Айылдык аймактар

Окумуштуулар


Арзиев Жоромамат

1949-жылы Сузак районундагы Кыргызстан айылында туулган. “Кызыл пахтачы” орто мектебин аяктаган. 1970-жылы Ош  мамлекеттик педагогикалык институтунун физика математика факультетин аяктаган. 1971-жылы ОГПИде, ал эми 1974-жылы Бишкектеги политехникалык институтта окутуучу болгон. 1975-78-жылдары ал Москвадагы Я.Я.Карков атындагы физика математика илимий изилдөө институтунда иштеген. 1980-жылы Арзиев Жоромамат кандидаттык диссертациясын коргоп, Оштогу кечки политехникалык институтта иштеген. Ал эми 1988-жылы Кыргыз илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнүн илимий борборунда лаборатория башчысы болуп эмгектенген. 1994-97-жылдарда Арзиев Жоромамат Кыргыз илимдер академиясындагы химия институтунда докторантурада окуган. Ошол эле мезгилде институттун директорунун орун басары кызматында болгон. 1996-жылы Арзиев Жоромамат Арзиевич Кыргыз улуттук академиясынын түштүк бөлүмүнүн жаңы технологиялар институтунун директору болуп дайындалат. 2008-жылдан бери ал жаңыдан түзүлгөн жаратылыш ресурстары институтунун (ИПР) директору. Илимдин доктору Арзиев Жоромамат 90дон ашык илимий эмгектердин автору. КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. 

Аширалиев Абдиумаматкадыр 

Техника илимдеринин доктору, Кыргыз инженердик академиясынын академиги, Кыргыз эл агартуусунун отличниги. Ал 1953-жылы 26-ноябрда Жалал-Абад областынын Сузак районунун Ак-Тоок кыштагында төрөлгөн. 1971-76-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда “Машина куруунун технологиясы, темир кесүүчү станоктор жана аспаптар” адистиги боюнча окуп, 1990-жылы “Тоо кен машиналары” адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. 1993-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университети уюшулгандан баштап А.Аширалиев улук окутуучу, доцент, окумуштуу катчы, кафедра башчысы, илим иштери боюнча бөлүм башчысы, декан, ректор кызматтарында иштеген. 

2002-жылы А.Аширалиев “Тоо кен машиналары”, “Механизмдердин жана машиналардын теориясы” адистиктери боюнча доктордук диссертациясын коргогон. Ал ушул илимий эки адистик боюнча КМШ өлкөлөрүнө белгилүү окумуштуу. Анын илимий иштердин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн бургулоочу машиналары Россиянын шаарларынан көп санда чыгарылып, шахталарда, курулуш өнөр жайларында ийгиликтүү иштелип жатат. Ушул убакыттын ичинде университеттеги абалды стабилдештирип, окутуунун сапатын жакшыртуу боюнча бир топ жаңылыктарды киргизип, ашыкча структураларды жоюп, бюрократияны сезилээрлик деңгээлде кыскартканга, университетти мамлекеттик бюджеттик кабыл алууну 200-390го чейин көбөйткөнгө, студенттеридин окуу, жашоо, агай-эжейлердин иштөө шарттарын жакшыртууга жетишкен. Университеттин китепканасын дүйнөлүк электрондук китепканалар системасына кошуп, окуу залдарын Европалык стандарттын деңгээлине жеткире жасаганга жеке салымын кошкон. 

Апышев Бекембай 

Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери. Педагогика илимдеринин кандидаты, профессор.  1932-жылы Сузак районунун Ак-Тоок айылында туулган. Көк-Арт орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1959-жылдан Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун деканы, кафедра башчысы болуп иштеген. Педагогика илимдеринин кандидаты, Ош мамлекеттик университетинин профессору. Кыргыз Республикасынын Эл агартуу отличниги. Педагогикага арналган көптөгөн илимий макалалардын жана эмгектердин автору. 

Абдувалиев Абдыганы 

Абдувалиев Абдыганы Осмонович – 1954-жылы,  Сузак районунун Бөкөй айылында туулган. ОшМУнун Өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент, ОшМУнун эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз Республикасынын  Инженердик Академиясынын кеңешчиси жана Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты. 1974-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган. 1974-1978-жылдары ОшМПИнин   алгебра жана геометрия   кафедрасынын окутуучусу, 1979-1982-жылдары М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин күндүзгү бөлүмүнүн аспиранты, 1982-1986-жылдары ОшМПИнин математикалык анализ кафедрасынын окутуучусу жана улук окутуучусу, 1986-1992-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун математикалык анализ кафедрасынын доценти, 1992-1997-жылдары математика бөлүмүнүн башчысы, анализ кафедрасынын доценти, 1997-1999-жылдары ОшМУнун жогорку математика жана математикалык экономика кафедрасынын башчысы, 1999-2011-жылдары физика, математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканы, 2011-2016-жылдары окуу иштери жана маалымат технологиялары боюнча биринчи проректору, ал эми 2016-жылдан бери ОшМУнун Өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору болуп эмгектенүүдө. 

Абдувалиев Абдыганы Дифференциалдык теңдемелер жана алардын колдонулуштары, экономикалык маселелердин математикалык моделдерин түзүү, статистика, эконометрика, билим берүү проблемаларына арналган 50 дөн ашык макалаларды жана илимий-методикалык колдонмолорду жарыкка чыгарган.


Абдураимова Зарийпа

Абдураимова Зарийпа Самашевна - 1958-жылы, Сузак районунун Кызыл-Туу  аймагындагы Ак-Булак айылында төрөлгөн. Билим берүүнүн мыктысы, ОшМУнун доценти, педагогика илимдеринин кандидаты. Айылдагы А.Осмонов мектебинен 8-классты аяктагандан кийин, 1972-жылы Жалал-Абаддагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайына тапшырган. Аталган окуу жайды 1976-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, эмгек жолун Сузак районундагы Карл Маркс (азыркы К.Эрматов) жатак мектебинде тарбиячы болуп иштөөдөн баштаган. 1977-79-жылдары ушул эле райондогу Правда (азыркы А.Сейдакматов) орто мектебинде пионер вожатая болуп иштеген. 1979-82-жылдары ОГПИде (азыркы ОшМУда) окуп, педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулияты адистигине ээ болгон.

1983-1985-жылдары Ош шаарындагы №35-бала бакчада тарбиячы, 1985-2002-жылдары Ош Гуманитардык педагогикалык институтунда окутуучу, ага окутуучу, практика башчысы болуп иштеген. “Баланы мектепке даярдоодо үй-бүлөнүн ролу” (Ош-2000), “Педагогикалык практика” (Ош-2001), “Бөбөктөргө белек” (Ош-2002), “Баланы мектепке даярдоо (авторлош)” (Ош-2006), «Мугалим, сабак жана сынчыл ойлом стратегиясы» (Ош-2008) деген усулдук колдонмолордун, бир нече илимий макалалардын автору. 2002-жылы ОшМУнун   башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасында  улук окутуучу   болуп ишке кабыл алынган. 

2010-жылы  “Болочок башталгыч классттын мугалимдерин баланы мектепке даярдоого үйрөтүүнүн педагогикалык шарттары” – деген темада кандидаттык диссертация  коргоп,  2014-жылы   “Педагогика” адистиги боюнча доценттик   наамды алган.  2015-2017- жылдары педагогикалык колледжде бөлүм  башчынын милдетин аткарган. Учурда  индустриалдык-педагогикалык  колледжде   доцент  болуп эмгектенип жатат. 


Абышев Кубанычбек - 1947-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган. Октябрь кыштагындагы Мичурин атындагы орто мектепти, 1970-жылы Ош Мамлекеттик университетинин искусство факультетин аяктаган. 1970-жылдан бери Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, ошону менен катар Улуттук илимдер Академиясынын искусство таануу бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенип келет. Кандидаттык диссертациясын Москва шаарында ийгиликтүү жактап, 1988-жылы 25-февралда Педагогика илимдеринин кандидаты, Россия Федерациялык АПНден 1992-жылы 19-декабрда Доцент наамы берилген. Музыка жана ырдоо кафедрасынын профессору. Маданият жана Эл Агартуунун отличниги. Кыргызстандын, Тажикстандын, Россиянын маданият министрликтеринин ардак грамоталары менен сыйланган.


Акматов Барпы - 1949-жылы 15-апрелде Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган. Педогогика илимдеринин кандидаты, доцент. 1966-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектебин, Ош Мамлекеттик педагогикалык институтун артыкчылык диплому менен аяктап, Токтогул районуна караштуу Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепте математика мугалими болуп иштей баштаган. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Жалал-Абад шаарында жайгашкан педагогикалык окуу жайында мугалим болуп иштеп турганда 1973-жылы белгилүү педагог Ж.Мустафиндин чакыруусу менен ОшПИнин алгебра жана геометрия кафедрасында окутуучу, ага окутуучу жана доценттик кызматта иштеп келген. Москва шаарындагы М. И. Ломоносов атындагы университетинин мехмат факультетинде стажер-мугалим катарында билимин өркүндөтүп, андан кийин ошол эле шаарда жайгашкан В. И. Ленин атындагы Мамлекеттик педагогикалык университетинин “Геометрия жана топология” адистиги боюнча аспирантурада окуган. Профессор Н. М. Остиянунун жетекчилиги менен илимий иштин үстүндө

иштеп, 60 дан ашуун илимий жана окуу методикалык макалалары жарык көргөн. 1993- жылы “Дифференциалдык структуралар менен багытталган көп түспөлдүүлүктөгү сызыктуу бөлүштүрүүлөр” деген темада кандидаттык дисертациясын ийгиликтүү жактаган. Докторлук илимий-изилдөө жумушун Москва шаарында жайгашкан В. И. Ленин атындагы Мамлекеттик университетте улантып жатканда 2005-жылы 23-июлда капилеттен көз жумган.


Бабаев Дөөлөтбай

Педагогика илимдеринин доктору, 1952-жылы Сузак районунун Кулбайлы айылында туулган. 1972-жылы Ош  мамлеккеттик педагогика институтун аяктаган. Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунда аспирант, кийинчерээк Санкт-Петербург шаарындагы педагогика институтунда лаборант, окутуучу, ага окутуучу, кафедра башчысы болуп эмгектенип, 1994-жылы Ош мамлекеттик университетинин доценти болгон. Бабаев Дөөлөтбай илимий адис катары физика предметин окутуунун методикасы жана анын тарыхы, теориясынын проблемаларын изилдеп келет. Буга анын 70тен ашык илимий иштери, анын ичинде 2 чоң илимий монографиясы, 5 методикалык китептери күбө боло алат. Айрыкча анын “Физиканы окутуунун методикасы”, “Орто мектептердин 6-7-класстарында физиканы үйрөнүүдө байкоо жүргүзүүнүн өлчөмдөрү” деген илимий китептери мугалимдер үчүн өзгөчө маанилүү. Ал эми Санкт-Петербургдан жарык көргөн “Физик мугалимдердин профессионалдык калыптанышынын теориялык негиздери” деген илимий эмгеги да баалуу болуп саналат. Бабаев Дөөлөтбай илимий ишке өтө сейрек мамиле кылган окумуштуу. Анын Сузак орайону боюнча бирден-бир педагогика илиминин доктору экендигин эске алсак, анда аны менен Сузактыктар сыймыктана алышат. 

Бакиева Гүлнара 

Философия илимдеринин доктору, профессор Гүлнара Бакиева Жалал-Абад жергесинде жөнөкөй үй-бүлөдө 1958-жылы туулган. Бой тартып Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын ийгиликтүү аяктаган соң, Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетине кирген. 1978-жылдын сентябрында КП СС БКнын саясий бюросунун мүчөлөрүнүн катышуусу менен Алматы шаарында студенттик отрядчылардын бүткүл союздук слету өтүп, ага Кыргызстандан бир гана орун берилип, жападан жалгыз Гүлнара катышып келген. А.Боронеевдин жетекчилиги астында Ленинград университетинде кандидаттык диссертациясын жактаса, кийин 2002-жылы Санкт-Петербургдан философия илимдеринин доктору даражасына жетти. Гүлнара Бакиева жаамы журтка төбөсү көрүнүп калган кыргыздын илимпоз кыздарынын бири. Анын “Коомдук акыл-эс туюму жана азыркы мезгил” деген илимий монографиясы мунун айкын күбөсү. Мында кыргыз элинин абалтадан муундан-муунга таберик катары келаткан дүйнөгө көз карашы дүйнөлүк философия илим отрибуттарынын алкагында кеңири чечмеленип берилет. Гүлнара бул эмгегинде татаал илим жолунда “Слциалдык эс тутум жана азыркы учур” деген социалдык философиянын негизги орчундуу жана татаал суроосуна жооп издеген. Ал дүйнө философиясынын классиктери Ф.Ницыщенин, Э.Фраммдын, М.М. Хайдаггердин, К.Марселдин, К.Фенерстин, Ж.Сартердин, Н.Бердияевдин илимий пикирлерине таянып, кыргыз элинин эс тутумунунун өзгөчөлүктөрүн жандуу адамдардан изилдеп, алардын оордун аныктоодо зор илимий жаңы ой айткан. Көптөгөн белгилүү илимпоздордун пикирлерине кошулсак, биздин Гүлнара Бакиеванын илимий табылгасы бүгүнкү илимдеги жаңы багыт. 

Базарбаев Шамшы 

Философия илимдеринин доктору, профессорАл 1937-жылы Сузак районунун Долоно-Башат айылында туулган. 1963-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1974-98-жж. ОшМУда кафедра башчысы, пеедагогика жана тарых факультеттеринин деканы, 1998-жылдан университеттин сырттан окуу боюнча проректору. Ал жүздөн ашык илимий эмгектин, а.и. 4 монографиянын, 2 китепченин автору. Эмгектери негизинен кыргыз элинин рухий маданиятынын түптөлүшү жана өнүгүүсүн изилдөөгө арналган. Жогорку окуу жайларлдын студенттери үчүн “Рухий маданият жана дин” (1995), “Кыргыз маданиятынын өнүгүү диалектикасы” (2001) аттуу эмгектери жарыкка чыккан. Кыргыз ССРинин элге билим берүү отличниги (1984), Кыргыз Республикасынын “Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери” ардак наамынын ээси.

Борбугулов Мухтар

 Филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз эл жазуучусу, адабиятчы акын, тамсилчи. Мухтар Борбугулов 1930-жылы Сузак районунун Кыз-Көл айылында туулган. Атасы Борбугул комуз чертип ырдаган, аты кыйлага угулган адам болгон. 1947-жылдын Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. 1949-жылы Кыргызстан мамлекеттик университетинин (Ал кездеги педагогикалык институт) филология факультетине кирип, аны бүтүрөөрү менен 1952-жылы Москвадагы ССР илимдер академиясынын Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасына жиберилет. 1957-жылдын башында ошол эле институтта “Кыргыз Совет драматургиясы” деген темада кандидаттык диссертация жактайт. 1957-66-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы болуп иштеп, ошол жылдары Мухтар Борбугулов “Кыргыз Крылову” деген атты алган, себеби ал кыргыз жазуучуларынын арасынан тамсил жанры боюнча такай эмгектенип келген. Кийин Кыргыз мамлекеттик университетине которулат. Университетте адабияттын теориясынан лекция окуй баштайт жана журналистика кафедрасынын башчысы болуп иштейт. Ал 1964-66-жылдары ИАсынын докторанты болгон, 1967-жылы Кыргыз драматургиясынын чыгышы жана өсүшү жөнүндө докторлук диссертацияны ийгиликтүү коргойт. Анын илимий теориялык изилдөөлөрү жана сын макалалары Москвада басылып чыккан. Бүткүл союздук илимий жана сын макалаларынын жыйнактарына жана “Литературная газета”, “Вопросы лутературы”, “Дружба народов” сыяктуу бүткүл союздук басма сөз органдарына басылып турат. Кыргыз Совет энциклопедиясынын башкы редактору болуп да иштеген. 1996-жылы анын чоң фундаменталдуу эмгеги “Адабият теориясы” деген китеби жарыкка чыккан. М. Борбугуловдун ырлары райондук жана облустук газеталарга 1946-жылдан баштап чыга баштайт. Студент кезинде жазган “Ак алтын усталары” аттуу пьесасы үчүн Республикалык көп актылуу пьесалардын конкурсунда сыйлыкка көрсөтүлөт. 1952-жылдан баштап тамсил жаза баштайт. 1955-жылы анын тамсилдер жана ырлар аттуу биринчи жыйнагы 1956-жылы “Тамсилдеринин” экинчи жыйнагы, 1958-жылы “Ачуу дары” деген ат менен орусча которулган китеби чыгат. М.Борбугулов кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Барпы Алыкуловдун мурасын изилдөөгө чоң эмгек сиңирип ал жөнүндө газета-журналдардын бетине бир топ макалаларды жарыялоо менен бирге, акындын өмүрүнө жана көрүнүшүнө арналган пьеса жазган. Анын “Элеттик жигит” аттуу романы кыргыз, орус тилдеринде жарыкка чыккан. 1956-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Ал “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн”, “Каарман эмгеги үчүн”, “В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына” медалдары, ВЛКСМ БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган. 

Борбугуловдун чыгармачылыгы 1946-жылдан башталып, 1956-ж “Тамсилдер жана ырлар” жыйнагы басылып чыккан. Повесттер, аңгемелер, тамсилдер, фельетон, ырлардан турган бир нече жыйнактары, “Элеттик жигит” романы, “Барпы” пьесасы жарык көрүп, окурмандарга кеңири белгилүү. Анын басылып чыккан монографиялары   ил.-сын макалаларынын жыйнактары, жүздөгөн макалалары кыргыз адабиятынын өнүгүү жолуна жана анын проблемаларына арналган. 1979-ж. “Улуттук жана интернационалдуулуктун биримдиги” аттуу эмгеги үчүн Борбордук Азиядагы адабиятчы окумуштуулардан биринчилерден болуп СССР жазуучулар бирлигинин сыйлыгына арзыган. “Сорос-Кыргызстан   фондусунун көмөгү менен чыгарылган анын “Адабият теориясы” (1996) аттуу эмгеги адабият таанууга кошкон салымы болуп эсептелет. Медалдар менен сыйланган. 

Дарбанов Беркутбай - 1959-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган. Филология илиминин доктору. 1977-жылы Мичурин атындагы орто мектепти аяктаган. Ош Мамлекеттик Педагогикалык Институтунун Филология факультетинин “Орус тили жана адабияты” адистигин артыкчылык диплом менен аяктап, ОШМУнун Орус тили жана адабияты кафедрасында окутуучу болуп иштеп калган. 1989-жылы Москвага Целевой аспирантурада күндүзгү бөлүмүндө окуган. 1992-жылы аспирантураны аяктап Кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 1992-жылдан баштап Бишкек Мамлекеттик Университетинин «Жалпы жана салыштырма тил» илимий кафедрасында доцент болуп эмгектенген. 1996-жылдан Жалал-Абад Мамлекеттик Университетине атайын чакырылып “Орус тили жана адабияты” кафедра башчысы болуп дайындалган. 2012-жылдан баштап Филология факультетинин деканы. 1993-жылы Филология илиминин Кандидаты даражасы ыйгарылган. 2000-жылы доцент наамын алган. 2013-жылы Филалогия илиминин доктору даражасына ээ болгон. 1 монография 50дөн ашык илимий эмгектери жарык көргөн.


Зулпукаров Аманкул

Экономика илимдеринин доктору, профессор. 1945-жылы Сузак районуна караштуу Саты кыштагында төрөлгөн. 1969-жылы КМУнун Экономика факультетинин эл чарбасын пландаштыруу кесибин, 1990-жылы Ташкендеги жогорку партиялык мектепти бүтүп, партиялык советтик кызматкер жана саясат таануучу, жогорку жана орто окуу жайларында окутуучу деген кесипке ээ болгон. Университетти бүткөндөн кийин 25 жыл бою, же 1969-жылдан 1994-жылга чейин Мамлекеттик статистика комитетинде экономист, бөлүм башчы, областтык статистика башкармасынын башчысы, Республикалык статистика комитетинин башчысынын биринчи орун басары жана анын башчысы, министрдин деӊгээлинде эмгектенген. 1994-98-жылдары Сузак районунун администрациясынын башчысынын айыл чарбасы боюнча орун басары, айыл өкмөтүнүн башчысы, 1998-жылдан баштап Жалал-Абад мамлекеттик университетинде кафедра башчысы жана профессору, экономика жана укук институтунун директору болгон. Азыркы учурда агрардык-экономикалык факультеттин деканы болуп эмгектенет. Шаардын “Стратегиялык 2010-жылга чейинки пландоо” комитетинин мүчөсү жана экономика блогунун жетекчиси. 

Кайыпов Сулайман 

Филология илимдеринин доктору, профессор. 1952-жылы Сузак районунун Ак-Тоок айылында туулган. 1975-жылы кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине келип кирип, аны артыкчылык диплому менен аяктаган. Эмгек жолун Кыргыз ССР Илимдер академиясынан илимий кызматкер катары баштаган. 1978-84-жылдары Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунда стажировкада болгон, аспирантурада окуган, ошол эле жерде илимдин кандидаттык диссертациясын коргогон. 1985-97-жылдары Кыргыз Илимдер Академиясында башкы изилдөөчү, бөлүм жетекчиси, КМУда доцент, Москвадагы адабият институтунда докторант, Бишкектеги гуманитардык университетте профессор, бөлүм башчысы, декан, биринчи проректору болуп эмгектенген. 1997-жылдан Түркия Республикасында илимий-педагогикалык стажировкада болгон, ошол университетте профессор болуп эмгектенген. Учурда Бишкектеги Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору. Европалык стандарттагы университетти калыптандырууда көрүнүктүү уюштуруу иштерин жасады. Кайыпов С.Т. кыргыздардын жана тектеш түрк, монгол элдеринин элдик оозеки чыгармачылыктары, элдик каада-салт, көөнө маданияттары боюнча белгилүү адис, түрколог. Илим адамынын эмгектери чет өклөлөрдө жарык көрүү менен илим чөйрөсү тарабынан колдоого ээ болгон. Бир нече китептердин автору. 

Каратаев Олжобай 

Каратаев Олжобай Кубатбекович – 1963-жылы Ош облусунун Сузак районундагы Орто-Азия айылында туулган. Тарых илимдеринин доктору (2004), профессор (2005), 1990-жылы КМУнун тарых факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Өндүрүштө эмгектенип, Советтик Армияда кызмат өтөгөн. 1990-93-жылдары Кыргыз УИАсынын илимий кызматкери, 1993-жылы Ж.Баласагын атындагы КМУнун окутуучусу, ага окутуучусу, доценти, бөлүм жетекчиси, кафедрра башчысы, профессору. Кыргыз Улуттук университетинин биринчи проректору, Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору. Кыргыздардын теги, келип чыгышы, кыргыз жазуу маданиятынын тарыхы, этногенезиси, этномаданий жана этногенетикалык алакалары, этнографиясы боюнча адис. Кыргыздардын теги, келип чыгышы, кыргыз жазуу маданиятынын тарыхы, эн тамга белгилери жана алардын кыргыздардын байыркы этникалык башатын, тегин, эл катары калыптануу этаптарын ж.б. иликтеп келет. Кыргыз этнонимдери (уруу, урук, эл аталыштары) боюнча бир катар эмгектердин автору. Негизги эмгектери: “Кыргыздардын этномаданий байланыштарынын тарыхынан”, “Кыргыздардын этникалык өнүгүүсү”, “Кыргыз этнонимдери боюнча сөздүк”, “Кыргыз этнографиясынын сөздүгү”, “Кыргыздын теги, келип чыгышы, таралуу ареалы” ж.б. илимий китептери жарык көргөн. 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинен 6 монография, 7 окуу-усулдук колдонмолордун автору. Илимдин 4 кандидатын даярдаган. 37 аспирант, докторант, изденүүүчүлөрдү жетектейт. Кыргызстандын тарыхы боюнча 15 томдук долбоордун жетекчиси. ЭКОнун сыйлыгынын лауреаты. 

Карбекова Азиза - 1974-жылы Сузак районуна караштуу Октябрь кыштагында туулган. Агрария илиминин кандидаты. 1991-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектепти алтын медаль менен аяктаган. 1995-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин аяктап, эмгек жолун 1995-жылдан ЖАМУнун “Экономика” кафедрасында окутуучу болуп иштеп баштаган. 2002-2010-жылдары БатМУда “Экономикалык дисциплиналар” кафедрасынын башчысы, агрардык-экономикалык факультетте илимий иштер боюнча декандын орун басары болуп эмгектенген. 2011-жылы “Жалал-Абад областынын жер ресурстарынын

эффективдүү колдонулушу” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 2011-жылдын апрель айынан бери университеттин илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенүүдө. 2014-жылы доценттик наамын алган, 1 монографиянын, 1 лекциялык курстун, 1 автордук күбөлүктүн, 50 илимий макаланын, 10 усулдук колдонмонун жана 40дан ашуун сертификаттардын ээси. 2010-жылы КР Билим берүү

жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, КР “ Эне Даңк” медалы, 2012-жылы «КРнын билим берүү отличниги» төш белгиси, 2013-жылы КР «Баатыр эне» ордени менен сыйланган. 2014 жылы КР «Акыл Тирек» номинациясы ыйгарылган, Жалал-Абад шаарынын «Ардактуу атуулу». Үй-бүлөлүү 5 кыз, 2 уулдун бактылуу энеси.


Каримбеков Мырзамамат 

1961—жылы Сузак районундагы Кыргызстан айылында туулган. 1968-78-жылдарда Кызыл-Пахтачы орто мектебин аяктаган. Эмгек жолун Жалал-Абадда жумушчу болуу менен баштаган. 1979-жылы Уралдагы политехникалык институтунун механика-машина куруу факультетинде окуган. Институтту аяктагандан кийин Майлы-Сайдагы электролампа заводунда инженер-конструктор болуп иштеген. 1988-жылдан Кыргыз Илимдер Академиясынын Түштүк окуу илимий борборунда илимий кызматкер болуп иштеген. 1990-жылы Каримбеков Мырзамамат СССР Илимдер академиясынын Лазердик технологиялык борбордогу  илим изилдөө бөлүмүндө иштеп, 1991-жылы Москвадагы энергетикалык институтунда аспирантурадан билим алган. Алгач ал илимдин кандидаттык диссертациясын, ал эми 2003-жылы доктордук диссертациясын коргогон. Керимбеков Мырзамамат Россиянын лазердик Академиясынын А.Л.Пижевский атындагы сыйлыгынын лауреаты. 

Кожоназаров Кенжебай

Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор Кожоназаров Кенжебай 1933-жылы, Сузак районунун Ырыс айылында туулган. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөн. 1957-60-жылдары Шамалды-Сай участкалык ооруканасынын жана ревмотологиялык санаториянын башкы врачы, 1960-69-жылдары Жалалабат шаарындагы балдар ооруканасынын башкы врачы болуп иштеген. 1963-80-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун педиатрия кафедрасында ассистент, 1983-97-жылдары Педиатрия кафедрасынын кафедра башчысы, ОшМУнун медициналык факультетинде педиатрия кафедрасынын башчысы, ал эми 2000-жылдан А. Батыров атындагы Эл достугу университетинде кафедра башчысы болуп, окутуучулук жана илим изилдөө тармагына кеткен. 85 илимий эмгектин, 3 монография, 3 ойлоп табуунун автору. 

Кудайбердиев Зулпукар 

Медицина илимдеринин доктору, профессор. 1939-жылы Көк-Жаңгак шаарында туулган. Медицина институтунун дарылоо факультетин бүтүргөн. Институтту бүткөндөн кийин Кемин районундагы Ильич участкалык ооруканасынын башкы врачы, 1964-76 КММИде клиникалык ординатор, терапия кафедрасында аспирант, ассистент, доцент, ошол эле мезгилде ин-тун врачтардын билимин өркүндөтүү боюнча факультеттин кардиология циклин жетектейт. 1977-жылдан Кыргызстан кардиология илимий изилдөө инс-да (1996-ж. КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин каридиология жана терапия борбору) директордун ил. иштер боюнча орун басары, ошол эле мезгилде факультеттик терапия кафедрасында профессор. Анын илимий эмгектери тоо физиологиясы жана терапиясынын проблемаларына арналган. Дени сак жана оору адамдар бийик тоо шартында узак же кыска убакытта болгон жүрөктүн иштөө абалын, борбордук жана чет гемадинамикалык көрсөтүүлөрүн, өпкөдөгү кан айланууну изилдеп, жүрөк-кан тамыр системасынын бийиктик гипоксиясына көнүгүү реакциясынын өзгөчөлүктөрүн жазган. Көп эмгектерин Теӊир-Тоо менен Памирдин ар кандай бийиктиктеги аймактарында убактылуу же дайыма жашаган адамдардын кара жумушта иштөө жөндөмдүүлүгүн изилдөөгө арналган. 160тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 монография, 4 усулдук сунуш, 2 ойлоп табуунун автору. СССР Саламаттык сактоосунун отличниги, КРнын эмгек сиӊирген врачы жана мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Кожомбердиев Ысман

 Кыргыздын тунгуч адис-археологу, тарых илимининин кандидаты Кожомбердиев Ысман 1928-жылы, Сузак районуна караштуу Үчмалай айылында туулган. 1950-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн. 1954-88-жылдары Кыргыз Илимдер Академиясынын Тарых институтунун илимий кызматкери жана 1973-жылдары Археологиялык секторунун башчысы болуп иштеген. Кетмен-Төбө, Талас, Чаткал, Чүй өрөөндөрүнө жасалган археологиялык кошуундарды жетектеп, коло дооруна жана байыркы көчмөндөргө таандык археологиялык эстеликтерди изилдеген. Ал алгачкы көчмөндөр искусствосун жана аларга тиешелүү Аскаташ сүрөттөрүн (петроглифтер) изилдөөгө да салым кошкон.  60тан ашуун илимий эмгеги бар. 

Кокуева Эльмира

Кокуева Эльмира Сатыбалдыевна - 1969-жылы, Сузак районуна караштуу Жаңы-Дыйкан айылында туулган. Эконмика илимдеринин кандидаты. 1986-жылы Сузак районундагы Благовещенка айылындагы №22- А. П. Гайдар атындагы орто мектебин аяктап, 1993-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин “Коомдук тамак аш азыктарынын тестөөлөсү” адистигин аяктап “Инженер-технолог” квалификациясына ээ болгон. 2000-жылы Жалал-Абад Коммерциялык институтунун (азыркы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет) “Финансы жана кредит” адистигин аяктап “Экономист” квалификациясына ээ болгон.

2018-жылдын 15-майындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен (Токтом №10) Бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл кафедрасынын доценти илимий наамга ээ болгон (Диплом ДС №003).

2019-жылдын 31-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен (Протокол №8к-1/15) Экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражага ээ болгон (Диплом ИКД №002493).

1993-жылы алгачкы эмгек жолун Көк-Жаңак шаарындагы нан заводунун өндүрүш цехинде мастер кесибинен баштаган. 

1993-1998 жж. – Көк-Жаңак нан заводунда даяр продукцияны сатуу боюнча бухгалтери, өндүрүш бухгалтери, материалдык бухгалтери жана башкы бухгалтер болуп эмгектенген. 1998-2009-жылдары Жалал-Абад коммерциялык институтунда Эсеп-финансы факултетинде методист, 2009-2010-жылдары Экономика жана ишкердик университетинин Окуу-маалымат департаментинде(ОМД) ага инспектор, ОМД башчысынын орун басары, 2010-2013-жылдары Экономика жана ишкердик университетинин Дистанттык окутуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун директорунун орун басары, 2013-2016-жылдары Экономика жана ишкердик университетинин Каттоо кеңсесинин офис-менеджери, ал эми 2017-19- жылдары К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Каттоо кеңсесинин жетекчиси болуп иштеген.

2019-жылдан баштап К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл” кафедасынын доценти болуп эмгектенүүдө.

Бүгүнкү күндө отуздан ашык илимий-методикалык эмгектер жарык көрдү. Жылда эл аралык, республикалык жана чөлкөмдөр аралык илимий-практикалык конференцияларга илимий макалалары менен активдүү катышып бир топ дипломдорго, тренингдерге катышып сертификаттарга ээ болуп келе жатат. Билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн бир топ сыйлыктарды алган:

-2011-жылы Экономика жана ишкердик университеттин (азыркы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети) “Ардак грамотасы”;

-2015-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Ардак грамотасы”;

-2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын “Ардак грамотасы”;

2018-жылы Коомубуздун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн   “Бактынур продюсердик борбору” Коомдук фонду тарабынан “Мыкты мугалим” төш белгиси менен сыйланган.

Култаева Үмүт

Култаева Үмүт Баймуратовна - 1954-жылы, Сузак районуна караштуу Маркай айылында туулган. Филология илимдеринин доктору, педагогика илимдеринин кандидаты. 1976-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. Алгачкы эмгек жолун Көк-Жаңгак шаарындагы Сары-Булак орто мектебинде кыргыз тили жана адабиятынан мугалим катары баштаган. 1979-жылы Сузак районундагы «Ырыс» орто мектебине которулуп, ушул эле жылы аталган мектептин окуу иштери боюнча директордун орун басары болуп 1981-жылга чейин иштеген. 1981-жылы «Мугалимдер газетасына» конкурска жарыяланган «Окуучуларга жекече мамиле жасоо» аттуу макаласы педагогикалык коомчулуктун көзүнө илинип, Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтуна кызматка чакырылган. 1982-85-жылдары аталган мекемеде аспирантурада окуп, ал эми 1985-87-жылдары илимий кызматкер болуп иштеген. 1989-жылы Кыргыз кыз-келиндер институтунун (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) филология факультетине окутуучу кызматына кабыл алынып, 20 жыл бою ушул окуу жайда ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан болуп иштеген. 2000-жылы Президенттик Жарлык менен ачылган Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору (2001-2007) кызматтарында иштеген. 2007-жылдын сентябрь айынан 2008-жылдын аягына чейин аталган университеттин докторантурасында болгон. 2009-жылдын 2-январынан Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору кызматына которулуп, 2012-2017-жылдары ушул окуу жайдын алдындагы кыргыз-кытай Конфуций институтунун директору кызматтарында иштеген. 2018-жылы өзүнүн “Үмүт Култаеванын “Тил билги” автордук жогорку мектебин” негиздеди жана аны менен учурда иш алып барууда. 2019-жылдын сентябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек мэриясынын борбордук аппаратында иштеп жатат. Ү.Култаева “Мырзайым” теле-фильминин, “Манастын туулганын утурлап” документалдуу фильминин каармандарынын бири. Анын ишмердүүлүгүнө коомчулуктун берген баасына ылайык Ү. Култаева 2005-жылы «Кыргыз Туусу» гезити тарабынан эжолу (2005, 2009) «Жылдын мыкты адамдарынын» бири катары таанылды. Учурда, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын, КРнын Улуттук жана мамлекеттик идеологиясынын Концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жана Мамлекеттик тилдеги нормативдик укуктук актыларды которуу жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча комиссиянын ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү.

Сыйлыктары: Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (1981, 1997), Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2005); КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын: Ардак грамотасы (2004), «Кыргыз тили» төш белгиси (күбөлүк №6, 2005) сыйлыктары ыйгарылган. 2018-жылы Кытай Эл Республикасынын “Кытай адабиятына өзгөчө салымы үчүн” мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Азыркы учурда окумуштуунун илимий эмгектеринин алты томдугу жарык көргөн. 200дөн ашуун илимий макалалардын автору. Илимий макалалары Кытай Эл Республикасында, Польшада, Шериктеш мамлекеттерде жарык көргөн. 


Малабаев Жолдошбай 

Тарых илимдеринин доктору, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ал 1917-жылы Сузак районунун, Чапкынчы айылында туулган. Адегенде Жалал-Абад педагогикалык техникумун, 1954-жылы  КПСС БКнын жогорку партиялык мектебин бүткөн. 1938-59-ж. советтик административдик жооптуу кызматтарда, 1960— 69-ж. Кыргызстан ИАнын Тарых институтунун илимий кызматкери, 1970-76-ж. ушул эле институттун сектор башчысы, 1976-жылдан ИАнын Философия жана укук институтунун информация секторунун улук илимий кызматкери. 50дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде13 монографиянын автору. Илимий эмгектери негизинен Кыргызстандагы Совет бийлигинин жана мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө, чыңдалышына арналган. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.

1990-жылы анын “Фрунзе шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшү” дегген чоӊ фундаменталдуу эмгеги жарык көргөн. 

Малабаев Мурзабек 

Тарых илимдеринин доктору, профессор. Ал 1928-жылы Сузак району, Чапкынчы айылында туулган. 1950-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.1951-55-ж. КМУнун окутуучусу, 1955-57-ж. Кыргыз мамлекеттик физкультура институтунда кафедра башчысы, 1957-60-ж. Караколдогу педагогикалык институттун ректору, улук окутуучу, 1960-68-ж. ФПИде улук окутуучу, доцент, 1968-жылдан КМУнун КПСС тарыхы кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Жүздөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 6 монографиянын автору. Илимий эмгектери негизинен Кыргызстандын өнөр жайынын өнүгүшүн изилдөөгө арналган. Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери.

1967-жылы чыккан “Фрунзе шаарынын реконструкциясында өнөр жайды өнүктүрүүдө партиялык уюмдардын аракети” деген илимий эмгегинде Мурзабек Малабаев Фрунзе шаарынын өнөр жайынын өнүгүшүнүн негизги маселелерин илимпоз катары талдоого алган. Ал өнөр жайды өнүктүрүү менен экономиканы өсүтүрүүгө багыт алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгилеген. 

Анын изилдөөлөрү борбор шаарыбыздын автомобиль кураштыруу заводу, пресс-подборщиктерди чыгаруу заводу курулганда жана алар өндүрүмдүү иштей баштаганда негизги жардамчы болгон. Ага улай шаардык жылуулук системасын жакшыртуусу ишкананын курулушу башталды. Булардын бардыгы илимий негизде түзүлүп, анын келечегин иштеп чыгууда М.Малабаев көп эмгек сиӊирген. М.Малабаевдин илимий жетекчилиги алдында он кандидаттык диссертациясы жакталган. 

Матиев Кадырбек 

Акын, философия илимдеринин доктору, сынчы, адабиятчы. 1938-жылы Сузак районун Ак-Тоок айылында туулган.  1955-жылы А.С.Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1960-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Кыргызстан ИАсынын философия жана укук институтунун аспирантурасында, КМУнун диалектикалык материализм кафедрасында (1965-81), Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, 1981-86—жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасында,  «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, 1984–1986-жж. көркөм котормо секциясын жетектеп, УИАсынын алдындагы адабият жана көркөм-прикладдык искусство институтунда (1988) илимий кызматкер, доцент, кеңешчи болуп иштеген.   1992-1998-жж. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясында тармактык редакция башчысы, “Турмуш художниктин көзү менен” аталыштагы алгачкы адабий сын макалалар жыйнагы (1970), «Лирическое в искусстве как эстетическое явление» (1971), “Рух кубулушунун философиялык маңызы” (2001) аттуу монографиялары “Природа художественного образа” деген макалалар жыйнагы (1985), 200гө жакын илимий, адабий-сын макалалары жарык көргөн. Анын эмгектери негизинен көркөм чыгармачылыктын материалдарын тандоо аркылуу инсан руху жана руханийлик кубулушунун философиялык маңызын ачууга багытталган. 2002-жылы дүйнөдөн кайткан. 

Маткеримова Анаркан

Маткеримова Анаркан Маткасымовна - 1967-жылы 20-февралда Сузак районундагы Фрунзе (азыркы Жыгач-Коргон) айылында туулган. 

1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Эсеп-экономикалык факультетнин, «Өнөр жайдагы бухгалтердик эсеп, талдоо жана чарбалык ишмердүүлүктү текшерүү» адистигине тапшырып, 1988-жылы аяктаган.

1988-1996-жылдары Октябрь жүзүмчулүк комбинатында эсепчи, башкы эсепчи болуп эмгектенген.

1996-1999-жылдары Жалал-Абад коммерциялык институтунун «Бухгалтердик эсеп, аудит жана финансы» кафедрасында окутуучу болуп, 2000-2005-жылдары Жалал-Абад мамалекеттик университетинин Кара-Көлдөгү инженердик факультетинде мугалим, ага окутуучу жана кафедранын башчысынын милдетин аткаруучу болуп ийгиликтүү эмгектенип, 7 окуу усулдук иштерин даярдаган. 

2005-жылдан азыркы учурга чейин К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте ага окутуучу, кафедранын башчысы, кафедранын профессору болуп эмгектенип, 50дөн ашуун илимий эмгектерди жаратты.

2008-жылы, 27-мартта «Методология и организация управленческого учета и анализа на предприятиях корпоративной собственности (на примере предприятий Жалалабатской области)» аттуу темада Кыргыз экономикалык университетинде 08.00.12 –Бухгалтердик эсеп, статистика багыты боюнча кандидаттык диссертацияны коргогон. 2017-жылдын 29-сентябрында «Теория и практика формирования и функционирования управленческого учета и анализа затрат, их оптимизация на базе моделирования (на примере предприятий топливно-энергетической отрасли Кыргызстана)» деген темада Кыргыз-Россия Славян университетинде 08.00.12-Бухгалтердик эсеп, статистика багыты боюнча доктордук диссертациясын коргогон. Сузак районунун «Ардактуу атуулу». Жогоруда айтылган ийгиликтери үчүн  Анаркан Маткасымовна төмөнкү сыйлыктарга ээ болгон:

- Экономика жана ишкердик университетинин ардак грамотасына. 2007-жыл.

- Жалал-Абад областык мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы. 2010-жыл.

- Жалал-Абад шаарынын мэриясынын ардак грамотасы. 2012-жыл.

- Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына. 2013-жыл.

- Исфана шаардык кеңешини Ардак грамотасы. 2017-жыл.

- Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси. 2018-жыл.


Мурзакулов Үрүбай  

Мурзакулов Үрүбай  Зулпукарович -  1946-жылы, Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүтүн Төлөк айылында 10-майда туулган. Кыргыз Республикасынын айыл-чарбасынын “эмгек синирген кызматкери” жана ветеринария илиминин кандидаты. Ал Маркай айылындагы Токтогул атындагы жети жылдык мектепти 1960- жылы ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Жалал-Абад шаарындагы Зооветеренардын техникумга кирип 1964-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрөт. 1971-жылы Фрунзе шаарындагы Скрябин атындагы Айыл чарба институтуна кирет. 1976-жылы артыкчылык диплому менен аяктайт. 1977-жылы Москва шаарындагы айыл чарба академиясында окуп ветеринария илиминин кандидаты болот. 1987-жылы өзү окуган Скрябин атындагы институтуна доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 1993-жылы 18-августа Билим министирлигинин буйругунун негизинде Жалал-Абад шаарындагы Агротехнологиялык факультетине декан болуп которулган. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын айыл-чарбасынын “эмгек синирген кызматкери” ардактуу наамын алган. Ветеренария илиминде үйду саай турган апаратты (дойканы), уйду сааган мезгилде автоматтык түрдө өчкөн апаратты ойлоп тапкан. Мал  чарбачылыгында тууй турган  малдарга биринчи болуп  операция жасаган. 

Нарматова Эльмира Балтабаевна - 1966-жылдын 25-декабрында Сузак айылында туулган. Медицина илимдеринин кандидаты. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, 1989-жылы врач педиатр кесиби боюнча аяктаган. Алгачкы эмгек жолун 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда “Фтизиатр” адистиги боюнча клиникалык ординатурада иштөө менен баштаган. 1991-1999-жылдары Ош шаардык кургак учук балдар ооруканасында врач-ординатор, 2006-2009-жылдары Ош облусттар аралык балдар ооруканасынын врач-инфекционисти жана ОшМУнун медицина факультетинин педиатрия кафедрасынын ассистенти болуп эмгектенген. Медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы врач-педиатр Нарматова Эльмира 2009-жылдан бери Ош областтык СПИД менен күрөшүүжана профилактика боюнча областтык борборунун башкы дарыгери кызматын аркалайт. Медицина жаатындагы отузга жакын илимий эмгектердин автору, "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоосунун мыкты кызматкери" жана бир катар сыйлыктардын ээси.


Омошев Төлөгөн

Омошев Төлөгөн Теңирович - 1958-жылы Сузак районуна караштуу Калмак-Кырчын айылында туулган. К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин профессору, педагогика илимдеринин кандидаты, РМАнын мүчө-корреспонденти. 

Т.Т.Омошев 1965-75-жылдары Сузак районундагы №17 Тоголок Молдо (азыркы О.Тажибаев) атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна (азыркы ОшМУ) математика адистиги боюнча физика-математика факультетине окууга тапшырып, аталган окуу жайды  1980-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган.

Төлөгөң Теңирович алгачкы эмгек жолун өзү бүтүргөн Ош мамлекеттик университетиндеги физика-математика факультетинин матанализ кафедрасында окутуучу болуп баштаган. 1981-жылы Армения Республикасынын борбору Ереван шаарында Программалоо адистиги боюнча Алгоритм эсептөө борборунан үч айлык стажировкадан өткөн. 1982-1983-жылдары Москва шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы университеттин механика-математика факультетиндеги матанализ кафедрасында бир жылдык стажировкада   стажер-окутуучу болуп иштеген.

Стажировкадан кийин Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинде эсептөө математикасы кафедрасында окутуучу болуп эмгек жолун уланткан. 1986-1989-жылдары Москва шаарындагы В.И.Ленин атындагы педагогикалык университетине күндүзгү бөлүмгө аспирантурага тапшырып, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Россия билим берүү академиясынын академиги В.Л.Матросовдун жетекчилиги астында математика адистиги боюнча илимий ишин жазган. 

1995-жылы 13.00.02- “Математиканы окутуунун методикасы”  адистиги боюнча Бишкек шаарындагы Билим берүү академиясында илимий ишин ийгиликтүү коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон (09.11.1995 ж. Протокол №8к-1/6, диплом ИКД №001147).

1990-1993-жылдары Ош мамлекеттик университетинде окутуучу, ага окутуучу болуп информатика кафедрасында ишин уланткан.

1993-жылы Жалал-Абад шаарында жаңы ачылган Коммерциялык институтка (азыркы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет) ага окутуучу болуп которулган, ал эми 1995-2010-жылдары аталган окуу жайда Информатика кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген.

2001-жылы Педагогика адистиги боюнча Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан доцент деген илимий даражасын алган (25.10.2001 ж. Протокол №8дц-2/7, диплом ДЦ №000648).

1997-1999-жылдары Жалпы теориялык жана гуманитардык билим берүү факультетинин деканынын орун басары, ал эми 1999-2013-жылдары Экономика, менеджмент жана информациялык технологиялар факультетинин деканы болуп иштеген.

2007-жылы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин окумуштуулар кеңешинин чечими менен профессор илимий наамына ээ болгон ( 23.03.2007 ж. Протокол №5, диплом дп №004).

2013-2016-жылдары К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте илим, эл аралык байланыштар жана инновациялык-билим берүү технологиялары боюнча проректор, 2016-2018-жылдары аталган окуу жайда Окуу-маалымат департаментинин директору болуп эмгектенген.

2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте илим, эл аралык байланыштар жана инновациялык-билим берүү технологиялары боюнча проректор болуп эмгектенип келе жатат.

Төлөгөн Омошев тарабынан окуу жайдын окуу процессин автоматташтыруу боюнча сунушу киргизилип, азыркы учурда окуу жайдын окуу процессинде модулдук-рейтингдик жана AVN системалары өзүнүн жетекчилиги астында ийгиликтүү иштетилип жатат. Окуу процесси менен гана чектелбестен окуу жайдын илимий жана тарбия иштери боюнча да көптөгөн алгылыктуу иштерди уюштуруп келүүдө. 

Окуу жайдын тарыхында бир нече жылдар бою жетекчилик кызматтарда гана иштебестен, профориентациялык иштерде жана  кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы болуп да эмгектенип жатат. Окуу жайда уюштурулган жана Жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасындагы өткөрүлүп жаткан Регионалдык студенттик олимпиадаларда окуу жайдын атынан жетекчилик кылып келет.  

Бүгүнкү күндө Төлөгөн Теңирович тарабынан 100 дөн ашык илимий-методикалык эмгектер жарык көрдү. Жылда эл аралык, республикалык жана чөлкөмдөр аралык илимий-практикалык конференцияларга илимий макалалары менен активдүү катышып келе жатат. Жогоруда айтылган кызматтарда үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн бир топ сыйлыктардын ээси болгон:

-1999-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы”; 

-2003- жылы Кыргыз Республикасынын “Билим берүүсүнүн мыктысы” наамы;

-2005-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Ардак грамотасы”;

-2006-жылы Жалал-Абад областтык администрациясынын “Ардак грамотасы”;

-2009-жылы Экономика жана ишкердик университетинин “Ардак грамотасы”;

-2012-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Алкышы”;

-2016-жылы Кыргыз кооперациясына 90 жылдыгы медалы;

-2016-жылы Кыргыз Республикасынын ардактуу инсандар коомдук бирикмесинин “Ардактуу аксакалы” ордени;

-2017-жылы Сузак районунун “Ардактуу атуулу” наамы;

-2017-жылы Казак Республикасынын Регионалдык Менеджмент Академиясынын мүчө-корреспонденти;

-2017-жылы Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин “Ардак грамотасы”.

-2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;

-2018-жылы “К.Ш Токтомаматов атындагы университетке 25 жыл” төш белгиси;

-2018-жылы “К.Ш. Токтомаматов атындагы университетке эмгек сиңирген ишмер” медалы;

-2018-жылы “ЭАУнун негиздөөчүсү, тунгуч ректору жана президенти, э.и.д., профессор, РМА академиги К.Ш.Токтомаматов” медалы;

-2018-жылы Кыргыз Республикасынын “БАКТЫНУР продюссердик борбору” коомдук фондунун “Мыкты жетекчи” төш белгиси;

-2019-жылы «Кыргыз тили» коомунун «Кыргыз тили» төш белгиси;

-2019-жылы Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы.


Пиримбаев Жусуп 

Экономика илимдеринин доктору, профессор. 1954-жылы Сузак районунун Жыгач-Коргон кыштагында туулган.КМУнун экономика факультетин бүтүргөндөн кийин КРнын Эт, сүт өнөр жай министрлигинде текшерүүчү, текшерүү бөлүмүнүн башчысы, КМУУда окутуучу, кафедра башчысы, биринчи проректор. Бишкек шаардык администрациясынын экономика жана финансы департаментинин директору (1993-95), КРнын Улуттук банкына караштуу банктарды кайра куруу жана карыздарды реструктуризациялоо агенттигинин директорунун орун басары (1996-98) болуп иштеген: 1999-жылдан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин экономика кафедрасынын башчысы. 3 китептин жана 40тан ашык илимий эмгектин автору. Илимий эмгектери негизинен рынок экономиканын шартында башкаруу жана башкаруу эсебин уюштуруу проблемаларына арналган. Кыргыз ССР финансы министрлигинде бухгалтердик эсеп методологиялык кеңешинин (1984-90), СССРдин жана Кыргызстандын бухгалтерлер жана аудиторлор ассоциациясы башкармалыктарынын (1990-92), Кыргызстанда эсеп сандарын киргизүү боюнча комиссиянын (1992-93) мүчөсү, 2000-жылдан Кыргызстандын бухгалтерлер эсеп системасынын эл аралык стандарттагы отчёттун талабына ылайык реформалоо боюнча улуттук комиссиянын эксперти. Билим берүү боюнча азыркы мыйзамдын 1992-93-жылдары даярдалган экономикалык программанын автору катары белгилүү.

Сатыбалдиев Абдураим

Химия илимдеринин доктору, 1948-жылы Сузак районунун Жийде айылында туулган. 1970-жылы Ленинграддагы технологиялык институтту аяктаган. 1978-жылы Кыргыз Илимдер Академиясында аспирантурада болгон.

         Ал узак жыл КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 1996-жылы А.Сатыбалдиев Ош Техникалык университетине которулуп, декан, профессор болуп кызмат кылган. 

Сатыбалдиев Абдураим Кыргызстандагы окумуштуулардын ичинен айырмаланып, “Электрохимия жана электроэрозиондук процесстерди үйрөнүү” боюнча белгилүү адис болуп саналат. Бул багытта анын 60тан ашык илимий макалалары, 2 монографиясы, 4 ойлоп табуучулук эмгеги жана 2 илимий окуу куралдары жарык көргөн. Ал эми 1996-жылы анын (авторлош) “Электроэрозионный синтез соединений переходных металлов” деген илимий изилдөө ишинин бир жыйынтыгын чыгарган эмгеги да зор кызыгууну пайда кылган. Анын 1995-жылы Бишкектен жарык көргөн (авторлош) “Физикалык химия” (химиялык термодинамика) деген илимий эмгеги да анын бул багытта илимий лабораторияда эӊ узак иштеген ишинин натыйжасы деп баалоого болот. 

Сулайманова Диларам

Сулайманова Диларам Капарбаевна - 1973-жылы Сузак районуна караштуу Беш-Бала айылында туулган. Экономика илимдеринин кандидаты. 1990-жылы Сузак районундагы №8 Узакбай Абдукаимов атындагы орто орто мектебин аяктаган. 1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин  “Мектепке чейинки педагогика жана психология” адистигин аяктап, “Мектепке чейинки педагогика жана психология окутуучусу, тарбиячы” квалификасына ээ болгон.

2007-жылы Экономика жана ишкердик университеттин (азыркы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет) “Экономика” багытынын “Экономикадагы маалыматтык системалар” профилин аяктап, “Экономиканын бакалавры” академиялык даражасына ээ болгон.

2008-жылы Экономика жана ишкердик университеттин (азыркы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет) “Ишканадагы экономика жана башкаруу” адистигин аяктап, “Экономист-менеджер” квалификациясына ээ болгон.

2018-жылдын 29-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен (Протокол №9к-1/32) Экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражага ээ болгон (Диплом ИКД №002259).

2018-жылдын 29-августундагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен (Токтом №12) Эсеп-каржы сабактар кафедрасынын доценти илимий наамга ээ болгон (Диплом ДС №008).

1990-жылы алгачкы эмгек жолун өзү бүтүргөн Ош мамлекеттик университетиндеги музыка факультетинен баштаган. 1990-2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинде, 2005-2006-жылдары Жалал-Абад Мамлекеттик техникалык университетинде, 2006-жылдан ушул күнгө чейин К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

Бүгүнкү күндө кырктан ашык илимий-методикалык эмгектер жарык көрдү. Жылда эл аралык, республикалык жана чөлкөмдөр аралык илимий-практикалык конференцияларга илимий макалалары менен активдүү катышып келе жатат. Үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн бир топ сыйлыктардын ээси болгон:

-2009-жылы Экономика жана ишкердик университеттин (азыркы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети) “Алкышы”;

-2013-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана Жалал-Абад шаардык Кеңешинин “Ардак грамотасы”;

-2015-жылы Экономика жана ишкердик университеттин (азыркы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети) “Ардак грамотасы”;

-2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын “Ардак грамотасы”;

-2017-жылы Исфана шаардык Кеңешинин “Ардак грамотасы”; 

-2017-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы”; 

-2018-жылы Жалал-Абад шаардык профсоюз комитетинин “Ардак грамотасы”;

-2018-жылы Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин “Жылдын мыкты айымы” төш белгиси;

-2019-жылы “Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банк” ЖАК (KICB) Жалал-Абад шаарындагы филиалынын “Ардак грамотасы”.


Тажибаев Орозалы 

Айыл чарба илимдеринин доктору. Тажибаев Орозалы Тажибаевич 1952-жылы Сузак районунун Калмак-Кырчын айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Тоголок Молдо атындагы орто мектепти бүтүргөн. Ушул эле жылы Фрунзе шаарындагы “Ардак Белгиси” ордендүү К.И.Скрябин атынданы Кыргыз айыл чарба институтунун агрономия факультетине тапшырып, аны 1974-жылы аяктайт. 1974-жылы Өзгөн районуна караштуу Ийри-Суу совхозунда агроном болуп эмгек жолун баштайт. 1975-77-жылдары Кара-Суу районуна караштуу Кыргыз пахтачылык тажрыйба тсанциясынын агрохимия бөлүмүндө илимий кызматкер болуп иштейт. 1977-81-жылга чейин К.и.Скрябин атындагы айыл чарба институтунун тажрыйба талаасында башчы болуп иштейт. 1980-жылы ушул институттун агрохимия факультетинин агрохимия кафедрасында аспирантураны сырттан бүтүрөт. 1981-жылдан баштап Ботаника кафедрасында ассистент болуп иштей баштайт. 1983-жылы Киев шаарында агрохимия адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын жактайт.

1984-90-жылга чейин Агрохимия факультетинде декандын орун басары, 1990-96-жылга чейин факультеттин деканы болуп иштейт. 1996-98-жылдары “Өсүмдүк өстүрүү” кафедрасына докторантурага өтөт. 1999-жылдын 16-апрелинде Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарында айыл чарба илиминин докторлугу диссертациясын ийгиликтүү коргойт. 1999-2000-жылдары Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде агрохимиянын негиздери кафедра башчысы болуп иштеген. 

Топчубаев Аширбек

Топчубаев Аширбек Бердибекович -1964-жылы, Сузак районунун Чанкет кыштагында туулган. География. илимдеринин доктору, профессор. 1979-1983-жылдары А.С.Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын мектептер бөлүмүн аяктап, 1986-1990-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун география факультетин бүтүргөн. 1990-1993 -жылдары Кыргыз УИАнын түштүк бөлүмүндө лаборанттан 1 категориядагы инженер. 1993-2006-жылдары Ош мамлекеттик университетинде лаборант, окутуучу, доцент болуп иштеген. 2002-ж. «Физикалык география жана биогеография, топурактын географиясы жана ландшафттын геохимиясы» адистиги боюнча “Алай-Түркстан кырка тоосунун түндүк капталынын суу балансынын элементтерине баа берүү жана пайда болуусу” деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. 2006-2011-жылдары Азия Өнүктүрүү банкынын “Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызмат көрсөтүү”долбоорунда адис, координатору болгон. Андан кийин Ош гуманитардык педагогикалык институтунун табигый илимдер кафедрасынын профессору (2018), кафедра башчысы (2018), табият таануу-география факультетинин деканы болуп иштеген (2019).

Аширбек Бердибекович түштүк кыргызстандын аймагындагы дарыялардын таркалуусуна баа берүү менен биргеликте калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого техникалык-экономикалык жактан баа берүү боюнча илимий изилдөөлөргө, Эл аралык долбоорлорго катышкан. 50дөн ашуун илимий эмгектин (а. и. 2 монографиянын) автору. Эмгектери негизинен айлана-чөйрөнү коргоо жана айрыкча жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу проблемаларын изилдөөгө арналган.


Турдубаев Качкынбай - Тарых илимдеринин кандидаты. 1940-жылы 15-майда Сузак районунун Жаңы-Күч айылында туулган. 1958-жылы Көк-Жаңгак шаарындагы Т. Сатылганов атындагы орто мектепти, 1961-жылы Жалал-Абад шаарындагы А. С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын, 1969-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых бөлүмүн окуп бүтүргөн. 1961-1964-жылдары Өзгөн районунун Коммунизм орто мектебинде дене-тарбия мугалими болуп иштейт. 1964-1974-жылдары Сузак районундагы Дзержинский атындагы сегиз жылдык

мектебинде улуу пионер вожатый, дене-тарбия жана тарых мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы, жетекчиси, 1974-1981-жылдары Сузак районундагы Ж. Бөкөнбаев атындагы балдар үйүндө тарбиялык иштер боюнча жетекчинин орун басары, Октябрь кечки орто мектебинде, Сузак райондук сырттан окуу мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, жетекчиси, 1984-1991-жылдары Жалал-Абаддагы А. С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайында тарых жана коом таануу сабактарынан окутуучу, Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери, 1991-1993-жылдары Ош Мамлекеттик педагогикалык институнда, ОШМУ педагогика кафедрасында окутуучу,

1993-жылдан Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, доценти болуп эмгектенген. 1978-1982-жылдары Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун сырттан окуу боюнча аспиранты. 1993-жылы Бишкек шаарында, педагогикалык теориясы жана тарыхы ( Кыргыз ССР тарыхын окутууда

окуучуларды революциялык, күжүрмөн эмгек традициялардын үлгүсүндө тарбиялоо) деген тема боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактайт. Кырктан ашык усулдук макалалары жарык көргөн. “Эмгек ардагери” медалынын ээси.


Текенов Жапар

Техника илимдеринин академиги, профессор. Кыргыз Республикасынын УИАнын академиги. Ал 1933- Сузак районундагы Сары-Булак айылында туулган. 1956-жылы КМУнунун физика математика бөлүмүн бүткөн. 1959-67-жылдары Кыргызстандын Өзбекстандын ИАда илимий кыщзматкер, 1967-68-жылдары Ош мамлекеттик университетинде кафедра башчы, Бишкек политехникалык институтунун Оштогу факультетинин деканы, 1988-94-жылдары Кыргызстан ИАнын  Түштүк-кыргыз илимий-окуу борборуна караштуу институтта   лаборатория башчысы жана директордун орун басары. 1994-жылдан Кыргыз Республикасынын УИАнын түштүк региондук бөлүмүнүн төрагасы, УИАнын вице-президенти жана УИАга караштуу жаратылыш байлыктарын комплекстүү пайдалануу институтунун директору. Ж.Текеновдун илимий эмгектери негизинен үстүрттүк кубулуштар, чаӊ түрүндөгү жана аэрозолдук бөлүкчөлөр, ошондой эле ар түрдүү телолордун өз ара байланыш күч аракеттерин изилдөөгө арналган. Бул изилдөөлөрдүн негизинде Союзда биринчилерден болуп катмардын чек арасындагы агымдын ылдамдыгын өлчөөчү жана өтө майда, катуу бөлүкчөлөрдүн адгезиялык күчүн аныктоочу приблрду түзгөн. 100дөй илимий эмгектин, анын ичинде 3 монография, 7 рационализатордук сунуштун автору. Анын эмгектри айлана-чөйрөнү коргоодо, жылуулук энергиясын алуучу булактарды кеӊейтүүдө чоӊ мааниге ээ болуп, жылуулук коммуна энергия тармагында кесектелген күйүүчү отундарды алууда жана башкада колдонулат. КРнын билим берүүгө эмгек сиӊирген кызматкери, “Эл агартуу отличниги”. 

Тургунбаев Ойрот 

Медицина илимдеринин кандидаты Тургунбаев Ойрот 1934-жылы, Сузак районунун  Сафаровка айылында туулган. 1959-жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтун, 1964-жылы аспиратураны бүтүргөн. Эмгек жолун 1959-жылы аймактык медицина институтунда, илимий кызматкер болуп иштеп баштаган. Андан кийин, ушул эле институтта окумуштуу-секретарь болгон. 1965-1979-жылдары профсоюздардын курортторунун республикалык башкармасынын төрагасынын орун басары, төрагасы, Кыргызстан КП БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн сектор башчысы, 1972-1979-жылдары Кыргыз ССР Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары, 1979-жылы кыргыз ССР Саламаттык сактоо министри болгон. Андан кийин Афганистан Республикасынын өкмөтүндө кеңешчи-консультант болуп иштеген.  Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты. 

Узаков Орозали

Медицина илминин доктору, профессор. 1956-жылы Сузак районунун Жийде айылында туулган. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. 1978-80-жж. Жалал-Абад шаардык ооруканасында врач, 1984-97-жж Кыргызстан акушердик жана педиатрия институтунда улук илимий кызматкер, директордун орун басары, 1997-жылдан кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын медицина борборунун директору – дарылоо иштери  боюнча проректору. О.э. КРнын саламаттык сактоо министрлигинин башкы аллергологу. Пульмонологдордун Европалык ассоциациясынын жана борбордук Азия пульмонологдорунун ассоциациясынын президиумунун мүчөсү. Саламаттык сактоонун отличниги (200). Жогорку категориядагы врач. 80ден ашык илимий эмгектин (а.и 1 монография) автору. Анын эмгектери негизинен аллергология, пульмонология, педиатрия ооруларын изилдөөгө багытталган. 

Чотбаева Тургунжан 

1928-жылы Спасовка айылында туулган. 1942-жылы Чотбаева баштапкы класстардын мугалимдерин даярдоочу 5 айлык курстарга жөнөтүлүп, андан соӊ Благовещенское айылындагы башталгыч мектепте мугалим болуп эмгек жолун баштаган. Ошол эле учурда Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын сырттан окуу бөлүмүндө окуган. Ал эми 1951-жылы Жалал-Абаддагы А.С.Пушкин атындагы мугалимдер институтунун кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн соӊ, Бишкектеги пединституттан (учурдагы КМУ) билим алуусун уланткан. Т.Чотбаева 1952-54-жылдары Сузак районунун РЛКСМнын 2-секретары болуп иштеген. 1957-жылы КМУнун аспирантурасын бүтүргөн соӊ, өзү бүтүргөн университеттин филология факультетинде мугалим, ага мугалим, доцент болуп 1990-жылга чейин эмгектенген. 1967-жылы филология илимдеринин кандидаты болгон. 

Шамшиев Расул

Шамшиев Расул Кеңешович - 1968-жылы, Сузак районуна караштуу Соку-Таш айылында туулган. Философиянын тарыхы адистиги боюнча илимдин кандидаты, доцент. 1975-1985-жылдары №14 Ильич атындагы орто мектепте окуган. Мектепти аяктагандан кийин «Ачы» совхозунда куруучу болуп эмгектенген. 1988-1993-жылдары Ош мамлекеттик университетинин «Тарых жана укук таануу» факультетинде окуп, аны артыкчылык диплому менен аяктаган. 1993-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасына окутуучу болуп кабыл алынып, ошол эле учурда 1995-1997-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «Укук таануу» факультетин сырттан окуп бүтүргөн. Ал эми 1996-1999-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинде, аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө окуган. Аспирантурада окуган убактысында кандидаттык диссертациясын даярдап, талапка ылайыктуу макалаларды жарыка чыгарган. Ал 2002-2007-жылдары Мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу кафедрасынын кафедра башчысы, доцент, 2007-2009-жылдары Социалдык гуманитардык факультетинин деканы, 2009-2012-жылдары Мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу кафедрасынын кафедра башчысы, 2012-2014-жылдары Салык жана салык салуу кафедрасынын доценти, 2014-2018-жылдары Укук таануу кафедрасынын кафедра башчысы жана Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы кызматтарында иштеген.

Шамшиев Расул Кеңешович 40тан ашык илимий макаланын, 4 окуу-усулдук колдонмонун,1 монографиянын жана окуу куралынын ээси. Көп жылдык иш тажрыйбасында көптөгөн Эл аралык жана республикалык илимий-практикалык конференцияларга катышып, макалаларын жарыялаган. Өзүнүн үзүрлүү эмгек жолундагы жетишкендиктеринде көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Алар;

  • ЖАМУнун «Эң мыкты жаш изилдөөчү» конкурсунун II даражадагы диплому жана «Эң мыкты ага окутуучу» номинациялары менен сыйланган.
  • ЖАМУнун грамоталары жана Ардак грамотасы.
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы.
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мыктысы төш белгиси.
  • Жалал-Абад областтык профсоюздар уюмунун Ардак грамотасы.
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын Ардак грамотасы.
  • Жалал-Абад шаардык мэриянын Ардак грамотасы.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун Ардак грамотасы.

Ырысов Кенешбек

Ырысов Кенешбек Бакирбаевич – 1967-жылы туулган. Медицина илиминин доктору, профессор. 1974-84-жылдары Сузак районундагы Көк-Арт орто мектебинде окуп, КММИ “дарылоо” факултетин 1992-жылы аяктаган. Эмгек жолун 1992-93-жылдары Жалал-Абад облусттук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө иштөө менен баштап, 1994-2001-жылдары Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө иштеген. 2008-2011-жылдары Кыргыз мамлекеттик Медицина академиясында илимий жана клиникалык окутуу боюнча проректор кызматын аркалаган. 2001-2003-жылдары КРнын президентинин “21-кылымдын кадрлары” программасы боюнча, докторлук жаатында Германия мамлекетинин Ганновер шаарындагы нейрохирургия универститетинин илимий клиникасында, ал эми 2015-16-жылдары япониянын Нагоя шаарындагы нейрохирургия универститетинде, япониянын мамлекеттик «MEXT» программасынын  алкагында профессордук жаатында атайын тажрыйба алмашуу боюнча окуган. Учурда Кыргыз мамлекеттик Медицина академиясында мамлекеттик тил жана тарбиялык иштер боюнча проректор болуп иштейт.


Сузак районунан чыккан илимдин докторлору жана кандидаттары дагы такталууда. Төмөндө 2009-жылга чейинки маалыматтар жазылды.

Абдылдаев Авазбек – медицина илимдеринин кандидаты

Абдыбаева Мейликан – тарых илимдеринин кандидаты

Абдыгулова Роза – техника илимдеринин кандидаты

Абдыкалыков Акымбек – техника илимдеринин кандидаты

Абдыкалыкова Айсулуу – филология илимдеринин кандидаты

Абдыкадыров Максат – медицина илимдеринин кандидаты

Авазов Эрнис – тарых илимдеринин кандидаты

Азимбаев Таалайбек – физика-математика илимдеринин кандидаты

Апышев Бекембай – педагогика илимдеринин кандидаты

Арабаев Автандил – юридика илимдеринин кандидаты

Бакиев Жаныбек – юридика илимдеринин кандидаты

Бараталиев Керим – физика-математика илимдеринин кандидаты

Батыралиев Талант – медицина илимдеринин кандидаты

Бектеналиев Акматбек – физика-математика илимдеринин кандидаты

Болотов Сатыбалды – биология илимдеринин кандидаты

Бөрүбаев Таштан – физика-математика илимдеринин кандидаты

Бектеналиев Акматбек – физика-0математика илимдеринин кандидаты

Дарбанов Бүркүт – филология илимдеринин кандидаты

Жамашева Гүлнара – филология илимдеринин кандидаты

Канетов Бекболот – физика-математика илимдеринин кандидаты

Исмаилов Кадырбек – физика-математика илимдеринин кандидаты

Исаев Абдыкерим – педагогика илимдеринин кандидаты

Каратаева Канайым – техника илимдеринин кандидаты

Каратаева Сонайым – филология илимдеринин кандидаты

Качкынбаев Надырбек – айыл чарба илимдеринин кандидаты

Кожоназаров Кенжебай – медицина илимдеринин кандидаты

Козубаев Өскөнбай – философия илимдеринин кандидаты

Кулатов Турумбек – тарых илимдеринин кандидаты

Култаева Үмүт – педагогика илимдеринин кандидаты

Маткеримов Сейит – ветеринария илимдеринин кандидаты

Молдалиев Кимсан – физика-математика илимдеринин кандидаты

Мойдунов Таирбек -  педагогика илимдеринин кандидаты

Мырзаев Маматали – психология илимдеринин кандидаты

Мырзакметов Абдимиталип – тарых илимдеринин кандидаты

Мырзакметов Аман – философия илимдеринин кандидаты

Нарматов Жунус – физика-математика илимдеринин кандидаты

Нажимидинова Гүлмира – физика-математика илимдеринин кандидаты

Пазылов Алмазбек – экономика илимдеринин кандидаты

Омошев Төлөгөн – педагогика илимдеринин кандидаты

Орозбекова Бүбүсайра – медицина илимдеринин кандидаты

Осмонов Абдыганы – физика-математика илимдеринин кандидаты

Пирматова Бүбүсара – медицина илимдеринин кандидаты

Садыков Сабыр – медицина илимдеринин кандидаты

Салиева Калийпа – химия илимдеринин кандидаты

Сатыбалдиев Элмурза – юридика илимдеринин кандидаты

Султанов Жоробек – ветеринария илимдеринин кандидаты

Супатаев Кылычбек – экономика илимдеринин кандидаты

Сыдыкова Толгонай – педагогика илимдеринин кандидаты

Темирбаев Курманбек – саясат таануу илимдеринин кандидаты

Токоева Гүлдана – философия илимдеринин кандидаты

Топчубаев Аширбек – география илимдеринин кандидаты

Турдубаев Таалайыбек – айыл чарба илимдеринин кандидаты

Тургунбаев Кубанычбек – биология илимдеринин кандидаты

Тургунбаев Ойрот – медицина илимдеринин кандидаты 

Уразова Жамила – филология илимдеринин кандидаты

Усенов Абдымомун – физика-математика илимдеринин кандидаты

Өмүрзаков Жахангир – медицина илимдеринин кандидаты

Шамшиев Бекташ – филология илимдеринин кандидаты

Шерматов Токтакун – ветеринария илимдеринин кандидаты

Шамилов Максат – юридика илимдеринин кандидаты

Шамшиев Расыл – философия илимдеринин кандидаты

Чанаков Рыскул – философия илимдеринин кандидаты

Чокоева Дилбар – филология илимдеринин кандидаты

Чотбаева Тургунжан – филология илимдеринин кандидаты

Жээнбаев Бекмамат – биология илимдеринин кандидаты

Ырысов Кеӊешбек – медицина илимдеринин кандидаты.

( Жабировдун жана "Сузак району. Мезгил жана инсандар". Авт. С. Стамбеков материалдары)