Айылдык аймактар

Сузак таланттары


Анарбай Раимканов 

Обончу А. Райимканов 1957-жылы Сузак районуна караштуу Жаңы-Дыйкан айылында туулган. 1979-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктап, эмгек жолун Ноокен райондук маданият үйүнөн баштаган. Кийин Жалал-Абаддагы Б. Алыкулов атындагы маданият техникумунда мугалим болуп көп жыл эмгектенет. Анын акын А. Маатовдун сөзүнө жазылган “Кылымдын өчпөс жылдызы”, “Коштошуу аземи”, “Сезим элеси”, “Ырга айланттым ыйык жерди мен” обондору жана “Курманбек элдин баатыры”, “Жалал-Абад”, “Азада”, “Ыр майрам” деген хордук чыгармалары элге белгилүү.  Ошондой эле автордук сөзгө жазылган “Апа”, “Ашыгың болуп алайын”, “Жаңы дыйкан”, “Ким сонун?”, М. Каримовдун сөзүнө жазылган “Алас, алас”, А. Жусупбековдун сөзүнө жазылган “Туулган жерге кайрылуу”, А. Токтосуновдун сөзүнө жазылган “Жаштыгымды сагынам”, “Чүрөк кыз”, “Врачтын ыры” сыяктуу обондору  анын профессионал обончу экенин тастыктап турат. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин "Маданият кызматынын отличниги" наамына татыган А. Райымканов учурда Т. Тыныбеков атындагы облусттук филармониясынын көркөм жетекчиси болуп эмгектенүүдө. 


Кочкорбаев Чырмаш 

Дастанчы Ч. Кочкорбаев 1952-жылы Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Ачы айылында туулган. Чырмаш агай башка чыгармачыл инсандардан айырмаланып – дастан айтат. Ал айрыкча Барпы акындын чыгармаларын анын өз тилинде аткарып, элге жеткирүүдө көп эмгек сиңирген. Өзүнүн айтуусу боюнча Барпынын 50дөн ашуун чыгармаларын жатка айтат. Ал эми Барпынын эл ичинде айтылып жүргөн “Барнайым”, “Кара көз”, “Ак жубан”, “Гүлайым”, “Сулууга” деген ырларын айтуу менен көптөгөн мелдештерге, кароо-сынактарга катышкан. Эң башкысы ал дастан айтууда түштүк менталитеттин касиеттерин жакшы сактагандыгы менен айырмаланат. 2008-жылы Кочкорбаев Чырмашка КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин "маданиятын мыкты кызматкери” деген төш белгиси берилген. 


Матов Алимбай Боронбаевич


А. Матов 1958-жылы Сузак районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында туулган. 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик Искуство институтуна кирип, аны аяктагандан соң эмгек жолун 1979-жылы А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында артист болуп иштеп баштаган. 1982-87-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы искуство институтунда, ал эми 1987-1990-жылдары Б.Алыкулов атындагы Жалал-абад маданият техникумунда мугалим болуп иштеген. 1990-жылдан баштап, алгач Жашасын айылынын Маданият үйүнүн, андан кийин Сузак райондук Маданият үйүнүн директору, Жалал-Абад облусттук эл чыгармачылыгы борборунун директору кызматтарын аркалап келген.   Алимбай Матов кыргыз маданият чөйрөсүндө белгилүү манасчы катары таанымал. Ал учурда облусттагы жападан жалгыз манас айтуучу десек жанылышпайбыз. Атасы Боронбай Сузак өрөөнүндөгү белгилүү Семетейчи болгон. Андыктан манасчылык өнөрү Алимбайга атасынан калган десек да болот. А. Матовдун айтуусунда “Көкөтайдын ашы”, “Манастын хан көтөрүлүшү” сыяктуу улуу баяндары оригиналдуу айтылып келүүдө. 

Ал КРнын президентинин Ардак граммотасынын, “Манас-1000” медалынын, Мамлекеттик тил коммисиясынын төш белгисинин, КРнын Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын жана көптөгөн облусттук, райондук ардак грамота, дипломдордун ээси. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин "Маданиятын мыкты кызматкери” деген төш белгиси “маданиятын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси жана “Улуу Баян” коомдук фонду тарабынан мыкты манасчы катары жеңил унаа менен сыйланган. Учурда Т. Тыныбеков атындагы облусттук филармонияда эмгектенүү менен манас айтуу өнөрүн жаштарга үйрөтүп, акын катары ыр жазып келүүдө. 

А. Матовдун ырларына белгилуу обончулар Ш. Дүйшөналиев, А. Райымканов, Ж. Масаитовдор обон жазышкан.


Курманбеков Конокбек

Курманбеков Конокбек Айдарбекович  1959-жылы 26-январда Сузак районуна караштуу Михайловка,  азыркы Жерге-Тал айылында  туулган. Билими жогорку. Эмгек жолун 1978-жылы Көк-Арт совхозундагы айылдык маданият үйүнүн көркөм жетекчиси, ошол эле жылы маданият үйүнүн директору, 1981-жылы        Көк-Арт өрөөнү боюнча “Көк-Арт” социялдык-маданий комплексинин директору болуп иштеген. Ошол жылдары кыргыз драматургдары М.Тойбаевдин “Койчумандын сүйүүсү”  Адылбек Дыйканбаевдин    “Аталар таарынбасын” М.Бажиевдин “Адашкан адам” драмаларын койуп Ош облусуна баш ийген   район-шаарлардын  калкын маданий жактан тейлеп келген. 1985-жылы Бүткүл Союздук өздүк көркөм чыгармачылыгы боюнча конкурстун лауреаты, медаль, диплом менен сыйланган.  Манас-1000 жылдыгы боюнча  “Манастын эли - жери”  аттуу Республикалык теле-фестивалдын Сузак району боюнча  сценарийлерин жазып, режиссерлук кылып  Сузак району Республикада баш байге, Гран-Прини жеңип алган жана “Манас-1000” медалы,  баалуу белектер менен сыйланган. “Айыл кечи” “Таазим сага - талант”  кароо сынактардын автору  жана жайылтуучусу. Райондор арасында  алгачкылардан болуп түзүлгөн  ”Жаңырык”  жигиттер тобунда, “Сузак гүлдөрү” кыздар тобунда жана башка үн аспаптык   эстрадалык ансамблдеринде эмгектенген.    Айыл маданияттын жогорку деңгээлге көтөрүүгө кошкон салымы үчүн, 1985-жылы  райондук маданият  бөлүмүндө, Ош областтык маданият башкармасынын жана маданият минстринин ардак тактасында алдыңкы маданият кызматкери катаары сүрөттөрү илинип турган. Ошол эле жылдарда Сузак райондук маданият үйүнүн алда уюшулган  “Көк-Арт кайрыктары” ыр-бий ансамбль  менен Фрунзе шаарында ВДНХада Өкмөттүк концертке катышат.   1988-жылы Бүткүл Союздук Өздүк көркөм чыгармачылыгында жетишкендиги үчүн  медаль, диплом  менен сыйланат. 1996-жылдан Сузак райондук маданият үйүнүн директору болуп иштеген мезгилдерде “Ак-Каралардын таймашы” кароо-сынагын, “Менин Айылым” кароо-сынактарды район аймагындагы айылдар арасында уюштуруп, кадыр-барк тапкан. 1997-2005-жылдары Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын башкы режиссеру болуп “Тамаша” “Зор” куудулдар театрын ачып, жетектеп КТРК тарабынан уюштурулуп турган  “Мыскыл жана тамаша” кечесине такай чакыртылып, кошуна мамилекеттердин калкын да  маданий жактан тейлеп турушкан. 2014-жылдан Барпы атындагы кыргыз драма театрында директордун орун басары жана “Тамаша” куудулдар тобунун жетекчиси болуп бир канча   мамилекеттик иш чараларга коюлуучу концерттик программалардын сценарийлерин жазып, режиссеру болуп келет. Ошондой эле (2016-2018-ж.ж.) Кырчын жайлоосунда өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында облустун атынан этно-конерттин сценарийин жазып даярдап 3-орунду жеңип, баалуу сыйлыктарды, дипломдорду алып кайткан. Областтагы таланттуу инсандар Рахматтулла Козукеев, Нуркан Койчуманова, Индира Эшбаева, Дилкумар Жолдошева, Кыял Токтонбаев, Чынара Дооронова, Динара Тилекеева, Базарбай Мадумаров жана башка өнөр адамдарынын чыгармачылык кечелерине сценарийлерди жазып, режиссердук милдетти аркалап келет. Сузак райондук, Жалал-Абад шаардык, областтык мамилекеттик администрация жана Маданият министрлиги тарабынан бир нече жолу “Ардак грамота” , дипломдор менен сыйланган. КРнын Маданият маалымат жана туризм министрлигинин ”Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алган.

Кырбашев Муктарбек Сатарович

Районубузга аттын кашкасындай таанылган, көптөгөн ырчылардын устаты М. Кырбашев 1963-жылы 30-ноябрда Октябрь айылында туулган. Атасы Кырбашев Сатар Октябрь айылында сельсоветтин секретары болуп дайындалганына байланыштуу үй-бүлөсү менен Кашка-Терек айылынан Октябрь айылына көчүп келген. 1971-81-жылдары Октябрь айылындагы Макаренко (азыркы Р.Исманалиев) атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Жалал-Абад Маданият техникумуна кирип, 1986-жылы аталган окуу жайды бүтүп “Эл аспаптар оркестиринин жетекчиси” адистегине ээ болот.

1982-1984-жылдары Советтик Армиянын катарында Монголия жергесинде кызмат өтөгөн. 1991-жылы Бишкек шаарындагы Б .Бейшеналиева атындагы искусство институтуна кирип, 1996-жылы ийгиликтүү аяктаган “Маданий дем алууну уюштуруучу” адистигине ээ болгон.

1986-жылы Октябрь айылдык маданият үйүнө директор болуп ишке кабыл алынып, 2010-жылга чейин иштейт. Ушул эле жылдары Исманалиев орто мектебинде сүрөтчү, музыка мугалими жана көркөм жетекчи болуп да иштеген. 1986-жылдан баштап  Ош областындагы эң биринчи 1974-жылы уюшулган “Алтын-Дан” эстрадалык топту жетектеген. 1989-жылы “Алтын-Дан” эстрадалык топтун атын өзгөртүп, “Достук” деп атаган. Ушул эле топтон 2010-жылга чейин көптөгөн 50-60 га чейин ырчы, аткаруучу улан-кыздарды тарбиялап, областтык, республикалык деңгээлге алып чыккан. Айылдык маданият үйүндө эмгектенген жылдары жылына ар түрдүү кароо-сынактарды ойлоп таап, элдин табитине, суроо-талабына ылайык уюштуруп турган. Жылына бирден супер сатира-күлкү темасында конкурс өткөрүп турган. Мисал: “Каралар менен Сарылар”, “Узундар менен Кыскалар”, “Семиздер менен Арыктар”. Ал эми кыздар үчүн “Кичинекей ханыша”, “Сулуулар конкурсу”, “Зоналык Көк-Арт чүрөгү”, “Май айынын кызгалдактары”, “Ай, кыздар ай- кыздар ай”. Жуптардын конкурсу , Кыз-жигиттердин конкурсу “Ардактап турса кең, Мекен Айчүрөк болуш эмне экен”, “Кадырлуу байбичелер”. “Мырза-Жигит” конкурстарын өткөрүп турган. 1991-жылы Союз таркап, Эгемендүү мамлекет болгондон баштап Республиканын аймагында базар экономикасына өткөн мезгилде республика боюнча маданияь үйлөрү иштебей калган. Мына ушул мезгилдерде райондо, областта жападан жалгыз Октябрь маданият үйү дүркүрөп, заманга туруштук берип иштеп турган. 1999-жылы областтык сынакта Октябрь маданият үйү 2-орундук жеңип алган. Ушул эле жылы маданият кызматкерлеринин сынагында Кырбашев Муктарбек “Мыкты маданият кызматкери- 1999” сынагында жеңүүчү болгон. Ошондой эле 2009-жылы “Аялзат” этно-фольклордук аялдар тобун түзгөн. Тез арада “Аялзат” тобун областтык, республикалык деңгээлге алып чыгып, даңазалады. 

2010-жылы Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы- аким Т. Шаболотовдун сунушу менен Сузак райондук Маданият бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Райондук маданият үйүнүн имараты талапка жооп бербей эски болгондуктан райондук маданият үйүн жана китепкананы областтык, райондук администрация башчылары менен тыгыз сүйлөшү жолу менен 2011-жылы эски райком партиянын имаратына көчүргөн. 2015-2016-жылдары Сузак райондук маданият бөлүмү республика боюнча шарты жана сапаты боюнча эң алдынкы сапка чыкты. Ошондой эле тарыхта республикада биринчи жолу мамлекеттик имарат маданият тармагына берилген.

 Сыйлыктары:

  • 2009-жылы “Мыкты маданият кызматкери” төш белгиси;
  • 2012-жылы “Сузак районунун ардактуу атуулу”;
  • 2012-2014-жылдары “Маданият министринин ардак граммотасы”;
  • 2012-жылы ЖМТРК өткөргөн сынакта “Мыкты маданият бөлүмүнүн башчысы”;

12 обондуу ырлардын автору. Ойногон аспаптары: аккордеон, баян, комуз, гитара, домбра жана башкалар. 

Үй-бүлөлүү, жубайы Кырбашева Бегайым Курбанкуловна, кесиби башталгыч классынын мугалими- педогог, 2 уул, 1 кыздын атасы.


Мадомаров Базарбай

1964-жылы Кызыл-Сеңир айылында туулган. 1882-жылы орто мектепти аяктагандан кийин, Маданият техникумунда окуган. 1986-жылдан баштап  белгилүү “Достук” эстрадалык тобун жетектеген. Андан соң “Жаңырык”, “Гүлгүн жаш” топторунда эмгектенген. 1995-жылдан баштап облусттук Т. Тыныбеков атындагы филармонияда иштеп, катардагы артисттиктен баштап, директордун орун басары кызматына чейин басып өткөн. Учурда Сузак райондук Маданият үйүндө автоклуб жетекчиси кызматында иштейт. Кызыл-Туу айыл аймагынын, Сузак районунун “Ардактуу атуулу”, “Ош-3000” медалынын жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм  Министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси. Үй бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.


Султанова Айчүрөк

  КРнын Президентинин Ардак грамотасынын ээси, Кыргызстан аялдар конгрессинин лауреаты, айтылуу “Достор” тобунун 20 жылдан берки солисткасы А. Султанова 1967-жылы Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктап, 1995-жылдан бери КРнын Жогорку Кеңешинин апаратынын Котормо жана редакциялоо бөлүмүндө адис болуп эмгектенүүдө. Ал иши менен кошо чыгармачылыгын кошо таштабай жасаган эмгегинин үзүрүн көрүп, 2009-жылы Жогорку Кенештин Ардак грамотасы жана медалы менен сыйланган.  Ал эми, 2007-жылы Маданият министрлигинин 'Маданияттын мыкты кызматкери " деген төш белгисинине ээ болуп, 2017-жылы Курманбек айыл аймагынын жана 2019-жылы Сузак районунун “Ардактуу атуулу” наамын татыган.  Бүлөлүү, 2 уулдун энеси. 

Калимбетов Алмазбек

 1967-жылы 6-июлда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган. 1984-жылы №33 Макаренко атындагы орто мектебин, 1989-жылы Жалал-Абад маданият техникумунун “Клубдук кызматкер” факультетин артыкчылык диплом менен, 1993-жылы Москва шаарындагы М.С. Їепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайынын “Театр жана кино актеру” кесибин артыкчылык диплом менен, 2006-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиянын экономика факультетин аяктаган. Эмгек жолун Гүлчө айылындагы Алай райондук маданият үйүндө методист-уюштуруучу болуп иштеп баштаган.1993-1996-жылдары Каракол шаарындагы К.Жантөшөв атындагы Ысык-Көл Областтык драм театрында, Бишкек шаарындагы Т.Абдумомунов атындагы Улуттук драм театрында актер, 1996-1998-жылдары Бишкек шаарынадагы Айыл жана суу чарба Министирлигинин Пресс- борборунда референт, Агрардык жер реформасы Борборунда жетектөөчү адис,1998-2003-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу палатасында уюштуруу жана мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн атайын жана кадр тармагынын башкы адиси, 2004-2005-жылдары КРнын ЖКде кадр жана атайын иштери бөлүмүнүн консультанты, 2005-2007-жылдары КР ЖК депутатынын жардамчысы. 2011-жылдан бери ОсОО “Тазар” кинокомпаниясынын директору болуп эмгектенет. Кино тармагында тартылган кинолору; “В начале было слова”, “Черный квадрат” “Белгисиз маршурут”, “Баарын башынан баштайлы”. Театрда Шекспирдин Оттелосун, Король Лирдеги граф Глостердин, Курманжан Даткадагы Эмир Музафар шаанын ролун жана башка көптөгөн ролдорду ойногон. Мамлекеттик кызматынын III-даражадагы класстык чиндин ээси.


Өмүрзакова Фарида 


   Белгилүү ырчы, республикага аты чыккан комузчу жана кыякчы Ф. Өмүрзакова 1968-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган. 1985-жылы А.С.Макаренко атындагы орто мектебин жана Октябрь балдар музыкалык мектебинин 5 жылдык комуз классын аяктаган. Ал эми  1989-жылы Фрунзе шаарындагы Муратаалы Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайынын кыяк аспабы боюнча адистигин, 2000-жылы Ош Мамлекеттик Университетинен музыкалык билим берүү адистигин, 2010-жылы Кыргыз Улуттук Консерваториясынан музыкалык билим берүү адистигин ийгиликтүү бүтүргөн. Эмгек жолун 1989-жылы Октябрь музыкалык мектебинде мугалим болуп иштеп баштаган. 1990-1992-жылдары Сузак районуна караштуу Ак-Тоок айылындагы мектепте музыка боюнча мугалим, 1993-2005-жылдары Б.Алыкулов атындагы Жалал-Абад Маданият техникумунда комуз, кыяк боюнча мугалим, ошону менен катар Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад областтык филармониянын “Миң-Кыял” фольклордук-этнографиялык оркестринде комузчу, кыякчы, ырчы болуп иштеген. 2005-2010-жылдары болсо Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониянын “Ак-Марал” бийчилер ансамблинин оркестринде комузчу, 2006-жылдан бери Бишкек шаардык Мэриясына караштуу “Доор” фольклордук ансамблинде солист, комузчу катары эмгектенет. 1996-жылы “Билим берүүнүн отличниги” жана 2007-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алган. Ошондой эле көптөгөн ардак грамотала, дипломдор менен сыйланган.  Сузак районунун “Ардактуу атуулу”. 

Ф. Өмүрзакова 2010-жылы “Доор” ансаблинин курамында Европа мамлекеттерин эки ай, 2015-жылы Турция мамлекетинин шаарларына концерт берип келген.

 

 Самиева Айнагул


 Самиева Айнагул Самиевна, 1971-жылы 21-октябрьда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Октябрь айылында төрөлгөн. 1979-1987-жылдары У. Адукаимов атындагы орто мектебинде билим алып, 1982-1987-жылдар аралыгында Октябрь айылдык балдар музыкалык мектебинде комуз адистигинде окуган. Андан соң, Бишкектеги М.Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайын “Комузчу жана мугалим” адистиги боюнча 1991-жылы аяктаган. Иран, Турция, Венгрия, Румыния, Болгария, Германия, Швейцария Өзбекистан, Таджикистан, Россия, Кытай жана башка өлкөлөрдө өз өнөрүн тартуулаган,  Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар орекстринин белдүү комузчусу, А.Огомбаев атындагы комузчулар ансамблинин жана Т.Тыныбеков атындагы ооз комузчулар ансамблинин мүчөсү А. Шамиеванын эмгек жолу;

- 1990 - жылы Бишкек шаардык №9 музыкалык мектепте мугалим,

- 1994 - жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар орекстринин комузчусу,

- 2001-2005-жылдары “Илим” билим берүү мектебинде мугалим,

- 2004-жылдан бери Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунда фольклордук ийримдин жетекчиси,

2009-2016-жылдары Бишкек шаарынын Мэриясына караштуу эл аспаптар оркестринде солисти.

2010-2013-жылдары Бишкек ш. №63 мектеп-лицейинде мугалим,

2011-2016-жылдары Кыргыз Улуттук Университетинде фольклордук ийримдин жетекчиси,

2013-2016-жылдары Бишкек ш. №17 мектеп-лицейинде мугалим,

2016-жылы “Себат” лицейинде мугалим,

 2018-жылдан баштап, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы студияда мугалим.

Сыйлыктары:

  • “Маданияттын мыкты кызматкери”
  • Сузак районунун “Ардактуу атуулу”
  • Кыргызстан аялдар конгрессинин “Ардак грамотасы”
  • Бишкек ш. Маданият башкармалыгынын “Ардак грамотасы”
  • Сузак районунун “Ардак грамотасы”
  • БФЭТ “Ардак грамотасы”
  • Маданият жана туризм Министрлигинин “Ыраазылык каты”
  • ХХI-кылымдын жылдыздары фестивалынын лауреаты 
  • Музыкалык мектептеринин “Ардак грамоталары”


Өмүрзаков Баатырбек


Белгилүү ырчы, комузчу Б. Өмүрзаков 1973-жылы Сузак районуна караштуу Октябрь кыштагында туулган. 1990-жылы А.С.Макаренко атындагы орто мектепти, ошону менен катар Октябрь музыкалык мектебинин классын бүткөн. Ал 1994-жылы Бишкек шаарындагы Муратаалы Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайын, 2001-жылы Улуттук Концерваториясынын “4 кылдуу домбра жана комузчу адистиги боюнча” бөлүмүн аяктаган. Ал 1990-жылдан бери Улуттук Филармониянын артист-кызматкери, ошону менен катар Нурдин Тугелов атындагы “Ак-Марал” бий тобунда, “Миң-Кыял” оркестринде солист, Бишкек шаардык Маданият башкармалыгынын алдында түзүлгөн “Доор” фольклордук ансамблинин негиздөөчүсү жана ансамблдин солисти болуп эмгектенет. 

Ал эми 1999-жылы “Улуу-Жибек жолу жана азыркы учур” программасы боюнча Европанын баардык мамлекеттерине Кыргыздын салттык музыкасын жана эл аспаптарын таанытып, концерттик гастролдо жарым жылдан ашык убакыт кыдырып келген. Эл аспаптары боюнча эл аралык көптөгөн  фестивалдардын лауреаты. 2003-жылы Москва шаарында болуп өткөн Кыргыз элинин маданият күндөрүнүн катышуучусу. Президенттик стипендият, КРнын Маданият маалымат жана туризм министрлигинин  “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси. Үй-бүлөлү.


ЫрысбекЖабиров

Кино режиссер, продюссер, сценарист, Ырысбек Жабиров 1973-жылы Сузак районуна караштуу Багыш айылдык аймагына караштуу, Сафаровка айылында жарык туулган. 1980-90-жылдары Дзержинский, Тайгараев, Макаренко мектептеринде окуган. Алгач эмгек жолун 1993-жылдан баштап Жалал-Абад облусттук Барпы атындагы драма театрында артист, труппа башчысы, режиссердун жардамчысы, башкы администратор, 1994-2003-жылдары облусттук Т.Тыныбеков атындагы филармонияда директордун орун басары, облусттук телерадиокомпаниясында директордун орун басары кызматтарында эмгектенген. 

Ал өкмөттүк мекемеде иштеп жүрүп, 1997-жылы облустагы алгачкы бей формал жаштар кыймылын түзгөн. 1995-99-жылдары Кыргызстанда биринчи жолу кыздар арасындагы футболдук мелдеш өткөрүп, ошону менен бирге эле биринчи «Семиздер менен арыктар», "Арак ичпейбиз" теле конкурсун жана кыргызстанда алгачкы "кыска-нуска" сатиралык теледолбоорун ишке ашырган. 1999-2001-жылдары Жалалабад шаарындагы «Вечерный Жалалабат» гезиттин негиздеп редактор болуп иштеген. Ошондой эле алгачкы мусулмандар үчүн, «Парз» гезитин да чыгарган. 2001-2002-жылдары облустук филармониянын алдында «Тамаша» куудулдар театрын жана «Азадабегим» фольклордук тобун түзгөн. «Курманбек-500» мааракесинин сценаристеринин бири жана дизайнери болгон. Ал негиздеген «Азадабегим» тобу Эл аралык «Чыгыш онорпоздору» фестивалында лауреат болуп, Республикалык эл аралык «Шамшыкал-2002» фестивалында биринчи орунга татыган. 

2003-жылы Бишкек келип "Бешилик" гезиттин негиздеп, республикабыздагы алгачкы продюсердик борборун ачкан. Анын продюсерлиги астында 100 дон ашык түрдүү концерттер коюлуп, чон долбоорлор ишке ашкан. Ондон ашык конкурс-фестивалдарды өткөрүп, кол алдынан 10 дон ашуун өнөрпоздорду таптап, чоң майданга чыгарган. Ал 2011-жылдан бери майрамдалып келген 5-март «Ак калпак» күнүнүн негиздөөчүсү жана улуттук «Кыргыз бийи» долбоорунун ишке ашыруучусу, ошондой эле «Ар бир айдын алтысы» долбоорунун автору. Үзүрлүү эмгеги үчүн КРнын мамлекеттик тил комиссиясынын, КРнын Маданият Министрлигинин, КРнын спорт жана дене тарбия мамлекеттик агенствосунун, КРнын Афганчылар союзунун, түрдүү даражадагы облустук, шаардык админинистрацияларынын, телерадиокомпаниялардын, коомдук фондордун ардак граммоталары жана дипломдору менен сыйланган. КРнын кинематографисттер союзунун мүчөсү жана Сузак районунун “Ардактуу атуулу”.

Ы. Жабиров союз менен кошо ураган кино тармагына, алгачкылардан болуп кайрадан чыйыр салган кино режиссерлордон. Анын «Кайып Булак», «Достор», «Талак», «Мезгил даарылайт», «Түндүктүк келин», "Учкуч", "Мал доктур", «Квартирант” кинотасмалары жаштарды тарбиялоого, элибиздин нарк насилин унутпоого, жаратылышты сүйүү менен улуттар аралык ынтымактыкты чындоого багытталган. Ал жогорудагы тасмалардын режиссеру, продюссери жана сценаристи жана “ЖинМэн” тасмасынын сценариясын жазган. Учурда лирикалык ырларды жазып, проза тармагында да өзүн сынап, алгачкы китеп жыйнагын чыгаруу алдында турат. “Сузак kg” сайттынын түзүүчүсү.

Үй-бүлөлүү, 4 уул, 2 кыздын атасы. 


Анара Шаимкулова 

Анара Шаимкулова 1978-жылы 28-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Карамарт айылында жарык дүйнөгө келген. 1985-жылы Абдыкадыр Жапарбаев атындагы мектептин босогосун аттап, 1995-жылы аяктаган. 1995-2000 – жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Кыргыз фольклордук ырчылардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, комуздун коштоосунда кыргыздын бир катар чыгармаларынын ажарын ачкан өнөр ээси, А. Шайымкулованын эмгек жолу;

- 1997-2000 — "Гүлгүн жаш" элдик тобунда ырчы;

- 2000-2004 — Жалал-Абад облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда ырчы;

- 2001-2005 — "Азадабегим", "Айтеңир" топторунда солист;

- 2012-жылдан бери Болот Эдигеев атындагы "Арашан" элдик фольклордук ансамблинин солисти.

- 2018-жылдан баштап, айтылуу Сармарден долбоорунда «Шайыр жене» кызматын аркалап келүүдө.

Маданияттын мыкты кызматкери.

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын энеси.

Жолдошова Дилкумар Сабыржановна


  1979-жылы 6-майда Сузак районуна караштуу Октябрь  айылында туулган. Атасы Сабыржан Жолдошев чыгармачыл инсан болгондуктан, Дилкумар дагы 14 жашынан баштап, комуз ойноп ыр ырдап, алгачкы чыгармачылык чыйырын, белгилүү “Достук” эстрадалык тобунда солист болуп, чоң сахнага чыга баштаган. 1995-жылы Сузак районундагы У. Абдукаимов атындагы орто мектепти алтын медаль менен аяктаган. Ал эми 1996-2001-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинде чет тилдер (англис тили жана адабияты) факультетин ийгиликтүү аяктаган. 2009-жылы  Пакистан мамлекетинин  Исламад шаарындагы  NUML университетинде 6 айлык жогорку курста окуп, эмгек жолун болсо 2001-жылы Кыргызстан эл аралык университетинде англис тили мугалими болуп баштаган. Ошол эле учурда чыгармачылык жолун таштабай 2003-жылдан баштап Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониясынын Мөлмөл фольклордук-этнографиялык оркестринде солист болуп иштеген. 2011-2017-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университеттин лингвистика кафедрасында окутуучу, ал эми 2017-жылдан бери Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын директору кызматын аркалап келет.

Д. Жолдошева Кыргыз Республикасынын Маданият Министрлигинин “маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси. Сузак районун “Адактуу атуулу”, Мыскал Өмурканова атындагы сыйлыктын лауреаты жана түрдүү Эл Аралык (Кытай, Өзбекстан,Казакстан,Турция) фестивалдардын лауреаты. Ошондой эле  КРнын Өкмөтүнүн, Жалал-Абад областык, Жалал-Абад шаардык Мэриясынын жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын атайын “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Үй бүлөөлү, сүйүктүү жар жана 4 баланын бактылуу энеси.


Гулзина Мамаева

Кыргызстанга аты таанылган, мукам үндүү ырчы кыз Мамаева Гулзина Маткаримовна 1981-жылы 28-февралда Сузак районунун Саты айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.  Атасы Маткерим, 40 жылдык эмгек жолун салган ардактуу мугалим, 6 уул кызды тарбиялап, кызы Гулзинага арка бел болуп келүүдө. Ал 1987-жылы Саты айылындагы  Карл Маркс (Саты) атындагы толук эмес орто мектепке кирип, 9-класска чейин окуп, 10-11-классты  Ленин айыл өкмөтүндөгү Ю. А. Гагарин мектебинде улантып, 1998-жылы бүтүрүп, ошол эле жылы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин химия факультетине тапшырып, 2003-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ал эми чыгармачылык чөйрөсүнө мектепте окуп жүрүп, 1998-жылы Сузак районуна караштуу Октябрь айылындагы “Достук” ансамблине кирип, эстрада фольклор жанрында ырдап,  ошол эле жерде көркөм жетекчи болуп иштеп, 2010-жылдан бери Сузак райондук мадиният үйүндө эмгектенип келүүдө. 

2007-жылы кайрадан Ош мамлекеттик университетинин искуство факультетине сырттап окуп 2013-жылы аяктаган. 

Сыйлыктары:

1. Жалал-Абад, Ысык-Көл эл аралык конкурсунун лауреаты. (Кытай, Турция, Казакстан республикаларында болуп  өткөн   фестивалдардын лауреаты). 2. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2 жолку Ардак грамоталырынынн ээси. 

3. Маданияттын мыкты кызматкери.

4. Сузак районунун Ардактуу атуулу . 

Ал эми репертуарындагы  ырлар 50 дөн ашуун. 


Замир Мырза

Мурзаев Замирбек Маматалиевич Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл аймагынын кулуну. Ал 1982-жылы төрөлгөн. Атасынын ишине байланыштуу балалыгы жана окуусу Ош шаарында өтүп, №17- Ю. Гагарин атындагы гимназиясын алтын медаль менен аяктаган.  2004-жылы Ош Мамлекеттик Универститетинин Искусство факультетин кызыл диплом менен бүтүп, ушул эле Искусство факультетинде окутуучу болуп 5 жыл эмгектенген. Учурда эркин чыгармачылык менен алектенет. Замир Мырза кесипкөй музыкант катары, көптөгөн ырлардын автору жана  Эл аралык конкурстардын лауреаты болуп саналат. Ал кино актер катары да көрүүчүлөргө таанылган адис. Анын баш каармандарды ойногон "Кайып булак", "Аялдык бакыт" жана өзбек кинематографиясына таандык "Атасынын баласы" тасмалары элдин сүйгөн тасмаларына айланган. Репертуарында 50 дөн ашык профессианалдык деңгээлде аткарылган ыр түрмөгү бар. Үй-бүлөлүү.


Динара Тилекеева

Кыргыз заманбап шоу бизнесинде аты аталып калган ырчы кыз Динара Тилекеева Маматкаримовна 1985-жылы Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айылында туулган. Алгач Кыз-Көл айылындагы Дүйшөнкул Шопоков атындагы орто мектепте окуусун баштап, кийин Жашасын айылындагы Пазылбек Жуманазаров атындагы орто мектепте жана Кочкор Эрматов атындагы лицей-жатаак мектептеринде окуп ийгиликтүү бүтүргөн. Жогорку билимдүү, 2003-жылы Ош мамлекеттик Техникалык Универститетинин байланыш факультетин аяктаган. Алгачкы чыгармачылык кадамын 2005-жылдары Октябр айылындагы Мухтар Кырбашев жетектеген "Достук"эстрадалык группасында ырчы-аткаруучу болуп баштап, ал эми 2008-жылдан бери Жалалабат облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониясынын артисти болуп эмгектенүүдө. Анын репертуарында фольклордук жана эстрадалык 200 дөй чыгармалар орун алган жана 15тен ашуун атайын клиптери тартылган. Ал бир эле ырчы аткаруучу катары эмес, актриса катары да өз өнөрүн бышыктап келет. Буга мисал анын “Түндүктүк келин” жана “Мал доктур” көркөм тасмаларында жараткан образдары жетиштүү десек жанылышпайбыз. Д. Тилекеева көптөгөн Эл аралык фестивальдар жана конкурстардын лауреаты болуп, атайын диплом жана медальдар менен сыйланган. Ошондой эле облусттук, райондук даражадагы мактоо грамоталардын ээси. Ал эми 2013-жылы КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алган.

Кушбакова Элиза

Кушбакова Элизакан Адыразаковна 1985-жылы 30-августа Жалал-Абад шаарына караштуу Төш-Кутчу айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Ушул эле айылдагы №11 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепти 2002-жылы аяктаган. 2002-2007-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинде педагогикалык  (физика адистиги)  факультетин ийгиликтүү аяктап, 2015-жылга чейин Жалал-Абад шаарына караштуу №19 орто мектепте физика сабагынан мугалим болуп эмгектенген. 2015-жылдан баштап маданият тармагына аралашып Сузак районундагы Р. Абдыкадыров атындагы маданият үйүндө жана Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы филормониясында ырчы-алып баруучу болуп эмгектенип келе жатат. Кушбакова Элизакан 2016-жылы Сузактын кыздары, Чүйлүк жигиттердин ортосундагы “Улуттук сармерден” оюн –зоогуна  активдүү катышкандыгы үчүн, Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан  ыраазычылык каты менен сыйланган жана 2017-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятынын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн министрдин  Ардак грамотасы, 2018-жылы Сузак райондун маданият тармагынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 3 баланын бактылуу энеси. 

Шабданов Самарбек 

1980-жылы 9-февралда Сузак районунда туулган. Жогорку билимдүү, Кыргыз улуттук консерваториясында жеке ырдоо (вокал) бөлүмүндө 2001-2006-жылдары окуп аяктаган. 2001-жылдан 2019-жылга чейин Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармонияда артист, ырчы,жана көркөм жетекчи болуп эмгектенген. Маданияттын Мыкты кызматкери наамынын ээси. 2001-2002-жылдары Жалал-Абад Азем түндөрү фестивалынын лауреаты болгон. 2018- жылдын Кыргыз Маданият Туризм министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2019-жылы Сузак райондук мамлекетик администрациясынын ардак грамотасы менен сыйланган. Айтылуу “Нур” эстрадалык тобунун ырчысы.