алманбет 


Исаков Алманбет Тыныбекович Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылында 1970-жылы 28-ноябрьда туулган. 1978-88- жылдары №44- Кара-Алма орто мектебин бүтүрүп, 1988-93-жылдары Жалал-Абад маданият техникумун артыкчылык менен аяктаган. 1989-91-жылдары аскердик кызматтын өтөп келип, окуусун улантып, ошол жылдары жаңы ачылган алгачкы менчик “Нур” коммерциалык телевидениесинде иштеп, ошол жердеги “Нур” эстрадалык тобунун музыкант-оранжировщиги жана үн жазуу адиси болуп иш баштаган. Ал эми 1997-жылдары Жалал-Абад облустук Т. Тыныбеков атындагы филармониясында да эстрадалык топтун көркөм жетекчиси болуп  эмгектенүү менен, 2000-жылы аталган мекемеде кыргызстандагы биринчи компьютерлешкен санариптик үн жазуу студиясын ишке киргизген. 2008-2009-жылдары КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы (УКБ) улуттук концерттик борборунун башкы адиси болуп иштеген. Ал эми 2010-жылдан бери “Алман-Рекордс” үн жазуу студиясын негиздеп иштеп келүүдө.

 А. Исаковдун студиясынан жүздөгөн белгилүү артисттер ыр жаздырып, ошону менен бирге мамлекеттик деңгээлдеги түрдүү иш-чаралардын, жалпыга белгилүү “Көчмөндөр оюну” сыяктуу тетралдаштырылган  массалык оюн-зооктордун музыкалары жазылып келүүдө. Ад түрдүү министрликтердин жана облусттук, шаардык, райондук мекемелердин атынан көптөгөн грамота, дипломдор менен сыйланган. 

 Үй-бүлөөлү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

Powered by Froala Editor