Сузак районунун жетекчилери
1939-жылы 21-ноябрда КРнын Министрлер Советинин токтому менен Жалал-Абад областы түзүлгөн. Анын курамына 10 район жана бир шаар тибиндеги поселок кирген. Ал эми 1940-жылы 28-апрелде КРнын Министрлер Советинин токтому менен Жалал-Абад району Сузак району аталып, райондун борбору Сузак айылына көчщрщлгөн.
Мына ошол 1940-жылдан баштап райондун бийлик тизгини негизинен партиянын райондук комитетинде жана райондук аткаруу комитетинде турган. Сузак райондук архивинин берген толук эмес маалыматтары боюнча төмөндөгүдөй:
Партиянын Сузак райондук комитетин жетектегендер:
- Потапов (аты-жөнү көрсөтүлгөн эмес) – 1938-жылы
- Исмаилов Василий Иванович – 1940-43-жж.
- Гречко Василий Иванович – 1943-45-жж.
- Залесский Федор Кузьмич – 1946-48-жж.
- Андреев Николай Степанович – 1949-50-жж.
- Муминов Э – 1950-53-жж.
- Калмурзаев Ишмурза – 1953-54-жж.
- Ишимов Бекмолдо – 1954-58-жж.
- Умуралиев К – 1959-60-жж.
- Примов Бозулан Примович – 1960-62-жж.
- Кошоев Темирбек Кудайбергенович – 1962-63-жж.
- Эргашов Маматказы – 1963-70-жж.
- Кондратенко Александр Федорович – 1971-77-жж.
- Алиев Эркин Эргешович – 1978-80-жж.
- Салибаев Абдыгапар – 1980-1990-жж.
- Ишимов А.Б. – 1990-91-жж.
- Кудайбердиев К. – 1991.03. – 1991.09.
Сузак райкомунун биринчи секретары Потапов С.П.
Потапов С.П. – Россиянын Пенза крайынан келген, Жалал-Абад шаарынан Интернационал көчөсүндө жашаган, күндө Сузакка ат менен барып келгенин эл айтып калат. Ал мезгилде “Ширин” деп аталган Тажикстандан алынып келген үч чанактуу пахта адеп өстүрүлө баштаган. Сузакка жетпеген айылда МТС жаӊы ачылып ал жерде жаш кадрлар окутулчу.
1940-жылдын февраль айында аны Жалал-Абад обкомуна чакырышып ошол бойдон көрүнбөй калган. Сузактык аксакалдардын айтымында ал кошуналары менен да катышканга үлгүргөн эмес. Бул Жалал-Абад – Ташкент поездине билет алган райкомдун жетекчиси тууралуу акыркы маалымат болгон.
Сузак районунун биринчи секретары Залесский Федор Кузьмич
Залесский к.ф. Сузак районунун 1-секретарь болуп келгенде 35 жашта эле. Ал 1910-жылы Алтай крайында туулуп, жашынан жумушчу болуп иштеп, партиянын мүчөлүгүнө өтүп, революциялык ишке активдүү катышкан.
Ал 1930-36-жылдары Алтай крайында комсомолдук кызматкер, 1936-42-жылдары Омск губерниясында партиялык саясий кызматкер, 1942-43-жылдары Новосибирск областынын Кудинск райкомунда секретарь болуп иштеп, 1945-жылы ВКП (б) борбордук комитетинин чечими менен Сузак райкомуна биринчи секретарлык кызматка келген. 1946-жылы февралда Залесский Ф.К. демилгеси менен Сузак райкормунун тарыхында биринчи жолу Сузак райондук аткаруу комитетинин алдында агартуу-маданий бөлүмү ачылып, анын карамагына китепканалар, музейлер, клубдар, лексиялык бюролор, парктар өткөрүлүп берилген.
Сузак районунун биринчи секретары Андреев Николай Степанович 1949-жылы 31-декабрда Сузак районунун 1-секретары болуп Андреев Н.С. келди. Ошол мезгилде ал 35 жашта болчу. Ал Саратов областынын Балашевский уездине караштуу Романовский районунда туулуп өскөн, Кыргызстанга партиялык иш менен келип, 1927-30-жылдарда Октябрьск, Көк-Арт аймагында милиционер болуп иштеген. 1930-39-жылдарда Жалал-Абад финансы башкармалыгында иштеп, 1939-43-жылдарда Кыргызстан партиясынын Жалал-Абад обкомунда сектор башчысы болгон. 1949-жылдан Сузак райкомунун 1-секретарлыгына сунушталган.
Халмурзаев Ишмурза
1906-жылы Лейлек районунда туулган. 1930-жылы КПССтин катарына кабыл алынган. 1930-31-жылга чейин Сүлүктүдөгү көмүр кен башкармалыгында жумушчу болуп иштеген. Ишмурза Халмурзаев 4-5-класстын билими менен партиялык кызматка кабыл алынган. 1931-32-жылдары Сүлүктү кен башкармасынын кадрлар боюнча бөлүм башчысы, 1932-33-жылдары Лейлек районундагы Ворошилов колхозунун төрагасы болгон. 1953-жылы Сузак районунун айыл чарбасынын бардык көрсөткүчтөрү боюнча алдыга чыгып, жылдын жыйынтыгы боюнча Ишмурза Халмурзаев “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.
Ишимов Бекмолдо
1907-жылы Фрунзе областында (азыркы Талас областы) Арал айылында туулган. 1918-21-жылдарда айыолдык мектепте, 1921-25-жылдарда интернатта, 19+25-26-жылдары Алтайлык партиялык курста окуган. Жамбул шаарындагы мектеп-интернатта, 1925-27-жылдары Талас кантонундагы Александровка ВЛКСМ комитетинин жооптуу секретары. Андан кийин элге билим берүү бөлүмүндө иштеген, Талас кантонунун комсомол комитетинин секретары болгон. Бекмолдо Ишимов Базар-Коргон жана Үч-Терек райондорунда райондук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. 1944-45-жылдары Жалал-Абад облусунунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштөө менен түштүк аймакта жумушчу күчүнүн резервин түзүүгө активдүү катышкан. Б.Ишимов 1945-48-жылдары Ачы райкомунун 1-секретары болуп иштеп турганда аны өкмөттүк сыйлыкка көрсөтүшөт. Ошентип ал 1946-жылы “Эмгек Кызыл Туу”, 1947-жылы “Ардак Белгиси” ордендерин алууга татыктуу болгон. 1954-жылы декабрда Б.Ишимов Сузак райкомунун 1-секретары болуп шайланат. Ал Сузак районунда 6 жыл иштеген. 1957-жылы Б.Ишимов “Ленин” ордени менен сыйланган. Октябрь жүзүмчүлүк чарбасынын аймагы кеңейтилип жүзүм өстүрүү аянты дээрлик 190 гектарга жеткирген. 1-жолу жүзүмдүн сортун сыноочу аянтча түзүлгөн. Ак-Мечитте, Чаңгыр-Ташта, Бек-Абадда, Сузактын өзүндө жаңы мектептер курулган. Сузак – Жалал-Абад жол каттамы тартипке келтирилген. Жаңы айыл чарба машиналары алынып келинген. “Москва” колхозунун Жар-Кыштак айылында жаңы уйкана курулган. Октябрь айылында жаңы парк түзүлгөн. Багыш айылында, Көк-Арт айылында, Орто Азия кыштагында жатак мектептери ачылган жана алар орто мектепке айландырылган.
Примов Бозулан
1915-жылы Ош областынын Фрунзе (азыркы Кадамжай) районундагы Халмион кыштагында туулган. 1934-жылы Халмииондогу толук эмес орто мектепти бүтүргөндөн кийин ушул мектепте мугалим болуп калган. 1944-45-жылдарда Фрунзе шаарындагы 1 жылдык партиялык курсту бүтүрөт. Буга чейин ал Үч Коргон райондук аткаруу комитетинин төрагасы, Ош областтык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары кызматында иштеген.
Ал аялдардын укугун коргоого жана билимин жогорулатуу ишине да куөп көңүл бурган. Сузак районунда айылдык советтерге, партиялык кызматка, мектептердин директорлугуна билимдүү кыз-келиндерди жөнөткөн. Анын эмгеги “Ленин”, “Ардак Белгиси” ордендери менен белгиленген. Андантышкары бир нече медалдарды алууга татыктуу болгон.
Кошоев Темирбек
Т. Х. Кошоев 1957-жылы К.С.Скрябитн атындагы айыл чарба институтун бүткөн соң институттун партиялык уюмунун сунушу менен Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетине жооптуу кызматка алынат. Сузак районуна биринчи секретарь болгонго чейин Т.Кошоев Ош райкомунун секретары, Кыргызстан КП Борбордук комитетинин айыл чарба бөлүмүндө иштеп келген. Анын эмгеги “Октябрь Революциясы”, 2 “Эмгек Кызыл Туу”, “Ардак Белгиси” ордендери менен сыйланган.
Эргашев Маматказы
1925-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Өзбекстандын Фергана шаарынданы педагогикалык институтту 1954-жылы бүтүргөн. Эмгек жолун мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган, андан кийин мектептин директору, комсомолдун Ноокат райкомуннун 1-секретары, райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштөө менен Эргашев М. Турмуштук зор сыноолордон өткөн. 1963-жылы Н.С.Хрющовдун реформасы боюнча райкомдор жоюлуп, райондор аралык айыл чарба өндүрүштүк башкармасы түзүлүп, саясий кызматкерлер партиялык иштин секретары болуп калышкан. 1964-жылы күзүндө Н.С.Хрюшев бийликтен кеткенден кийин кайрадан райкомдор түзүлүп, М.Эргашев Сузак районунун 1-секретары болуп дайындалат. 1964-71-жылдар аралыфгында 2 жолу “Ленин”, “Октябрь Революциясы”, “Ардак Белгиси”, “Эмгек Кызыл Туу” ордендери менен сыйланып, КРнын Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.
Кондратенко Александр Федорович
1929-жылы Сузак районунун Октябрь айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты (1971-80). Жалал-Абад шаарындагы пахта өстүрүүнү механикалаштыруу мектебин (1950), Ташкен партиялык жогорку мектебин (1962) бүтүргөн. 1943-50-жж. Октябрь МТСинде тракторчу, 1955-жылдан Октябрь МТСинин партиялык уюмунун катчысы, партиянын Ош обкомунда инструктор, айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүмдүн башчысы. 1971-77-жж. Партиянын Сузак райкомунун 1-катчысы, 1977-87-жж Кыргызстан КП БКда инструктор болуп иштеген. Ал “Отузадыр” пахтачылык, “Жийде” жүзүмчүлүк совхоздорун уюштурууга жигердүү катышкан. Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, 2 “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган. 1975-жылы кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.
Алиев Эркин
1935-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4 жолку депутаты (1971-90). КРнын Жаратылышты коргоого эмгек сиңирген кызматкери 1965-68-жылдары Алжир демократиялык республикасында инженер-агроном , Советтик адисттердин тобунун жетекчиси, 1968-71-жылдары Кыргызстанда айыл чарба жана партиялык жооптуу кызматтарда иштеген. 1971-80-жылдары Кыргызстар КП Жаңы-Жол, Сузак райондорунун 1-катчысы, 1980-85-жылдары Эл депутаттарынын Талас облустук советинин аткаруу комитетинин төрагасы, кийин Жалал-Абад облустук табият коргоо комитетинин төрагасы болуп иштеген. “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.
Салибаев Абдыгапар
1942-жылы базар-Коргон районунуа караштуу Акман айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1985-90). Жалал-Абад ветериннария техникумун 1962-жылы, ал эми Кыргызстан айыл чарба институтун 1968-жылы окуп бүткөн. 1968-75-жылдары Базар-Коргон районундагы Ленин атындагы колхоздо зоотехник, башкы зотехник, райондук айыл чарба башкармасынын начальнигинин орун басары, Кыргызстан КП Ленин райкомунун инструктору, 1975-78-жылдары партиянын Ош обкомунун инспектору, Өзгөн райондук айыл чарба башкармасынын начальниги болуп иштеген. 1978-жылы партиянын Сузак райкомунун 2-катчысы, киин 1980-жылдан 1-катчысы, кийинчерээк КРнын айыл чарба министринин орун басары болуп иштеген. Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө кандидат, партиянын Ош обкомунун мүчөсү, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
Ишимов Алисултан
1971-77-жылдары комсомолдун Сузак райкомунун инстуркторлугунан анын биринчи секретарына чейин иштеген. 1980-88-жылдарда партиянын Ош обкомунда Араван райкомунун 2-секретары, Кыргызстан партиясынын борбордук комитетинде жооптуу кызматта иштеп жатып, 1990-жылы партиянын Сузак райкомуна 1-секретарь болуп шайланат.
Кудайбердиев Кубанычбек
1948-жылы Көк-Жаӊгак шаарында туулган. 2000-жылдары Жалал-Абад облустук кеӊешинин төрагасы. 1971-жылы Кыргызстан айыл чарба институтунун агрономия факультетин бүткөн. 1971-79-жылдары Көк-Арт үрөнчүлүк чарбасында агроном-мелиоратор, башкы агроном болуп иштеген. Ал эми, 1979-90-жылдары Сузак районундагы Теӊдик колхозунун башкармасынын төрагасы, 1990-91-жылдарда Партиянын Сузак райкомунун 1-катчысы, 1991-95-жж. райондук Кеӊештин төрагасы, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, райондук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси болгон. 1995-97-жылдары Базаркоргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, 1997-99-жылдары облустук мамлекеттик администрациясында бөлүм башчы, 1999-2000-жылдар аралыгында облустук агрардык департаментинин генералдык директору, кийин Жалал-Абад облусттук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун орун басары болуп иштеген.
Текенов Жолболду
Текенов Жолболду 1939-жылы Сузак районуна караштуу Сарыбулак айылында туулган.1961-жылы Кыргызстан айыл чарба институтун бүтүргөн. 1961-91-жылдары Базаркоргон районундагы Фрунзе атындагы колхоздун башкы агроному, партиянын Ош обкомунун айыл чарба бөлүмүнүн инструктору, партиянын Баткен райкомунун экинчи катчысы, Фрунзе (Кадамжай) райондук аткаруу комитетинин төрагасы, ошол эле райондун райкомунун 1-катчысы болуп иштеген. 1991-93-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы болуп иштеп, 1990-95-жылдары КРнын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп шайланган, ал эми 1995-жылдары КРнын Жогорку Кеӊешинин Эл өкүлдөр жыйынынын жооптуу кызматкери болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Табалдиев Тынычбек
Ал 1994-96-жылдарда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп иштеген. Т.Тынычбектин мезгилинде райондун аймагында жер ресурстарын менчикке бөлүштүрүү коомдук жерлерде курулуштарды, коомдук жайларды кайрадан паспорттоштруу системасы жүргүзүлгөн. Менчиктештирүү маселеси толук чечилген. Ал 2000-2001-жылдарда Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары, 2004-жылы КРнын Өкмөтүнүн архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы болгон.
Качкынбаев Равшанбек
1996-97-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп Камчыбеков Равшанбек иштеген. Ал иштеген жылдарда райондун аймагында сугат системасынын абалы жакшырган. Р.Камчыбеков – 1947-жылы Ала-Бука районундагы Ак Коргон айылында туулган. 1970-жылы айыл чарба институтун аяктаган. Эмгек жолун 1970-жылы Ала-бука райондук суу курулуш уюмунда мастер болуп баштаган. 1971-76-жылдары ошол эле уюмда прораб, башкы инженер болуп иштеген. 1977-80-жылдары партиянын Сузак райондук комитетинде, андан кийин партиянын Ош обкомунда инструктор болгон. 1980-85-жылдары партиянын Сузак райондук комитетинде 2-секретарь, 12985-86-жылдары КРнын суу чарба министрлигине караштуу Ош мелиовотстрой трестинде башкаруучу болуп эмгектенген. 1986-87-жылдары Кыргызстан КП БКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, 1987-91-жылдары партиянын Ноокен райкомунун 1-секретары, 1991-жылы Жалал-Абад областы кайрадан уюшулганда областтын уюштуруу комитетинин төрагасы, андан кийин Жалал-Абад областтык кеңештин төрагасынын орун басары болгон. 1991-92-жылдары Ала-Бука районундагы Ак –Там совхозунун директору, 1992-жылы баткен областындагы Баткен, 1994-жылы Чаткал, ал эми 1996-жылы Сузак райондорунну мамлекеттик администрациясынны башчысы болуп иштеген. 1997-жылдан тартып Жалал-Абад областы суу чарба башкармасынын башчысы болуп иштеген. Р.Камчыбеков Кыргыз ССР Советине 2 жолку депутат болуп шайланган.
Жакыпов Шарап
1997-98-жылдарда жана 2004-2005-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеген. Ал иштеген жылдарда райондун аймагында билим берүү системасынын абалына өзгөчө мамиле кылган. Окутуунун сапатына көңүл бурган. Райондун акими катары айыл өкмөттөрдүн аймагында жашылдандыруу ишин колго алган. Ал иштеген жылдарда райондун аймагында 18 млн даана көчөт отургузулган. Балдар бакчаларынын иши тартипке келтирилген. Шарап Капарович буга чейин партиялык чарбалык кызматтарда иштеп, тажрыйбасы жогору болчу. 1990-95-жылдары ал КРнын Жогорку кеңешинин депутаты болгон. Кийинчерээк Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясына караштуу департаментинин башчысы, облустук токой чарбасынын башкармасынын начальнигинин орун басары жана Базар-Коргон, Сузак райондук администрацияларынын башчысы, аким болгон.
Токтомаматов Нурманбет
1949-жылы Аксы районундагы Ак-Суу кыштагында туулган. 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. 1973-74-жылдары бир жылдык ординатурада окуган. 1974-77-жылдары Ош шаардык биргелешкен ооруканада врач ординатор, 1977-83-жылдары Ош биргелешкен оорукананын башкы врачы, 1983-89-жылдардын аралыгында Жалал-Абад шаардык оорукананын башкы врачы болуп иштеген. 1989-жылы Н.Токтомаматов партиялык кызматка өтүп, 1991-жылга чейин Кыргызстан КП БКнын инструктору, 1991-93-жылдары КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик инспекцияда – мамлекеттик инспектор, 1993-98-жылдары Кыргыз Өкмөтүндө бөлүм башчы аймактык өнүгүү жана кадрлар менен иштөө департаментинин башчысы болгон. 1998-2001-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрациянын башчысы болуп эмгектенген.
Муракелдиев Нурмамат
2001-жылдан 2003-жылга чейин. Н. Муракелдиев Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеген. Ал 1959-жылы Сузак районунун жаңы-дыйкан айылында туулган. Бишкектеги политехникалык институтту бүтүргөн. Кийин Жалал-абад шаардык жана Сузак райондук комсомол комитетинин 1-секретары болгон. 1992-94-жылдары Жалал-Абад шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, 1994-95-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, 1995-200-жылдары Сузак райондук кеңешинин төрагасы, кийин акими болуп иштеген. Андан кийин Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында иштеп туруп, 2005-жылдан Республикалык таза суу департаментинин жетекчиси болуп эмгектенген. Учурда Айыл чарба Министрлигинде иштейт.
Бекбоев Турдуназир
1961-жылы Сузак районунун Үрүмбаш айылында туулган. Билими жогорку. 1983-жылы Белоруссиядагы айыл чарба институтун аяктаган. Эмгек жолун Жалал-Абад шаарындагы №1 кесипчилик билим берүү окуу жайында мугалим болуу менен баштаган. 1991-жылы ушул окуу жайдын директору болгон. 1993-жылы Т.Бекбоев Жалал-Абад шаардык администрациясынын аппарат жетекчиси, шаардык кеңешке депутат болуп шайланып, шаардык кеңештин төрагасы болгон. 1995-2005-жылдардын аралыгында Т.Бекбоев Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары, 2000-жылы КРнын Президентинин администрациясынын кадрлар жана уюштуруу бөлүмүндө эмгектенген. Кара-Көл шаарынын, Үч-Терек, Ноокен, Токтогул, Сузак райондорунун акими болгон. Андан соң КРнын Өкмөтүнүнүн Премьер Министрдин кеңешчиси кызматында, учурда КРнын Президентинин иш башкармачылыгын жетектейт. Такшалган жетекчи, демилгелүү уюштуруучу катары элге кеңири таанылган.
Жаркынбаев Тагайбек
Сузак районундагы Көк-Кыя айылында 1945-жылы туулган. Бишкектеги айыл чарба институтун, Новосибирск университетинин зооинженер факультетин бүтүргөн. Узак жылдар бою ал Сузак районунун бир катар районунун чарбаларында жооптуу кызматтарда иштеген. 2005-жылдын 24-мартынан 2006-жылдын май айына чейин Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болгон. Ал иштеген жылда Сузак районунун аймагында 9 мектеп курулуп бүткөрүлгөн. Айрыкча, суу жеп кетүүчү аймактарды дамбалоо иштерди аткарган. Кийин райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы баалуулуктарды коргоо башкармалыктарынын башчысы болуп иштеген. 2018-жылы дүйнөдөн өткөн.
Максуталиев Жусупбек
Максуталиев Жусупбек Жээнтөрөевич 2006-2008-жылдары Сузак районунун акими болуп иштеген. Ал 1953-жылы Ноокен районунун сакалды айылында туулган. 1976-жылы Бишкектеги политехникалык институтту бүтүргөн. 1976-86-жылдардын аралыгында Ош областтык комсомол комитетинин жооптуу кызматкери, “Кыргызнефтегаз” бирикмесинде башкы инженер болуп иштеген. 1986-97-жылдарда “Жалал-Абад Сельстрой”, “Таш-Көмүрстрой” трестеринде жооптуу кызматтарда иштеген. 1997-99-жылдары Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, андан кийин областтык социалдык фонд башкармасынын начальниги болгон. 1983-жылы кыргыз ССР Жогорку Президиумунун Ардак грамотасын алган. 2005-жылдан тартып Ж. Максуталиев Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы, губернатордун биринчи орун басары болуп иштеп, кийин Сузак районунун акими болуп дайындалган. Ал демилгелүү, калыс, өз пикиринде бек тура билген жетекчи экендигин айкын далилдели.
Шаболотов Тажимамат
Шаболотов Тажимамат Тайгараевич 1959-жылы Өзгөн районундагы Заргер айылында туулган. Эмгек жолун 1976-жылы “Яссы” совхозунда жумушчу болуу менен баштаган. К.С.Скрябин атындагы айыл чарба институтун артыкчылык ждиплому менен бүтүргөн.
1982-85-жылдары Кыргызстан айыл чарба институтунун айыл чарба машиналары кафедрасында иштеген. Андан кийин Челябинскдеги айыл чарбасын механизациялаштыруу жана электрлештирүү институтунда аспирант, ага илимий кызматкер болгон.
1988-94-жылга чейин Кыргыз айыл чарба институтунда декандын орун басары, кафедра башчысы болуп иштеген. Техника илимдеринин кандидаты, доцент. 1994-жылдан тартып КРнын Өкмөтүнүн аппаратында иштеген. 1997-жылы Ноокен районунун Мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалган. Ал эми 2000-2001-жылдарда Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
2001-2002-жылдары КРнын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде министрдин орун басары болгон. 2002-2004-жылдары Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын мэри, 2004-2005-жылдары КРнын Эл аралык интеграция жана кызматташтык министри болуп иштеген. 2005-2008-жылдары КРнын миграция жана жумуштуулук мамлекеттик комитетинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болгон. 2009-жылдын башынан Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп иштеген.
Мурзакаримов Нурболот
1978-жылы Көк-жаңгак шаарында туулган. Билими жогорку, 2001-жылы Жалал-Абаддагы коммерциялык институтту аяктаган. Эмгек жолун 2001-жылы Көк-Жаңгак шаарындагы салык инспекциясында иштөөдөн баштаган. 2001-жылдын март айынан тартып Сузак райондук мамлекеттик салык инспекциясында инспектор, ага инспектор, башкы инспектор, бөлүм башчы, орун басар кызматтарында эмгектенип келген. Учурда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин биринчи орун басары, андан соң акими кызматында эмгектенген. 2015-2016-Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын катчылыгында эксперт, 2016- 2018- жылдары КР Эсеп палатасында аудитор, ал эми 2018-20-жылдары КР Өзгөчө кырдаалдар министри болгон. Учурда КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустундагы ыйгарым өкүлү-губернатору кызматында иштөөдө.
Маматов Абдумуктар Темирбаевич
1959-жылы Сузак районуна караштуу Октябрь айылында туулган. 1976-жылы ушул эле айылдагы Макаренко мектебин аяктап, Фрунзедеги Скрябин атындагы айыл чарба институтунун “аграном-изилдөөчү” факултетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган. 1987-88-жылдары Кыргыз ССРнин айыл чарба министрлигинин алдындагы “Башкаруучу кадрларды даярдоо” курсун аяктап, ал эми 1989-95-жылдары Кыргыз мамлекеттик универститетинин “Юриспруденция” факултетинде окуган.
Эмгек жолун 1981-жылы Базар-Коргон районундагы “Партсьезд” колхозунда агроном болуп баштап, 1982-жылы Базар-Коргон райондук айыл-чарба башкармасында башкы-аграном болуп иштеген. 1984-88-жылдары ушул районго караштуу “Энгельс” колхозунда башкы аграном, 1990-жылга чейин кайрадан райондук айыл-чарба башкармасында башкы аграном кызматын аркалаган. 1991-жылы “Мундуз” колзозуна башкы аграном болуп барып, 1992-95-жылдары ушул колхоздун башкарма орун басары болгон. 1995-2000-жылдары Жалал-Абад облусттук агрардык департаментинин бөлүм башчысы жана төраганын биринчи орун басары кызматында иштеген. Андан кийин облустук мамлекеттик администрациясында сектор башчы, 2000-2005-жылдары КРнын ЖКнин депутатынын коомдук кеңешчиси болуу менен 2004-жылы мамлекеттик кыймылсыз мүлктү баалоо жана финансылоо боюнча менеджменттик адисттик курсун окуп аяктаган. 2004-2008-жылдары жалал-Абад облусттук мамлекеттик Регистринде мониторинг жүргүзүү боюнча адис болуп иштеген. 2008-2010-жылдары “Интеркоп” кооперативин, ал эми 2010-2015-жылдар аралыгында Сузак райондук мамлекеттик Регистр мекемесин жетектеген. 2015-жылы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси, акими болгон. Андан соң КРнын ЖКинде депуттатын коомдук жардамчысы болуп иштеген. 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору болуп иштөөдө. Көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси.
Омошев Эрмек Алянович
Ал 1973-жылы Сузак районунун Кара-Алма айылында туулган. Ошол айылдагы №44-мектепти аяктап 1996-жылы Кыргыз агрардык академиясын артыкчылык менен аяктаган. Эмгек жолун Жалал-Абад мамлекеттик универститетин “майлардын технологиясы” факултетинде инженер болуп иштөө менен баштаган. Аспирантураны ушул окуу жайдан окуп бүтүп, 1998-2009-жылдары ЖАМУнун “механика” кафедрасында мугалим болуп иштеген. 2003-2005-жылдары Көк-Арт мамлекеттик үрөөнчүлүк чарбасын, 2010-13-жылдары Таза-Дан дыйканчылык чарбасын жетектеген. 2012-17-жылдар аралыгында Кара-Алма айылдык кеңешинин депутаты жана депуттар кеңешинин төрагасы, ошондой эле Сузак районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын төрагасы болгон. Ал эми 2017-жылдан бери Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, акими болуп иштеп келүүдө.
Материалдардын көбү С. Стамкуловдун "Сузак району.Мезгил жана инсандар" китебинен алынды