Абдукаимов Узакбай
1909-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган. 1963-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан. Белгилүү жазуучу жана котормочу. Ташкендеги балдар үйүнө 1923-жылы кабыл алынып, кийин Казак-кыргыз агартуу институтунда (1924-25, Ташкент) окуган. 1929-ж. Кыргыз пед. техникумун бүткөн. Мектепте директор, Москвадагы СССР элдеринин Борбордук басмаканасынын кыргыз бөлүмүндө редактор. (1930-31), Республикасынын Тил адабият жана тарых институтунун илимий кызматкери (1933-37), Ата Мекендик Согуштун катышуучусу (1942-45), Кыргыз Мамлакеттик басмасында редактор (1946), Кыргызстан жазуучулар бирлигинде адабий кеңешчи (1947-49) болуп иштеген. 1927-ж. “Жаңы маданият жолунда” журналында, “Таң” аттуу алгачкы новелласы жарык көргөн. 1933-жылы 3-класс, кийинчерээк 7-класс үчүн адабият боюнча хрестоматия түзгөн: “Студент менен студентка” поэмасын (1934), “Кыздын таалайы” (1939-40) повестин жазган. Ал чебер котормочу катарында кыргыз көркөм котормосуна негиз салгандардын бири. А.С. Пушкиндин “Борис Годуновун”, “Полтавасын” жомокторун, лирикалык ырларын, Н.В. Гоголдун “Текшерүүчүсүн”, Лопе де Веганын “Койлуу булак”, “”Леоновдун “Чабуул”, Н.А.Островскийдин “Күнөөсүз күнөөлүүлөр”, Мольердин “Жорж Данден, же акмак болгон күйөө” пьесаларын, М.Горькийдин “Көрүнгөндүн колунда” повестин, К.Чуйковскийдин “Бибигон” жомогун, А.А.Фадеевдин “Жаш гвардия” романын которгон. “Айдар жана Айша” операсынын либреттосун (1948) “Ашык жар”, “Эмгек маршы”, “Пионерлер ыры” сыяктуу элге кеңири тараган ырларды жазган. Элүүнчү жылдардын аягы, алтымышынчы жылдардын кире башташы Абдукаимовдун чыгармачыл өнөрүндө кескин бурулуш жасалган учур болгон. “Майдан” романынын жарыкка чыгышы (1-китеп,1961-жыл), көп жылдык көркөм котормочулук тажрыйба; дүйнөлүк классикадан алган сабактар, (И.Сталдиндин сындалышы), чыныгы согуш майданын кан кечип, кан төгүп жүрүп, өз көзү менен көрүшү табиятынан таланттуу калемгерге Европа тибиндеги анык реалисттик профессионал романдын жаңы үлгүсүн жаратууга зор өбөлгө түздү. Өнүккөн адабиятта гана болчу романдык мазмун менен роман формасынын табигый түрдө айкалышы, адам дүйнөсүн ичкертен ачып көрсөткөн терең психологизм, көркөм образ, типтүү мүнөз, индивидуалдуу өзгөчөлүк түзүү чеберчилиги, сюжеттик схематизм менен кургак чакырык, даяр баатырдык мотивдерден алыс нагыз реалисттик сүрөттөөлөр аркылуу турмуш акыйкатын алып чыккан бул роман жалгыз гана жанрдын эмес, жалпы эле адабияттагы зор ийгилик болгон. “Майдан” романы орус тилге которулган (1972). Бир нече адабий макалалар менен очерктер жазган. Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган. Ысымы районубуздагы мектепке коюлган. Быйыл 110 жылдыгы да райондо белгиленет деген ойдобуз.
Борбугулов Мухтар
Орусча-кыргызча бирдей жазган белгилүү филолог, 40 жылдан ашуун мугалимдик кесипти аркалаган профессор. Кыргызстандын Эл жазуучусу, мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси, кыргыз улуттук энциклопедиясын бир канча жыл башкарган редактор, тамсилчи, окумуштуу, сынчы, драматург Мухтар Борбугулов 1930-жылы 5-майда Сузак районундагыКыз-Көл айылында туулган. Атасы Борбугул комуз чертип ырдаган, аты кыйлага угулган киши болгон.
1946-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын, 1949-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (ал кезде педагогикалык институту) филология факультетин бүтүп, 1952-жылы Москвадагы СССР илимдер академиясынын Горький атындагы адабият институтунун аспирантурасына жиберилген. 1957-жылы «Кыргыз совет драматургиясы» деген темада кандидаттык диссертация жактап, 1964–1966-жж. Казак ССРинин илимдер академиясынын докторанты, 1967-жылы профессор, КМУнун СССР элдеринин адабият кафедрасынын башчысы, 1988-жылдан Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редактору, «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, Кыргыз мамлекеттик университетинде доцент, журналистика кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
М. Борбугуловдун ырлары райондук жана облустук гезиттерге 1946-жылдан баштап чыга баштайт. Студент кезинде жазган «Ак алтын усталары» аттуу пьесасы республикалык көп актылуу пьесалардын конкурсунда сыйлыкка көрсөтүлгөн. Ал 1952-жылдан баштап тамсил жаза баштаган, 1955-жылы анын «Тамсилдер жана ырлар» аттуу биринчи жыйнагы, 1958-жылы «Горькое лекарство» деген китеби орус тилинде чыгат.
Негизги иши жана кесиби окумуштуулук болсо да Мухтар Борбугулов кара сөз менен катар драма жанрында да бир нече чыгармалары менен аты чыкты. Атап айтканда, анын “Ким көрүптүр мындайды” аттуу комедиясы, “Барпы” аттуу драмасы, “Азган кыз”, “Жусуп Баласагын” деген пьесалары убагында театр сахналарынан түшпөгөн чыгармалар эле.
М.Борбугуловдун «Элеттик жигит» аттуу романы кыргыз, орус тилдеринде жарыкка чыккан. 1950-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1981-жылы «Улуттук жана интернационалдык биримдик» деген китебине СССР Жазуучулар союзунун сыйлыгы ыйгарылган.
Профессор 2004-жылы катуу оорудан кийин каза болгондо Ч. Айтматов мындай деп көңүл айткан эле: “Мухтар Борбугулов – ХХ кылымдагы улуттук адабиятыбыздын эң бир мыкты сынчысы, философу болчу. Бул биздин адабиятыбыз, маданиятыбыз үчүн чоң жоготуу. Ал адабияттын жаңыдан улуттук деңгээлде түзүлүп келатканына көңүл буруп, көп эмгек сиңирди. Олуттуу, билимдүү, мыкты замандаш эле».
Учурунда Мухтар Борбугуловдун чыгармачылык жана илимий ишмердиги жогору бааланып, Кыргызстандын Эл жазуучусу деген наамга татыган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алган. Окумуштуу жана жазуучу агабыз 2004-жылы дүйнө салып, арабыздан мезгилсиз кетсе да азыркыга чейин анын көркөм чыгармалары, тузу ачуу, калемпири курч тамсилдери, сын китептери, илимий ачылгалары, орусча жана кыргызча жазылган изилдөөлөрү эч бир маанисин жоготкон жок.
(Материал Профессор О. Ибраимовдун материалынан жана уикипедиядан алынып даярдалды.)
Абдраманов Шабданбай
Ал 1930-жылы Сузак районундагы Кыз-Көл айылында туулган. 1998-жылы дүйнөдөн кайткан. Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу (1995). 1948-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1950-жылы Жалал-Абад мугалимдер институтун, 1959-жылы ЖМУнун филология факультетин, ал эми 1964-жылы Москвадагы СССР жазуучулар бирлигинин алдындагы жогорку адабий курсун бүтүргөн. Эмгек жолун колхозчу болуп иштөө менен баштаган (1943), 1950-52-жылдары Кыз-Көл орто мектебинде мугалим, 1952-59-жылдары директор кызматын аркалаган. 1964-66-жылдары Кыргызстан жазуучулар бирлигинин Ош облустук бөлүмүндө адабий кеңешчи, жоопту катчы, 1960-жылдан Ош облустук “Ленин йули” гезитинин кабарчысы болуп иштеген. Чыгармачылыгын ыр жазуу менен баштап, 60-жылдардан негизинен кара сөз жанрында, драмачылыкта иштеген. Анан бир топ аңгемелери жанрдын бир топ туундусу катары бааланып чет тилдерге которулган. 1968-жылы “Дыйкандар” романынын журналдык варианты чыгып, чыгарма большевиктик сынга кабылып, автор бир нече жыл куугунтукталган. Большевиктик сындын талабына ылайык, кеңейтилип жазылган экинчи варианты 1977-жылы жана 1991-жылдары жарыкка чыккан. 1957-жылы “Май түнүндө” аттуу алгачкы ыр жыйнагы, 1960-жылы “Өкүм”, 1965-жылы “Арстанбап аймагында”, 1973-жылы “Ак жүрөк адамдар” аттуу повесттери, 1976-жылы “Гүлазык”, 1977-жылы “Дыйкандар”, 1980-ж. “Тагдыр”, “Жашыл аалам”(1982), “Токуучулар” (1985) романдары жана “Домоктун кылычы”, “Токтогул”, “Анжиян көтөрүлүшү”, “Чыйбыл болуш”, “Алымбек датка” сындуу драмалык чыгармалары, тарыхый эсселери жарык көргөн. Ал публицист катары жаратылышты коргоо, айрыкча, түштүктүн жаңгак токойлорун сактап калуу жана аны туура пайдалануу тууралуу жазган макалалары журтчулуктун көңүлүндөгү көйгөйлүү маселелерди козгогон.
Түмөнбай Байзаков
Белгилүү жазуучу, акын жана котормочу, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер”, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Т. Байзаков 1923-жылы Сузак районунун Бөкөй айылында туулган. 1992-жылы дүйнөдөн кайткан. Жалал-Абад педагогикалык окуу жайына өтүп, окуусун аяктаар менен 1941-жылы Гроздный шаарындагы аскер окуу жайына жиберилген. 1954-жылы КМУнун филология факультетин бүткөн. 1944-48-жылдары Сузак районунун мектептеринде мугалим, директор, 1950-52-жылдары Сузак райондук гезитинде редактор, 1954-жылы Кыргызстан КП БКнын алдындагы республикалык партиялык мектепте окутуучу, 1955-60-жылдары Кыргызстан жазуучулар бирлигинин башкармасында адабий кеңешчи, 1960-64-жылдары СССР жазуучулар бирлигинин кыргыз адабияты боюнча адабий кеңешчи, 1964-79-жылдары Кыргызстан мамлекеттик басма комитетинде иштеген. 1958-жылы алгачкы “Паризат”, кийинчерээк “Биз жакта” (1969), “Кар бетине жаздым кат” (1970), “Мезгил чыйыры” (1972), “Самай берем” (1973), “Оттуу курак” (1975), “Ак таңдар” (1982), “Өмүр берекеси” (1986), “Ышкы багы” (1993), “Азимжандын апыртмалары”(1986) деген балдарга арналган ыр жыйнагы, бир жылдан кийин“Госпиталдын кызы” аңгеме китеби басылып чыккан.
Ал боордош элдердин акын-жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Анын чыгармалары да, башка тилдерге которулган. Б.Алыкуловдун адабий мурастарын изилдеп, жыйнап жана жарыкка чыгарууга зор салым кошкон. “Наедине с мечтой” аттуу китеби үчүн 1985-жылы СССР журналисттер бирлигинин А.А.Фадеев атындагы адабий сыйлыгы жана алтын медалы ыйгарылган. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, маедалдар менен сыйланган. Түмөнбай Байзаков кадимки Барпы акындын чыгармаларын жыйнап, китептерин бастырып чыгарууга, анын кыргыз классиктеринин катарындагы татыктуу өз ордун табуусуна орчундуу кызмат кылган жана Барпынын философ акын катары даңазаланышына көп салым кошкон.
Т. Байзаковдун поэзиясына кыскалык, ойдун так, метафоралуу берилиши мүнөздүү. Азыр кыргыздын гимни сыяктуу кабылданып калган, атактуу “Кыргыз жери” деген ыр да биздин даӊктуу жердешибиз Т.Байзаковдун калеминен жаралган.
Кaйыпов Сулaймaн
Фольклорчу, этногрaф, филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору, профессор.
Кaйыпов Сулaймaн Турдуевич 1952-жылдын 15-июлундa Ош областынын Сузак районуна караштуу Ак-Тоок айылында туулган. 1970-жылы № 62 Кыз-Кѳл орто мектебин бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетинине өткѳн жaнa aны 1975-жылы бүтүрүп, ошол эле жылы, aдегенде Кыргыз ССРинин Мамлекеттик китеп пaлaтaсындa библиограф, aндaн соң Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер болуп эмгек жолун бaштaгaн.
1978-1980-жылдары СССР Илимдер академиясынын А. М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунун Оозеки чыгармачылыкты изилдөө бөлүмүндө стажировкадaн ѳтүп, 1981–1984-жылдары ошол эле институттун аспирантурaсындa окугaн жaнa «Эр Төштүк» жомогунун кѳркѳм элес түзүү кaрaжaттaры (Кыргыз жана башка түрк тилдүү элдердин версиялaрынын мисaлындa)» аттуу кандидаттык диссертациясын коргогон.
1985–1991-жылдары Кыргыз ССР Илимдер aкадемиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызмaткер, ага илимий кызмaткер жана сектор башчысы болуп кызмат өтөгѳн. Ошол эле учурда В. М. Маяковский aтындaгы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педaгогикaлык институтунун Филология факультетинде иштеген, фольклордук экспедицияларгa жетекчилик кылгaн, 1987–1988-окуу жылындa Москвадагы СССР Жазуучулар союзуна караштуу A. М. Горкий aтындaгы Адабият институтундa “Элдик оозеки чыгaрмaчылык” сaбaгын ѳткѳн.
1992–1995-жылдары Бишкек гуманитардык университетинде Түркология факультетинин куруучу деканы, университеттин биринчи проректору кызматтарын aркaлaгaн. 1996-жылдын сентябрь aйындa Чүй университетине профессорлук кызмaткa aлынгaн. 1997-жылдын май айынан 2007-жылдын 1-февралынa чейин Чүй университетиндеги проректорлук кызматын улантуу менен, Түркия Республикaсынын Вaн шaaрындaгы 100-жыл университетинин Түрк тили жана адабияты бөлүмүндө профессор болуп иштеген. Бул жылдaры Вандa жашаган пaмир кыргыздарынын тили, фольклору, этнографиясына тиешелүү булактарды жыйнады. Окумуштуунун пaмир кыргыздaрынын тaмaк-aш мaдaниятын изилдөөгө aрнaлгaн ондогон мaкaлaлaры жaнa үч моногрaфиясы aнын 2011-жылы корголгон докторлук диссертaциясынын негизин түздү.
С. Т. Кaйыповдун кыргыз, орус, түрк тилдеринде жaрык көргөн илимий эмгектеринин цикли 2008-жылы Кыргыз Республикaсынын Илим жaнa теxникa жaгынaн Мaмлекеттик сыйлыгынa тaтыктуу болгон. Ошол эле жылы aгa XXI кылымдын интеллектуaлдык өнүгүшүнө кошкон жекече сaлымы үчүн Эл aрaлык Сокрaт сыйлыгы ыйгaрылып, aл жетектеген Кыргыз-Түрк “Мaнaс” университетине “Европa Сaпaты” сыйлыгы берилген, өзү болсо, Эвропa Ректорлор Клубунун мүчөлүгүнө кaбыл aлынгaн.
С. Т. Кaйыпов 2007-жылдын 1-февралынaн 2011-жылдын 7-сентябрынa чейин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, 2011-жылдын 7-сентябрынaн 2014-жылдын 19-aвгустунa ‒ эмгек өргүүсүнө чыккaнгa чейин Чүй университетинин ректору болуп эмгектенди.
2015-жылдын 1-янвaрынaн бaштaп, Түркиядaгы Aрдaxaн университетинин профессору болуп, oшол эле жылдын 1-сентябрынaн бaштaп, Шинжaң Педaгогикaлык Университетинин "Мaнaс" изилдөө борборундa профессор кызмaтын өтөп келе жaтaт.
С. Т. Кaйыпов ‒ эки жүздөн aшуун кыргыз, орус, түрк, aнглис, казак ж. б. тилдерде жaрыялaнгaн илимий изилдөөлөрдүн, илимий жaнa көркөм публицистикалык чыгaрмaлaрдын aвтору.
Тазагүл Закирова
Акын, драматург. Ал 1949-жылы Сузак районунун Качкынчы айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Тазагүл Закирова тарыхый, маданий мурастарды жайылтуучу “Насыят” ишканасында иштеген, 1991-жылдан облустук мусулман аялдар коомунун төрайымы, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун төрагасынын орун басары сыяктуу коомдук иштерде иштеген.
Акындын ырлары 1967-жылдан бери алтай, түркмөн, казак, грузин, орус, өзбек ж.б. тилдерге которулуп 17ден ашуун коллективдүү жыйнактарда жарык көргөн.
Кочкор Борбугулов
Жазуучу, профессионал журналист, анын ысмы баарыбызга белгилүү. КМУнун журналистика бөлүмүн бүтүргөн. 1970-75-жылдары Ош областтык газетада иштей баштады. 1976-жылдан Республикалык радиотелеге кабарчы болуп өтүп, анан борборубуздагы “мугалимдер газетасында” иштеп, көп жылдар бою балдар газетасында адабият жана искусство бөлүмүн башкарып, кыргыздын көрүнүктүү чыгармачыл адамдары менен иш алып барган.
Жалал-Абад областтык газетасынын редакторунун орун басары, “Арсланбап Ааламы” газетасынын башкы редактору болгон. 1980-жылы өзүнүн очерктер жыйнагын китеп кылып чыгарган. Анын чыгармалары, чындыктан алынып жазгандары окурмандарды кызыктырбай койбойт. Автордун “Кыз ала качуу” деген поэмасы, “Кадыралынын тамашалары” китеби жарык көргөн.
Аким Акжолов
Жазуучу, жуналист, Кыргызстан жазуучулар жана СССР журналисттер союзунун (1973) мүчөсү А. Акжолов 1947-жылы Төш-Кутчу айылында туулган. Аким Акжоловдун биринчи ыры 1972-жылы “Ала-Тоо” журналына жарыяланган. Кийин бул ыр өзбек тилине которулган. 1974-жылы Жунай Мавляновдун сунушу менен “Прометей” деген аӊгемеси жарык көргөн. Кийин ал “Ак куулар түгөйсүз жашабайт”, “Полковниктин айымы”, “Түшкө кирген карышкыр”, “Аристотелдин махабаты” деген аӊгемелерди жараткан. “Көк-Арт”, “Ырдын бейити болбойт”, “Спорттун формуласы кокустан жаралбайт”, “Кочкор палван”, “Калымбет комузчу” деген повесттери пайда болду. Анын орус тилинде “Кукушки прилетают весной” деген китеби да жарык көргөн. Бир нече аңгемелери өзбек тилине которулган.
Аким Акжолов Базар-Коргон райондук газетага башкы редактор болуп иштеген. Кыргызстан жазуучулар союзунда консультант, Жалал-Абад облустук газетада башкы редактор болгон. Ошондой эле “Кыргыз кабар” (кыргыз ТАГ) агенствосунда, республикалык “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо” газеталарында да үзүрлүү иштеди. “Манас - 1000” медалынын, Кыргызстан журналисттер союзунун Ардак грамотасынын ээси. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасынын доценти. 7 китептин автору.
Ажымаматова Бактыкан
Ажымаматова Бактыкан Сузак районунун Калмак-Кырчын айылында карапайым үй-бүлөдө туулган. Айылдагы Тоголок-Молдо атындагы (азыркы Орозалы Тажибаев) мектебин аяктап, Фрунзедеги (азыркы Бишкек) СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик (азыркы Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук) университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолун Манас райондук “Эмгекке даңк” газетасынан баштаган. Андан кийин Сузак райондук “Пахтачы ” газетасында бөлүм башчылыктан, редактордун орун басарлыгына чейин иштеген. Областтык “Акыйкат жарчысы” газетасын уюштурууга салымын кошуп,ушул газетада бөлүм башчы, жооптуу катчы болуп иштеген. Жалал-Абад областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясында кабарчылыктан жетекчилик кызматка чейинки тепкичтерди баскан. Кыргызстанда биринчи жолу Жалал-Абад областтык мамлекеттик телеканалды (ЖТР)өз алдынча жыштыкка чыгарган. Ошону менен бирге телеканалдын имаратын курган. КТРдин “Ала-Тоо” программасынын өз кабарчысы болуп иштеген. Ал эмгек жолун жалаң гана журналистика тармагына арнап келе жатат. “КТРдин отличиниги”, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгилеринин ээси. Журналистиканын жанры, журналисттик иликтөө, тематикалык макалаларды жазуу багытындагы республикалык, эл аралык сынактын бир нече жолку жеңүүчүсү.
Ал журналистика менен бирге чыгармачылыкта да изденип келет. Студенттик куракта кыска аңгемелерди жазып, окуу жайдын дубал газетасына жана республикалык газета-журналдарга жарыялап турган. Анын “Белек” деген аңгемеси окуу жайда чоң резонанс жараткан. Жан дүйнөсүнөн оргуп чыккан сезимдер, жөнөкөй жана кыйчалыш тагдырлар, турмуш көйгөйлөрү, замандаштардын бейнеси анын чыгармаларынын өзөгүн түзөт. Анын биринчи китеби 2006-жылы “Асмашам” аталышында жарык көргөн. Андан кийинки китеби 2008-жылы “Экөө” деген аталыш менен Бишкектеги “Бийиктик” басмасынан жарык көргөн. Анда бир повесть жана сегиз аңгеме, төрт новелла камтылган. Андан кийин 2011-жылы “Санпа трагедиясы” (“Бийиктик” басмасы), 2013-жылы “Кайып кыз” (“Жалал-Абад”), 2014-жылы “Өмүр белестери”(“Жалал-Абад”), 2017-жылы “Бүлкүлдөк кыз” (“Тумар”), 2018-жылы “Сырдуу дептер” жана “Ак келин” (“Гүлчынар”)аттуу китептери жарык көрдү. Азыркы кезде “Каргы” китеби басылып чыгуу алдында турат. Ошондой эле “Эч ким” деген романы басмага даярдалууда.
Жолдошов Сабыржан Нурмаматович
Ал 1952-жылы Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу, Багыш айылында туулган. Ушул эле айылдагы У.Абдукаимов атындагы орто мектепти аяктап, Бишкек шаарындагы СССР дин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика адистигин буткон. Эмгек жолун 1978-жылы Октябрь айылынан баштап, ар кандай ондуруштордо жана айыл- чарбасында бухгалтер- экономист болуп эмгектенип келген. Азыркы учурда ардактуу эс алууда. Жолдошов Сабыржан чыгармачылыка кечирээк аралашканына карабастан 30 дан ашуун созуно ыр жазылган жана озу да обон чыгарган. Ырларын кыргыз эл артисти Шахра Талипова кызы Дилкумар Жолдошова жана Т.Тыныбеков атындагы филармониянын ырчылары ырдап келуудо. Санжырачы, жазма акын обончу коп кырдуу талант Сабыржан Жолдошовдун “Тейитхандын урпактары”, “Тагаларга таазим”, “Сагындым тоонун гулдорун”, "Багыш уруусунун санжырасы" аттуу китептери басылып чыгарылган. “Селсаяк баланын арманы”, “Карылар уйундогу эненин арманы”, “ Өмүрлөш өрүк комузум”, “Рыспай залкар баяны” сыяктуу бир канча дастандары областтык республикалык кароо сынактарда айтылып, байгелуу орундарга ээ болуп келет. Маданияттын мыкты кызматкери тош белгисинин ээси, Сузак районунун Ардактуу атуулу.
Орозалиев Самаган - 1968-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган. 1985-жылы А.С.Макаренко атындагы орто мектебин, 1987-жылы Нарын шаарындагы Айыл чарба техникумун кызыл диплом менен бүтүргөн. Аскердик кызматын Советтик Армиянын Чалгын Десанттар бөлүгүндө өтөп “Биринчи даражадагы чалгынчы”, “Отличник парашютист” медальдары менен сыйланган. Кыргыз Мамлекеттик Улуттук «Баласагын» атындагы университетинин «журналистика» факультетин, Казак Мамлекеттик Улуттук «Аль Фараби» атындагы университетинин «юридикалык» факультетин артыкчылык дипломдору менен бүтүргөн. 1994-1996-жылдары Айыл-чарба министиринин пресс борборунун жетекчиси, 1996-2001ж. КТРКнын «Замана» студиясынын диктору, КРнын ЖКнин парламенттик кабарчысы. «Аалам», «Акыйкат», «Бешене», «Биримдик» гезиттеринде башкы редактор болуп журналистика тармагында эмгектенип келе жатат. “Жетим карышкыр”,
“Журналист”, “Бөрү заман” “Эсендин өчү”, “Авторитеттин акыркы сапары” аттуу детективтүү романдардын, “Мезгилдин эскирген барактары”, “Умай Эне” “Мен сени кечире албайм” “Сапарлаштар”, “Дарыгер” аттуу повест, аңгемелердин автору. Ошондой эле “Желе”, “Кыргыз үчүн жаздым ушул ырымды” “Жан-Дүйнөм” ырлар жыйнактарынын ээси.
Мамадалиев Акылбек
Акын, журналист Мамадалиев Акылбек Сузак районунун Кара-Дарыя айылында 1980-жылы туулган. Бишкектеги №5-гимназияны аяктап, 2001=2-жылы Ж. Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик универститетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1996-жылы “Жеткинчек” гезитинде кабарчы, 2001-2004-жылдары “Аалам”, “Будь здоров”, “Азия нуру гезиттеринде кабарчы жана “Адеми” гезитинин редактору болуп иштеген. 2005-жылы КРнын Акыйкатчысынын пресс катчысы, кийин КРнын Россиядагы элчилигинин ”Мост дружбы” гезитинин редактору болуп эмгектенген. Анын алгачкы “Ит турмуш”аңгемеси “Кыргызстан Маданияты” гезитине жарыяланган. “Кусалык” ыр жыйнагы үчүн Тургунбай Эргешов адабий сыйлыктын лаураты болуп, 2009-жылы жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
ЖАЗУУЧУ, АКЫНДАР
Гүлжан Асанова - 1973-жылы Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында төрөлгөн. Жалал-Абад мамлекеттик университетин жана КР Президенттигине караштуу башкаруу академиясын аяктаган. Жалал-Абад областтык “Акыйкат” гезитинде журналист катары эмгек жолун баштап кийин Областтык мамлекеттик администрациянын басма сөз катчысы, Сузак райондук Мамлекеттик администрациясынын башкы акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары, Ала-Бука райондук Мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси сыяктуу кызматтарда иштеген. Жашынан ыр жазууга кызыгып, бир катар конкурстардын жеңүүчүсү болгон, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун атайын диплому менен сыйланган. “Ала-Бука районунун ардактуу атуулу” наамынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын “Карегимде мекен чеги” медалынын, бир катар Ардак грамоталардын ээси, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан уюштурулган журналисттер конкурсунун жеңүүчүсү. “Эргүү” чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү.
Ниймат Маматов - 1936-жылы 1-январда Сузак районуна караштуу Көк-Арттын Жалгыз-Жаңгак айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1946-жылы Көк-Арт орто мектебине кирип, аны 1956-жылы аяктаган. Атасы Акжолов Мамат иниси Эргеш экөө Улуу Ата Мекендик согушта 1942-1943-жылдары каза болушкан. Эжеси Эркинбү, иниси Аскарали үчөөнү апасы жалгыз тарбиялап өстүргөн. Согуштан кийинки катаал турмушка байланыштуу жогорку окуу жайына тапшыра алган эмес. Ошондуктан, 1957-жылы Жалал-Абад шаарындагы №1 кесипчилик техникалык окуу жайдын 6 айлык комбайнчылык курсун окуп бүтүрүп, 1958-жылы Көк-Арт айылында комбайнчы болуп иштеген. 1959-жылы Советтик армиянын катарына чакырылып, Ленинград облусунун Лодейное поле деген жеринде авиацияда кызмат өтөп, 1963-жылы атуулдук милдетин өтөп келген. 1963-1977-жылдар ичинде Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө ар түрдүү кызматтарда иштеген. 1977-1994-жылдарда Көк-Арт керек-жарак коомунда дүкөн башчысы болуп иштеп, “Эмгек ардагери” медалы менен сыйланган. 2001-2008-жылдарда Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун төрагасы болгон. Маматов Ниймат көптөгөн Ардак грамота, медаль, сыйлыктардын ээси. Алардын катарында Көк-Арт айыл өкмөтүнүн, Сузак райондук кеңешинин жана мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары, Советтик милициянын 50 жылдыгына карата юбилейлик медалы “Милицияда көп жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн”, “Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 55 жылдыгы” сыяктуу төш белгилери бар. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын өз алдынчалыгынын 10 жылдык юбилейине делегат болгон. 2005-жылы Кыргызстандын 15 жылдык курултайына делегат болуп ошол кездеги Президент Аскар Акаевдин колунан Ардак грамота алган. 2010-жылы “Бүтпөсө экен ырларым” деген ыр жыйнагын чыгарган.
Гүлжан Жантөрөева - 1979-жылы 28-мартта Сузак районуна караштуу Саты айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ошол эле айылдагы Саты орто мектебин аяктаган. Турмуш жолуна эрте аттанганына байланыштуу жогорку окуу жайын окуй албай калган. Жаштайынан эле жараткан тартуу кылган таланты менен эл алдына чыгып, той-тамашаларды алып барып, андан сырткары чыгармачылыкка киришип, өз калеминен жаралган ырларын гезит-журналдарга берип, акын кыз-келиндер жыйнагы “Кыздар ай” деген китепте ырлары жарык көргөн. Элге коңгуроо үнү, той-тамашаны кызыктуу, шаңдуу алып барган тамадалык кызматы менен таанылган. Учурда өз элинен бөтөн жерде жүрсө да чыгармачылыгын өнүктүрүп, Москва шаарындагы “Москва кайрыктары” ийриминин алып баруучусу жана мүчөсү. Көптөгөн кароо-сынактардын жеңүүчүсү, Ардак грамоталардын, өзгөчө сыйлыктардын, “Мыкты үн” дипломунун ээси. Жалал-Абад облустук чыгармачыл инсандарынын “Эргүү” коомдук бирикмесинин мүчөсү. Үй бүлөлүү.
Жумакан Атакулова - Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында карапайым үй-бүлөдө 1958-жылы 10-январда жарык дүйнөгө келген. 1965-1975-жылдары Көк-Арт орто мектебин ийгиликтүү аяктап, 1975-жылы Самарканд шаарындагы Центросоюзга караштуу В.В. Куйбышев атындагы Соода институтунун товароведение факультетине тапшырып, бул окуу жайын 1980-жылы ийгиликтүү аяктап “Өнөр жай товарлары боюнча товаровед” деген адистикке ээ болгон. Эмгек жолун Ош шаардык Өнөр жай соода ишканасында товаровед болуп иштеп баштаган. 1981-жылы ЦИНИЛИСто кенже илимий кызматкер болуп иштеп жатканында турмуш жолун баштап, турмушка чыккандыгына байланыштуу Өзгөн районунун Ильичевка керек-жарак коомунда товаровед болуп иштеп, андан кийин “Дружба” керек-жарак коомунда 1986-жылдан 1994-жылга чейин товаровед, баа боюнча экономист болуп иштеген. 1994-жылы соода системасы жоюлуп кеткендигине байланыштуу 1995-жылдан 2009-жылга чейин Россия Федерациясынын Челябинск шаарында челноктук бизнес менен алектенген. 3 баланын, 6 неберенин энеси, көп жылдардан бери чыгармачылык менен алектенет, алгачкы ырлары “Кыздар ай” жыйнагына басылып чыккан. Азыркы убакта өзүнүн автордук жыйнагын чыгаруунун үстүндө эмгектенип жатат. Чыгармачыл инсандардын Жалал-Абад облустук “Эргүү” коомдук бирикмесинин активдүү мүчөсү.
Жамийла Темирова - 1980-жылы Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын Комсомол айылында туулган. 1987-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филлология факультетине тапшырган. Алгачкы эмгек жолун айылдагы мектепте мугалим болуп баштаган. Андан кийин Жалал-Абад шаарындагы көз карандысыз “Дастан” телестудиясында редактор жана башкы редактор кызматтарында эмгектенген. 2009-жылдан бери Жалал-Абад областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясында журналист. Мектепте окуп жүргөн жылдары 7-классында ыр жазууга шыктанып, “Кыргыз тили” деген алгачкы ыры мектептин дубал гезитине илинген. Ырлары студенттик мезгилде шаардык жана областтык гезит беттеринен орун алып турган. Азыркы жылдары коомчулукка алып баруучу, акын жана журналист катары тааныла баштап, калеминен жаралган ырлары жергиликтүү телеканалдар аркылуу поэзия сүйүүчүлөрүнө чагылдырылып келет. Белгилүү киноактёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун 90 жылдык мааракесинде поэзиялык чыгармалары үчүн атайын сыйлык менен сыйланган. Азыркы учурда чыгармачыл инсандардын Жалал-Абад областтык “Эргүү” коомдук бирикмесинин мүчөсү жана анын уюштуруу иштерин алып баруучусу. Үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.
Жеңиш Тагаев - 1947-жылы 17-августта Сузак районунун Ачы өрөөнүндөгү Кызыл-туу айыл өкмөтүнө караштуу Чыны-Булак айылында туулган. 1967-жылы Орто Азия орто мектебин, 1973-жылы Ош педагогикалык институтун аяктаган. “Бир жылда эки жаз келбейт”, “Жаз коштогон ырлар”, “Терезеден күлгөн ай”, “Келечекти жүрөгүнө түнөткөн айылдаштарым”, “Нази”, “Айылдаштар” аттуу китептердин автору. Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. 3 уул, 2 кыздын атасы, неберелеринин чоң атасы, таятасы. Учурда чыгармачыл инсандардын Жалал-Абад областынын “Эргүү” коомдук бирикмесинин мүчөсү.
Касым Сулайманов - 1939-жылы Сузак районуна караштуу Кара-Март айылында туулган. 1958-жылы “Кызыл-Көл” (азыркы Ж.Абдраманов атындагы) орто мектебин бүтүргөн. 1960-жылы Токмок шаарындагы маданий агартуу окуу жайын бүтүрүп, 1960-1963-жылдарда “Кыз-Көл” орто мектебинде музыка мугалими болуп иштеген. 1963-1966-жылдарда Советтик армиянын катарында кызмат өтөп келген. 1967-974-жылдарда Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филлология факультетин сырттан окуп бүтүргөн. 1974-1990-жылдар ичинде Жалал-Абаддагы А.С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайында иштеген. Ошол мезгилде Ош областынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 1990-жылы ардактуу пенсияга чыккан. “Жырткычтар алсызды аңдыйт”, “Орундуу ойлор” деген китептердин автору, кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, чыгармачыл инсандардын Жалал-Абад областтык “Эргүү” коомдук бирикмесинин мүчөсү.
Улукбек Абжапаров - 1991-жылы 12-октябрда Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун Жаңы-Ачы айылында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө эле адабий чыгармаларга кызыгып, кароо сынактарга катышып жүргөн. 2008-2010-жылдары шаардагы №75 кесиптик лицейинде билим алган. Азыркы учурда Москва шаарында ашпозчу болуп эмгектенет. Ички жан дүйнөсүнүн сырларын кагаз бетине түшүрүп, поэзия жана проза жазат. Тагдырдын татаал соккуларына чыдап, эжеси экөөнө татыктуу тарбия берип, бой жеткирген алтындай апакесине өмүр тилеп анын ак сүтүн актоонун үстүндө эмгектенип келет.
Өмүрбек Кочкоров - 1999-жылы Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл аймагындагы Дөш айыл аймагында туулган. Бир нече жылдардан бери ыр жазып “Балалыктын ырлары” аттуу ырлар жыйнагын чыгарган. Учурда Жалал-Абад экономика жана ишкердик институтунун студенти. Келечекте адабият майданынын активдүү чыгармачыл инсандарынан болууну максат кылат.
Салия Курманбекова - 1998-жылы Сузак районуна караштуу Саты айылында жарык дүйнөгө келген. 2016-жылы мектепти аяктаган. Учурда ЖАМУда билим алып жатат. Алгачкы ырлары жарык көрүүдө.
Кыялбек Осмонов - 1995-жылы 22-апрелде Сузак районуна караштуу Саты айылында төрөлүп, ошол жерден орто мектепти бүтүргөн. Атасынан эрте айрылганына байланыштуу бала чагынан турмуштун оор түйшүгү менен алышып, апасынын таянычы катары үй тиричилиги менен алек болуп, жогорку окуу жайына тапшыра алган эмес. Мектепте окуп жүргөнүндө эле ыр-бийге шыктуу болуп, өз калеминен жаралган ырларын досторуна окуп берип, элдик обондорго салып ырдап келген. Учурда өзү сүйгөн кесиптин ээси болууга аркеттенип жогорку окуу жайына тапшырууга аракеттенүүдө. Эжеси жана иниси болуп үй-бүлөдө үч бир тууган.
Гүлжамал Шакирова - 1998-жылы 29-ноябрда Сузак районуна караштуу Саты айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Мектепте жакшы окуп, 7-классынан ыр жаза баштаган. Ырлары “Классташ” гезитине чыгып жакшы пикирлер айтылган. Мектепте уюштурулган ар кандай оюн-зоок кечелерге алып баруучулук кылып, коомдук иш чараларга активдүү катышкан. Спортко да кызыгып волейбол, шахмат, теннис оюндарына катышып областтык жана райондук мелдештерде байгелүү орундарды алып жүргөн. Учурда ЖАМУнун педагогика бөлүмүндө графикалык дизайн адистиги боюнча окуп студенттер арасында кечелерди алып барып турат.