Айылдык аймактар

Коомдук ишмерлер

Жамашев Зулумбек - 1924-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Көл айылында туулган.  Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген юристи, коомдук ишмер. 1950-жылы Фрунзедеги эки жылдык юридикалык мектепти бүткөн. 1942–44-жылдары «Большевик» колхозунда колхозчу, почточу, Сейдикум айыл советинде секретарь, финансы агенти, ал эми 1944–48-жылдары Ачы райондук сотунда секретарь, сот аткаруучу болуп иштеген. 1950-51-жылдары Ачы, Ленин (азыркы Ноокен) райондорунда прокуратуранын тергөөчүсү болгон. 1951–57-жылдары болсо Ленин райондук сотунда, 1957–59-жылдары Жалал-Абад облусунун сотунда төрага, ал эми 1959–67-жылдары Ош облусунун сотунда төраганын орун басары кызматында иштеген. 1967–71-жылдары Кыргыз ССР Жогорку сотунда судья, 1971–74-жылдары Ош облусунун юстициянын начальниги болуп иштеген. 1974–90-жылдары Кыргыз ССР Жогорку сотунун төрагасы, ошондой эле СССР Конституциясына ылайык СССР Жогорку сотунун судьясы кызматын да кошо аткарган. 1990–91-жылдары Кыргыз ССР Юстиция министрлигинде Жарандык актылар башкармасынын начальниги, 1991–98-жылдары Жалал-Абад облусунун жаратылышты коргоо коомунда төрага, 1995–98-жылдары облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы болуу менен бир эле мезгилде Кыргызстан элдеринин ассамблеясында облусунун бөлүмдүн төрагасы болгон. 1998–2005-жылдары Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысына коомдук кеңешчи болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку чакырылышынын депутаты болгон. Манас, «Ардак Белгиси» ордендери, «Даңк» жана башка медалдар менен сыйланган.

Мурзалиев Нуржан

1937-жылы Ак-Тоок айылында туулган. 1962-жылы КМУну бүтүргөн. 1962-жылы Ноокен районунун Комммунизм колхозунда башкы экономист, 1964-68-жылдары Ноокен райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы, 1970-72-жылдары Кыргыз ССРинин айыл чарба министрлигинде башкы адис, 1972-92-жылдары КРнын Министрлер Советинин аппаратында референт, КРнын Министрлер Советинин төрагасынын жардамчысы, уюштуруу бөлүмүнүн инструктору болуп эмгектенген. 1992-2000-жылдары КРнын Жогорку Кеӊешинин аппаратында жооптуу кызматтарда иштеген. 90-жылдары түзүлгөн Сузак ынтымагы коомдук фондунун алгачкы төрагасы болгон.

Таңырыков Валимжан

 Дипломатиялык академиянын профессору, биринчи кыргыздан чыккан англис жана араб тили боюнча аскердик котормочу В. Таңырыков 1938-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Үч-Малай айылында туулган.  Ал Көк-Жаңгак шаарындагы орто мектепти аяктагандан кийин 1956-жылы Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде билим алган. 1961-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, СССР Коргоо министрлигинин Москвадагы Чет тилдер институтунда окуйт. 1963-жылы котормочу катары Сирия Араб республикасына жиберилет. 1968-жылы Фрунзеге жөнөтүлүп, Токмоктогу авиация базасында кызмат өтөп, котормочу, саясий-тарбиялык иштер боюнча инструктор болуп иштеген. Учурда Бишкек гуманитардык университетинде профессордун милдетин аткаруу менен кыргыз тилинин этимологиялык сөздүгүнүн үстүндө иштөөдө.


Абылов Нурали

1950-жылы Сузак районунун Саты айылында туулган. 1966-жылы Көк-Арт орто мектебин бүтүргөн. Эмгек жолун Сузак районундагы Карл Маркс атындагы 8 жылдык мектепте мугалим болуудан баштаган. 1972-жылдын июнь айына чейин Приморск крайында Советтик Армиянын катарында кызмат кылган. 1972-жылы сентябрь айында Жалал-Абад шаарындагы СПТУ №1 окуу жайынжа мугалим болуп иштеген. 1973-жылы август айынан, 1983-жылга чейин Жалал-Абад шаардык комсомол комитетинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Ош обком комсомолунда сектор, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектеген. 1983-жылдын январь айынан Ош шаардык партия комитетинде – инструктор, ушул эле жылдын сентябрь айынан Ленин райондук партия комитетинин уюштуруу бөлүмүнү башчылыгына дайындалган. 1989-жылдын октябрь айынан, 1992-жылдын ноябрь айына чейин СПТУ №1 директор, облустук жумушчу кадрларды даярдоо башкармасынын начальниги, Жалал-Абад облустук администрациясында губернатордун орун басары, Тогуз-Торо, Үч-Терек райондорунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болгон. 

Акбаров Айбекжан 

1962-жылы Сузак айылында туулган. 1985-жылы Бишкектеги Орус тили жана адабияты педагогикалык институтун аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-даражадагы мамлекеттик кеӊешчиси. 1985-86-жылдары Өзбекстандын Коргон-Төбө районундагы №327- мектепте мугалим, 1986-89-жылдары Сузактагы Москва атындагы мектепте мугалим, 1989-91-жылдары Сузак райондук комсомол комитетинин 2-секретары, 1992-95-жылдары “Универсал” кооперативинде директордун орун басары, 1995-2000-жылдары “Сузак айыл көмөк” ААКнын жетекчиси, 2001-2003-жылдары Өзбек улуттук борборунун жетекчиси, 2003-2005-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчиси, 2004-2005-жылдары “Майлуу-Суу” тигүү фабрикасынын жетекчиси болгон. 2005-жылдары Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун орун басары болуп иштеген. 

Акматов Аттокур 

СССРдин ардактуу радисти, А. Акматов 1946-жылы Кара-Булак айылында туулган. 1969-жылы Рязань шаарындагы радиотехникалык институтту бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз ССРинин Байланыш министрлигинде инженер, 1972-жылдан Оштогу радиотелеберүү борборунун начальнигинин орун басары кызматтарында эмгектенген. 1980-жылы Монгол Эл Республикасына радиобайланыш курулушун куруу үчүн жардамга жиберилген. 1983-жылы кайрадан оштогу радиотелеге көрсөтүү борборунун башкы инженери, 1988-жылдан директор болуп эмгектенген. Кийин Республикалык теле жана радио, радиотеле магистралынын аймактык (Оштогу) түйүнүнүн директору болуп иштеген. 

Акматов Камбар

1936-жылы, Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган. Кыргыз ССРинин «Эмгек синирген куруучу» ардактуу наамынын ээси. 1955-жылы мектепти аяктаган соң, Ташкентеги «Ташкент темир жол куруу» институтунун «Өндүрүштүк жана турак-жай курулушу» факультетин аяктаган. Эмгек жолун Фрунзе шаарындагы ТЕЦ курулушунда конструктор жана долбоорлочу болуп баштаган. Кийин «Кыргызгипростройдо» башкы инженер, «Казгипроторг» филиалында башкы инженер, СССРдин бүткүл союздук изилдөө жана долборлоо «ЦНИИЭПовцепром» мекемесинде башкы инженер жана директор болуп 19 жыл иштеген. Анын жетекчилигинде республикабыздагы улуттук көркөм сүрөт музейи сыяктуу жүздөгөн чон курулуштар, союзга караштуу Россиянын Ярославл облусундагы «Кыргызстан» комплекстик совхозу сыяктуу ондогон курулуштар долбоорлонуп курулган. Ал эми Монголия мамлекетинин стратегиялык курулуш долбоорлорун түзүүдө 15 жыл иштеген. Камбар Акматов үзүрлүү эмгектери үчүн 1985-жылы кыргыз улутундагы алгачкы Кыргыз ССРинин «Эмгек синирген куруучу» наамынын ээси болгон. Ошондой эле Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин эки жолу, Өзбек ССРинин Жогорку Советинин, СССРдин Агропром бирикмесинин, Кыргыз ССРинин Президиумунун, Кыргыз ССРинин айыл-чарба министрлигин, Кыргыз ССРинин Госстрой бирикмесинин, Кыргыз ССРинин илим-изилдоо кенешинин Ардак Грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын «Өлкөбүзгө кошкон өзгөчө салымы үчүн» категориясындагы атайын персоналдык пенсионер. 2019-жылы каза болгон.


Аманова Алима

1950-жылы Ак-Мечит айылында туулган. Жогорку билимдүү. Кесиби мугалим, юрист. Эмгек жолун 1973-жылдан Чаңгыр-Таш айылдык мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө менен баштаган. 1979-90-жылдары Эл депутаттарынын Сузак райондук кеңешинде жооптуу катчы, 1991-92-жылдары Эл депутаттарынын Жалал-Абад областтык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ошондой эле КРнын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн башчысы кызматында эмгектенген. 

Анарбаев Батырбек 

1938-жылы Сузак районунун Сафаровка айылында туулган.  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти ардактуу наамынын ээси. Ташкент шаарындагы бухгалтериялык техникумун 1958-жылы аяктап, кийин Кыргыз мамлекеттик универститетин окуп 1972-жылы бүткөн. 1958-91-жылдары Сузак районунун чарбаларында кызматкер, 1991-99-жылдарда Облустук айыл чарба башкармасынын, облустун кеңештин төрагасынын, облустун финансы башкармасынын башчысынын орун басары кызматтарын аркалаган. Чыгармачылыкка жакын болуп, ыр жазып, 1998-жылы “Аруу махабат” аттуу алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн. 

Аттокуров Раимкул 

1960-жылы Сузак районундагы Кара-Март айылында туулган. 1985-жылы Москвадагы автомобиль-жол институтун аяктаган. Эмгек жолун 1985-жылы Москвадагы “Главмостинженерстрой” трестинде участканын начальниги болуу менен баштаган. 1990-93-жылдарда Москвадагы автожол институтунда аспирант болгон. 1993-2005-жылдары Москвада ишкердик иште болгон. 2003-2005-жылдарда Москвадан чыгуучу “Кыргызское единение” газетасынын редактору, андан кийин Россиянын Президентинин алдындагы Мамлекеттик кызмат академиясынын угуучусу болгон. 2008-10-жылдары Россия Федерациясындагы КРнын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматында иштеген. Учурда Москва шаарында жашайт.

Бакиев Кыргызбай - 1936-жылы Сузак районунун Карамарт айылында туулган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу. 1961-жылы Ташкендеги темир жол транспорт институтун бүтүргөн. 1955-94-жылдары Ош облустук керек-жарак коомунун курулуш уюмунда, Базар-Коргон, Алабука районундагы көчмө механикалаштырылган колонналардын начальниги, Жалалабаттагы курулуш материалдары комбинатынын директору. 1994-97-жылдары Жалалабат облустук социалдык жактан коргоо башкармасынын башчысы, 1997-жылдан Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын облустук бөлүмүн жетектеген. “Алтын кылымдын асыл адамдары” аттуу эмгектин автору. 

Батиев Бакир - 1944-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган. Юстициянын генерал майору. 1961-жылы мектепти, 1964-жылы Жалал-Абад зооветеринардык техникумун бүтүрүп, ушул эле жылы Ош областык ички иштер башкармалыгына катардагы милиционер болуп кызматка орношот. 1973-жылы Фрунзедеги милициянын атайын орто окуу жайын, 1986-жылы Караганда шаарындагы СССРдин ички иштер министирлигинин жогорку окуу жайын бүтүргөн. Ички иштер органында 34 календардык жыл кынтыксыз кызмат өтөп, 1998-жылы 54 жаш курагында милициянын подполковниги чини менен ардактуу эс алууга чыккан. 1999-жылдан 2001-жылга чейин Жалал-Абад областык мамлекеттик стандарт мекемесинде юрист болуп иштейт. 2001-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын юстиция министирлигинин Жалал-Абад областык сот департамент башкармалыгынын башчысы, 2006-2010-жылдары Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенет. Мамлекетибиздин бейпилдигин жана коопсуздугун чыңдоодо көрсөткөн үзүрлүү эмгеги үчүн, көптөгөн медалдар, ардак грамоталар, баалуу сыйлыктар менен сыйланган. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси”, башкача айтканда Юстициянын генерал майору класстык чини ыйгарылган. “Эмгектин ардагери”, Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу атуулу” наамдарынын ээси.


Батыралиев Талантбек.

Профессор, медицина илимдеринин доктору, Т. А. Батыралиев 1960-жылы Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун аяктаган.  Эмгек жолун 1977-1978–жылдары Сузак районундагы Карл Маркс атындагы колхозунун жумушчусу болуп иштеп баштаган. 1989-93-жылдары кардиология илим изилдөө институтунун илимий кызматкери, 1993-97-жылдары Түркиянын Адана шаарында жайгашкан Чукуровск университетинин кардеология бюнча кафедрасынын профессору, Адана шаарында медициналык инвестициялар боюнча кеңешчи, Orta-Doguг атындагы оорукана ардактуу кызматкери болуп иштеген. 1997-2007-жылдары Түркиядагы Sant Konukoglu атындагы кардиология департаментинин социалдык инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн жетекчисинин кеңешчиси, 2007-2014-жылдары медициналык факультеттин координатору, америкалык кардиологдор коллегиясынын профессору кызматтарын аркалаган. 2014-2017-жылдар аралыгында КРнын Саламаттык Сактоо Министри болуп иштеген. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Т. Батыралиев көптөгөн эл аралык жана мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Бекбоев Турдуназир 

1961-жылы Сузак районунун Үрүмбаш айылында туулган. Билими жогорку. 1983-жылы Белоруссиядагы айыл чарба институтун аяктаган. Эмгек жолун Жалал-Абад шаарындагы №1- кесипчилик билим берүү окуу жайында мугалим болуу менен баштаган, ал эми 1991-жылы ушул окуу жайдын директору болгон. 1993-жылы Жалал-Абад шаардык администрациясынын аппарат жетекчиси, кийин Жалал-Абад шаардык кеңешке депутат болуп шайланып, шаардык кеңештин төрагасы болгон. 1995-2005-жылдардын аралыгында Т.Бекбоев Жалал-Абад шаарынын Мэринин орун басары, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын кадрлар жана уюштуруу бөлүмүндө иштеген. Кара-Көл шаарынын, Үч-Терек, Ноокен, Токтогул, Сузак райондорунун акими болгон. Андан соң КРнын Өкмөтүнүнүн Премьер Министрдин кеңешчиси кызматында, учурда КРнын Президентинин иш башкармачылыгын жетектейт. Такшалган жетекчи, демилгелүү уюштуруучу катары элге кеңири таанылган.

Жумуков Маматжан

1950-жылы Сузк районунун Жалгыз-Жаңгак айылында туулган. 1967-жылы айыл чарба институтунун ветеринария факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1972-жылы Көк-Арт совхозунда ветеринардык врач болуп эмгектенүүдөн баштап, 1979-81-жылдары Сузак совхозунда, 1981-85-жылдары Көк-Арт совхозунда башкы ветеринардык врач болуп иштеген. 1987-89-жылдары Ачы совхозунда парткомдун секретары, ал эми 1989-91-жылдары Ю.А.Гагарин атындагы совхоздун парткомунун секретары болгон. 1991-92-жылдары Эл депутаттарынын Сузак райондук кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары, райондук айыл чарба башкармасынын начальниги, 1992-94-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, айыл чарба башкармасынын башчысы кызматтарын аркалап, 1994-96-жылдары Көк-Арт совхозунун директору, кийин айылдык комитеттин төрагасы жана айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. 2001-2005-жылдары Сузак райондук кеңешинин төрагалыгына экинчи жолу шайланып, 2007-жылга чейин эмгектенген жана  Сузак райондук агрардык башкармасынын башчысы болуп иштеген.

Ибраимов Бекболот

1954-жылы туулган. Жогорку билидүү, Кыргыз мамлекеттик унтверститетин бухгалтер кесиби боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун чарбада бухгалтер, башкы бухгалтер болуп баштап, кийин Карл Маркс колхозунун төрагасы, Сузак РАПОсунун төрагасынын орун басары, “Октябрь” винсовхозкомбинатынын директору жана  “Манас” дыйкан чарбасынын директору болуп иштеген. Сузак райондук кеңешинин депутаты, Кыргызстан компартиясынын Сузак райондук комитетинин биринчи катчысы кызматтарында да иштеген. Ошондой эле Жалал-Абад облустук “Көк бөрү” федерациясын башкарган. Учурда ардактуу эс алууда.

Ирсалиев Аззам Мадумарович – 1955-жылы, Сузак районунун Сузак айылында туулган. КРнын эмгек сиңирген куруучусу. 1978-жылы Москвадагы кооперация институтун бүтүргөн. 1988-95-жылдары Ош облустук керек-жарак союзунун курулуш комбинатында директор, 1995-жылдан “Мадумар ата” соода борборунун башкы директору болуп иштеген. 

Итибаев Зарылбек

 1963-жылы 20-апрелде Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган. 1980-жылы А. С. Макаренко атындагы орто мектебин, 1989-жылы Фрунзе Политехникалык Университетинин механика факультетин, 1996-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридика факультетин, 2003-жылы Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин биология факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1989-жылы Жалал-Абад шаардык оорукана автопаркынын механик-жетекчиси болуп иштеп баштаган. 1992-1994-жылдары «Кыргызайылкурулуш» концерн «Абил» башкы механик, 1994-1998-жылдары Жалал-Абад Ички Иштер Башкармалыгынын штабында ага инспектор, 1998-2000-жылдары Жогорку Кеңеш депутатынын жардамчысы, ага консультант, 2000-2002-жылдары Жалал-Абад Экологиялык күзөттөрүнүн ага инспектору, 2002-2003-жылдары Жалал-Абад табият, өсүмдүктөр жана жандыктар коргоо башкармалыгынын башчысы, 2003-2004-жылдары Премьер-министрдин аппарат жетекчисинин жардамчысы, 2004-2005-жылдары Жалал-Абад областтык токой чарба кызматынын жетекчиси, 2008-2009-жылдары ӨКМнин Жалал-Абад областтык Башкармалыгынын башчысы, 2009-2018-жылдары ӨКМнин Гидрометеорология агенттигинин директору болуп эмгектенген. Бир нече медалдар, ардак грамоталар, төш белгилер менен сыйланган. Сузак районунун «Ардактуу атуул» наамынын ээси.


Кабиров Мамыт - 1897-жылы азыркы Сузак районунун Сафаровка айылында туулган. 1918-1920-жылдары Гүзар-Ивановка революциялык  комитетинин мүчөсү, 1920-1921-жылдары Базар-Коргон районундагы Кыргызпотребсоюздун төрагасы, 1922-жылдан Ыктыярдуу отрядда кызмат кылган. 1925-жылы РКПБ Компартиянын (КПСС) мүчөсү болуп кабыл алынган. 1927-1930-жылдары Москва шаарындагы «Рабфакты», 1930-33-жылдары Ташкент шаарындагы САГУ, Орто Азия университетин аяктайт. 1933-1941-жылдары Базар-Коргон МТМде Саясий жетекчи, Хиля айыл кооперативинде директор орун басары, Арсланбаб айыл кооперативинде директор орун басары, Кызыл Ункур токой чарбасында директор, Базар-Коргон пахта чарбасында директор, Октябрский районунун камсыздоо конторасынын төрагасы, 1941-жылы Багыш айыл кеңешинин төрагасы болуп иштейт. Улуу Ата-Мекендик согуш маалында, атайын уезддик политсоветтин чарбаларды ирилештирүү буйругу менен тылда калып, «Ленин Жолу», «Кызыл-Туу», «Фрунзе», «Кедей-Арык», «Жаны-Куч», «Сары-Булак» колхоздорун бириктирип, 1956-жылга чейин өзү жетектеген. Ошондой эле 1950-жылы, Октябрь райондук кеңешине депутат болуп шайланган. Кыргыз ССРнын Жогорку Советинин Ардак грамотасы, «Ата Мекендик согуш жылдарындагы ак эмгеги» медалы, СССРдин «Айыл-чарба ишинин отличниги» ардактуу наамы, Кыргыз ССРнин ВСынын Ардак грамотасы, СССРдин «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.


Камбаров Эркул 

“КРнын транспортуна эмгек сиӊирген кызматкер” ардактуу наамынын ээси Э. Камбаров 1941-жылы Жалгыз-Жаӊгак айылында туулган. Эмгек жолун Фрунзе шаарындагы Граждандык Авиация Кызматынан баштап, авиация министрлигинин Өзгөчө учурлар боюнча отряддык командиринин орун басары болуп иштеген. Иштеген кызматы үчүн бир нече медаль, грамоталар менен сыйлагшан. Акыркы убакта улуттук авиациянын коопсуздук департаментинин директору болуп эмгектенген.

Кенжекулов Шавидин - 1925-жылы Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган. Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген юристи. 1942-жылы 9-классты аяктап, Советтик Армиянын катарына кызматка чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка катышат. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 2-баскычтагы орден менен сыйланган. 1943-жылы оорусуна байланыштуу кызматтан бошотулат. 1946-жылга чейин колхоздо, 1945-1950-жылдары Октябрь райондук Эл сотунда секретарь, сот аткаруучу болуп эмгектенет. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы юридикалык окуу жайына тапшырып, 1953-жылы аяктап, ошол эле жылы Октябрь райондук Эл сотуна кызматка жөнөтүлөт. 1962-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридика факультетин сырттан аяктайт. 1954-1961-жылдары Жалал-Абад областтык прократуранын байкоо бөлүмүнүн башчысы, Ала-Бука райондук Эл сотунда сот, 1961-1970-жылдары Жаңы-Жол райондук Эл сотунда сот, 1970-жылдан Өзгөн райондук Эл сотунда төрага болуп эмгектенген. 1967-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланып, «Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген юристи» наамын алган.


Кочкоров Адыш 

1946-жылы Сузак районунун Чаӊгыр-Таш айылында туулган. “КРнын эмгек сиӊирген экономисти”. Жалал-Абад облустук кеӊештин төрагасы. (1998-2000). 1973-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун, 1986-жылы КМУну бүткөн. 1970-75-жылдары Ош шаардын финансы бөлүмүндө инспектор, 1975-76-жылдары Ош шаардык борбордук сактык кассасынын башчысы болуп иштеген. 1976-91-жылдары болсо Республикалык Финансы министрлигинде, 1991-93-жылдары КРнын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик финансы инспекциясынын Жалал-Абад облусу боюнча начальниги болуп иштеген. 2000-жылдан КРнын Эсептөө палатасынын Жалал-Абад облусу боюнча башкы инспектору, облфиндин башчысы болуп иштеп эс алууга чыккан.

Кожоакматов Эрмамат 

Юстициянын генералы. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген юристи” Э. Кожоакматов 1949-жылы Ак-Тоок айылында туулган. 1969-жылы КМУда сырттан окуу бөлүмүнө өткөн. Ошол эле жылы Кара-суу райондук сотунун соттук кеӊешмесинин катчысы, 1973-76-жылдары Сузак райондук сотунда аткаруучу, Ош областтык соттун мүчөсү болгон. 1978-жылы Фрунзе райондук сотунун судьясы, 1984-88-жылдары Ала-Бука райондук сотунун төрагасы, 1989-91-жылдары Ноокен райондук сотунун төрагасы, 1993-жылы Жалал-Абад областтык Юстиция башкармасынын башчысы, 2002-2007-жылдары Ош областтык Юстиция башкармасынын башчысы, 2008-2010-жылдары Ысык-Көл областтык Юстиция башкармасынын башчысы болуп иштеген. 

Кайыпов Марат - 1960-жылы Каду айылында туулган. 1986-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1986-90-жылдары Бишкек шаарындагы 1-Май районунда жана Бишкек шаарында, андан кийин КРнын Ички иштер  министрлигинде тергөөчү болуп иштейт. 1990-жылы КРнын Министрлер Советинин юридикалык бөлүмүнүн жетекчи адиси, 1993-жылы Кыргыз өкмөтүнүн аппаратында укук бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1996-99-жылдары КРнын Жогорку Арбитраждык сотунун төрагасынын биринчи орун басары, 1999-жылы КРнын Президентинин Администрациясынын укук бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле КРнын Конституциялык сотунун судьясы кызматына дайындалган. 2005-2006-жылдары КРнын Адилет министри болуп эмгектенген. Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, генерал-лейтенант.

Калымбетова Тажикан - 1958-жылы Сузак районундагы Кызыл-туу айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Калымбетова Тажикан эмгек жолун Мамлекеттик статистика комитетинде экономист болуп баштап, 1982-жылдан 1995-жылга чейин Мамстаттын бөлүм башкаруучусу кызматтарында иштеген. 2001-жылдан 2005-жылга чейин КРнын Финансы министрлигинин бөлүмүнүн директору, 2005-2007-жылдары КРнын Финансы чалгындоо кызматынын директору, КРнын Финансы министринин орун басары болгон. 2007-жылы Социалдык фондунун төрайымы жана ошол жылы эле финансы (каржы) министри болуп дайындалат. Ал эми, 2009-жылы Социалдык фондунун төрайымы болуп дайындалган. КРнын мамлекеттик кызматынын 3-класстагы кеңешчиси, генерал-майор. 

Маматов Абдумуктар Темирбаевич

1959-жылы Сузак районуна караштуу Октябрь айылында туулган. 1976-жылы ушул эле айылдагы Макаренко мектебин аяктап, Фрунзедеги Скрябин атындагы айыл чарба институтунун “аграном-изилдөөчү” факултетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган. 1987-88-жылдары Кыргыз ССРнин айыл чарба министрлигинин алдындагы “Башкаруучу кадрларды даярдоо” курсун аяктап, ал эми 1989-95-жылдары Кыргыз мамлекеттик универститетинин “Юриспруденция” факултетинде окуган. Эмгек жолун 1981-жылы Базар-Коргон районундагы “Партсьезд” колхозунда агроном болуп баштап, 1982-жылы Базар-Коргон райондук айыл-чарба башкармасында башкы-аграном болуп иштеген. 1984-88-жылдары ушул районго караштуу “Энгельс” колхозунда башкы аграном, 1990-жылга чейин кайрадан райондук айыл-чарба башкармасында башкы аграном кызматын аркалаган. 1991-жылы “Мундуз” колзозуна башкы аграном болуп барып, 1992-95-жылдары ушул колхоздун башкарма орун басары болгон. 1995-2000-жылдары Жалал-Абад облусттук агрардык департаментинин бөлүм башчысы жана төраганын биринчи орун басары кызматында иштеген. Андан кийин облустук мамлекеттик администрациясында сектор башчы, 2000-2005-жылдары КРнын ЖКнин депутатынын коомдук кеңешчиси болуу менен 2004-жылы мамлекеттик кыймылсыз мүлктү баалоо жана финансылоо боюнча менеджменттик адисттик курсун окуп аяктаган. 2004-2008-жылдары жалал-Абад облусттук мамлекеттик Регистринде мониторинг жүргүзүү боюнча адис болуп иштеген. 2008-2010-жылдары “Интеркоп” кооперативин, ал эми 2010-2015-жылдар аралыгында Сузак райондук мамлекеттик Регистр мекемесин жетектеген. 2015-жылы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси, акими болгон. Андан соң КРнын ЖКинде депуттатын коомдук жардамчысы болуп иштеген. 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору болуп иштөөдө. Көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Мирзахмедов Нурболот - 1978-жылы Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарында туулган. Билими жогорку, 2004-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтун экономист адистиги боюнча аяктаган. Алгач эмгек жолун 1999-жылы мамлекеттик салык инспекциясынын Көк-Жаңгак шаары жана Сузак району боюнча инспектору, 1999 – 2007-жылдары штаттан тышкаркы салыкчы, башкы мамлекеттик салыкчы, бөлүм башчы, Мамлекеттик салык инспекциясынын Аламүдүн району боюнча инспекциясынын жетекчи орун басары болуп иштеген. 2007-2010-жылдары Сузак районунун акиминин биринчи орун басары, ал эми 2010-2015-жылдары Сузак районунун акиминин милдетин аткаруучу жана акими кызматын аркалаган. 

2015-2016-Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын катчылыгында эксперт, 2016- 2018- жылдары КР Эсеп палатасында аудитор, ал эми 2018-20-жылдары КР Өзгөчө кырдаалдар министри болгон. Учурда КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустундагы ыйгарым өкүлү-губернатору кызматында иштөөдө.

Нарматова Гулнура Балтабаевна - 1968-жылы 25-декабрда Сузак районундагы Сузак айылында туулган. Фрунзе политехникалык институтунун “Сүт жана сүт азыктар технологиясы” адистигин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академисынын “Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу” адистигин, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын “Дипломатия” адистигин артыкчылык дипломдору менен аятаган. Нарматова Гулнура эмгек жолун 1991-жылы Алай районундагы Сары-Таш поселугунда орус тили жана адабияты мугалимдигинен баштаган. 1997-1998-жылдары Ош шаарынын №2533 аскердик бөлүгүнүн кызматкери, андан кийин 1998-2003-жылдары Жалал-Абад жана Ош областтык мамлекеттик администрацияларында ар кандай жооптуу кызматтарда, 2003-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин башкармалыктарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген.          2007-жылдан ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кадр кызматы башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын РФнын Екатеринбург шаарындагы Башкы Консулдугунун Консулу, Кыргыз Республиканын РФын Екатеринбург шаарындагы Убактылуу Ыйгарым Укуктуу өкүлү кызматтарын аркалап, биздин өлкөнүн жана жарандардын Россия Федерациясындагы укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп келди. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук Кызмат Департаментинин Кенешчиси. “2-класстагы кенешчи” дипломаттык рангынын жана “Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кенешчиси” класстык чининин ээси.


Сатаров Аскарбек – 1941-жылы, Сузак районунун Кызыл-Суу айылында туулган. КРнын айыл чарбага эмгек сиңирген кызматкери. 1970-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институтун бүтүргөн. 1970-72-жылдары Талас облусунун Киров районунун чарбаларында агроном, Сузак районунда агроном, ал эми 1974-92-жылдары Фрунзе атындагы колхоз башкармалыгынын төрагасы кызматтарын аркалаган. Сузак райондук айыл чарба башкармалыгын жетектеп, 1995-2002-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары болуп иштеген. 

Сооронбаев Токтогул Полотович – 1951-жылы, Сузак районунун Барпы айылында туулган. 1977-жылы Бишкек политехникалык институтун бүткөн. 1977-80-жылдары Жалалабаттагы жер казуучу техникаларды оңдоо заводунда инденер-механик, 1980-89-жылдары Кочкоратадагы “Анар” заводунда, Ноокен районундагы “Бирдик” адистештирилген чарбасында, “Москва” колхозунда башкы инженер, 1995-98-жылдары Жалалабат облустук кеңештин төрагасы, райондук айыл чарба техникалык бирикмесинин директору, керек-жарак коомунун төрагасынын орун басары, “Ынтымак” совхозунун директору, облустук айыл чарба бирикмесинин генералдык директору, облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары болуп иштеген. 

Тургунбаев Ойрот 

Медицина илимдеринин кандидаты Тургунбаев Ойрот 1934-жылы, Сузак районунун  Сафаровка айылында туулган. 1959-жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтун, 1964-жылы аспиратураны бүтүргөн. Эмгек жолун 1959-жылы аймактык медицина институтунда, илимий кызматкер болуп иштеп баштаган. Андан кийин, ушул эле институтта окумуштуу-секретарь болгон. 1965-1979-жылдары профсоюздардын курортторунун республикалык башкармасынын төрагасынын орун басары, төрагасы, Кыргызстан КП БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн сектор башчысы, 1972-1979-жылдары Кыргыз ССР Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары, 1979-жылы кыргыз ССР Саламаттык сактоо министри болгон. Андан кийин Афганистан Республикасынын өкмөтүндө кеңешчи-консультант болуп иштеген.  Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты. 

Текенов Шамшы 

1936-жылы Сары-Булак айылында туулган. 1959-жылы Бишкектеги политехникалык институтту аяктаган.  Эмгек жолун 1959-82-жылдары  Түштүк Кыргызстан геол. экспедициясында баштап, геолог, улук геолог, начальник, экспедициянын геология бөлүмүнүн начальниги, экспедициянын начальнигинин орун басары болгон. 1982–87-жылдары Чаткал геол. экспедициясынын начальниги, 1987-89-жылдары Кыргыз ССР геология башкармалыгынын начальнигинин орун басары – башкы инженери,1989-92-жылдары «Кыргызгеология» өндүрүштүк бирикмесинин Генералдык директору болуп иштеген. Ал эми эгемендик жылдары  (1992-95), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик геология комитетинин төрагасы кызматын аркалаган. Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери, медалдар менен сыйланган. «КРнын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген наам ыйгарылган.

Турдалиев Каттабек - 1946-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган. Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын эмгек сиңирген кызматкери. 1973-жылы Токмок шаарындагы Токмок айыл чарба техникумунун энергетика бөлүмүн аяктаган. Ошол эле жылы Сузак РЭСинин Октябрь бөлүмчөсүнө электр монтер кызматына орношот. 1974-жылы Каттабек Турдалиевдин демилгеси менен Октябрь электро тармактар бөлүмчөсү, Сузак РЭСтен бөлүнүп, өз алдынча Көк-Арт РЭСи болуп уюшулуп, өзү жетекчи болуп дайындалат. Турдалиев Каттабектин демилгеси жана жетекчилиги менен, жаңы жерге, заманбап имарат курулуп, жумуш кабинеттери, кенен диспетчердик башкаруу бөлмөлөрү менен, короо-жайы кең, керектүү өндүрүштүк оңдоо шарттары болгон цехтер уюшулуп, 1996-жылы ишке берилген. 2010-жылга чейин, Көк-Арт РЭСинин жетекчиси болуп 36 жыл эмгектенген. Ишиндеги жетишкендиги үчүн Көк-Арт РЭСинин жетекчиси Турдалиев Каттабекке Президенттин Жарлыгы менен энергеттика тармагында үзүрлүү эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын эмгек сиңирген кызматкери” деген мамлекеттик жогорку наам ыйгарылган. “2000-жылдын мыкты инсаны”, 2004-жылкы Сузак районунун “Ардактуу атуул” наамдарынын ээси. Көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган. Жогорку билимдүү экономист.


Темирбаева Тамара

 КМУнун юридикалык факультетин аяктаган. Ош шаардык сотунун төрайымы жана Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары кызматында эмгектенген.

Темирбаев Курманбек

 Коомдук ишмер, КМУнун экономика факультетин аяктаган, КРнын Президентинин администрациясынын иш башкаруучусу болуп иштеген. 

Үкүбаев Нармамат – 1905-жылы, Сузак районунун Сокуташ айылында туулган. 1939-жылы Ташкендеги коммунисттик окуу жайын бүткөн. 1924-28-жылдары Базаркоргон районунун Могол айыл өкмөтүндө катчы, мектепте мугалим, 1933-35-жылдары Могол, Ноокен айыл өкмөттөрүнүн төрагасы, 1940-45-жылдары Алабука, ал эми 1946-49-жылдары Ачы райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. Кийин Ачы районундагы колхоздордун башкармасынын төрагасы болгон.

Оморова Максуда

1950-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган. Юридика илиминин кандидаты. 1967-жылы Октябрь кыштагындагы Мичурин атындагы орто мектепти аяктаган. Жогорку билимдүү. Эмгек жолун 1967-жылы Сузак районунун эл сотунда катчы болуп иштеп баштаган. Андан кийинки жылдары Сузак райондук прократурасында кеңсе башчы, ДОЗдо юрист, Сузак райондук нотариалдык конторасында мамлекеттик нотариус, областтык коллегияда адвокат, Чүй областынын прократурасында бөлүм прокурору, Биринчи май районунун сотунун судьясы, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары, граждандык коллегиянын төрайымы, 2006-жылдары бери Ленин райондук сотунун төрайымы болуп эмгектенген. 


Омошев Эрмек Алянович

 Ал 1973-жылы Сузак районунун Кара-Алма айылында туулган. Ошол айылдагы №44-мектепти аяктап 1996-жылы Кыргыз агрардык академиясын артыкчылык менен аяктаган. Эмгек жолун Жалал-Абад мамлекеттик универститетин “майлардын технологиясы” факултетинде инженер болуп иштөө менен баштаган. Аспирантураны ушул окуу жайдан окуп бүтүп, 1998-2009-жылдары ЖАМУнун “механика” кафедрасында мугалим болуп иштеген. 2003-2005-жылдары Көк-Арт мамлекеттик үрөөнчүлүк чарбасын, 2010-13-жылдары Таза-Дан дыйканчылык чарбасын жетектеген. 2012-17-жылдар аралыгында Кара-Алма айылдык кеңешинин депутаты жана депуттар кеңешинин төрагасы, ошондой эле Сузак районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын төрагасы болгон. Ал эми 2017-жылдан бери Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, акими болуп иштеп келүүдө.


Энназаров Таалайбек 

1962-жылы Сузак районундагы Кара-Алма айылында туулган. Билими жогорку. Кыргыз Айыл чарба институтун аяктаган. Эмгек жолун Кыргыз айыл чарба министрлигинин илимий тажрыйба борборунда агроном болуп иштөдөн баштаган. Ал көп жылдар бою жаштар комттетинде иштеген. Комсомолдун Сузак райкомунун инструктору, бөлүм башчысы жана райкомдун биринчи секретары болгон. Кийинки жылдарда ал мамлекеттик кызматтарда үзүрлүү иштөө менен ал өзүн профессионал адис, иш билги жетекчи катары көрсөтө алды. Жалал-Абад шаардык мэриясында аппарат жетекчиси, Сузак райондук мамлекеттик администрациясында акимдин орун басары, агрардык өнүктүрүү департаментинин директору болгон. 2005-2008-жылдары ал Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчиси болуп иштеген. 2008-жылдары Жалал-Абад шаардык кеӊешинин төрагасы болуп иштеген. Учурда айыл чарба министрлигинде эмгектенет.

(Ы. Жабировдун жана С. Стамбековдун материалдары)