Райондук мекеме-уюмдар, ишканалар тарыхы.
Райондук ардагерлер кеңеши
Жарандык коомду өнүктүрүүчү коомдук институттардык катарында Ардагерлер Кеңеши да бар. Сузак районунда ардагерлер кеңеши 1975-жылы түзүлгөн.
Сузак райондук соту
Сузак райондук соту 1919-жылы Сузак району менен бирге түзүлгөн. Алгач Жалал-Абад районунун эл соту, кийин 1940-жылдын 28-апрелинде Сузак райондук эл соту болуп аталган.
Сузак райондук улуттук коопсуздук комитети
1938-жылы Кыргыз ССР ички иштер элдик комиссариатынын (НКВД) Октябрь райондук бөлүмчөсү түзүлгөн. 1959-жылы Ош жана Жалал-Абад областтары биригип, Ош областы боюнча башкармалыгы болуп түзүлгөн.
Анын карамагына Октябрь райондук бөлүмчөсү кирген. 1991-жылы Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын Сузак райондук бөлүмү түзүлгён.
Сузак райондук прокуратурасы
Кара-Кыргыз автономиялык областынын Революциялык комитетинин Президиумунун №6 токтому менен 1924-жылы 22-ноябрда 15 адамдан турган биринчи прокуратура негизделген.
Сузак райондук ички иштер бөлүмү
Тарыхта Кызыл Армия жана Кызыл милиция түзүлгөн. 1918-жылдан баштап жер-жерлердеги элдин коопсуздугун сактоо максатында ыктыярдуу отряддар түзүлүп, алардын курамына жумушчу-дыйкандардын арасынан патриотторду тандап алышкан. Дал ушундай отряд 1918-жылы Жалал-Абадда түзүлүп, анын курамына 100 адамга жетип, анын алгачкы командири болуп Михаил Ивасищин дайындалган. 1919-жылы Сузак аймагында курамы 400 ыктыярдуу патриоттордон турган интернационалдык ботальон тщзщлгён.
1922-жылы 9-декабрда Анжиян уездик милициянын №183 буйругуна ылайык Жалал-Абад райондук милициянын курамында 9 штат болгон. Жалал-Абад районунда милициянын 2 эскадрону түзүлгөн.
Экинчи эскадрон – райондун аймагында взводдордун эсебинен курама болуп түзүлгөн. Көк-Арт болуштугунда курамы 15 адамдан турган милиция взводу түзүлүп, анын командирлигине Култай Исабаев дайындалган. Ал эми Чаңгет болуштугунда курамы 20 адамдан турган милиция взводуна командир болуп Урмакеев Чакан, Сузак айылында түзүлгөн взводко 35 адам кабыл алынып, анын командирлигине Якубов дайындалган. 1923-жылы 21-апрелде Жалал-Абад райондук милициянын штаттык бирдигинде 120 адам турган.
Сузак райондук аскер комиссариаты
СССРдин Коргоо Министрлигинин буйругунун негизинде 1963-жылы Сузак районунда райондук аскер комиссариаты түзүлөт жана анын биринчи аскер комиссары болуп, подколковник Умаралиев Балбек Умаралиевич дайындалат.
Сузак райондук өрткө каршы кызмат бөлүмү
1929-жылы Сузак районунда өрттөн сактоо бөлүкчөсү уюшулуп, алар эл чарбасын коомдук жайларда мекемелерди, ишканаларды өрт коопсуздугунан сактоо боюнча уюштуруучулук кызматын уюштурган. Өрткө каршы бөлүкчөсү 1954-жылы ички иштер башкармалыгынын курамына киргизилген. 2003-жылы өрткө каршы турган кызмат Ички иштер министрлигинин курамынан чыгарылып, ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курамына өткөрүлүп берилген.
Сузак райондук агрардык өнүктүрүү башкармасы
1918-жылы Жалал-Абад районунда райондук жумушчу, дыйкандардын жана Кызыл Армиячыл депутаттардын аткаруу комитетинин алдында Жер бөлүмдөрү түзүлгөн. Сузак райондук аткаруу комитетинин алдындагы Жер бөлүмү болуп кайрадан түзүлгөн. 1958-жылы райондук аткаруу комитетинин алдында Айыл чарбасы боюнча инспекциялар түзүлүп, алардын укуктары кеңейтилген. 1968-жылы мартта эл депутаттарынын райондук советинин алдындагы Айыл чарба өндүрүштүк башкарма болуп түзүлүп, 1970-жылдын 9-февралында Сузак райондук айыл чарба башкармасы түзүлгөн. 1986-жылы райондук айыл чарба башкармалыгы өзгөрүлүп алар райондук агро өнөр жай бирикмеси болуп аталып, 1991-жылы жоюлган.
Сузак райондук “Айыл чарба техникасы” бирикмеси
1936-жылы райондо биринчи жолу МТС (Машина трактордук станция) түзүлгөн. Анын жетекчилигинде Денис Ефемович Пионт бекитилген. 1958-жылы КРнын Министрлер Советинин токтому менен МТС Сузак райондук тракторду ремонттоо станцуиясы (РТС) болуп кайра түзүлгөн. Ошол мезгилде Сузак жана Октябрь айылдарында жайгашкан МТСтер жалаң гана трактор парктарын өздөштүрбөстөн, саясий иштердин борбору да болгон. Ал эми 1961-жылы РТСтер Сузак райондук “Кыргыз айыл чарба техникасы” болуп кайрадан түзүлдү. 1978-жылы “Кыргыз айыл чарба техника” бирикмелери, 1986-жылы райондук “Госкомсельхозтехника” бирикмелери, 1987-жылы кайрадан Сузак райондук ремонттоо техникалык өндүрүштүк бирикмеси. 1991-жылы бул бирикме “Агроснабтехсервис” бирикмеси, 1996-жылы “Сузак айыл көмөк” ишканасы болуп кайрадан түзүлгөн.
Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасы
1996-жылдын 20-мартында Сузак районунун аймагында кыймылсыз мүлктү каттоого алууга укугу боюнча жер курулуш башкармалыгы түзүлгөн. 1999-жылдын 22-февралында КРнын өкмөтүнүн токтому менен КРнын өкмөтүнүн алдындагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги деп өзгөртүлүп түзүлгөн. 1999-жылы 13-мартта мурунку техникалык инвентаризациялоо бөлүмү менен райондогу жерге жайгаштыруу бөлүмү менен бириктирилип Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасы болуп түзүлгөн.
Сузак райондук суу чарба башкармасы
Ирригация иштери Көк-Арт сайында ушул мезгилге чейин Октябрдагы бириктирүүчү, Оң жээк, Сол Жээк каналдары курулган. 1924-30-жылдары бардык каналдар оңдолуп, Көк-Артта биринчи жолу суу тосмолору курулду. Ошол эле мезгилде Жаңы-Сузак жана Кара-Дарыя каналдары да курулду. Бардык жумуштар кол күчү менен кетмен, лом, күрөк, чөкүр менен аткарылды. Ушул каналдар аркылуу 7000 га жерди суу менен камсыз кылынды. 1947-жылы Зерновой-Көк-Арт каналы кол күчү менен казылып бүткөрүлдү. 3,5 миң га жер суу менен камсыз кылынды. Ал кезде Көк-Арт өрөөнүндө 2 район бар болчу, андыктан каналдын жогору жагы Октябрь районуна, ылдый жагы Сузак районуна караган. 1940-жылы Сузак районунда биринчи жолу чарбаларды суу менен камсыз кылып туруучу атайын Суу чарба башкармасынын системасы тщзщлгён.
Райондук “Сельводснабжение” башкармасы
1975-жылы апрель айында Сузак районунда биринчи жолу “Сельводснабжение” башкармачылыгы түзүлгөн. Сузак районун суу менен камсыз кылуу башкармачылыгы өзүнүн структурасына бир нече участокторду камтып турган. Атап айтканда Октябрь, Сузак, Бек-Абад суу участоктору түзүлүп, алар калкты таза суу менен камсыз кылуунун маселелерин чечип турушкан.
Сузак райондук ветеринардык башкармасы
1936-жылы Сузак районунун тарыхында биринчи жолу ветеринардык дарылоо мекемеси ачылган жана ал райондук жер бөлүмүнүн аткаруу кызматына баш ийген. 1964-жылы КРнын Министрлер Советинин чечими менен Сузак райондук ветеринардык дарылоо ишканасынын базасында айыл чарбасынын аймагында жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча станция түзүлгөн.
Сузак райондук мамлекеттик ветеринардык лабораториясы
2002-жылдын 1-апрелинде райондор аралык ветеринардык лаборатория болуп уюшулган жана ал Сузак районунун, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларын тейлеп келет. Лаборатория: Серология, Бактериология, Паразитология деген 3 бөлүмдөн турат.
Сузак райондук мамлекеттик техникалык инспекциясы
КРнын Башкы мамлекеттик техникалык инспекциясы 1959-жылдан баштап кызмат аткарып келген. СССР жоюлгандан кийин КРнын өкмөтүнүн 1994-жылдагы токтомуна ылайык, КРнын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекция болуп кайрадан түзүлгөн.
Кара-Алма токой чарбасы
Кеңсеси Сузак районундагы Кара-Алма кыштагында 1945-жылы токой мөмө-жемиш заказниги катары Сузак районунун аймагында уюшулган. 1948-жылы ал Саты жаңгак совхозу менен биригип Кара-Алма токой чарбасы болуп түзүлгөн. Аймагы деңиз деңгээлинен 800-3000 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 406 км2. Токой чарбанын түндүк бөлүгүндө Согонташ, түндүк-чыгышында Акташ тоолору жайгашкан. Чарбанын аймагы аркылуу Көк-Арттын куймалары – Кара-Алма, Үрүмбаш, Кызылсуу суулары агат. Токой чарбанын негизги максаты – анын аймагында өсмкөн жаңгак, мөмө-жемиш токоюн жана ал токойду мекендеген жаныбарларды сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу. Чарбанын аймагында жапайы жаңгак, алма, алча, ак чечек, бадам, мисте, шилби, карагат, катмы жаңгак ж.б. өсөт. Анда аюу, түлкү, карышкыр, кашкулак, каман, элик, аскаларда кийик, илбирс мекендейт.
Орток токой чарбасы
1936-жылы бүткүл союздук “Союз плодовощь” бирикмесине киргизилген Орток токой чарбасы түзүлгөн. 1942-48-жылдардын аралыгында Орток токой чарбасы райондогу Каду деп аталган токой чарбага баш ийдирилген жана 1947-жылга чейин жаңгак мөмө-жемиш, түштүк трестине өткөрүлүп берилген. Кийинчерээк бул чарба Кара-Алма токой чарюасына бириктирилип, андан кийин кайра бөлүнүп чыккан. Орток токой чарбасы райондун борборунан 54 км түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Токой чарбасы учурда кайра бириктирилген.
Сузак райондук каржы бөлүмү
Жалал-Абад округдук жумушчу-дыйкан жана Кызыл Армия депутаттарынын аткаруу комитетинин 1926-жылдын 6-октябрындагы №189 буйругунун негизинде Жалал-Абад округунда райондук финансы-салык бөлүкчөсү уюшулган. Анда бардыгы болуп 5 кызматкер эмгектенген. Ошол кезде райондук финансы-салык бөлүмүнүн жетекчиси Борисов Яков Андреевич болгон. 1940-жылдын 28-апрелиндеги Сузак райондук каржы бөлүмү болуп, райондук аткаруу комитетине баш ийген. 1940-жылдын 1-июлундагы №174 буйругунун негизинде Сузак райондук каржы бөлүмүнүн биринчи жетекчиси болуп Карадуванаев Акша шайланган.
Сузак райондук салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик башкаруу комитети
1990-жылы 29-январда СССРдин Министрлер кеңешинин №76 токтому менен салык кызматы пайда болгон. 1991-жылы 11-февралда Сузак районунда МСИ (мамлекеттик салык инспекциясы) түзүлдү. КРнын салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик башкару комитетинин Сузак роайонундагы курамында 35 инспектор, 14 айыл округдар боюнча инспекторлор бар.
Сузак райондук казына бөлүмү
КРнын өкмөтүнүн 1994-жылдын 2-февралындагы №45 “КРнын Казына Министрлигин түзүү жөнүндө” токтомунун негизинде Сузак райондук регионалдык казына бөлүмү түзүлгөн.
Сузак райондук статистика башкармасы
Жалал-Абад округунда 1925-жылдын 2-февралынан тартып округдук статистикалык бюролор иштей баштады. 1939-жылы Жалал-Абад облусу түзүлгөндүгүнө байланыштуу 1940-жылы 28-апрелде Сузак району болуп аталган жана статистика иши Райондук эл чарба эсебин алуучу инспекция болуп кайра түзүлгөн. 1941-жылы 27-мартта Эл чарбасын эсепке алуучу башкармалык мамлекеттик пландоо башкармасынын Борборлоштурулган статистикалык башкармасы болуп аталган. 1959-жылы Жалал-Абад облусу Ош областына кошулгандыгына байланыштуу райондук инспекция Сузак райондук статистика бөлүмү болуп аталат.
Сузак райондук билим берүү борбору
Сузак райондук билим берүү бөлүмү 1940-жылы 28-апрелде Жалал-Абад райондук билим берүү бөлүмүнөн өзүнчө бөлүнүп, КРнын Жогорку Кеңешинин Указынын негизинде уюшулган. Алгачкы уюшулган мезгилде 18 мектеп бар эле, анда 263 мугалим иштеп, 700 окуучу окуган. Ошол алгачкы мектептердин катарына “Көк-Арт”, “Багыш”, Жийде, Стадин, Орто Азия, Таштак, жар-Кыштак, Кызыл-Көл мектептери кирген. Сузак районунун билим берүү бөлүмүнүн биринчи башчысы болуп Нышанбай Алыкулов иштеген.
Жылдары | 1940 | 1967 | 1977 | 1987 | 1997 | 2007 | 2017 |
Мектептерлин саны | 18 | 66 | 78 | 89 | 96 | 105 | 112 |
Мугалимдер | 263 | 1836 | 2881 | 3347 | 3086 | 2947 | 3347 |
Окуучулар | 700 | 31187 | 35358 | 40080 | 43332 | 50375 | 51000 |
Бала бакчалар | 34 | 46 | 58 | 8 | 14 | 35 |
Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алгандан кийин республикада биринчи болуп 1993-жылы Сузакта балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Манас", “Семетей”, “Сейтек” уюмдары түзүлгөн.
Сузак райондук социалдык фонд башкармасы
1930-жылы Сузак райондук социалдык камсыздоо бөлүмү түзүлүп, ал 1965-жылга чейин иштеген. 1992-жылы 6-июлдан тартып Сузак райондук пенсиялык фонд бөлүмү болуп аталган. 1994-жылы КРнын Социалдык фонду түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Сузак райондук пенсиялык фонд бөлүмү деп аталган. 2007-жылдын июнь айында Жалал-Абад областтык Социалдык фонд башкармасы жоюлгандыгына байланыштуу, КРнын Социалдык фондунун Сузак райондук башкармасы болуп, түздөн-түз республикага баш ийген. Азыркы учурда Сузак райондук Соцфонд башкармасына Көк-Жаңгак шаардык жана Октябрь филиалдары карап, 5 бөлүм иштейт.
Сузак райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгы
1993-жылдын 23-декабрында КРнын өкмөтүнүн жарлыгы менен калкты социалдык жактан колдоо иретинде райондо, шаарларда Социалдык жардам берүү бөлүмдөрү уюштурулган. 2000-жылы ноябрь айында КРнын өкмөтүнүн №636 токтому менен район, шаардык социалдык жактан коргоо башкармасынын милдети аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө жөлөк пул чектөө, жалгыз бой кары-картаңдарды акысыз социалдык жактан тейлөө, жеңилдиктерге укугу бар атуулдарга КРнын өкмөтүнүн 20.08.2006-жыл №605 мыйзамынын негизинде жеңилдиктерди берүү, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына, Чернобыль апаатынын жана ооган согушунун катышуучуларына көмөк көрсөтүү болуп калган.
“Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын райондук филиалы
1938-жылы Сузак райондук байланыш түйүнү түзүлгөн. (РУС) ал Жалал-Абад облустук байланыш башкармалыгына баш ийген. 1959-жылы Жалал-Абад облусу жоюлуп, Ош облусуна кошулгандыгына байланыштуу, Ош областтык байланыш башкармалыгшына баш ийген. 1994-жылы 1-июнда өкмөттүн токтомунун негизинде Сузак райондук байланыш түйүнү жоюлуп, анын ордуна Сузак райондук почталык байланыш түйүнү (РУПС) жана “Кыргызтелеком” АК түзүлгөн.
2003-жылы декабрь айында “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Сузак райондук филиалы түзүлгөн. 2004-жылдын ноябрь айында Сузак райондук филиалына “Көк-Жаңгак шаардык филиалы кошулган.
Сузак райондук жумуштуулук жана миграция комитети
1991-жылдын 2-январында райондук калкты ишке орноштуруу бюросу түзүлгөн. Бюрону К.Джээнбеков жетектеген. 1991-жылдын 4-мартында Сузак райондук калкты иш менен камсыз кылуу борбору түзүлгөн. Штаттык бирдиги 7 адистен турат. Аталган ишкана 3-март 2001-жылы Сузак райондук калкты иш менен камсыз кылуу башкармасы болуп өзгөргөн. 2006-жылдагы №2 буйругунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык калкты иш менен камсыз кылуу сектор Сузак райондук калкты иш менен камсыз кылуу башкармасына кошулган.
Сузак районунун медициналык-санитариялык мекемелери
Райондо алгачкы фельдшер-акушердик пункт 1930-жылы ачылган. 1940-жылдары 25 орундуу оорукана курулган. 1951-жылы Сузак райондук саламаттык сактоо бөлүмү уюшулуп, 1958-жылы 50 орундуу 12 оорукана (Сузак райондук борбордук оорукана, Октябрь номерлүү ооруканасы, Бегабат, Чаӊгырташ, Орто-Азия, Карамарт, Алымов атындагы, Батыров атындагы, Курманбек айылдык участкалык ооруканалары, Сузак учук оору ооруканасы, Көк-Жаӊгак ооруканасы, Сузак төрөт үйү, 8 айылдык врачтык амбулатория (Эркин, Жийде, Комсомол, Ташбулак, Кыргызстан, Каду, Жашасын, Алыкулов айылдарына) стоматологиялык бейтапканасы, 45 фельдшер-акушердик пункт, СЭС, балдар санаториясы, карылар үйү, 3 кан куюу бөлүмү бар. Район боюнча 217 врач, 1095 медициналык орто билимдүү кызматкерлер иштейт (а.и. 4 КРнын эмгек сиӊирген врачы, 25 саламаттык сактоо отличниги). 1972-жылы райондогу 13 дарыкана биригип, борборлоштурулган дарыкана №73 түзүлгөн. Ал 1995-жылы “Сузакфарм” акционердик коому болгон. Ага райондогу 14 дарыкана пункту караган.
Сузак райондук аймактык ооруканасы
1940-жылы Жалал-Абад району Сузак району болуп өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу Сузак айылында биринчи жолу райондук оорукана түзүлгөн. 1949-50-жж райондук саламатттыкты сактоо кызматынын башчысы болуп врач Зоя Зимская иштеген. Андан кийинки жылы Валентина Ничипуренко, 195054-жж аралыгында А.Бадалбаев, Алексеев П. деген тажрыйбалуу врачтар иштешкен. Мамасалиев Юлдаш, ал эми 1957-59-жж КРна эмгек сиңирген врач Юнусов Хамражан жетектеген. 1959-жылы Сузак райондук ооруканасы Сузак райондук борборлоштурулган оорукана деп аталды. Сузак райондук борборлоштурулган ооруканада эң узак жыл иштеген дарыгер Жолдошев Субан Жолдошевич болгон экен. Анын эмгеги “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен белгиленип, “КРнын эмгек сиңирген врачы” деген наам берилген.
Сузак райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору
Сузак райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору КРда Саламаттык сактоо тармагын реформалоонун улуттук “Манас” программасына ылайык 2002-жылы Сузак райондук борборлоштурулган оорукананын курамынан бөлүнүп, өзүнчө мекеме ишкана болуп уюштурулган. Ошондой эле Октябрь айылында жайгашкан ооруканадан Октябрь үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бөлүнүп, өзүнчө ишкана болуп уюштурулган. Бул ишканалардын курамында азыркы күндө 28 үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, 48 ФАП, Көк-Жаңгак жалпы дарыгерлер борбору иштеп жатышат.
Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору
1930-жылга чейин Сузак районунда бир да медициналык мекеме болгон эмес. 1934-жылы райондун аймагында безгек оорусунун эпидемиясы башталгандыгына байланыштуу безгек станциясы ачылган. Биринчи санитардык-эпидемиологиялык станция 1950-жылы ачылып, анда бир врач иштеген. Ошол убакта сантирадык эпидемиологиялык станцияда 4 адам иштеген. Станция райондун борборлоштурулган ооруканага кошулуп, санитардык-эпидемиологиялык бөлүм уюштурулган.
Сузак райондук стоматологиялык поликлиникасы
Сузак райондук мтамотологиялык поликлиникасы 1988-жылы райондун калкына көрсөтүлүүчү стамотологиялык жардамдын көлөмүн кеңейтүү жана сапатын жакшыртуу максатында райондук ооруканадан бөлүнүп, өз алдынча болуп, областтык Саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн буйругу менен уюшулган.
Сузак райондук “Водоканал” ишканасы
Райондук чарбалык эсептеги Водоканал ишканасы 1994-жылы түзүлгөн. Ал эми 2007-жылдын 1-апредлинен баштап водоканал ишканасы муниципалдык ишкана катары Сузак айыл округуна баш ийип калган.
Сузак райондук мамлекеттик архив
Совет бийлигинин алгачкы жылдары Жалал-Абад району болгондуктан, райондук архив 1932-жылы ошонун курамында түзүлгөн. 1940-жылы бардык мекеме-уюмдар жана ишканалар менен кошо архив дагы Сузак айылына көчүрүлгөн. Эл депутаттарынын Сузак райондук советинин аткаруу комитетинин 1941-жылдын 20-сентябрындагы №20 чечиминин негизинде Сузак райондук архиви аталган. 1959-жылдын 7-декабрындагы №79 буйругунун негизинде Октябрь жана Сузак райондору кошулгандыктан, октябрь райондук архиви да ошол учурда Сузак райондук архивине көчүрүлгөн. КРнын 2002-жылдын 29-мартындагы №264 токтомунун негизинде райондук архивге райондук мамлекеттик архив деген статус берилген.
Райондук жол эксплуатациялфык №22 башкармасы ДЭУ-22
1953-жылы Сузак районунда эксплуатациялык жол курулуш участоктору иштей баштады. Мунун ичинен эң алгачкылардан болуп түзүлгөн ДЭУ-22 ишканасы жол курулуш иштерин уюштуруу үчүн түзүлгөн эле. ошол мезгилде ДЭУ-22 ишканасы “Түштүк өндүрүштүк линиялык автожол” башкармачылыгына баш ийип турган. 1996-жылы ДЭУ-22 жол курулуш ишканасы - Бишкек-Ош жол курулуш уюмунун реконструкциялоо боюнча дирекциянын курамына өткөрүлүп берилген.
Сузак электр энергия сатуу ишканасы
Сузак электр энергия сатуу ишканасы курамына кирген Сузак РЭСи 1958-жылы Ош электр тармактар ишканасынын курамында түзүлгөн. Карамагында 4 участка болуп, Сузак районунун бардык аймагын тейлеген. Абоненттердин саны 14515. 1972-жылы Ош электр тармактар ишканасынын курамынан Жалал-Абад электр тармактар ишканасы болуп бөлүнгөн. 2004-жылдын сентябрь айынан Сузак РЭСинин курамынан бөлүнүп, Сузак электр энергиясын сатуу ишканасы түзүлгөн. Бул ишкана Сузак районуна караштуу Сузак, Ырыс, Атабеков, Кызыл-Туу, Барпы жана Кара-Дарыя айыл округдарын тейлейт.
Сузак РЭС
Сузак электр тармактар ишканасы 1972-жылы Жалал-Абад электр тармактар башкармасынын курамында уюшулган. Райондук электр тармагына Сузак, Октябрь, Бек-Абад участкалык электр станциялары кирет. Райондук электр тармактар ишканасынын биринчи директору болуп Мамадалиев Камилжан бекитилген. Ал эми 1975-жылдан 1998-жылга чейин эле бир нече шарттуу белгидеги подстанциялар ишке киргизилген. Маселен, 1975-жылы Жийде, Благовещенка, 1976-жылы Кызыл-Сеңир, Бекен, 1977-жылы Тайгараев атындагы, андан кийин Барпыв, Бек-Абад, Мырзажан атындагы подстанциялар кайра курулган. Азыркы мезгилде Сузак электр тармагы 6 айыл округду тейлеп турат.
“Кыргызтелеком” ААК Райондук бөлүмү
Сузак “Телеком” ишканасынын алгачкы ьайланыш техникалары болуп “МБ” 100 абоненттүү батарейка менен иштөөчү аппаратура орнотулуп иштей баштаган. Бул аппаратуранын линиялары райондук борборго дана Кара-Дарыя, Эркин, Барпы, Коммунизм, Карл Маркс сыяктуу колхоз-совхоздорго тартылган. 1974-жылы МБ аппаратурасы 200 абонентке көбөйгөн. Бул иштер ошол убактагы байланыш тармактарынын начальниги М.Беляевдин көзөмөлдөөсүндө ишке ашырылган. 2008-жылы азыркы заманбап райондун аймагына “Сандык” типтеги “Искратель” станциясы орнотулду. Бул станция 320 номерлүү, быйыл дагы 320 номер кошулду. Кыскасы, Сузак “Телеком” ишканасы 3000ге жакын абоненттерине байланыш кызматтарынын бардык түрлөрүн үзгүлтүксүз көрсөтүп келүүдө.
Сузактык Афганчылар
СССРдин мезгилинде Афганистан жеринде интернационалдык милдет өтөгөн көптөгөн улуттун эр-азаматтарынын ичинде Сузак районунан да көп жигиттер болушкан. Азыркы мезгилде райондук аскер комиссариатында 316 афганчы каттоодо турат. 1978-жылдан 1988-жылга чейин Афган жергесиндеги согушта 9 жоокер баатырларча курман болгон. Алардын бардыгы “Кызыл Жылдыз” ордени менен сыйланышкан. Мындан тышкары бир катар жоокерлер орден, медалдар менен сыйланышкан. “Күжүрмөн эрдиги үүчн” медалы менен 18 жоокер, “Каармандыгы үчүн” медалы менен 13 жоокер сыйланышкан. Азыркы учурда районубуздун афганчылары Республикабыздын аймагында ар түрдүү кесиптерде жана кызматтарда иштеп жатышат.
Чернобыль апаатына катышкандар
Кылымды солкулдаткан бул кыйроонун кесепетин жоюп, калыбына келтирүүдө 30 Сузактык да патриот адамдар болушкан. Азыр алардын катарында 23 адам калган. Алардын 22си социалдык коргоо мекемелеринде майыптыгы боюнча каттоого алынган.
Сузактыктар Баткен коогалаңына катышкандар
1999-жылы августа капсалаңдуу күндөрдө биздин райондон Баткен коогалаңын басууга 136 жоокер түздөн-түз катышкан. Алардын ичинен Барпылык сержант Жалалов Касымбек Каримжанович, Көк-Жаңгактык Курбаналиев Данияр Алымкулович “Эрлик” медалына татыктуу болгон. Барпылык сержант Калмурзаев Абдукерим Камалович менен Курманбек айыл өкмөтүнөн Мадазимов Нематулла Машрапович жарадар болушса, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн катардагы жоокер Шабданов Жумабек Кожошович Мекендин чегин коргоп жатып, 1999-жылдын 19-сентябрында курман болгон. Кийин ага “Эрдик” медалы берилген.
Райондун маданият бөлүмү
Сузак райондук маданият үйү 1945-жылы Сузак райондук эл депутаттарынын райондук кеңешинин алдында түзүлгөн. 1953-жылы райондук маданият бөлүмү Жалал-Абад областтык маданият башкармалыгына баш ийип калган. Сузак райондук маданият бөлүмүнө караштуу 1 райондук, 17 айылдык маданият үйү, 2 балдар музыкалык мектеби, 1 борборлоштурулган китепкана, 1 балдар китепканасы, 30 китепкана филиалдары бар. Райондук маланият үйү 300 орунга ылайыкташтырылган, кызматкерлердин жалпы саны 24, анын ичинен клуб кызматкерлери 17 жана башка кызматтагылар 7. Азыркы учурда эмгектенип жаткан ийримдердин саны 6, ийрим катышуучулардын саны 68.
Маданият бөлүмүнө караштуу айылдык маданият үйлөрүнүн жалпы саны 17, көрүү залындагы орундуктардын жалпы саны 4335. Ал эми ийримдери 49. Маданий мекемелерде эстрада, вокал, бий, комузчулар, дастанчылар, манасчылар, салт фольклордук ийримдери иштеп келүүдө.
Сузак райондук балдар музыкалык мектеби
Мектеп 1967-жылы ачылган. Балдарга баштапкы музыкалык билим берип, жогорку жана атайын музыкалык окуу жайларына окуучуларды даярдайт. Комуз, рубаб, аккардеон, фортепиано, най ж.б. музыка аспаптар боюнча билим алышат.
Сузак районунун борборлоштурулган китепкана тармагы
Ал Сузак айылында 1930-жылы негизделген. 1979-жылдан борборлоштурулган китепкана тармагына кирет. Ал райондун аймагындагы бардык китепканаларга усулдук кеӊеш берүүчү борбор болуп эсептелет. Китеп фондусу 43481 нуска, окурмандарынны саны 2237. Анын 30 филиалы, 1 райондук балдар китепканасы (китеп фондусу 20805, окурманы 2008) бар. Райондогу 30 айылдык китепканалардын жалпы китеп фондусу 289016, балдар бөлүмдөрүнүн китеп фондусу 10260.
Powered by Froala Editor