Айылдык аймактар

өрнөктүү инсандар

Абдыкадыров Айти

1905-жылы Сузак районунун Кызыл-Сеӊир айылында туулган. Жашында байдын колунда жалданып иштеген. Совет доору келгенде өз айылында сельсоветтин катчысы, андан Кара-Дарыя айылында мугалим болуп иштеп туруп, 1930-жылы НКВД органына кызматка өткөн. 1931-жылы Ташкенде эки жылдык милициянын мектебин бүтүрөт. Окуудан келгенден кийин Ош жана Жалал-Абад областтарынын Молотов-Абад (Үч-Коргон айылы), Кадамжай, Куршаб, Өзгөн, Чоӊ-Алай, Гүлчө, Ала-Бука, Сузак, Ачы райондорунда НКВДнын начальнигин орун басары болгон.  1952-жылдан кийин Ачы районундагы Киров атынждагы токой чарбасында токойчу, ал эми 1956-60-жылдары Сузак районунда райшелктин жетекчиси болуп эмгектенген. Басмачылар менен күрөштө жана Совет өкмөтүн чыӊдоодо көп жылдык кызматы үчүн “Кызыл Жылдыз” ордени, “Каармандыгы үчүн” жана башка медалдар менен сыйланган. 

Аблазов Усманжан

        1947-жылдын 10-апрелинде Сузак районунун Сузак айылында туулган. Райондогу Москва орто мектебин бүтүрүп, 1965-жылы Анжиян пахтачылык институтунун механизация факультетине окууга кирген. 1980-жылы Кыргызстан КП Сузак райондук комитети У.Аблазовду партиялык жооптуу кызмат – “Октябрдын 40 жылдыгы” колхозунун партиялык комитетин жетектөөгө жөнөттү. 1982-84-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөөн. 1984-85-жылдары Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазада механик, инженер-технолог болуп иштеген. Кыргызстан ЛКСМ Жалал-Абад шаардык комитетинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болгон. 1985-жылы У.Аблазов партиянын Сузак райкомунун партиялык уюштуруу бөлүмүнүн инструктору болуп дайындалат. 1987-жылдан колхоздор таратылганга чейин Москва (кийинки аталышы А.Абдукадыров атындагы) колхозунун башкармасынын төрагасы болуп иштеген. 

    1986-87-жылдары Кыргызстан ЛКСМ Ош облустук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1995-2001-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын агрардык өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, 2005-жылдары айыл жерин суу менен камсыздоо департаментинин директору болуп эмгектенген

Авазова Шарапат

1942-жылы Сузак районунун Бек-Абад айылында туулган. Айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери. 1960-жылдан Сузак районунда колхозчу болуп иштеген. “Ленин”, “Эмгек кызыл Туу” ордендери менен сыйланган. 

Алходжаев Раим

1932-жылы Көк-Жаңгак шаарында туулган. 1954-95-жылдар аралыгында “Көк-Жаңгак” шахтасында өткөөлчү болуп иштеген. Эмгеги бааланып, 1966-жылы “Кыргыз көмүр” комбинатынын Ардак китебине киргизилген, ошол эле жылы Көмүр өндүрүү министрлигинин буйругу менен “Ардактуу шахтёр” деген наам берилген. Эки жолу “Ленин” ордени менен сыйланган. 2005-жылы КРнын өзгөчө пенсионери болгон. 

Алымбаев Чырмаш 

1938-жылы Үч-Малай айылында туулган. Эмгек жолун 1957-жылы Көк-Жаңгак шахтасында шахтёр болуп баштаган. Көк-Арт керек-жарак коомунда төраганын орун басары, төрага болуп 1974-жылга чейин иштеген. 1975-76-жылдары Көк-Арт үрөнчүлүк совхозунда автогараждын башчысы болуп иштеген. 1976-жылдын декабрь айынан баштап Ош облусуна караштуу Ленин  районунда, Ленин райондук керек-жарак коомунда төраганын орун басары, төрага болуп иштеген. Үзүрлүү эмгеги үчүн “СССРдин кооперациясынын отличниги” төш белгисин алган. 

Аманкулов Абдыкадыр 

Ал 1920-жылы Жалгыз-Жаңгак айылында туулган. Билими жогорку. Эмгек жолун 1942-жылы Ворошилов атындагы колхоздо колхозчу болуп баштаган. 1948-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган жана Калининградда аскердик окууда билим алган. 1955-жылы комсомолдун Жалал-Абад областтык комитеттин инструктору, 1955-58-жылдары комсомолдун Ленин райондук комитетинин 1-секретары болгон. 1958-60-жылдары Ташкендеги партиялык мектепте окуган. 1962-88-жылдары ал партиянын Сузак райондук комитетинде жана аткаруу комитетинде жооптуу кызматтарда иштеген. Аманкулов Абдыкадыр “Даңк” ордени, СССРдин 5 медалын, КРнын Ардак грамотасын алганга татыктуу болгон. Сузак районунун ардактуу атуулу. 

Азимканов Аттокур 

1928-жылы Сузак районунун Кашка-Терек айылында туулган. Эмгек жолдун мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Кийин Кашка-Терек, Карл Маркс, Ворошилов атындагы мектептерде директор, Октябрь райондук элге билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкери болуп иштеген.  1951-жылы Оштогу мугалимдер институтун, 1961-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1961-63-жж. Сузак районунун “Кызыл Октябрь” колхоз башкармасынын төрагасынын орун басары, партиялык комитеттин катчысы, “Кызылмехнат” (Барпы атн.) Карл Маркс колхоздордун башкармасынын төрагасы болуп иштеген. Октябрь революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, 1971-жылы “Октябрь  Революциясы”ордендери жана бир нече медалдар менен сыйланган. “Элге билим берүүнүн отличниги”. 

Арапбаев Айдар 

   1929-жылы Ак-Таш айылында туулган. Эмгек жолун колхоздо тракторист болуп 1942-жылы баштаган. 1957-жылдан механик, бригадир кызматтарында үзүрлүү эмгектенген. Ак эмгектин натыйжасы менен “Эмгек Кызыл Туу”, “Кызыл Жылдыз”, “В.И.Лениндин 100 жылдыгына арналган юбилейлик медаль” сыяктуу сыйлыктарга ээ болгон. 

Асанов Кочкор 

  1928-жылы Кара-Дарыя айылында туулган. 1944-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын аяктаган. Эмгек жолун 1944-жылы өз кесиби боюнча Кызыл-Аскер мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1949-53-жылга чейин Базар-Коргон районуна караштуу Беш-Бадам айылында Ворошилов мектебинде, 1953-жылдан Кара-Дарыя айылында Жданов орто мектебинде мугалим, 1960-жылдан Фрунзе колхозунда пахта бригадири, 1964-жылы Фрунзе колхозунда МТФнын жетекчиси болуп иштеп жүрүп, “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган. 1968-жылы кой фермери болуп дайындалып, экинчи жолу “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган. 

Арзиев Жума

Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айылында туулган. Колхоз курулушунун активдүү катышуучусу, ал узак жылдар бою Ворошилов атындагы колхоздун төрагасы болуп иштеген. 1948-жылы ВЛКСМдын 30 жылдыгына карата Жалгыз-Жаңгак айылы “Комсомол” айылы болуп аталган. Жума Арзиев Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Көк-Арт чарбасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Бир нече мамлекеттик сыйлыктардын ээси. 

Авазова Шарапат – 1942-жылы, Сузак районунун Бегабат айылында туулган. Кыргыз ССРнин айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери. 1960-жылдан Сузак районунда колхозчу болуп иштеген. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү. 

Басин Ефим Иосифович

1925-жылы Ташкент шаарында туулган. Айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери. 1947-жылы Самарканддагы айыл чарба институтун бүткөн. 1947-жылдан Сузак, Кара-Суу райондорунун чарбаларында агроном, 1968-89-жылдары Ноокен районундагы СССРдин элүү жылдыгы атындагы совхоздун директору болуп иштеген. “Ленин”, “Ардак Белгиси” ордендери менен сыйланган. 

Бакеев Б. (1867-1931) – Көкжаңгак шаарынын шаардык паркында мүрзөсү жайгашкан. Бердаалы Бакеев– 1922-ж. Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Интернационалдык кошуундун катарында (комиссары Клименко) Сузак, Базар-Коргон, Кара-Кулжа аймактарындагы басмачыдарды талкалоого катышкан. Кокон кыштактын жанында курман болгон. 1960-жылы Б.Бакеев мүрзөсүнө бийиктиги 2,7 м эстелик (обелиск) тургузулган.  

Досматов Саипназар – 1915-жылы, Сузак районунун Жаркыштак айылында туулган.  КРнын эмгек сиңирген пахтакери. 1941-45-жылдары Ата Мекендик согушка катышкан. 1945-67-жылдары Сузак районунда пахтачылык бригадасынын бригадири болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган. 

Дыйканбаев Абдивали 

   1917-жылы туулган. “Кызыл Мехнат” колхозунда эмгек жолун баштап Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. “Кызыл Жылдыз”, “Даңк” ордендери менен сыйланган. Тынчтык мезгилдеги күжүрмөн эмгеги үчүн “Октябрь Революциясы”, “Эмгек Кызыл Туу” ордендери менен сыйланган. 

Жумашева Кишимжан

  1933-жылы Көк-Жаңгак шаарында туулган. 1966-жылы Көк-жаңгак шаарына караштуу Тайгараев совхозунда саанчы болуп эмгек чыйырын баштаган. 1973-жылы “Эмгек Кызыл Туу” ордени жана 1984-жылы “Эмгектин ардагери” медалы менен сыйланган. 


Ирсалиев Аззам Мадумарович 

   1955-жылы Сузак районунун Сузак айылында туулган. КРнын эмгек сиңирген куруучусу. 1978-ж. Москвадагы кооперация институтун бүтүргөн. 1988-95-жылдары Ош облустук керек-жарак союзунун курулуш комбинатында директор, 1995-жылдан “Мадумар ата” соода борборунун башкы директору. Көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Исабаев Ибраим 

  1900-жылы азыркы Сузак районунун Качкынчы айылында туулган. 1920-1923-жылдары Кызыл Армияда кызмат кылган. 1924-1929-жылдары Кара-Кыргыз автономиясынын Эл комиссариатында иштеген. 1924-1935-жылдары Жалал-Абад районунун Багыш, Калмак-Кырчын, Качкынчы, Ак-Мечит айыл кеңештерин уюштуруп төрага болуп, 1935-1939-жылдары Жалал-Абад районунун аткаруу комитетинин  төрагасынын орун басары жана төрагасы болуп иштеген.  Ошол учурда, тагыраак айткандаа 1937-жылы азыркы “Нур” заводунун  жана “Пахта” заводдорун негиздөөгө активдүү катышып, өзү ушул иштердин башындат турган. Ошондой эле 1938-жылы Жалал-Абад шаарынын өнүгүү планын өзү башында туруп түздүргөн. 1941-1946-Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Согуштан келгенден кийин 1946-1963-жылдары Кызыл-Кыя, Калинин колхоздорунун төрага орун басары, 1963-1986-жылдары «Дружба» совхозунун суу чарба адиси болуп эмгектенген. Жалал-Абад райисполкомдун төрагасы болуп иштеп турган учурда, 1937-жылы «Нур», «Пахта» заводдорун түзүп курдурган жана Жалал-Абад шаарынын Генпланын түзүүгө катышкан. 1946-жылы Мекенине кайтып келип, 1963-жылга чейин Октябрь, Көк-Арт райондорундагы колхоздорго төрага, орун басар болуп эмгектенген. 1963-жылдан тартып “Дружба” совхозунда суу чарба адиси болуп иштеген. 

Исмаилов Ибраш

  1941-жылы Жаӊы-Дыйкан айылында туулган. Жогорку билимдүү. К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун 1969-жылы бүтүргөн. Эмгек жолун 1969-жылы Коммунизм колхозунда участкалык агроном болуп иштөдөн баштаган. 1971-79-жылдары Москва колхозунда башкы агроном, 1979-83-жылдары Теӊдик колхозунда партиялык уюмдун секретары, 1983-91-жылдары Барпы колхозунда төрага, 1991-94-жылдары Сузак райондук дыйкандар бирдигинин төрагасы, 1994-96-жылдары Сузак райондук мамлекеттик жерге дайгаштыруу башкармасынын башчысы, 1996-97-жылга чейин Сузак райондук жер жана агрардык реформа борборунун директору, 1997-жылдан баштап Сузак райондук жер жана агрардык реформа борборунда жетектөөчү адис болуп эмгектенип келген. 1973-жылы “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланган. 

Исманов Жалалкожо

1922-жылы туулган. Эмгек жолун колхоздо иштеп баштаган. 1942-жылы аскерге алынып Сталинград салгылашуусуна катышкан. Украинада, Польшада, Чехославакияда согушка катышып, 3 ирет жарадар болуп, кайра катарга турган. 3-даражадагы “Даӊк” ордени, 9 медаль менен сыйланган. 

Ирсалиев Кимсан 

1922-жылы Барпы кохозунда туулган. Өмүрүнүн акырына чейин чабандык кесипти аркалап келген. 1973-жылы “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган. 

Кабиров Мамыт 

 1897-жылы туулган, 1925-жылдан КПССтин мүчөсү. Басмачылардын бандасын талкалоого, совет бийлигин орнотууга активдүү катышкан. Багыш селолук советинин төрагасы, Базар-Коргон райондук керек-жарак союзунун төрагасы болгон. Ташкенде рабфакта, Москвадагы жогорку комсомолдук мектепте окуган. Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үӊкүр, Арстанбап токой чарбаларынын директору болгон. 1941-58-жылдары Багыш селосуна караштуу ондогон колхоздорду бириктирип ири колхоздун башкармасы болгон. “Ардак Белгиси” ордени менен сыйланган. 

Калназаров Жумук 

1905-жылы Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында туулган. 1930-жылы Көк-Арт толук эмес орто мектебин бүтүргөн. Эмгек жолун колхоздук курулуштан баштаган.   1932-35-жылдары Сузак районунун Көк-Арт, Бозонжолборс айыл кеңештеринин төрагасы, райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болгон. 1938-39-жылдары Октябрь райондук партиялык комитеттин кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Согуштан келгенден кийин 1945-жылдын 1-октябрынан 1958-жылга чейин “Комсомол” атындагы колхоздун башкармасынын төрагасы болуп иштеген. 1958-жылы пенсияга чыккан. Калназаров Жумук “Ленин”, “Эмгек Кызыл Туу” ордени “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалдары менен сыйланган. КРнын Жогорку Кеӊешинин президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. 

Калыев Мамат 

1923-жылы Сузак районунун Барпы айылында туулган. Эмгек жолун 1939-жылы бригаданын эсепчиси болуп баштаган. 1943-44-жылы талаачылык бригадири, 1945-48-жылдары “Большевик” колхозунун төрагасы, 1957-жылы Барпы айылдык кеӊешинин төрагасы, 1958-жылдан “Кызыл Мехнат” колхозунун пахтачылык бригадасынын бригадири болуп иштеген. “Эмгек Кызыл Туу” жана “Ленин” ордендери менен сыйланган. 

Калпаков Нарымбет

1894-жылы Кара-Булак айылында туулган. Айылдык жана Сузактагы медреседе окуган. Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга активдүү катышкан. 1927-жылы Ташкендеги Орто Азия Коммунисттик университетин бүтүргөн. Кыргыз АССРинин БАКтын алдындагы оор өнөр жай бөлүмүндө төрага болуп иштеген. 1931-37-жылдары Тогуз-Тородо партком болуп иштеген. Нарында басмачыларга каршы күрөшкөн. 1938-жылы өз айылына кайтып келип, Орозбеков атындагы артелге башкарманын төрагасы болгон. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 

Кебекбаев Тойчу

1929-жылы Тамга-Терек айылында туулган. Өмүр бою  айылда жашап эмгектенген. Аарычылык боюнча атайын билим алган. 1986-жылы “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган. 

Кулсариев Төлөн

1936-жылы Ак-Тоок айылында туулган. 1958-жылы айыл чарба техникумун аяктаган. Эмгек жолун Фрунзе атындагы колхоздо бухгалтер болуп иштеп баштаган. 1959-96-жылдарда Октябрь жүзүмчүлүк совхозунда бухгалтер, ферма башчы, совхоздун профсоюз уюмунун төрагасы, парткомдун секретары, бөлүм башчы, участканын жетекчиси болуп иштеген. Эмгеги бааланып “Ардак белгиси”, Октябрь революциясы“ ордендери менен сыйланган.

Мамасадыков Тургуналы

1922-жылы Орто Азия айылында туулган. 1938-40-жылдары Орто Азия колхозунда эсепчи болуп иштеп баштаган. 1942-46-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Согуш жылдары көрсөткөн эрдиги үчүн, СССРдин бир нече ордендери, медалдары менен сыйланган. Согуштан кайткандан кийин 1946-жылга чейин Орто Азия колхозунда партиялык комитеттин төрагасы, 1952-53-жылдары Сузак районунун комсомол комитетинин секретары, Жалал-Абад облустук комитетинде инструктор, 1958-61-жылдары Эл депутаттарынын Таш-Көмүр шаардык аткаруу комтетинин төрагасынын орун басары, 1961-75-жылдары Карл Маркс колхозунда партиялык комтеттин катчысы, текшерүү комиссиясынын төрагасы, Кызыл-Туу селолук, кеӊешинин төрагасы, 1975-82-жылдары болсо мугалимдик кесипти аркалаган. 

Маматов Таштан

1938-жылы Сары-Булак айылында туулган. Белгилүү чабан. Мыкты эмгеги үчүн 1965-жылы кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 1966-жылы Ленин ордени менен сыйланган. 

Матанов Байбуба

1934-жылы Сузак айылында туулган. Анжияндагы эл чарба институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1956-жылы Ташкенде заводдо электрик болуп баштаган. Кийин Көк-Жаӊгак шахта башкармасында инженер болуп эмгектенген. 1975-жылы Жийде жүзүмчүлүк совхозуна директорлук кызматка жиберилген. Шагыл, таш, кум баскан жерди өздөштүрүп Жийде айылынын пайда болушуна анын жеке эмгеги зор. Ал совхоздо жыйырма жылга жакын директор болуп иштеген. КРнын Жогорку Кеӊешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 

Маткеримов Маткасым 

1932-жылы Жыгач-Коргон айылында туулган. 1965-жылы жүзүмчүлүк совхозуна бригадир болуп которулат. 1970-жылы берилген планды 200% аткаргандыгы үчүн 1971-жылы “Ленин” ордени, 1981-жылы “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланат. 1988-жылы ардактуу эс алууга чыгат. Өз тажрыйбасын жайылтуу максатында Москва шаарында ВДНХга чакырылат, “Виноградство” журналында макалалары, биринчи беттеринде сүрөттөрү чагылдырылган. 

Мамажанова Айчүрөк

1944-жылы Орто Азия айылында туулган. 1967-жылы кыргыз Кыз-келиндер институтун аяктаган. Эмгек жолун 1967-68-жылдары Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайда окутуучу болуп иштөдөн баштаган. 1969-74-жылдары Жалал-Абад шаардык комитетинин катчысы, 1974-75-жылдары партиянын Сузак райондук комитетинде инструктор, 1975-76-жылдары райондук маданият үйүнүн жетекчиси, 1984-89-жылдары партиялык комитеттин катчысы, 1990-93-жылдары райондук кеӊештин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1994-98-жылдары “Нургуль” АБсинин жетекчиси, 1998-2005-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси.  2005-2007-жылдары Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрация башчысы, губернатордун кеӊешчиси, 2007-2009-жылдары областтык аялдар кеӊешинин төрайымы, 2009-жылдары областттык администрацияда гендердик саясат секторунун жетекчиси болуп иштеген. 

Молдошев Чойбек – 1907-жылы, Сузак районунун Кара-Март айылында туулган. Районубуздун алгачкы агартуучулары, 1925-жылы Жалалабат педагогикалык окуу жайын бүткөн. 1925-26-жылдары Сузак районунун Качкынчы мектебинде мугалим, директор, Кайтпас, Карамарт айылдарына комсомолдук уюмдун катчысы болуп иштеген. 1927-жылы ушул эле айылдарга сабатсыздыкты жоючу кечки мектептерди ачкан. 1931-33-жылдары аталган айылдар биригип “Октябрдын 15 жылдыгы” колхозу түзүлүп, ал колхоздун башкармасынын төрагасы, 1933-40-жылдары айыл кеңешинин төрагасы болуп иштеген. 

Мусурманов Жоро

1920-жылы Үч-Малай айылында туулган. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. 1939-41-жылдары Октябрь районундагы “Эркин” жети жылдык мектебинин директору болгон. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1946-48-жылдары Ачы райондук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. Кийинки жылдары да мектепте иштеген. 

Насыров Идаят 

1939-жылы  туулган. Эмгек жолун Маленков атындагы колхоздо иштөө менен баштаган. 1957-жылы жана 1973-жылдары эки жолу “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган. ВЛКС БКнын сьездинин делегаты, областтык советтин депутаты болгон. 

Нуруев Бообек

1932-жылы Сузак районунун Ак-Баш айылында туулган. Атасы Нуру атактуу Кубат бийдин (Кубат хан) эбереси, энеси – Курманжан Кунназар баатырдын эбереси. 1946-жылдан Бообек Нуруев колхоздун бухгалтери, ферма башчысы, райондук инспектор, партиянын жогорку мектебинин угуучусу, Скрябин атындагы айыл чарба институтунун студенти болуп, 1965-жылы Карл Маркс колхозунун парткомунун катчысы кызматын аркалаган. 1970-жылы Жалал-Абад шаарындагы №1 кесипчилик окуу жайында директордун орун басары, 1978-жылдан тартып Т.Тайгарев совхозунда бөлүм башчы, агроном, директордун орун басары болуп иштейт. Ардактуу эс алууга Сузак райондук профсоюз уюмун жетектөө менен чыккан. Өмүрлүк жары Салтанат экөө 5 уул, 4 кызды тарбиялап чоӊойтушту. Элдин айтымында Б. Нуруев чынчыл, адилет, өз пикирин айткан, калыс, чыныгы комунист, мээнеткеч адам болгон. 

Нуруев Болот

1936-жылы Ак-баш айылында туулган. 1954-57-жылдары Жалал-Абаддагы зооветеринардык техникумунда, 1957-62-жылдары кыргыз айыл чарба институтунун ветеринария фаакультетинде окуган. Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында туулган. Тайгараев совхозунда ветеринар, Жалал-Абаддагы зооветтехникумунун директорунун орун басары кызматтарында эмгектенген. 1996-жылы КРнын Арендаторлор жана ишкерлер союзунун вице-президенти болуп шайланган. 

Тагаев Өскөнбай 

1954-жылы Барпы колхозунда туулган. 1964-жылдан баштап чабандык кызматта жүрдү. 2003-жылы Барпы айылдык округда “Тагай Тилек” фермердик асыл тукум кой өстүрүүчү чарба уюштурган. Азыркы күндө эт багытындагы асыл тукум койлорду багып жатат. Жетишкен ийгиликтери үчүн райондун, облустун, республиканын Ардак грамоталарына татыктуу болгон. 2009-жылы “КРна эмгек сиӊирген ишмери” деген ардактуу наамына татыктуу болгон. 

Темирбаев Токтосун

1923-жылы Барпы айылында туулган. 1937-40-жылдары Бек-Абад айылдык мектебинде мугалим болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган. 1941-47-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1947-49-жылдары бухгалтер, 1949-53-жылдар аралыгында райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы, 1953-55-жылдары Карл Маркс атындагы колхоздун башкармасы, 1955-58-жылдары Таш-Булак айылдык кеӊешинин төрагасы, 1958-61-жылдар аралыгында Сузак райондук керек-жарак коомунун төрагасы болуп иштеген. 1972-78-жылдары Жалал-Абад пахта заводуна караштуу Ленин жолу, Киров, Жалал-Абад пазта кабыл алуу пункттарынын башчысы кызматтарында иштеген. “Ардак Белгиси” ордени, В.И. Лениндин 100 жылдыгына арналган юбилейлик медаль менен сыйланган. Эмгектин ардагери, өз айылындагы орто мектепке анын ысымы ыйгарылган. 

Тургунов Чаман – 1930-жылы, Сузак районунун Күмүшазиз айылында туулган. Кыргыз ССРинин пахтачылыкка эмгек сиңирген устаты. Жогорку билимдүү, 1985-89-жылдары Сузак районундагы Ырыс айыл кеңешинин катчысы, төрагасы, ал эми Ленин атындагы колхоздо башкы агроном, колхоз башкармасынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.

Токсонова Үрү

1940-жылы Барпы колхозунда туулган. Билими орто. 1978-жылдан баштап “Эркин” колхозунда саанчы болуп эмгектенген. Эмгектеги жетишкендиги үчүн бир нече жолу медалдар менен сыйланган. 1973-жылы “Ардак Белгиси” ордени менен сыйланган. 

Тургунов Чаман 

1930-жылы Сузак районунун Күмүш-Азиз айылында туулган. Кыргыз ССРинин пахтачылыкка эмгек сиңирген устаты. Жогорку билимдүү. 1985-89-жж. Сузак районундагы Ырыс айыл кеңешинин катчысы, төрагасы, Ленин атындагы колхоздо башкы агроном, колхоз башкармасынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган. 

Төрөев Жакып 

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, “Кызыл Жылдыз”  ордени менен сыйланган. Согуштан кайтып келгенден кийин, мектеп директору, партиялык уюмдук секретары, колхоздун төрагасы болуп иштеген. 

Умаров Мухтар

1924-жылы Чөкө-Дөбө айылында туулган. “Москва” колхозунда чабан болуп иштеп, “Ленин” жана “Октябрь революциясы” ордендери менен сыйланган. 

Хакимов Хамиджан 

1920-жылы Кызыл-Мехнат айылында туулган. Улуу Ата  Мекендик согуштун катышуучусу. 1-2-даражадагы “Улуу Ата Мекедик согуш” ордени, “Эрдиги үчүн”, “Ленинградды коргогондугу үчүн” медалдары менен сыйланган. Согуштан кийинки жылдары ферма башчысы, бригадир болуп иштеген. 1966-жылы күжүрмөн эмгеги үчүн “Ленин” ордени менен сыйланган. Партиянын Ош облустук комитетинин мүчөсү, Сузак райондук кеӊештин депутаты болгон. 

Хуркунов Рахман 

1900-жылы Лавдан-Кара айылында туулган. 45 жыл чабан болуп эмгектенген. “Ленин” ордени менен сыйланган. 

Чоноев Канкыбай 

1909-жылы Кара-Март айылында туулган. Айылдык медреседен билим алган. 1935-жылы бир айлык курстан билимин жогорулаткан. “Октябрдын 15 жылдыгы” колхозунун башкармасынын төрагасы, 1953-жылдары Базар-Коргон районунун “Чарбак” колхозунда башкармасынын төрагасы жана ар түрдүү кызматтарда эмгектенип жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Эмгеги бааланып “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган. 

Шайымкулов Ормош

1921-жылы туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Көк-Арт совхозунда малчы болуп эмгектенген. “Эмгек Кызыл Туу” ордени, “В.И.Лениндин 100 жылдыгына арналган юбилейлик медаль” менен сыйланган. 

Шапакова Назира

1937-жылы Багыш айлында туулган. Эмгек жолун Октябрь райондук газета чыгаруучу басмаканада иштеп баштаган. 1962-жылы “Ленин жол” колхозунда комсомол комитетинде иштеген. 1965-жылы Дружба совхозунун №2 балдар бакчасынын башчысы болуп иштеген. 1970-жылдан Сузак районундагы “Живпром” чарбасында тамеки өстүрүү боюнча звено башчысы болуп эмгектенген. “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган. 

Шекенова Арзыгүл 

1924-жылы Төбөй айылында туулган. Көп жылдар бою колхоз өндүрүшүндө иштеген. 1970-жылы “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган. 

Ынакова Карамат 

1941-жылы  Барпы колхозунда туулган. Билими орто. Өмүр бою колхозчу болуп эмгектенген. Райондук советке 2 жолу, облустук советтин 3 жолку чакырылышына депутат болуп шайланган. Көп жылдык эмгеги үчүн “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган. 

Эмилов Акматжан 

1933-жылы Жалгыз-Жаӊгак айылында туулган. Эмгек жолун 1950-жылы Комсомол колхозунда механизатор болуп эмгектенүү менен баштаган. 1958-жылдан Көк-Арт совхозунда №1 бөлүмдө талаачылык боюнча бригадир, жашылча жемиштердин, кылкандуу дан эгиндеринин уругун өндүрүүдө, совхоздун экономикасын көтөрүлүүдөгү салымы үчүн “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.  

Эшматова Турдукан 

1923-жылы туулган. Эмгек жолун колхозчу болуп эмгектенүүдөн баштаган. 1953-58-жылдары райондук, областтык советке депутат болуп шайланган. 1957-жылы “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.

(С. Стамбековдун материалы)