Айылдык аймактар

Депутаттар

  • СССРдин депутаттары

Сабиров Сатыбалды - 1926-жылы Сузак айылында туулган. 1970-74-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1955-жылдан Сузак районундагы Коммунизм колхозунун пахтачылык бригадасында бригадир болуп эмгектенген. Ысымы райондогу өзүнүн менчик лицей мектебине ыйгарылган. 

Сулайманова Рысбү - 1933-жылы, Сурак району, Кызыл-Суу айылында туулган. 1974-79-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты. 1947-жылдан баштап Сузак районунун Октябрь жүзүмчүлүк совхозунда жумушчу, ал эми 1982-жылдан саанчы болуп иштеген. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери, медалдар менен сыйланган. 

Сариков Сатыбалды – 1926-жылы, Сузак районунун Сузак айылында туулган. СССР Жогорку Советинин депутаты (1970-74). 1955-жылдан Сузак районундагы Коммунизм колхозунун пахтачылык бригадасында бригадир болуп эмгектенген. Ысмы райондогу өзүнүн менчик лицей-мектебине ыйгарылган. 

Орунбекова Бегайым - 1957-жылы, Көк-Жаңгак шаарында туулган. СССР Жогорку Советинин депутаты (1989), Москвадагы бүткүл союздук айыл чарба техникумун бүткөн. 1975-78-жылдары Сузак районундагы “Октябрь” жүзүмчүлүк совхозунда жумушчу, 1978-96-жылдары сүт-товар фермасында саанчы болуп иштеген. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1985). 3-даражадагы Эмгек даңкы ордени жана медалдар менен сыйланган.

Суранбаев Камбаралы (1894-1953) - Сузак району, Орто-Азия айылында туулган. 1937-50-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучулардан, Жалал-Абад облустук аткаруу комитетинин төрагасы (1939), 1928-31-жылдар арасында Сузак районунун аймагында комсомолдук партиялык ячейкаларды уюштурган, 1931-жылы “Орто Азия” колхозун уюштуруп, колхоз башкармасынын төрагасы болгон. Кызыл-Туу айыл кеӊешин түзгөн. Кыргыз ССР дыйканчылыгынын эмгек сиӊирген устаты. 2 жолку Ленин, 2 жолку Эмгек Кызыл Туу жана “Ардак Белгиси” ордендери менен сыйланган. 

  • Кыргыз ССРнин депуттары

Абдрасулова Тутикан 1939-жылы Сузак районунун, Сузак айылында туулган. 1975-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1955-жылдан Сузак районундагы “Москва” атындагы колхоздо иштеген. 

Анарбаев Кадырбек – 1928-жылы Сузак району, Багыш айылында туулган. 2000-жылы ошол эле жерде дүйнөдөн кайткан. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Токтогул ГЭСин курууга жигердүү катышкан. Ленин ордени менен сыйланган. 

Арзыкулова Турат - 1924-жылы  Сузак районунун Багыш айылында туулган.  1975-80-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болгон. 1940-63-жылдары “Ленин жолу” колхозунда колхозчу, 1963-жылдан Сузак районундагы “Дружба” совхозунда тамеки өстүрүүчү бригаданын бригадири болуп иштеген. Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган.

Арзыматова Амирахан - 1921-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган. 1955-59-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1940-жылдан Сузак районундагы Ачы колхозунда колхозчу болуп эмгектенген. Көптөгөн медалдар менен сыйланган. 

Атабеков Сайпидин - 1911-жылы Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында туулган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1967-80). Эмгек жолун 1929-жылы Көк-Жаңгак шахтасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1941-45-жылдары Ата Мекендик согушка катышкан. 1945-62-жылдары Кыргызстан КПсынын Жалал-Абад обкомунун инструктору Үч Терек райкомунун катчысы, Эмгекчилер депутаттарынын Ленин, Токтогул райондук Советтеринин аткаруу комитетинин төрагасы. Партиянын Токтогул райкомунун 1-катчысы, 1962-77-жылдары Сузак районундагы “Эркин” колхоз башкармасынын төрагасы болуп иштеген. Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, “Ардак белгиси”, 3-даражадагы Даңк ордендери, медалдар менен сыйланган. Сузак районунунун Бек-Абад айыл өкмөтүнө ысымы ыйгарылган.

Атажанова Мубарак - 1943-жылы Сузак районунун Сузак айылында туулган. 1971-75-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болгон. Эмгек жолун 1960-жылы Сузак районундагы “Москва” колхозунда колхозчу, 1968-жылдан ушул чарбанын пахта өстүрүүчү бригадасын башкарган. Эмгеги бааланып, орден, медалдар менен сыйланган. 

Ашимова Чыныхан - 1961-жылы Сузак айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1985-90). 1979-жылдан Сузак районундагы Москва колхозунда саанчы болуп иштеген. 

Баймурзаева Калыскан – 1954-жылы Сузак районунун Чөкө-Дөбө

айылында туулган. 1990-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1978-жылы Ош мамлекеттик институтунун педагогика факультетин бүтүргөн. 1978-жылы Ош Мамлекеттик институтунун педагогика факультетин бүтүргөн. 1978-жылдан Сузак районундагы Комсомол мектебинде  мугалим болуп иштеген. 


Балтабаев Маматжан - 1946-жылы Сузак айылында туулган. 1971-75-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1963-жылдан Сузак районундагы Коммунизм колхозунда механизатор болуп иштеген. 

Бекенов Абдикерим – 1950-жылы Сузак районундагы Мундуз айылында туулган. 8 жылдык мектепти аяктагандан кийин 1 жылдык эксковаторчу курсунда окуп, кесипке ээ болгон. 1970-жылдан Сузак районунун Эркин колхозунда механизатор болуп эмгектене баштаган. 1973-жылы ушул эле райондо “Жийде” совхозу түзүлгөндө совхозго эксковаторчу болуп ишке кирген. Ал механизацияда иштөө менен дың жер совхозунун өндүрүшүнүнү өнүгүшүнө ири салымын кошкон. Чарбадагы үзүрлүү эмгектерин өкмөт жогору баалап “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы жана 1988-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1990-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. 

Бекташов Шакир – Көк-Жаңгак шаарында туулган. 1967-жылы Көк-Жаңгак шахтасыфнда жумушчу, өткөөлчү, машинист болуп эмгектенген. 1980-85-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 

Викторопская Надежда – 1936-жылы Сузак районунун Орто-Сай айылында туулган. 1975-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Сузак районундагы “Октябрь” жүзүмчүлүк совхозунда, Жалал-Абад шаардык калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө комбинатында, Жалал-Абаддагы ВЛКСМдин 50 жылдыгы атындагы кийим тигүүчү фабрикада тигүүчү болуп иштеген. 

Исакулов Мухтар – 1921-жылы, Сузак районунун Сузак айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4 жолку депутаты (1951-67). Жогорку билимдүү. Элге билим берүү тармагында, Кыргызстан КПсынын Сузак, Араван, Ноокат райкомдорунда, партиянын Ош облустук комитетинде, КПСС БКнын аппаратында иштеген. 1975-85-жылдары Жалалабат шаардык эл депутаттар кеңешинин төрагасы болгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. 

Карашева Сажида - 1951-жылы Сузак районунун Бек-Абад айылында туулган. 1975-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1970-жылдан Жалал-Абаддагы штепселдик разьемдор заводунда жумушчу болуп иштеген. 

Караев Азимжан - 1923-жылы, Сузак району, Чаӊгырташ айылында туулган.  1959-67-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1939-жылы Сузак районундагы Калинин колхозунда катчы, 1940-41-жылдары Жалал-Абад облустук “Большевиктик жол” гезитинде корректор, Базаркоргон райондук гезитинин жооптуу катчысы болуп иштеген. 1942-жылдан баштап Ата Мекендик согушка катышкан. Согуштан кийин Сузак районундагы мектепте мугалим, 1946-51-жылдары Ачы айылдык элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1952-83-жылдары Сузак районундагы Калинин, Фрунзе, К.Маркс атындагы колхоз башкармалыктарынын төрагасы, пахта даярдоочу ишкананын башчысы болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери, медалдар менен сыйланган.

Караева Амиракан – 1921-жылы  Жалгыз-Жаңгак айылында туулган. Эмгек жолун “Ачы” айылында чарбада эмгектенип, жеңиш үчүн кажыбас кайрат менен иштеген. 1955-жылы кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Бир нече медалдардын ээси. Эмгектин ардагери. 

Камчыбеков Тургунбай – 1943-жылы Сузак районунун Төш-Кутчу айылында туулган. Ал 1971-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган. “Ардак Белгиси”, “Ленин” ордендери менен сыйланган. “Ата Мекендик Согуштун 20 жылдыгы” медалынын ээси. 

Карашева Сажида Кадыровна – 1951-жылы, Сузак районунун Бегабат айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1975-80). 1970-жылдан Жалалабаттагы штепселдик разьемдор заводунда жумушчу болуп иштеген. 

Кондратенко Александр Федорович – 1929-жылы, Сузак районунун Октябрь айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты (1971-80). 1950-жылы Жалалабат шаарындагы пахта өстүрүүнү механикалаштыруу мектебин, 1962-жылы Ташкен партиялык жогорку мектебин бүтүргөн. 1943-50-жылдары Октябрь МТСинде тракторчу, 1955-жылдан Октябрь МТСинин партиялык уюмунун катчысы, партиянын Ош обкомунда инструктор, айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүмдүн башчысы болгон. 1971-77-жылдары. Партиянын Сузак райкомунун 1-катчысы, 1977-87-жылдары Кыргызстан КПнын БКтинде инструктор болуп иштеген. Ал “Отуз-Адыр” пахтачылык жана “Жийде” жүзүмчүлүк совхоздорун уюштурууга жигердүү катышкан. Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, 2 “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган. 

Кутманов Бабур – 1940-жылы, Сузак районунун Алмалы-Булак айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1967-71) . 1960-жылдан Сузак районундагы Карл Маркс атындагы колхоздо чабан болуп иштеген. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери, медалдар менен сыйланган. 

Кубатаев Камалдин - 1952-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган. 1980-жылы 28 жаш курагында Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Орто мектепти аяктагандан кийин, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келип, Жалал-Абад шаардык кесиптик-техникалык окуу жайынан механизатор кесибине ээ болгон. 1972-жылдан Сузак районунун “Дружба” совхозунда тракторчу болуп иштеп баштаган. Бир канча жолу Социалисттик мелдештин жеңичүүсү болуп, КПССтин катарына мүчө болуп кабыл алынган. Кыргызстан 1991-жылы Эгемендүүлүгүн алып, ошого байланыштуу совхоздор таркап кетсе да, механизаторлук кесибин токтотбостон, жаштарга үлгү болуп үзүрлүү эмгектенип келет. Бир канча Республикалык, областтык, райондук Ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган.


 Курбанова Турган – 1910-жылы Сузак району, Ак-Мечит айылында туулган. 1998-жылы Базар-Коргон району, Бешик-Жон айылында дүйнөдөн кайткан. 1951-55-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1928-жылдан Базар-Коргон районундагы “Интернационал” колхозунда теримчи, звено башчы, бригадир, ферма башчысы болуп иштеп, 1941-45-жылдары колхоз башкармасынын жана айыл кеңешинин төрайымы болуп иштеген. “Ардак Белгиси” ордени, медалдар менен сыйланган. 

Курманов Бакбур – 1940-жылы Сузак району, Алмалык айылында туулган. 1967-71-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1960-жылдан Сузак районундагы Карл Маркс атындагы колхоздо чабан болуп иштеген. “Ленин”, Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери, медалдар менен сыйланган. 

Маматова Бегайым - 1949-жылы Октябрь кыштагында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон.  Ош мамлекеттик педагогикалык институтун 1971-жылы бүтүргөн. Эмгек жолун 1971-жылы Октябрь кыштагында Макаренко орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1975-80-жылдар аралыгында мектептин жана мектептен тышкары иштерди уюштуруучу болуп иштеген. 1980-86-жылдары эл депутаттарынын Сузак райондук аткаруу комитетинде маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Айылдык жана райондук кеӊешке бир нече ирет депутат болуп шайланган. 1989-жылдан азыркы мезгилге чейин Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнүн директору болуп иштеп келе жатат. КРнын эмгек сиӊирген мугалими.

Мадаминов Азиз - 1928-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. 1963-67-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1942-48-жылдары Жалал-Абад шаарындагы артелде жумушчу, директордун орун басары, 1955-79-жылдары Базар-Коргон районундагы “Комсомол” колхозунун, Сузак районундагы Ленин атындагы колхоздун башкармасынын төрагасы. 1979-98-жылдары Сузак “Райжибектин” директору, райондук пилла ишканасынын начальниги, “Теңдик” колхозунун башкы агроному болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу, эки Ардак Белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. 

Мамаюсупов Халдарбай - 1928-жылы Сузак району, Жар-Кыштак айылында туулган. 1967-71-жылдары Кыргы ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1944-61-жылдары Сузак районундагы Ленин атындагы колхоздо эсепчи, звенго башчысы, 1961-89-жылдары пахтачылык бригадасынын бригадири болуп иштеген. “Ардак Белгиси” ордени менен сыйланган.

Мамитова Канахатхон - 1963-жылы Сузак району, Күмүш-Азиз айылында туулган. 1985-90-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1981-жылдан Сузак районундагы Ленин атындагы колхоздо колхозчу, тамеки өстүрүүчү болуп иштеген.

Мурзабекова Эркайым - 1941-жылы, Сузак району, Ташбулак айылында туулган. 1971-75-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1956-жылдан Сузак районундагы “Октябрдын 40 жылдыгы” колхозунда колхозчу, 1960-жылдан ушул эле чарбада саанчы болуп иштеген.

Медеров Эрмамат - 1910-жылы азыркы Сузак районунун Кызыл-Кыя айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун биринчи чакырылышынын депутаты болгон. Эмгек жолун 15-16 жашында темир жол мекемесинде иштөөдөн баштайт. 1926-жылдан баштап ички иштер бөлүмүнө которулуп катардагы милиционер болуп иштейт. Катардагы милиция кызматкеринен бөлүм башчысына чейин көтөрүлөт. 1938-1940-жылдары Фрунзе шаарындагы ИИМнин алдындагы Областтар аралык атайын мектебинде окуган. Ошону менен катар Согуш мезгилинде бир топ татаал мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келген. Бир нече мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. 50 жылдан ашуун мезгилде советтик, партиялык, мамлекеттик кызматтарды аркалап, Кыргыз Республикасынын өсүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошкон.

Осмонов Рыскул - 1943-жылы Сузак районунун Жийде айылында туулган. 1975-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1959-жылдан Сузак районундагы “Жийде” совхозунда механизатор, агроном болуп иштеп, дың жерлерди өздөштүрүүгө салым кошкон. Октябрь революциясы,   эки жолу “Ардак Белгиси” ордени менен сыйланган.

Прощай Николай Григорьевич - 1934-жылы Украинанын Днепропетровск облусунун Кривойрог шаарында туулган. 1985-90-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1958-жылы Киев шаарындагы айыл чарба академиясын бүтүргөн. 1958-62-жылдары Базаркоргон районундагы Киров атындагы токой чарбасында токойчу, башкы токойчу-инженер, 1962-64-жылдарда Сузак районунун Кара-Алма токой чарбасынын, ал эми 1964-87-жылдары Октябрь Жүзүмчүлүк совхозунун директору болуп иштеген. Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган. Сузак районундагы Ленин атындагы көчөгө ысмы ыйгарылган.

Рахманова Рисалат - 1950-жылы Сузак району, Лагданкара айылында туулган. 1980-85-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1968-жылдан Сузак районундагы Ленин атындагы колхоздо колхозчулуктан баштаган. 1973-жылдан саанчы болуп эмгектенген.

Рудасов Михаил Ильич – 1930-жылы Чыгыш-Казакстан облусунун Шемонахин районундагы Вавилонка кыштагында туулган. Советтик Армиянын катарында кызмат кылып бүткөндөн кийин, 1955-жылы ал Көк-Жаңгак шаарына келген. Бул жерде шахтага өткөөлчү болуп кирген. 1958-жылы аны жөндөмдүү тоо ишкери катары өткөөлчүлөрдүн бригадири кылып дайындашат. Бул кызматта ал 20 жыл иштеген. Эмгек Кызыл Туу жана Ардак Белгиси ордендери, медалдар менен сыйланган. Ал “Шахтердук даңк” медалынын толук кавалери. Рудасов М.И. ардактуу шахтер, Көк-жаңгак шаарынын ардактуу жараны болгон. 1975-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 

Сабырбаева Райкан - 1946-жылы Сузак районунун Комсомол айылында туулган. 1985-90-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1966-жылдан Сузак районундагы Көк-Арт совхозунда жумушчу, сүт-товар фермасында саанчы болуп иштеген. 

Салимбаева Токтохан - 1953-жылы Сузак айылында туулган. 1975-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Ленин районундагы Комсомол колхозунда колхозчу болуп иштеген. 

Сапарбаева Айгүл – 1941-жылы, Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1971-75). 1958-жылы Сузак районундагы Көгарт совхозунда жумушчу, 1963-жылдан ошол эле чарбада баш чабан болуп иштеген.

Султанбаева Канымбү - 1958-жылы, Сузак району, Багыш айылында туулган. 1985-90-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1974-76-жылдары Сузак районундагы Дружба совхозунда саанчы, 1976-жылдан тамекичи болуп иштеген. 1985-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине, ошол эле убакта облустук советке, райондук советке депутат болуп шайланган. 1986-88-жылдары Оштогу айыл чарба техникумунда окуган. 1988-жылдан 1991-жылга чейин үрөнчүлүк бригадада иштеген. 

Осмонов Рыскул – 1943-жылы, Сузак районунун Жийде айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1975-80). 1959-жылдан Сузак районундагы “Жийде” совхозунда механизатор, агроном болуп иштеп, дың жерлерди өздөштүрүүгө салым кошкон. Октябрь революциясы, 2 “Ардак Белгиси” ордени менен сыйланган.

Өмүрзаков Дөлөн - 1927-жылы Сузак районунун, Багыш айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1963-75). 1978-жылы Лениграддагы Мегафт атындагы мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. 1952-жылдан Кыргызстандын дене тарбия жана спорт уюмдарында эмгектенген. 1959-84-жылдары Кыргыз ССР министрлер советинин алдындагы спорттук коомдор жана уюштуруу советинин, дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы болуп иштеген. КРнын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1993). Эл достугу, 3 жолку “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдары менен сыйланган. Бишкек шаарындагы борбордук стадионго ысмы ыйгарылган.

Таирова Гүлайым - 1930-жылы Сузак району, Кара-Дарыя айылында туулган. 1971-75-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1947-71-жылдары Сузак районундагы Фрунзе атындагы колхоздо колхозчу, звено башчы, ал эми 1972-80-жылдары пахтачылык боюнча бригаданын бригадири болуп иштеген. Кыргызстан КП БКнын мүчөсү (1976) болгон. Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордени, медалдар менен сыйланган.

Тагаева Нуриса Жолборсовна – 1960-жылы, Сузак районунун Серный Рудник айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1980-85). Эмгек жолун 1975-жылы Сузак районундагы “Москва” колхозунда баштаган. 

Тажибаева Зулпияхан – 1925-жылы, Сузак районунун Чөкөдөбө айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты (1959-67). 1943-94-жылдары Сузак районунун “Кызылмехнат” колхозунда пахта өстүрүүчү звенонун башчысы, бригадири, кийин пиллачылык бригадасынын бригадири болуп эмгектенген. СССР Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн күмүш (1965), алтын (1964) медалдарына ээ болгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. 

Тойтукова Ирсалат Жээнбековна – 1954-жылы, Сузак районунун Көкжаӊгак шаарында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1980-85). 1972-жылдан Жалалабат штепселдик тетиктер заводунда токарь болуп иштеген. 

Ташиева Уулкан Хакимовна - 1956-жылы, Сузак району, Ырыс айылында туулган. 1985-90-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1974-78-жылдары Сузак районундагы Ленин атындагы колхоздо саанчы, ал эми 1978-жылдан Барпы атындагы колхоздун сүт-товар фермасында саанчы болуп иштеген. 

Турдубаев Жээнбек - 1940-жылы, Сузак районунун Кара-Март айылында туулган.  1985-90-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1965-жылы айыл-чарба институтун бүткөн. 1965-жылы Өзгөн районундагы “Алга” совхозунда зоотехник, 1967-86-жылдары Ленин районунун Энгельс атындагы колхоздун, райондук айыл чарба башкармасынын башкы зоотехниги, Ленин райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, о.э. партиялык жооптуу кызматтарда, 1986-жылдан Кыргызстан КП БКда бөлүм башчы, партиянын Ноокат райкомунун 1-катчысы, КРнын айыл чарба министринин орун басары болуп иштеген. “Ардак Белгиси” ордени менен сыйланган. 

Турдукулова Саламат – 1947-жылы, Сузак району, Багыш айылында туулган. 1975-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1966-жылдан Сузак районундагы “Октябрь” жүзүмчүлүк совхоз-комбинатында иштеген.

Төрөгелдиев Бегимкул - 1934-жылы Сузак районунун Жалгыз-Жаӊгак айылында туулган. 1975-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1958-жылы Кыргызстан айыл чарба институтун бүтүргөн. 1958-63-жылдары Сузак районундагы “Көк-Арт” үрөнчүлүк чарбасында агроном, 1963-74-жылдары “Көк-Арт” совхозунун бөлүм башкаруучусу, башкы агроном, директор, партиянын Сузак райкомунун 2-катчысы, Кыргызстан КПнын Ош обкомунун айыл чарба бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1974-87-жылдары партиянын Алабука, Ноокен, Нарын облусунун Ак-Талаа райкомдорунун 1-катчысы, 1987-94-жылдары Карасуу районундагы “Отузадыр” совхозунда директор, 1998-жылдан Жалал-Абад облустук ардагерлер кеӊешинин төрагасы болуп иштеп келе жатат.

Устимов Анатолий Иванович - 1940-жылы, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында туулган. 1971-75-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1956-67-жылдары Көк-Жаңгак шаарында чалгындоо экспедициясында слесарь, Көк-Жаңгак шахтасында бекемдөөчү, өткөөлчү, 1967-жылдан өткөөлчү бригадасында звено башчы болуп иштеген.

Үсөнов Жуманазар - 1936-жылы, Сузак районунун Кыргызстан айылында туулган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн. 1961-97-жылдары Сузак районунун Кара-Алма, Октябрь айылдык ооруканаларында врач, бөлүм башчы, башкы врачы болуп эмгектенген. Көптөгөн медалдар менен сыйланган. 

Усенов Сами - 1932-жылы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине 1963-жылы депутат болуп шайланат. Көк-Арт айылындагы Кызыл-Октябрь төрт жылдык мектепти бүтүрөт. Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу окуусун улантпай, Көк-Арт айылындагы Кызыл Октябрь колхозунда жаштайынан эмгектенет. 1951-жылы колхоздор ирилешип Кызыл Октябрь колхозу Октябрь айылындагы “Красный Октябрь” колхозуна кошулганда, ошол колхоздо чабан болуп иштейт. Үзүрлүү эмгеги өкмөт тарабынан жогору бааланып, “Урал” мотоцикли, “Жигули” автомашинасы менен сыйланган. Көптөгөн орден, медалдардын ээси.


Хакимова Турсунхан – 1924-жылы Сузак районунда туулган. 1971-75-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Кыргызстан КП БКга караштуу мектепти (1953), Ташкендеги жогорку партиялдык мектепти бүткөн. 1942-53-жылдары Сузак районунда мугалим, партиялык кызматтарда, 1953-65-жылдары Кыргызстан КП Жалал-Абад облустук комитетинде инструктор, партиянын Сузак райкомунун катчысы, Сузак өндүрүштүк колхоз-совхоздук башкармасынын партиялык комитетинин бөлүм башчысы болуп иштеген. 1965-71-жылдары Ленин (Ноокен) райондук аткаруу комитетинин төрагасы, 1971-жылдан Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 

Чойбеков Данияр – 1925-жылы Сузак районунун Таштак айылында туулган. 1975-85-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки жолку депутаты болгон. СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1950-жылы Сузак районундагы “20-партсьезд” колхозунда чабандын жардамчысы. 1950-жылдан Барпы атындагы колхоздо башкы чабан болуп эмгектенген. “Ленин”, “Октябрь Революциясы”, “Эл достугу” ордендери, көптөгөн медалдар менен сыйланган. 

Эгембердиев Култек   - 1988-жылы Сузак районунун Кара-Булак айылында туулган. Эки жолу Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Эмгек жолун 1918-жылдан 1930-жылга чейин Совет мамлекетин түзүү үчүн күрөшүүчү ыктыярдуу кызыл отрядында катардагы кызматкер болуп баштаган. Кийин анын командири болгон.  1931-35-жылдары жаңыдан уюшулган “Кара-Булак” айыл чарба артелинин башкармасынын, Кара-Алма айылдык советинин төрагасы болгон. 1937-41-жылдары Жалал-Абад облусунун Октябрь райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Кийинки жылдарда ал “Орток” токой чарбасынын директору, Кара-Алма айылдык кеңешинин төрагасы болуп иштеп жүрүп эс алууга чыккан. “Кызыл Жылдыз”, “Ардак Белгиси” ордендери менен сыйланган. 

Юлдашева Нуртажи – 1948-жылы, Сузак районунун Акбаш айылында туулган.  1971-75-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1967-77 –жылдары Сузак районунун Карл Маркс атындагы колхозунда колхозчу, бригадир, ал эми 1977-96-жылдары Лейлек районунун “Кулунду” колхозунда пахта пилла бригадаларынын бригадири болуп иштеген. “Ардак белгиси” ордени жана медалдар менен сыйланган.

Юнусов Алимжан – 1926-жылы, Сузак районунун Сузак кыштагында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты, СССР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер. 1943-жылы айылдык керек-жарак коомунда (сельподо) сатуучу, эсепчи. 1943-51-жылдары экспедитор, айылдык дүкөн башчысы, соода бөлүмүнүн башчысы, 1952-54-жылдары Сузак районундагы Шарап базасында директор, 1954-60-жылдары айылдык керек-жарак коомунда башчы, ал эми 1960-96-жылдары “Коммунизм” колхоз башкармасынын төрагасы болуп иштеген. 2 жолу Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар менен сыйланган. 

Кыргыз Республикасынын ЖКнин депутаттары.

Ажыкулов Сатыбалды – 1940-жылы Сузак районунун Бек-Абад айылында туулган. 1990-95-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 1967-жылы Түркмөн мамлекеттик айыл-чарба институтунун инженер-механика факультетин бүтүргөн. 1967-76-жылдары Өзбек Республикасынын Анжиян суу-курулуш башкармасында инженер, башкы механик, начальниктин орун басары болуп иштеген. 1978-95-жылдары Ош облусунун Кара-Суу районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун башкармасынын төрагасы болгон. 1995-98-жылдары Жалал-Абад айыл-чарба департаментинин директорунун орун басары болгон. 1998-жылдан Сузак районундагы “Бирдик” мамлекеттик үрөн чарбасынын жетекчиси. 

Арабаев Автандил Анисович - 1962-жылы 11-августта Жалал-Абад шаарында туулган. 1981-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1986-жылы Фрунзедеги орус тили жана адабияты институтун, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.  Эмгек жолун 1986-жылы Фрунзедеги орус тили жана адабияты институтунда мугалим болуу менен баштаган. 1987-89-жылдары Кыргызстан ЛКЖСнын катчысы, 1990-95-жылдары “Салым“ ӨКФнын директору, 1995-96-жылдары Кыргыз Республикасынын Балдар жана өспүрүмдөр уюмдар союзунун жооптуу катчысы. 1996-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аппаратынын укук консультанты, сектор башчысы, бөлүм башчысынын орун басары. 2003-2005-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясына караштуу Мыйзам чыгаруу жана салыштырма укук таануу институтунун директору. 2006-2007-жылдары – Кыргыз-Казак укук жана мамлекеттик кызмат академиясынын кафедра башчысы болуп эмгектенген. КРнын Жогорку Кеңешинин 4-6-чакырылыштарынын депутаты. КРнын конституциялык укук проблемалары боюнча 5 монографиянын, 2 окуу китебинин, 60тан ашуун макалаларынын автору. 1986-жылы “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалы менен сыйланган. Юридика илимдеринин доктору жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.

Арапбаев Азамат - 1970-жылдын Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1993-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинине карашту Дипломатиялык академияны бүтүргөн. Эмгек жолун 1993-жылы «Ош-Интур» туристтик фирмасынын директорунун орун басары болуп иштөөдөн баштаган. 1996-жылдан 1999-жылга чейин - Кыргызстан боюнча “MalabarTradingGoLTD” компаниясынын директорунун орун басары болгон. 1999-2000-жылдары - «Талас-Ош» ЖЧКсынын директорунун орун басары. 2002-2003-жылдары – «Ош-Арагы» ЖЧК компаниясынын жетекчиси. 2003-жылдан 2004-жылга чейин «Алтын-Суу» АКнун башкармасынын төрагасы болуп иштеген. 2004-2008-жылдарры - «Даннур-Юг» ЖЧКнун, 2005-2008-жылдары «Түштүк курулуш материалдар комбинаты» ЖЧКнын башкы директору болуп эмгектенген. 2000-2005-жылдары - Ош облустук кеңешинин депутаты, 2007-2008-жылдары - Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2008-2020-жылдар аралыгында   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV-V-VI- чакырылыштарынын депутаты кызматын аркалап келүүдө. Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси. КР энергетикасынын отличниги.

Арапбаев Асилбек - 1969-жылы 27-апрелде Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган. 1986-жылы Мичурин атындагы орто мектебин, 2010-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин финансы-кредит факультетин аяктаган. 1989-2007-жылдары Ж. Бөкөнбаев атындагы Октябрь балдар үйүнүн камсыздоо бөлүмү боюнча директордун орун басары, 2007-2010-жылдары «Торпу» фермердик чарбанын жетекчиси, 2010-2012-жылдары «Октябрь Таза-Суу» ишканасынын жетекчиси, 2012-2014-жылдары ӨКМнин МБР2С жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген. Багыш айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2015-жылы КРнын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.

 

Асанов Бектур Жантөрөевич - 1969-жылы Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган. 1976-жылы Чапаев атындагы орто мектебине кирип, 1986-жылы аяктаган. 1987-жылдан 1990-жылга чейин Советтик Армиянын Аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн. 1990-95-жылдары КМУнун филология факультетинде окуган. 2000-жылы №27-Кызыл-Туу шайлоо округунан КРнын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу палатасына депутаттыкка шайланган. Депутат кезинде көптөгөн мыйзамдардын иштелип чыгышына жигердүү катышып, айрыкча эне тилибиздин сакталып, калыптануусу үчүн зор салым кошкон. КРнын Дене тарбия жана спорт, жаштар саясаты, балдарды коргоо мамлекеттик агенттигинин директору, КРнын Пакистан өлкөсүндөгү элчиси кызматында жана Жалал-Абад облустунун губернатору болуп иштеген. 

Баймуратов Калдарбек - 1959-жылы Барпы айылында туулган. 1981-жылы Фрунзе шаарындагы политехникалык институтту бүтүргөн. Эмгек жолун 1981-жылы комсомолдун Жалал-Абад шаардык комитетинде инструктор болуп иштөөдөн баштаган. 1984-86-жылдары Бишкек шаардык “Водоканал” ишканасынын башкаруучусу, 1986-89-жылдары партиянын Жалал-Абад шаардык комитетинде инструктор, 1989-96-жылдары “Айыл курулуш” ААКнун вице-президенти, 1998-2002-жылдары Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болгон. 2002-2004-жылдары КРнын Премьер-министринин Маалымат жана коммуникация иштери боюнча кеңешчиси, 2005-10-жылдары КРнын Президенттик администрациясынын инспектору,  кадр маселеси боюнча бөлүм башчы кызматтарында иштеген. Учурда “Республика-Ата журт” саясий партиясынан КРнын ЖКнин 6-чакырылышынын депутаты. КРнын мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматкери, Муниципалдык кызматтын отличниги. 

Батыралиев Тыныбек - 1931-жылы Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылында туулган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1990-95). 1955-69-жылдары Сузак районундагы “Шыбакбел” керек-жарак коомунда дүкөнчү, экономист, 1969-91-жылдары Карл Маркс атындагы колхоздун экономисти, текшерүү комиссиясынын төрагасы, колхоздун башкармасынын төрагасы болгон.

Курманбек Бакиев - 1949-жылы Сузак районунун Күмүш-Азиз айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1966-жылы орто мектепти аяктаган соң,  Куйбышев шаарындагы политехникалык институтка тапшырып, электрондук эсептөө машиналары адистиги боюнча аяктаган. 1974-76-жылдары аскердик кызмат өтөгөн. 1979-жылга чейин Куйбышев шаарында заводдо жумушчу, инженер- электромеханик болуп иштеген. Кийин Жалал-Абаддагы штепселдик ажыраткычтар (ШР) заводунда бөлүмдүн начальниги, башкы инженердин орун басары, андан кийин Көк-Жаңгак шаарындагы “Профиль” зафодунда директор, кийин партиянын шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. 1991-жылы эл депутаттарынын Жалал-Абад областтык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланган. 1992-95-жылдары Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, КРнын мамлекеттик Мүлк фондусунун төрагасынын орун басары. Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматтарында иштеген. , 1995-2002-жылдары  Жалал-Абад, Чүй областтарынын губернатору, КРнын Премьер-министри болуп эмгектенди. 2002-жылдын октябрында №15 Ала-бука шайлоо окуругунан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ал эми  2005-жылдагы Март революциясынан кийин КРнын Президентинин милдетин аткаруучу, КРнын Премьер-министри болуп иштеген. 2005-жылдын 10-июлунда өткөн Президенттик шайлоодо КРнын Президенти болуп шайланган. 2010-жылдагы революциядан кийин үй-бүлөсү менен Белоруссия мамлекетине чыгып кеткен. К. Бакиевке революциядан кийин жаңы бийлик тарабынан көптөгөн саясий жана корупциялык иштер сыртан козголуп, 24 жылга эркинен ажыратылган. Учурда Минск шаарында жашайт.

Бакиев Маратбек Салиевич - 1963-жылдын Жалал-Абад шаарында туулган. Эмгек жолун 1982-жылы Жалал-Абад шаарындагы штепселдик ажыраткычтар заводунда слесарь болуп иштөөдөн баштаган. Армиядан кийин шаардагы сүт заводуна слесарь болгон. 1991-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрүп, 1997-жылга чейин ушул эле университеттин юридикалык факультетинин окутуучусу, декандын орун басары, кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтутун директорунун орун басары болуп иштеген. 1997-жылдын ноябрында №7 Сузак Макмал округунан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Парламентте Эл аралык иштер жана парламенттик байланыштар комитетин жетектеген. 2001-2002-жылдары башкы прокуратуранын Прокурордук тергөө кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу борборунун, андан кийин Юстиция министрлигинин астындагы сот департаментинин директору болгон. Юстициянын биринчи класстагы кеңешчиси. 2005-жылдан бери КРнын Германия Федеративдүү Республикасында атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген. 2010 – жылы апрель революциясынан кийин М. Бакиевке дагы сыртынан иш козголуп, издөөгө алынган.

Бекенова Зулхабира - 1953-жылы Керек айылында туулган. 1977-жылы кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. Эмгек жолун Жалал-Абад шаардык ооруканада врач-терапевт болуп иштөөдөн баштайт. Кийинчерээк шаардык поликлиникада 2000-жылга чейин эмгектенет. Андан соң “Нур-Медик” медициналык борборунда адистиги боюнча өз милдетин улантат. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. 

Жолдошов Кубанычбек - 1960-жылы, Сузак айылында туулган. КРнын мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (2000). 1982-жылы КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. 1984-87-жылдары Ош облустук мамлекеттик ишканаларды материалдык жабдуулар менен камсыздандыруу мекемесинин Жалал-Абаддагы ишканасынын экономисти, начальниги, 1987-91-жылдары Кыргызстан КПнын Жалал-Абад шааркомунун инструктору, шаардык аткаруу комитетинин пландоо комиссиясынын төрагасы, 1992-94-жылдары Жалал-Абад шаардык Эл депутаттар советинин төрагасы, шаардык мамлекеттик администрациясынын төрагасынын орун басары. 1994-96-жылдары Көк-Жаңгак шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы. 1997-2000-жылдары Жалал-Абад шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2002-2003-жылдары Ош облусунун губернатору, ал эми 2005-жылдан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 

Жээнбеков Сатыбалды - 1952-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган. Россиянын Мичуринск шаарындагы педагогикалык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Сузак районундагы Пушкин атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштап, директорлук кызматка чейин көтөрүлгөн. 1982-92-жылдары республикалык мамлекеттик телерадио комитетинде диктор, профкомдун телерадиокомитетинин төрагасы, 1992-95-жылдары КРнын социалдык жактан коргоо министринин орун басары болуп иштеген. 1995-жылы КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 

Исаков Музаффар Ахматходжаевич - 1982 жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылында туулган. Жогорку билимдүү, Жалал-Абаддагы Элдердин Достугу университетинен 1999-2005-жылдары билим алып, «Финансы жана кредит» адистигине ээ болгон. Эмгек жолун 2001- жылы Таш-Булак айылдык жаштар комитетинин төрагасы болуп иштеп баштап, Таш-Булак айыл өкмөтүндө инвестиция тартуу адиси, андан кийин мектеп директору болуп иштеген. Ал эми 2010-2015-жылдары Таш-Булак айылдык аймагынын башчысы болуп иштеген. Жергиликтүү кеңешке эки жолу депутат болуп шайланган. 2016-2018-жылдары СДПК саясий партиясынын тизмеси менен КРнын Жогорку Кеңешинде депутат болгон.  Орус, кыргыз, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. Үч баланын атасы

Исманов Касым - 1955-жылы, Сузак районунун Үлгү кыштагында туулган. 1992-94-жылдары КРнын Жогорку Советинин депутаты болгон.  Бишкек политехника институтун 1975-жылы бүтүруп, эмгек жолун Сузак районундагы Барпы атындагы колхоздо иштөөдөн баштаган. 1981-85-жылдары Политехникалык институтта инженер-конструктор, кенже илимий кызматкер, окутуучу болуп иштеген. 1985-90-жылдары Жалал-Абад шаарындагы штепсельдик разьем заводунда бөлүм башчы, партиянын Жалал-Абад шааркомунда инструктор, 1990-жылдан Жалал-Абад шаардык аткаруу комитетинин депутаттар советинин төрагасы. 1992-98-жылдары Жалал-Абад, Каракол шаарларынын мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеген. 1998-2003-жылдары “Кыргызмунайгаз” акционердик коомунун башкармасынын төрагасы кызматын аркалаган.

Икрамов Тазабек - 1974-жылдын 16-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Сеӊир айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия  жана спорт институтун «Дене тарбия  мугалими» адистиги боюча, 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1998-2000-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тартбия  жана спорт институтунун  Жалал-Абад облусундагы  филиалында дене тарбия мугалими болуп иштөө менен баштаган. Ал эми 2000-2007-жылдары жеке ишкердик менен алектенет. 2007-2010-жылдары «Элдик чындык» коомдук фондун төрагасы. 2010-2011-жылдары КР Соода жана өнөр-жай палатасынын Кытай Элдик Республикасындагы өкүлү, 2011-2012-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциянынбашкы директорунун кеӊешчиси. 2015-жылдын 4-октябрында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына шайланган. Учурда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.

Касымов Камбаралы - 1952-жылы, Сузак районунун Барпы айылында туулган. КРнын Жогорку Кеӊешинин Эл өкүлдөр жыйынын депутаты (2000-жылдан). 1980-жылы Кыргызстан айыл-чарба институтун бүткөн. 1973-91-жылдары Сузак районунун Барпы атындагы колхозунда колхозчу, лаборанты, колхоз башкармасынын төрагасы, башкы агроном, ревизиялык комиссиянын төрагасы болуп иштеп, кийин Кыргызстан КП Сузак райкомунун инспектору, Барпы атындагы колзоздун парткомунун катчысы, “Сузак” совхозунун директору болуп иштеген. 1991-жылдан Барпы атындагы колхоз башкармасынын, дыйкан чарбасынын төрагасы болгон. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары жана статс-катчысы болгон. 

Маматов Самаган - 1950-жылы  Сузак районунун  Көк-Арт айылында туулган. КРнын Жогорку Кеӊешинин депутаты (2000-жылдан). 1972-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. 1972-1986-жылдары Жалал-Абад шаарында, райондор аралык айыл чарба химия ишканасында агроном, ишкананын директору, 1986-1992-жылдары Ош областтык агроөнөржайынын, Жалал-Абаддагы райондор аралык бөлүмүнүн, Жалал-Абад областтык “Агро жабдуу техсервис” бирикмесинин жетекчиси, 1992-жылдан “Жалал-Абад айыл чарба химия” акционердик коомунун төрагасы болуп иштеген. 


Назаров Айтмамат - 1972-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Март айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, 1994-жылы кыргыз мамлекеттик университетин "экономист" адистиги боюнча окуп бүтүргөн. Алгач эмгек жолун 1994-жылы Жалал-Абад Коммерциялык институтунда окутуучу болуп баштаган. 1997-1998-жылдары Ош шаардык мэриясында башкы бухгалтер, 1998-2000-жылдары Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында башкы адис, 2000-2001-жылдары Жалал-Абаддын облустук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, ал эми 2001-2003- жылдары болсо Жалал-Абад облусттук мамлекеттик администрациясынын бөлүм башчысы болуп иштеген. Андан соң 2003-2006-жылдары Базар-Коргон районунун акиминин орун басары жана биринчи орун басары болгон. А. Назаров 2006-2007-жылдары Ош шаарындагы "Ак каz" (Арак заводу) ЖЧКсынын, 2007-2010-жылдары Кара-Балта шаарындагы "КСЗ" мамлекеттик ишканасынын директору болуп, 2011-2012-жылдары Кара-Балта шаарындагы "Апроса" (Кара-Балта кант комбинаты) АКтын башкы директорунун орун басары, 2012-2015-жылдары Шопоков шаарчасындагы "Bear Beer" (пиво кайнатуучу завод) ЖАКтын президенти болуп эмгектенген.

КСДП фракциясынан Кара-Балта шаарындагы шаардык кеңештин депутаты болуп, 2016-жылдын 17-февралынан баштап КРнын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына "Кыргызстан" саясий партиясынан депутат болуп шайланган. Учурда ААК “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын” башкармалыгынын башчысы кызматын аркалоодо. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.


  Осмонов Малик  (Малик балбан) – 1957-жылы Сузак районуна караштуу Ачы айылында туулган. Айтылуу Калил “бир тартаар” палвандын уулу, Эргеш палвандын иниси. Жогорку билимдүү, Ош технологиялык институтун “инженер-куруучу” адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун “Алай” атайын чарбасында спорт инструктору болуп баштаган. 1982-91-жылдары Ош шаарындагы балдардын №2-спорт мектебинде машыктыруучу, 1993-97-жылдары Ош облусттук бажы кызматында инспектор, ал эми 1997-2010-жылдары “Керейит” ЖЧКсынын мүдүрү болуп иштеген. 2010-жылы Республика саясий партиясынын тизмеси менен КРнын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутатты болгон. “Алыш” дүйнөлүк, эл аралык федерациясынын вице-президенти жана алгачкы түптөөчүсү. КРнын “Алыш” федерациясынын ардактуу президенти, айтылуу Баяман палвандын устаты болгон. Малик Осмонов улуттук күрөш боюнча кыргызстандын 5 жолку жана  2 жолку абсолюттук чемпиону. Орто азиянын “Алтын кубогунун” ээси, чемпиону. КРнын Президентинин жана КРнын ЖКнин Ардак грамоталарынын ээси, Сузак районунун “Ардактуу атуулу”. Малик палвандын дагы бир өнөрү, анын адабият майданындагы жазмакерлиги. Анын “Апаат”, “Боз торгой”, “Президент”, “Ялхун”, “Аян” аттуу аңгемелери гезит журналдарга басылып чыккан.

Сабиров Алишер - 1957-жылы, Сузак районунун Таш-Булак айылында туулган. КРнын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (1995-2000).  (2009), КРдин эмгек сиңирген юристи,  милициянын генералы. 1979- 82-жылдары Кыргыз ССР ИИМдин Кылмыш издөө башкармалыгында бөлүмчөнүн начальниги, улук инспектор, 1982-91-жылдары Талас, Ош облустук ички иштер башкармалыктарында штаб начальнигинин орун басары,  инспектордук уюштуруу бөлүмүнүн начальниги, 1991-95-жылдары КР ички иштер министринин жардамчысы, маалымат зоналык кызматтын начальниги болгон. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, генерал-майор. 2010-жылдагы Ош окуясына байланыштуу кылмыш иши козголуп,  ал Кыргызстандан чыгып кеткен.

Тагаев Абдыжапар - 1953-жылы Сузак районунун Барпы айылында туулган. Мамлекеттик ишмер, 1995-2000-жылдары КРнын Жогорку Кеӊешинин депутаты болгон. 1976-жылы Харьков шаарынданы радиоэлектроника институтун бүткөн. 1976-78-жылдары Бишкектеги Сетунь заводунда инженер, 1978-83-жылдары комсомолдук кызматтарда, ал эми 1983-86-жылдары “Ала-Тоо” өндүрүштүк бирикмесинде башкы инженердин орун басары, 1986-90-жылдары партиялык кызматтарда иштеген. 1990-92-жылдары Жалал-Абад шаарындагы “Нур” заводунун директору, 1992-жылы болсо КРнын мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы болуп шайланган. 1992-95-жылдары Жалал-Абад облусунун губернатору, 1995-96-жылдары КР Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер министри, 1997-жылы КРнын Президентине караштуу баалуу кагаздар рыногу боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, 1998-2001-жылдары Кыргыз фонд биржасынын президенти, 2001-жылдан баштап Жалал-Абаддагы “Нур” акционерлер кеӊешинин президенти болуп иштеп эс алууга чыккан. 

Тагаев Рашид - 1958-жылы 21-августа Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган, милициянын генерал-майору. КМУнун география факультетин кийин юридика факультеттерин бүткөн. 1985-1990-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин социалдык менчикти уурдоого жана алып сатарлыкка каршы бөлүмүнүн кызматкери, 1990-1995-жылдары Жалал-Абад областык ички иштер башкармалыгында бөлүм башчы, 1995-1997-жылдары Башкармалыктын оперативтүү иштер боюнча башчысынын орун басары, 1997-2004-жылдары Талас, Жалал-Абад, Ош областарынын Ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2004-2007-жылдары эки жолу депутат болуп шайланган. Учурда Газпром мекемесинде эмгектенет. 

Ташиев Камчыбек - 1968-жылы Сузак районундагы Барпы айылында туулган. 1992-жылы Томск шаарындагы политехникалык институтун аяктаган, кесиби инженер-химик, технолог. 1998-жылы КМУнун юридикалык факультетин бүтүргөн. 1993-98-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы “Мээрим-Ай” өндүрүштүк фирмасынын директору, 1998-жылы Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясына караштуу Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү департаментинин директору, 1998-2000-жылдары Жалал-Абад шаарындагы өндүрүштүк-коммерциялык “Томас” фирмасынын генералдык директору болуп иштеген. КРнын улуттук бокс федерациясынын президентигине шайланган. 2002-2003-жылдары КРнын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин жардамчысы, 2003-2005-жылдары Бишкек шаардык мэриясынын Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болгон. 2005-жылы КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп, ЖКнын отун-энергетикалык комплекси жана суу ресурстары комитетин жетектеген. 2007-2009-жылдары КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри, 2008-2009-жылдары КРнын Коопсуздук кеңешинин мүчөсү жана ОДКБнын Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин төрагасы кызматтарын аркалаган.  2010-13-жылдары “Ата-Журт” партиясын негиздеп, кайрадан ЖКке депутат болуп шайланган. Мамлекеттик кызматтын 2-рангдагы кеңешчиси жана КРнын улуттук бокс федерациясынын вице-президенти.

Текенов Жолболду -1939-жылы, Сузак районунун Сарыбулак айылында туулган. КРнын Жогорку Кеӊешинин депутаты (1990-95). 1961-жылы Кыргызстан айыл чарба институтун бүтүргөн. 1961-91-жылдары Базаркоргон районундагы  Фрунзе атындагы колхоздун башкы агроному, партиянын Ош обкомунун айыл чарба  бөлүмүнүн инструктору, партиянын Баткен райкомунун экинчи катчысы, Фрунзе (Кадамжай) райондук аткаруу комитетинин төрагасы, ошол эле райондун райкомунун 1-катчысы, ал эми 1991-93-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы болуп иштеген. 1995-жылы КРнын Жогорку Кеӊешинин Эл өкүлдөр жыйынынын жооптуу кызматкери болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Төрөбаев Эргеш – 1937-жылы, Сузак районундагы Ак-Баш  айылында туулган.  1954-жылы Орто-Азия мектебин аяктаган. 1954-1956-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1963-жылы Бишкек политехникалык институтун бүткөн.  Эмгек жолун Орто-Азия мектебинде мугалим болуу менен баштаган. 1958-63-жылдары Фрунзедеги политехникалык институтунун энергетика факультетин аяктап, 1963-72-жылдары Ош облусунун Сузак райондук электр тармактар ишканкасында мастер, башкы инженер, жетекчи болуп эмгектенген.  1972-2001-жылдары Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жетекчиси болгон. 2001-2004-жылдардын аралыгында Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын жетекчиси болуп, ал эми 1990-жылдан 2005-жылга чейин КРнын Жогорку Кеңешинин 3 жолку депутаты болгон. 

Төрөбаев Бакыт – 1973-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. Кыргыз Улуттук университетин 1999-жылы бүтүргөн. Эмгек жолун 1995-жылы баштап, 1998-жылга чейин өндүрүштүк коммерциялык ишканаларда эмгектенген. 2007-жылдан бери КРнын Жогорку Кеңешине үч жолу депутат болуп шайланган. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген. “Өнүгүү” партиясын негиздөөчүсү, учурда ЖКтин депутаты.

Узакбаев Эмилбек – 1955-жылы, Сузак районунун Мазар-Булак айылында туулган. КРнын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты (1995-2000). 1976-жылы Кыргызстан айыл-чарба институтунун механика  факультетин бүткөн. 1976-83-жылдары республикалык мамлекеттик айыл-чарба техника комитетинде инженер, башкы инженер, жетектөөчү адис, 1983-89-жылдары мал чарбачылык боюнча кыргыз илимий өндүрүштүк бирикмесинде башкы инженер, республиканын мамлекеттик өнөр жай комитетинде бөлүмдүн начальниги, ал эми 1989-96-жылдары республика “Кыргыз агрардык жабдуу” бирикмесинин генералдык директору андан соң “Кыргыз айылкөмөк” акционердик корпорациясынын президенти болуп иштеген. 1996-98-жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрация башчысы – губернатору, 1998-2001-жылдары КРнын айыл жана суу чарба министри, ал эми 2001-жылдан Кыргыз өкмөтүнө караштуу антимонополия саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы кызматында жана КРнын КМШ өлкөлөрү боюнча кеңешчи кызматында эмгектенген. КРнын айыл-чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери.

Шарапов Жолболду - 1945-жылы, Сузак районунун Качкынчы айылында туулган. 1990-95-жылдары КРнын Жогорку кеңешинин депутаты болгон. 1969-жылы Бишкек политехникалык институтун бүтүргөн. 1963-79-жылдары Бишкектеги автобазада слесарь-моторист, “Кыргызавтомаш” заводунун айдоочусу, механиги, транспорттук цехтин начальнигинин орун басары, Түштүк автотресттин инженери, Ош шаарындагы №4 автобазанын башкы инженери, начальниги болуп иштеген. 1979-92-жылдары түштүк өндүрүштүк автотресттинин директору болуп иштеген. 

Чекиев Турдубек Узакбаевич – 1963-жылы, Сузак районунун Мазар-Булак айылында туулган. КРнын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (2000). КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. 1987-89-жылдары Таш-Көмүр шаардык кооперациялык сооданын бухгалтери, 1989-92-жылдары Сузак районундагы дүкөндүн башчысы, “Достук” керек-жарак коомунун бухгалтери, төрагасынын орун басары болгон. 

Эркинбаев Баяман – 1967-жылы, Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1995-2000-2005-жылдардагы чакырылыштарынын депутаты. “Алыш” эл аралык күрөш федерациясынын негиздөөчүсү, Орто Азиянын 15 жолку чемпиону, СССРдин спорт чебери. Ал 1991-жылы Ташкендеги айыл чарба институтун бүткөн. Эмгек жолун Жаӊы-Арык тамеки ферменттөө заводунда иштеп баштаган. 1992-96-жылдары Ош шаарындагы “Палван” кайрымдуулук фондусунун генералдык директору, 1996-жылдан Ош облустук “Күрөш” федерациясынын президенти болуп иштөө менен элге материалдык жардам көрсөтүп, кайрымдуулук иштерин көп жүргүзгөн.

Эгембердиев Максат Бакирович - 1969-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү, кыргыз мамлекеттик дене-тарбия институтун машыктыруучу кесиби боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун  1991-жылы Жалал-Абад шаарындагы №3 Раатбек Санатбаев атындагы балдардын спорттук мектебинде машыктыруучу болуп баштаган. 1996-2004-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 2004-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. 2011-2012-жылдары Р.Санатбаев атындагы спорттук балдар мектебинин директору болуп иштеген. Ал эми 2012-2015-жылдары кайрадан Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2009-жылдан бери Жалал-Абад облустук грек-рим күрөшү боюнча федерациянын президенти. СССРдин спорт  чебери, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу. КР билим берүүсүнүн отличниги. 2016-жылдын июнунда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.