Азимов Розы - Советтер Союзунун Баатыры.
1925-жылы 22-сентябрда Сузак районунун Чөкө-Дөбө айылында туулган. 1943-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 1944-жылы мартта Ташкендеги В.И. Ленин атындагы жөө аскер окуу жайынан курсанттар тобу менен майданга кеткен. 334-аткычтар дивизиясынын 1124-аткычтар полкуна пулемөтчу болуп кабыл алынган. 1944-жылы июнь айында Витебск аймагында душмандын коргонуусун бузуп өтүүдө эрдик көрсөткөн. Батыш Двина дарыясын биринчилерден болуп өтүп, полктун жоокерлерине чабуул коюуга мүмкүнчүлүк түзгөн. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордендери менен сыйланган. Согуштан кийин колхоздун башкармасынын төрагасынын орун басары, партиялык кабинеттин башчысы, майыптар үйүнүн директору болуп иштеген.
Бабкин Михаил Николаевич - Советтер Союзунун Баатыры.
1922-жылы Воронеж облусунун Аннинский районундагы Старая Тайга айылында туулган. 1941-жылы Көк-Жаңгак райондук аскер комиссариатынан Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 1959-жылы Киев облусунун, Бористополь шаарында дүйнөдөн кайткан. Учкуч, авиация майору, 1942-жылы июлдан штурмалоочу Кызыл Туулуу Возковск 198-авиация полкунда Белоруссияны бошотууга катышып, Польша менен Чыгыш Пруссия аймактарында салгылашкан. Душман менен салгылашуу үчүн 192 жолу согушта учуу жасаган. Жалгыз өзү душмандын 85 автомашинасын (жүгү менен), 10 бронетранспортерун, 5 өзү жүрүүчү орудиясын, 8 самолетун, 5 зениттик жана согуштук артиллериясын талкалап, керектен чыгарган. Согуштан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөөнү улантып, аскердик кызмат учурунда курман болгон. Эки “Ленин, 4 Кызыл Туу, 2-даражадагы Ата Мекенлик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган: Жалал-Абад шаарындагы мектепке жана көчөгө ысымы берилген.
Крикун Василий Гаврилович - Советтер Союзунун Баатыры.
1918-жылы Сузак районунун Октябрь айылында туулган. Ата Мекендик согушка чейин мектептен 5-класс билим алып, андан кийин 1942-жылга чейин «Заря» колхозунда ветеринар-фельдшер болуп иштеген. 1942-жылы ноябрда фронтто; улуттук сержант, Кызыл Туулу 315-аткычтар дивизиясынын 362-аткычтар полкунда бөлүм командири. Мелитополь шаары үчүн салгылашта эрдик көрсөткөн. Мелитополь шаарын бошотууда Командованиянын койгон тапшырмасын үлгүлүү аткаргандыгы жана согушта көрсөткөн эрдиги үчүн, 1943-жылдын 1-ноябрында СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун Указы менен, Советтер Союзунун Баатыры наамы берилип ошону менен бирге «Ленин» ордени жана №1300 «Алтын Жылдыз» медалы менен сыйланат. Сержант В.Г. Крикун согуш учурунда 250дөн ашык душманды жок кылып, 18 танк, алты автомашинаны жардырган. Согуштан кийин Анжияндагы мончо-кир жуучу комбинаттын директору, Жалал-Абаддагы “Коминтерн” артелинин төрагасы болуп иштеген. Кийин Таш-Көмүр шаарында жашап, андан кийин Новосибирск шаарына көчүп кетип «Сибсельмаш» заводунда эмгектенген. 2007-жылы 89 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Новосибирск шаарындагы «Клешихин» көрүстөнүнө коюлган.
Тукубай Тайгараев - Советтер Союзунун Баатыры
1923-жылы Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган. 1944-жылы Латыш ССРинин Рундене кыштагында курман болгон. (1945). Ал 1934-жылы Кедей-Арык мектебине 1-класска окууга кирип, 1937-жылы Багыш 7 жылдык мектебине которулуп, 6-классты бүтүргөн соң, шартка байланыштуу окуусун уланта алган эмес. Андан кийин Жалал-Абад шаарындагы ОСОАВИАХИМдин 3 айлык курсуна кирип, аны аяктаганлдан кийин “Жаңы кайрат” колхозунда ферме эсепчиси, комсомол уюмунун катчысы болгон. Бир үйдө жалгыз бала жана атасы эрте өлүп кеткендиктен, апасы аны согуштун алдында үйлөндүрүп коет. Бир кыздуу болуп, бирок ал бөбөк кезинде эле чарчап калган. 1942-жылылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 2-Прибалтика фронтунда 3-сокку берүүчү армиянын 219-Ирдинск дивизиясынын 375-аткычтар полкунда бөлүм командири болгон. Аскерде мыкты сапатын көрсөткөндүгү үчүн ВЛКСМ БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган. 1944-жылы Рундене айылынын жанындагы салгылашта эрдик көрсөткөн. Жоокерлердин тобуна (11 киши) душмандардын оогуна өтүп, алардын шоссеге чяегинүүчү жолун тосуп салуу жөнүндө тапшырма берилген. Алардын тобу курман болушса да, берилген тапшырманы аткарышкан. Аты жок бул бийиктик жоокерлердин урматына “11 жоокердин бийиктиги” деп аталган. Алардын эрдиги тууралуу 1944-жылы 19-июгда “Фронтовик” газетасы жазып чыгат. Лудзе шаарындагы паркта аларга эстелик тургузулган. 1945-жылы 24-майда СССР Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгы менен ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Бирок адрестин так эместигинен ал көп жылдар бою казакстандык баатыр аталып, элибиздин өзүнүн баатыр уулу тууралуу маалыматы жок болуп келген. 1960-жылдардын баш ченинде жазуучу Шабданбай Абдраманов Тукубай Тайгараевдин эрдигин изилдеп, ал тууралуу тарыхый эстелик жазган. Бул документ СССР Коргоо министрлигине берилгендлен кийин, Баатырдын дареги кайрадан каралып чыгып, анын Сузак районунан чыккан баатыр экени такталган. Т.Тайгараевдин урматына Сузак районундагы бир чарба, Жалал-Абад шаарына караштуу административдик аймактык бирдик аталган. Анын бюсту Сузак районундагы Качкынчы кыштагында жана Жалал-Абад шаарынынын ат майданынын жанындагы айлампа жолго орнотулган. Анын жашаган үйү музейине айландырылган. Баатырдын урматына жыл сайын спорттун эркин күрөш түрү боюнча эл аралык турнири “Достук-Багыш ынтымагы” КБсинин төрагасы Гүлжигит Жумаев тарабынан өткөрүлүп турат.
Абдукадыров Абдурашит - Социалисттик Эмгектин Баатыры.
1919-жылы Сузак районунун Сузак айылында туулган, 1978-жылы дүйнөдөн кайткан. (1966). Эмгек жолун 1935-ж. “Москва” а.ч. артелинде катардагы колхозчудан баштаган. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1946-жылдан колхоздун башкы бухгалтери, 1959-ж. “Москва” колхозунун башкармасынын төрагалыгына шайланган. Анын жетекчилигинде колхоздун экономикасы чыңдалып, кирешеси көбөйгөн. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Абдукаримов Абдумавлян - Социалисттик Эмгектин Баатыры.
1922-жылы Сузак районундагы Жаркыштак айылында туулган. Эмгек жолун 1933-ж. Сузак районундагы “Октябрь” колхозунун талаачылык бригадасында иштөөдөн баштаган. 1942-жылдан МТСтин тракторчусу. Ата Мекендик Согушка катышкан. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
Абдраимов Көчкөнбай - Социалисттик Эмгектин Баатыры.
1914-жылы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Алмалуу-Булак айылында туулган, 1992-жылы дүйнөдөн кайткан. Жылкы чарбасын өнүктүрүүгө чоң эмгек сиңирген. 1947-жылы Ленин ордени менен сыйланган. 50 бээден 50 кулун алып, ошол мезгилдин эң алдыңкы көрсөткүчтөрүн жараткан. 1948-жылы эмгек баатыры болгон.
Алимов Сали - Солиалисттик Эмгектин Баатыры.
Алимов Сали 1922-жылы Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылында туулган. 1950-54-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Колхоздун башкармасы болуп иштеп, ал жетектеген колхоз пахта өстүрүү боюнча эң мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен, ошондой эле колхоздо малдын башын өстүрүп, анын экономикасынын жогорулашына чоң салым кошкон.
Карымшаков Абдыкадыр - Социалисттик Эмгектин Баатыры.
1898-жылы, Сузак району, Алмалуу-Булак кыштагында туулган, 1979-жылы ошол эле жерде дүйнөдөн кайткан. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1930-жылы Ош облусунун Сузак районундагы Алмалы-Булак колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1946-жылдан жылкычы болуп иштеген. Жылкы чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1948-жылы 50 бээден 50 кулун алып, аман асыраган. 1947–51-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Ленин ордени менен сыйланган.
Каримов Сейит - Социалисттик Эмгектин Баатыры.
1896-жылы Сузак району, Алмалуу-Булак айылында туулган. Эмгек жолун 1932-жылы Сузак районундагы Алмалуу-Булак колхозунда колхозчу болуп иштөөөдөн баштаган. Ленин ордени менен сыйланган. Жылкы ферма башчысы болуп иштеп, мал чарбачылыгынын өнүгүшүнө ири салым кошкон.
Мамарасулов Сабиткул - Социалистик Эмгектин Баатыры.
1911-жылы Сузак району, Сузак кыштагында туулган. 1975, ошол эле жерде дүйнөдөн кайткан1940-жылдан КПСС мүчөсү. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1930-жылы Сузак районундагы Ленин атындагы колхоздо иштөөдөн баштаган. 1937-жылдан пахта өстүрүү бригаданын звено башчысы. 1946-жылы ал жетектеген звено 5 га аянттын ар гектарынан 64 цден, 1947-жылы 4,76 га аянттын ар гектарынан 90,2 цден пахта жыйнап алган. 1948-59-жылдары Ленин атындагы колхоздун башкармасынын төрагасы. 4 Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Матиев Ажымат - Социалистик Эмгектин Баатыры.
1905-жылы азыркы Сузак району, Алмалуу-Булак кыштагында туулган, 1991-жылы ошол эле жерде дүйнөдөн кайткан. 1930-жылы алгачкылардан болуп колхозго өткөн. 1934-жылдан Сузак районундагы «Алмалуу-Булак» (азыркы К. Маркс атындагы.) колхозунун председатели. Ал башкарган колхоздун экономикасы бир кыйла чыңдалып малдын саны көбөйүп, кунардуулугу арткан. 1947-жылы бодо мал 120%, кой-эчки 108,9%, жылкы 108,9%ке көбойүп, сүт саап алуу 113%ке, жүн кыркып алуу 110%ке өскөн. 1953-60-жылдары Алмалуу-Булак айыл советинин председатели, 1960-87-жылы колхоздо жылкы ферма башчысы болуп иштеген. Ал башкарган колхоздун экономикасы жогорулап, малдын саны көбөйгөн. Ленин орденинин ээси.
Пионт Денис Ефремович - Социалисттик Эмгектин Баатыры.
1903-жылы Сузак районунун Спасовка айылында туулган. 1927-жылы “Кызыл Октябрь” айыл чарба артелинин дыйканчылык бригадасынын бригадири, 1931-46-жж. Жалал-Абад МТСинде тракторчу, тракторчулардын бригадири, устаканада механик, 1946-80-жж Сузак МТСинин директору болуп иштеген. Ал жетектеген МТС өндүрүштө чоң ийгиликтерге жетишкен. 1958-62-жж. СССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, “Ардак Белгиси” ордендери, медалдар менен сыйланган.
Тешебаев Файзулла - Социалисттык Эмгектин Баатыры.
1925-жылы Сузак районундагы, Бостон айылында туулган. 1941-45-жылдары Сузак районундагы “Кызыл Байрак” колхозунда бухгалтер, башкы бухгалтер, пахта өстүрүүчү звеного башчы, колхоз башкармасынын төрагасы, 1954-59-жылдары Сузак районундагы Дмитриев атындагы, Карл Маркс атындагы колхоздордун башкармасынын төрагасы. 1967-69-жылдары Араван районундагы “Пахтачы” совхозунда агроном болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинн 3 жолку депутаты (1951-63). Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери менен сыйланган.
Узденова Мариям - Социалисттик Эмгектин Баатыры.
1928-жылы Кабардин-Балкар АССРинин, Совет районундагы, Каштоо айылында туулган. (1966), саанчы. 1948-жылдан Сузак районунун Ленин атындагы колхозунда саанчы болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинеин депутаты (1971-80) болгон. Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери менен сыйланган.
(Маалымат өздүк булактардан жана “Сузак району. Мезгил жана Инсандар” китебинен алынды.)
Powered by Froala Editor