Айылдык аймактар

Акындар

Мадалы уулу Бекназар


Кыргыз эл ырчысы, түштүктөн чыккан көптөгөн ырчылардын устаты. Кыпчак уруусунун, жаманак уругунан. Ал 19-кылымдын 50-60-жылдарында туулган. 1916-жылы улуу үркүндүн алдында Сузак районунун Жийде айылында каза болгон. Диний терең билими болгондуктан, Молдо Бекназар деп аташкан. Оокаттуу үй-бүлөөдө туулган. 12 жашынан ырдап чыккан. Жаш кезинен эле ырчылык атакка жетип, түштүк кыргыздарына кеңири белгилүү болгон. Мектеп, медреселерден билим алып, бирок, бүткүл өмүрүн ырчылык менен өткөрүп жан сактаган. Жалтанбастан бетке айткан жалындуу ырчы болуп, Кокон ханынын атактуу ырчысы Орозалыны жеңген. Атактуу ырчы Калык Акиевдин айтуусунда, чоң манап Осмон датканын ашына Анжиян, Арканын эли чакырылган. Аркадан Найманбай, Анжияндан Бекназар ырчылар чыгып айтышып, ошондо Бекназар жеңгенин, алардын айтышын жаздырып калтырган. Бул беттешүүдө молдо Бекназар диний билиминин тереңдигин, жогорку маданиятын жана сыпайылыгын көрсөткөн экен. Найманбай аны жана анжияндыктарды басмырлай ырдаганга өткөндө Молдо Бекназар ага абдан орундуу жана таамай жооп бергенине болбой Найманбай жаман, оозго алгыс сөздөргө өтүп, селдесине да асылып кеткенде, Бекназар: “Нур Мукаммат оронгон, башымдагы селдени, Байгамбардын баары айткан, оозумдагы келмеми” деп туруп, андан ары: “Кээ бир сөзү бар экен, сөөмөй менен сайгандай, Кээ бир сөзү бар экен, каргылуу кара тайгандай. Аргымак түбү ат болот, тайгандын түбү ит болот. Айбан акмак отту жейт, тайган акмак бокту жейт”, - дегендей саптар менен ырын токтоткондо, Найманбай жооп таба албай калган дешет. Андан кийинки кездерде Доорон ырчы, Барпы ырчы менен айтышканда да ушундай курчтугун көрсөткөн. Анын “Бекназардын эски санаты”, “Мамытбекти жамандаган ыр” деген чыгармалары Барпынын айтуусунда К.Акылбеков тарабынан жазылып калынган. Курманжан датканын балдары “Силерди Бекназар жамандап ырдады” деген ушактан улам, ырчыны байлатып алып сабашканда да жалтанбай, алардын зордук-зомбулугун айтып, ырын токтотпоптур. Ошондо “Мамытбекти жамандаган ыры” жаралган (Мамытбек Курманжан датканын бир уулу). Чоң акын Молдо Бекназардын сөзгө алынбай, чыгармалары жыйналбай келишине биринчиден, молдолугу, экинчиден бетке айткан көйкашкалыгы, айрыкча түштүк элин бийлеген Алымбек датканын балдарына каршы сүйлөп, балдардын энеси Курманжанга  сөз тийгизгени себеп болгон. Ошентсе да, жогоруда белгилегендей, айрым айтыштарынын басма бетине түшкөн. 


Нышан ырчы 


Токтогул, Жеңижоктор менен катарлаш чыккан белгилүү ырчы. 

1860-жылы Сузак району, Чөкө-Дөбө кыштагынын аймагында туулган.  1930-жылы ошол эле жерде ааламдан өткөн. Ата-теги жана жашоо-тагдыры туурасында маалымат жокко эсе. Кыргызстан ИАнын кол жазмалар фондусунда сакталган ырларга, эл оозунда айтылган маалыматтарга караганда Нышандын ырларынын көркөмдүк деңгээли жогору, тилдик каражаттарга бай, ойго канык. Ал көбүнчө адамдардын тынч жашоосу, ынтымак турмушу, ар кандай чыр-чатактан алыс болуусу туурасында санат, насыят термелерди ырдаган. Ата Мекенин бийик тутуп, эл, жерин даңазалаган ырлары эл оозунда көп болгону менен жыйналбаган. Барпынын айтуусунда анын “Санат”, “Насыят”, “Биздин жер” деген ырлары 1940-жылы жазылып алынган. “Барпы, Бекназар жана Нышан” деген айтышы да бар.


Барпы Алыкул уулу 

Кыргыз акындар поэзиясынын классиги, көп кырдуу ойчул акын. Ал 1884-жылы азыркы  Сузак районунун Ачы кыштагында туулган. 1949-жылы Бишкекте дүйнөдөн кайткан. 

8 жашынан жергиликтүү кыргыз байларынын малын карашып, 11ге чыкканда өзбектердин бадасын багып, Мадалы ажынын үй жумушун аткарып, 14үндө Азирети Эшендин колунда кызмат кылууга өткөн. Андан Мака-Торпоктогу тайы-журтуна качып барып 15инен эл алдына ырдап чыккан. Адегенде болуштука талапкер болгон Семетей найыпты жандап, анан 7 жыл Кара-бий менен жүргөн (“Беш бала”). Атасы дүйнөдөн өткөндөн (1904) кийин туулган жерине кайтып келген. Октябрь төңкөрүшүнөн соң Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга активдүү катышып “Кошчу” союзунун, өз ара жардамдашуу топторунун жооптуу кызматында иштейт. 20-жылдарда жарды-жалчылар комитетинин төрагасы. Кийинчерээк Жалал-Абад кантонунда Чаңгет айыл кеңешинин төрагасына орун басары болот. 28-30-жылдарда катуу ооруп, эки көзү да жакшы көрбөй калат. Ошондон тартып коомдук турмушка жалаң ырчылык өнөрү, нускалуу сөз күчү менен гана катышып чектелет. 

Барпынын өз оозунан жазылып алынган маалыматка караганда ырга болгон шыгы 7-8 жашынан эле ойгоно баштаган. 11 жашында жан-жака белиндегилерге ырчылыгы билинип калган. Анын ырчылык жөндөмүнүн жанданышына фольклордун хору, жергиликтүү ырчылардын чыгармачылыгы түрткү берген. Атасы Алыкул Шамырза уулу да жамактап ырдачу экен. Экинчи жагынан, жаштайынан оор тагдырга туш келүүсү, 11 жашынан бир көзүнөн майып болуусу, түрдүү элдердин ар кыл мүнөздүү катмарлары менен дин өкүлдөрүндө (Мадалы ажы, Азирети Эшен) эзилип иштеп, жалпы эле караламан калк тарткан азапты тартып, турмуштун социалдык конфликттерине аралаш өскөн Барпыны ак-караны эртерээк ажыратууга реалдуу чындыкты түп нускасында көрүүгө каныктырган. Мындай жагдай анын чыгармачылыгы табиятынан элдүүлүк, реалисттик багытта кетишин шарттаган. Ошол үчүн “Ак күмүштөн сом албайм, Ак жибектен тон албайм, Ар кимди барып бир мактап, Ары жок ырчы боло албайм” – деген адеп-ахлактык поэзиясын : “Булбулу болбой адамдын, Бууданы болбой замандын. Ырчымын деп мактанба” сымак башкы идеалын: “Ырчы болсоң төкмө бол, Ак жаандай себелеп, Сөздү-сөзгө кынай бил, Маш зергердей чегелеп” – деген эстетикалык кредосун ачык аныктап, бекем тутунуп калган. Анын түрдүү этностук топтор арасында жашап, түрдүү өнөрпоз, ырчы шайырлар менен кезигип, алардын чөйрөсүндө жүрүшү, ооз эки көркөм чыгармалар менен диний китептер аркылуу тарап жаткан чыгыш маданияты, санжыра, тарых, адабий үлгүлөрүн табигый түрдө эркин сиңирип алууга жол ачып, руханий дүйнөсүн асылдандырып, тил байлыгын ашырып, ой жоорусун кеңейткен. 

Барпы көп кырдуу алп акын экенин, кыргыз көркөм сөз өнөрү менен акыл кенчине терең кирип бекем орун алганын иш жүзүндө таамай көрсөтүп, мезгил сынынан ишенимдүү өткөн өлбөс талант. Учурунда аны Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, каражак Калмырза, Калык, Коргоол, Осмонкул, Ысмайылдар зор баалап кетишсе, азыр адабият илим-билим өскөн кезде да ал көп окулуп, көп ырдалып, терең изденүүгө алынып жатат: ал тууралуу түрдүү жанрда түрдүү чыгармалар жазылып, анын чыгармачылыгына сүрөт, музыка, кино адистери да көңүл бурууда. Ал улам мезгил өткөн сайын тереңден ачылып, бийикке көтөрүлүүдө. 

             “Айт! Айт! Десе, ааламды айт!

 Аалам алга кадамдайт. 

 Түркүн өнөр чыгарган,

 Ааламдагы адамды айт!” – деген төрт сап ыры,

  Барпынын ааламга ой жүгүртүп, аалам курулушу жөнүндө ырдаган даанышман санатчы экенин айгинелейт. Анын “Адам”, “Адамзаттын балдары”, “Адамга берген өнөрийла”, “Напси”, “”Жоомартык!, “Марттык”, “Сараңдык”, “Питина”, “Ач көз”, “Ушакчы”, “Жел өпкө”, “Келесоо”, “Эр жигитке сын”, “Жигиттик”, “Болоор жигит”, “Болбос жигит”, “Аялдын жакшысы”, “Аялдын жаманы”, “Жакшы кыз”, “өзү зор – тили каар кыз”, “Жакшынын – жакшы билет сымбатын” аттуу ырлары адам табиятынын өзүнчө бир системасын түзөт. Ал эми өзүнүн “Ажал”, “Сен дүйнө”, “Жар жыгылса – суу бөгөйт”, “Октобой мерген ата албайт”, “Дүргө жетмек кайдадыр”, “Төмөн, төмөн, төмөн бар”, “Тескейден шамал тербенбей”, “Мөмөлүү дарак көгөртсөң”, “Бир ооз кеңеш”, “Болот”, “Болбойт”, “Жакшы экен”, “Менен”, “Турбайбы”, “Деген”, “Эмеспи”, “Чери жазылат”, “Ынтымактуу эл”, “Бул дүйнө бейвапа”, “Жырткычтар”, “Бул куштардын санаты” ж.б. санат, термелеринде жарык менен караңгыдан, өмүр менен өлүмдөн, ый менен күлкүдөн, жек көрүү менен сүйүүдөн, жашоо кумары менен үмүтсүз шектенүүдөн, айкөл мээрбандык менен арам жемсөөдөн турган бул дүйнөнүн өзөктүк уюлдары менен байланыш тамырларын таамай кармап айта билген тубаса ойчул, психолог экендигин таасын далилдейт. 

Барпы – айтыш өнөрүнүн бардык түрлөрүн чегине жеткире өнүктүрүп, түрдүү формалар менен күтүүсүз- күтүлүү ыкмаларга салып, таймашууга ашкере машыккан чыныгы универсал талант. Кыргыз санжыра тарыхынан тарта жалпы чыгыш маданиятынан канчалык кардар экендигин айкын көрсөткөн уламалыгы менен тубаса ойчулдугун ийкем тапкычтыктын үлгүсүн көрсөткөн алп талант экендигин кыргыздын эң тандамал орошон ырчылары Бекназар, Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, каражаак Калмырза, Нурмолдолор менен айтыштарында абдан таанытып бул өнөрдүн эң жогорку үлгүлөрүн берип келген. Табиятынан ойчулдлугун, уламалыгын кыргыз жана түрк тилдүү элдер менен чыгыш маданиятынан канчалык тааныштыгы бар экендигин айтыш ырларынан да абдан терең жана кеңири көрсөтө алган. Ошон үчүн Осмонкул;

- “Барпы аке, 

Жарышка түшсө жел менен, 

Жаактуу пенде жеңбеген”-деп чыгаан экендигин айтса, айтылуу Жеңижок; 

-“Кыйындыкты тез билген,

 Кысталышта сөз билген – деп актаңдай тапкыч акын катары бааласа, Токтогул;

          - Кынадың терме, санатың, Сен болдуң менин канатым –деп ыраазы болот. Ал эми Эшмамбет акын; -Алдына киши салдырбай, Аксакал болуп өтөсүң, Аардай бер Барпы иним, Сен, арыштуу бала экенсиң” - деп бата берип, Коргол ырчы;

          - Уккандын баарын нас кылып,

Үстү-үстүнө бастырып,

Кара жамгыр төккөндөй, 

Каптап нөшөр өткөндөй,

Куюлуп турчу ырлары, 

Каптын оозун чечкендей,

Каалаганга жеткендей”  - деп Барпынын кенч экенине баа берет. 

Барпы – махабат ырларын чыгыштын Хафиз, Ша Машраптай көсөм акындары жеткирген эң жогорку деңгээлде ырдап, Улуу апыс катары маданият тарыхында өз ордун калтырды. Анын махабат ырлары өз маалында кандай популярдуу, угумдуу, жагымдуу болсо азыр да башкалардыкына салыштырганда эң эле көп ырдалып жатат. “Мөлмөлүм”, “Гузал кыз”, “Мырзайым”, “Лөлүкан”, “Гүл кыздар”, “Карай көз”, “Буракжан”, “Ак тартип”, “Ак жылдыз”, “Ак Дилбар”, “Беш көкүл”, “Менай”, “Барнайым”, “Ашыкжар”, “Балдызжан”, “Самаргүл”, “Кош алма”, “Коноюн, “Гүлайым”, “Сүйүүнү сүйүп ырдадым” ж.б. ырлары образдуу элестүүлүгү аруу сезим асыл ойлорго жыштыгы поэтикалык форманын жаңылыгы, бири-бирине окшобогон оригиналдуулугу ар бир өзүнчө бүткөн кайталангыс дүйнө, кайталангыс адам тагдырын алып жүргөнү менен айырмаланат. “Кулмырза менен Аксаткын” поэмасы элдик сюжетти кайрадан жаңылап иштеп чыгып, жаңыча өсмүр берүүнүн классикалык үлгүсү. 

Барпы –түбү арабдан келген “Пайгамбарлар жана олуялар кысасы”, “Кожо Гафан Садувакас”, “Мундук -Зарлык  эпикалык чыгармалары менен Ша Машарап газалдарын, “Гөр уулу Султан” дастандарын айтчы экен. Кат билбеген менен бала чагынан диний китептер чыгыш акындары окулган чөйрөдө өскөндүктөн, А.Токомбаев туура белгилегендей дили өтө сымбаттуу болгон. Ошондой эле “Жанали жалгыз” “Мундук жана Зарлык”, “Козуке менен Баян сулуу” кенже эпосторду айткан. Барпы – терме үлгү, насыят ырларынан баштап, сатиралык саптарына чейин адам дилин тазартып, ыйман аруулуулугуна калыстыкка, адептүүлүккө, ынтымакка, акыйкатка, ак кызмат өтөөгө, гумандуулукка өмүр бою чакырып, ошол үчүн күрөшүп да өткөн нукура элдик таалимчи- тарбиячы акын. 

 Барпы кыргыз тилинин диалектикасынын ушунчалык бай экенин далилдегенин, кыргыз тилин байытып, анын мукамдуулугун, назиктигин, ийкемин, байлыгын, ашырууга үлкөн салым кошконун, улуу окумуштуу  Х.Карасаев өз эмгегинде даана белгилеп “Барпы апыз, кызылдай эле кенч тура” –деп жазган. (“Даанышман акын Барпы Алыкул уулу”, Бишкек -1995, 18-бет).  

Барпы эки доор, эки түзүлүш көрүп, эки түрдүү турмушту башынан өткөргөн акын экендиги белгилүү. Анын чыгармачыл жолунун бир кыры Совет мезгилине туш келет. өз замандаш өнөрлөштөрү сыяктуу эле жаңы заманды, Ленинди, партияны, социалисттик жүрүшүн ырга салат. өзгөчө басмачыдан, чала молдо дин бузарлар менен Ата Мекендик согуштун трагедиясы тууралуу ырлары чыныгы реалист, художник талантынан жаралганы ашкере көзгө түшүп, көңүл бургузат. өзүнүн ички турмушун жекече тагдырын келтире ачып көрсөтүп берген ырлары да көп. Акыркы эки томдугу чыныгы текстологиялык изилдөөдөн өткөрүлүп чыкты. Кыргызстанда айрым кыштак, мектеп, шаар көчөлөрүндө улуу ырчынын ысымы коюлган. 


Сатыбалдиев Тайырбек 


Төкмө акын, КРнын эмгек сиңирген артисти. Ал 1933-жылы Сузак районунун Жийде айылында туулган жана ошол эле жерде дүйнөдөн кайткан. 1957-59-жылдары Жалал-Абад театрында артист, 1959-95-жылдары Сузак райондук маданият үйүндө, Атабеков айылдык маданият үйүндө директор, көркөм жетекчи, 1995-жылдан Облустук Барпы атындагы Кыргыз драм театрында артист болуп иштеген. Барпы Алыкуловдон тарбия-таалим алган, төкмө акын катары бир нече жолу эл чыгармачылыгынын бүткүл союздук, республикалык фестивалдардын жеңүүчүсү болгон. 1992-жылы төкмө акындардын республикалык сынагында Гран-При сыйлыгын жеңип алган. 1988-жылы “Тайырбек төкмө” аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн.


Көкөн Абдылдаев


Акын, төкмөчүлүк өнөрү да бар, ажы. Ал 1925-жылы Сузак районунун Кыз-Көл айылында туулган. 2018-жылы дүйнөдөн кайткан.   Чыгармачылыкка кеч аралашкан авабыз алгач “Кум кулак” ыр китебин, андан соң 1984-жылы “Көк-Арт бели” аттуу жыйнагын басмадан чыгарган. Кийин “Сармерден” деген ыр жыйнагы чыккан. Азыркы учурда ал онго жакын китептип автору. Өтө чеберчилик менен, оригиналдуу поэтикалык, композициялык ыкмада, жөнөкөй, түшүнүктүү жазган ырларына кимдин болбосун жүрөгү кубанбай койбойт. Анын сүйүү ырларынын көркөмдүк деӊгээли Көкөн акындын күчтүү лирикалык, оригиналдуу поэтикалык кубаты бар экенин далилдейт.


 

Ашимбаев Абдыкаим 

Төкмө акын, ырчы, аткаруучу Абдыкайым 1970-жылы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу  Ачы айылында туулган. Жалалабад маданият техникумун 1996-жылы аяктаган.  Республикабыздын акындары арасында такшалып калган акын жана дасыккан дастанчы, аткаруучу катары белгилүү. 

Көптөгөн эл аралык, республикалык “Айтыш” кароо-сынактарынын катышуучусу. Сахнада С. Касманбетов, А. Болгонбаев, М. Керим кызы, М. Кулиев, Т. Арзыбаев, С.З улпуев, Ж. Арзыматовалар менен бет келишип айтышкан. Студент кезинде Т.Сатыбалдиевден сабак алган. “Алымкан”, “Ак кептерим”, “Кызыл гүл”, “Ойлонуу”, “Эсте секет”, “Сары ой” сыяктуу элдик ырларды мыкты чеберчилик менен аткарып келүүдө. Республикалык, облустук көптөгөн Ардак грамоталардын, дипломдордун ээси. 

Барпы апыздын 130 жылдык мааракесинде 3-орун, 2014-жылы түштүк региону боюнча откон айтыштын баш байгесин алган. 2016-жылы Элтр уюштурган "Алтын комуз" сынагында 3-орунга, 2017-жылы Талас облусунда өткөн республикалык кароо-сынакта элдик ырларды аткаруу боюнча 2-орунга жетишкен. 2011-жылы Куйручук-145 жылдыгына арналган Соң- Көлдө өткөн "Айтыш" кароо сынагында байгелуу орунга татыган.

 КРнын Маданият министрлигинин "Ардак грамотасы" жана “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган. 2018-жылы Сузак районунун таланттарынын өзгөчө өнөрпоз катары "Өрөөн өрнөгү" төш белгисин алган.

       Учурда Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониясында иштейт. Үй бүлөлүү, 2 уул 1 кыздын атасы.

Материалдар С. Стамбековдун китебинен алынды.


Powered by Froala Editor

Powered by Froala Editor

Powered by Froala Editor