Айылдык аймактар

Эмгеги элге сиңгендер

Эрматов Таштан


Эрматов Таштан профессионалдык кыргыз музыкасынын негиздөөчүлөрдүн бири. Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРинин эл артисти (1974), композитор, профессор. Ал 1928-жылы 18-ноябрда Жалал-Абад обласынын Сузак районунудагы Ак-Баш айылында жарык дүйнөгө келген. Ал, апасынын ырдаган бешик ырларын эсине сактап, өмүр бою унуткан эмес. Бирок тилеке каршы мындай бактылуу кундөрү көпкө созулбай, 6-жашында ата-энесинен ажырап Караколдогу балдар үйүнө өткөрүлгөн. Тилеке каршы Улуу Ата-Мекендик согушта, балдар үйү жабылып, ошол жылы Таштан Эрматов кол өнөрчүлүк окуу жайына тапшырып, ал окуу жайдан уста кесибин алып чыккан. 1944-жылдан Кыргыз филармониясынын хордо ырдоону үйрөткөн студияда жана М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында контрабастан, музыкалык теориядан сабак алган. 1947-жылы ал Москвадагы мамлекеттик консерваториясынын алдындагы улуттук студияга тапшырат. 1949-жылы, ал өзүнүн алгачкы чыгармасын жаратып консерваториянын музыка теориясы кафедрасынын мугалими Теодор Фридрихович Мюллерге көрсөткөн. Ал болсо Эрматовду композиторлор бөлүмүнө окуусун сунуш кылат. 1954-жылы студияны аяктап, консерваториянын композиторлор кафедрасына тапшырып, белгилүү устат композитор А.Н. Александрованын классынан билим алат. Студенттик маалында эле симфониялык жана камердик-инструменталдык чыгармаларды, сонаталарды жазып, атагы чыга баштайт. Алар «кыргыз музыкасынын сюитасы» (1954), «Айылды эскерүү» (1955), «Симфониялык поэма ре мажор» (1954), “фортепиано үчүн соната” (1953). 

1958-жылы Москвадан келип, “Кыргызфильм” студиясында колегиясында, кийин музыкалык редактор кызматында эмгектенген. Анын кыргыз кино искуствосуна кошкон баалангыс эмгектери төмөнкүлөр; «Улуу эпос» (док., 1962г., реж. Л.Турусбекова), «Тоо шурусу» (док., 1969г., реж. Т.Океев), «Советтик Кыргызстан» (док., реж. Л.Турусбекова), «Ырдын жаралышы» (1962., реж. Ю.Герштейн), «Бакайдын жайыты» (1967г., реж. Т.Океев), «Уркуя» (1972г., реж. Т.Океев), «Айсулуунун таласы» (1976г., реж. У.Ибрагимов), «Улан» (1977г., реж. Т.Океев), «Алтын күз» (1980г., «Кыргызфильм»). 

 1973-жылдан баштап окутуучулук эмгек жолун баштап, алгач Кыргыз Мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция кафедрасында эмгектенген. 1969-жылы СССРдин композиторлор Союзуна кабал алынат. 1974-жылы СССРдин кинематографисттер Союзуна мүчө болгон. Эрматов кыргызстандагы симфониялык музыкасынын баштоочуларынын локомотиви экенин, ал жараткан ондогон симфониялык чыгармалар кыргыз музыка искусствосун эл аралык деңгээлге көтөргөнүн, анын замандаштары айтып келишет. Анын аты кыргыз музыкасынын атактуу ишмерлери В.Власов, В.Фере, А.Тулеев, А.Аманбаев, М.Абдраев жана башкалардын катарында даңталып, учурда Бишкектеги музыкалык-педогогикалык окуу жайы анын атына коюлган.


Арзыбек Бедияров

Белгилүү обончу жана аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти (2006), КРнын саламаттыкты сактоосунун отличниги (2003), КРнын Эл агартуусунун отличниги (1987), Сузак районунун, Жалал-Абад облусунун жана Кыргызстандын “Ардактуу атуулу” наамдарынын ээси, маданияттын мыкты кызматкери Арзыбек Бедияров 1952-жылы  Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында туулган. Ал 1975-жылы Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайын, 1982-жылы Кыргыз Мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөн. Эмгек жолун Сузак районуна караштуу Карл Маркс атындагы мектеп интернаттан мугалимдик кесиптен баштаган. Бир эле мезгилде Кызыл-Сеңир айылдык маданият үйүндө көркөм жетекчилик милдетин аткарган. 1970-72-жылдары Сузак райондук “Пахтачы” гезитинде корректор-кабарчы, 1975-77-жылдары болсо Сузак районундагы мектеп-интернатында фельдшер, музыка мугалими, ал эми 1983-90-жылдары ошол эле жерде директордун орун басары, ошондой эле 1990-жылдары профсоюздардын облустук кеңешинде маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1992-жылдан 2004-жылга чейин Жалал-Абад медициналык окуу жайында, ал эми 2004-жылдан баштап облусттук телевидениенин алдында уюшулган “Гүлгүн жаш” фольклордук тобунун уюштуруучусу жана жетекчиси болуп иштеген. “Гүлгүн жаш” тобуна 2003-жылы КРнын Маданият министрлиги тарабынан “Элдик топ” деген ардактуу наам ыйгарылган.

Чыгармачылыкка 1975-жылы А.Дегенбаеванын “Эне тилеги” аттуу ырына обон жазуу менен келген.   Анын кыргыз музыкасынын алтын фондусуна кирген чыгармалдары: “Кайра келчи” (сөзү С.Жусуевдики), “Сезимде калды элесиң” (сөзү Б.Абакировдуку), “Гүлгүн жаш”, “Барам сага”, “Ал мендирмин” (сөзү Э.Ибраевдики), “Бир сырым”, “Ушундай беле бешене”, “Көзүңдөгү керемет”, “Бир айып” (Н.Алымбековдуку), “Жаштыгыңды аядым”, (А.Бегимкулованыкы), “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө”, (Б.Карагулованыкы), «Кутмандуу жерим», мындан тышкары “Ырларым менин сырларым”, “Барам сага”, “Түшүмө кирдиң түндө сен” обондуу ырлар жыйнактарынын автору. Учурда Т.Тыныбеков атындагы филармонияда эмгектенет. 

Үй бүлөлүү, төрт уул, эки кыздын атасы жана 20 неберенин таята, чоң атасы.

Дүйшөн Молдобаев 

Молдобаев Дүйшөнбек 1959-жылы 29-июнда Көк-Жанак шаарында жумушчунун уй-булосундо туулган. Билими жогорку, 1980-жылы Ош шаарындагы музыкалык окуу жайын, ал эми 1985-жылы Бишкектеги Б.Бейшеналиева атындагы искусство институнун эл аспаптар бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун Жалал-Абад маданият техникумунда мугалим болуп баштап, анын базасында биринчи комузчулар классын, андан соң эл аспаптар болумун негиздеген. КРнын эмгек сиңирген артисттери А.Нарбаева, К.Жолдошев, А.Карымов сыяктуу коптогон таланттарды тарбиялаган. 

Д. Молдобаев 1994-жылы облусттук Т.Тыныбеков атындагы филармония ачылганда, фольклордук этнографиялык оркестрин тузуп, башкы дирижер болуп иштеген. Дирижерлук – бул эң көп түйшүктү талап кылган кесип. Дирижер болуу – бул бир чыгарманы түзүп, аны бир нече түс аркылуу синтездтик (чогултуу) абалда кайра иштеп чыгуу болуп саналат. Болгондо да музыкалык аспаптардын эң кеминде 7-8 түрү аркылуу , аларды бир формага алып келүү иши ар кимдин эле колунан келе бербей турган иш. Кыргызстанда эң көп болсо, 50 дирижер бардыр. Мына ошолордун ичинен “КРнын эмгек сиңирген артисти” деген наамды алып жүргөнү Дүйшөн Молдобаев болуп саналат.  Ал эми 1995-жылдан бери директордук кызматты аркалап келген. Ал Жалал-Абад областтык филармонияга директорлукка шайланганда дал ушул дирижерлук сапаты, башкача айтканда, музыкалык нотанын сырларын жакшы билгендиги үчүн конкурста жеңүүчү болуп, анан директор болгон. Ал филармониянын базасын чындоо менен бирге, КРсында биринчи «Керней-сурнай» ансамблин түзүп, Манас-1000, Ош-3000, Көчмөндөр оюну (2014-16 жылдары.) сыяктуу масштабтуу маданий иш-чаралардын көркүн чыгарып, Курманбек-500 мааракесиндеги эмгеги үчүн «КРнын Эмгек Сиңирген артисти» наамын алган. Д. Молдобаев облусттагы жалгыз профессионал маэстро, анын кыргыз маданиятына кошкон салымы ат көтөргүс десем жанылышпайм. Ал жетектеген учурда, филармониянын базасында «Азадабегим» фольклордук-эстрада тобу, «Тамаша» куудулдар театры түзүлүп республикалык, эл аралык конкурс фестивалдардарда женишке жетишкен. Филармонияда Молдобаев оркестрде ырдатып остургон ырчылар Гулнара Өмурзакова, Анара Шайымкулова, Кутман Жолдошев, Фарида Өмурзакова сыяктуу көптөгөн ырчылар учурда республикага таанылган өнөр адамдарына айланды. Анын белгилүү акындардын сөзүнө жазылган ондогон обондору кеңири чөйрөдө ырдалып келүүдө. Албетте, Молдобаевдин бул эмгектери кыргыз маданиятына анын кошкон чоң салымы. Учурда Жалал-Абад шаардык лицейде эмгектенет.

Үй бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы жана 6 небереси бар.

Жолдошев Кадыржан

 КРнын маданиятка эмгек сиңирген ишмери Кадыржан Жолдошев 1938-жылы, Сузак районуна караштуу Үч-Малай айылында туулган. 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик универститетин аяктаган. Эмгек жолун КТРде кабарчы болуп баштап, 1963-96-жылдары кыргыз телекөрсөтүүсүндө кабарчы, чыгармачыл топтун жетекчиси, Жалалабат облустук телерадиокомпаниясынын төрагасы болуп иштеген. 1996-жылдан Республикалык телерадиокомпаниясынын Жалалабат облусу  боюнча кабарчысы. Болгон. Кыргызфильм тармагында иштеп “Менин жаңылыштыгым” аттуу кинотасмада колхоздун эсепчиси Айдардын ролун ойногон.  

Малаев Абылкасым

КРнын маданиятка эмгек сиӊирген кызматкери Малаев Абылкасым Назарович 1939-жылы, Сузак районуна караштуу Кызылсеӊир айылында туулган. 1970-жылы КМУну бүтүргөн. 1957-59-жылдары Сузак райондук “Ленин жолу” , облустук “Коммунизм туусу”, гезиттеринде корректор, 1959-62-жылдары “Колхоз чындыгы” гезитинин редактору, ал эми 1962-77-жылдары шаардык “Коммунизм үчүн” гезитинде жана райондук “Пахтачы” гезитинде адабий кызматкер, жооптуу катчы болуп иштеген. 1977-2000-жылдары Алай райондук “Күжүрмөн эмгек”, Араван райондук кыргыз жана өзбек тилдеринде чыгуучу “Достук” гезиттеринин башкы редактору, 2001-жылдан Сузак райондук “Көгарт нуру” гезитинин редактору болгон. Бир нече ыр жыйнактарынын автору.

Даминова Минавар Нурдиновна 

Минавар Даминова 1940-жылы Сузак районуна караштуу Благовещенск айылында туулган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1992). А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын вокалдык-хор студиясын бүткөн. 1957-92-жылдары Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын вокалдык-хор студиясын таланттуу таанымал ырчылар К. Мухтаров, К. Арзиев, В. Муковников, Т. Сейталиев, А. Нуртазинден бүтүргөн. 35 жыл театрга коюлган спектаклдердеги хордо ырдаган. 1992-97-жылдары режиссёрлук башкарма бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген 1958-ж. Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө жандуу катышкандыгы үчүн Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, «Эмгек ардагери» медалы менен сыйланган.

Расул Маматкулов

Ырчы, обончу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Расул Маматкулов 1966-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган. Ал билимин опера ырчысы катары А. Малдыбаев атындагы кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы студиядан баштап андан соң кыргыз улуттук консерваториясында уланткан. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун дагы аяктаган. Алгач Расул Маматкулов 1989-жылы өткөн “Жаштар” фестивалын жеңип алып, ошондон кийин чыгармачылыкка аралашып калган. Ырчыга "Мен бийге чакырсамбы?", "Эңсей берем", "Бийле" деген ырлары популярдуулук алып келген. Ал эми 1999-жылы өткөн “Ош азем түндөрү” фестивалында автомашина утуп Гран-при ээси болгон. Үй-бүлөлүү.

Мавлянова Замира Равшановна


КРнын Эл артисти. Белгилүү опера ырчысы, Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солисти Замира Мавлянова 1968-жылы Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл аймагында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, үй бүлөлүү.


Бакыт Жумалиев

КРнын Эмгек сиңирген артисти жана Барпы атындагы Жалал-Абад облусттук театрынын актер, режиссёру Б. Жумалиев 1960-жылы Сузак районуна караштуу Ак-Тоок айылында туулган. Ал Москвадагы М.С.Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын аяктаган. 1992-жылдан бери Барпы атындагы кыргыз драма театрында эмгектенип келе жатат. 2008-жылы ага “КРнын эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган. 

Осмоналиев Токтомурат


   КРнын Эмгек сиңирген артистти Осмоналиев Токтомурат 1955-жылы Сузак районуна караштуу Кызыл-Суу айылында туулган. 1972-жылы «Тоголок Молдо» атындагы орто мектепти, 1975-жылы Ош мамлекеттик профессионалдык музыкалык окуу жайын, 1979-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетин аяктаган. 1979-жылдан баштап Жалалабат областынын Сузак районундагы Октябрь айылдык балдар музыкалык мектебинде комуз классынын мугалими болуп эмгектенип, азыркы убакта Жалал-Абад областтык Т. Тыныбеков атындагы филармонияда “Мөл-Мөл” этнографиялык оркестринде комузчу, солист болуп эмгектенет. Кыргыз Республикалык бир нече жолку конкурстардын лауреаты жана жеңүүчүсү, эки жолку Бүткүл Союздук конкурстардын лауреаты, жеңүүчүсү, Эл аралык конкурстардын жана фестивальдардын лауреаты. Анын комузда ойногон чеберчилиги, кыргызстандагы белгилүү комузчулар Самара Токтакунова жана Болуш Мадазимовдордун катарында белгиленет.

     1996-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги” наамын, 2001-жылы “Жылдын мыкты комузчусу” наамын, ал эми 2005-жылы КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин "Маданиятын мыкты кызматкери” төш белгисин алган. Үй бүлөлүү, 1кыз 3 уулдун атасы. 

Кинематографист – Тешебай Сыргабаев

Ал 1937-жылы Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылында туулган. Ал узак жыл райондук кинотармагында эмгектенген. 1960-80-жылдарда Т.Сыргабаев райондун Ачы, Көк-Арт, Кара-Дарыя, Чаңгет-Сай өрөөндөрүндөгү малчыларды, жылкычыларды кино менен тейлеп, алардын суроо-талаптарын аткарууда ак ниет мамиле жасаган. Мындай ак ниет эмгеги үчүн 1970-жылы “Эмгектеги каармандыгы үчүн”, “Кинематографисттердин отличниги” төш белгиси, “Кыргыз ССРинин кинематографисттер арасында социалисттик мелдештин жеңүүчүсү”, “В.И.Лениндин 100 жылдыгына арналган медалы” сыяктуу бир нече орден, медалдар менен сыйланууга татыктуу болгон. 

Турапов Нуралы 


КТРКнын жогорку баскычтагы режиссеру, КТРКнын отличники, маданияттын мыкты кызматкери, КРнын президентинин ардак грамотасынын ээси Нураалы Турапов 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Орток айылында жарык дүйнөгө келген. Аталган айылдан орто мектепти бүткөндөн кийин, жогорку билимин Ташкент шаарындагы А. Островский атындагы театралдык институнун актердук факультетин бүтүргөн. Ал Коомдук телерадио корпорациясында 36 жылга чукул режиссерлук кызматта, кийин бир топ жыл бою КТРКнын башкы режиссеру болуп эмгектенген. Нуралы Турапов телеберүүнүн архивин бир нече спектаклдар менен толтуруп, ошондой эле айтылуу "Мыскыл жана тамаша" долбоорун обого алып чыккан.Нуралы Турапов 2016-жылы оорудан улам көз жумган.

Жоробеков Дарман

1938-жылы Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган. КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 1962-жылы КМУну бүткөн. 1962-92-жылдары Кыргыз телекөрсөтүүсүндө кабарчы, чыгармачыл топтун жетекчиси, Жалал-Абад облусттук теле радиокомпаниясынын төрагасы, 1996-жылдан Республикалык телерадиокорпорациясынын Жалал-Абад облусу боюнча кабарчысы болгон. Теле көрсөтүү аркылуу ал чарбасынын, айрыкча айыл чарбасынын көйгөйлүү маселелерине арналган көптөгөн берүүлөрдү уюштуруп, эфирге алып чыккан. “Менин жаңылыштыгым” аттуу кинотасмада колхоздун эсепчиси айдардын ролун ойногон. 

Гульнара Өмүрзакова


Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Г. Өмүрзакова 1976-жылы Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында туулган. Жогорку билимдүү, 2016-жылы К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториясынын “элдик музыка” бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолун 1995-жылы А. Бедияровдун “Гүлгүн жаш” эстрадалык элдик тобунда солист болуп баштаган. 1998-2001-жылдары облусттук Т.Тыныбеков атындагы филармониясынын оркестринин солисти, 2002-жылдан тарта Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониянын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде жана Бишкек шаардык эл аспаптар оркестринде солист болуп эмгектенүүдө. Эл аралык “Түрксой” медалынын ээси, Р. Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты, Казакстан, Тажикстан республикаларынын Маданият министрликтерин атайын дипломдору менен сыйланган. Сузак районунун жана Кызыл-Туу айыл Өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу”, көптөгөн эл аралык жана коомдук, мамлекеттик сыйлыктардын ээси. 2018-жылы КРнын "Эмгек сиңирген артисти" ардактуу наамын алган.