Айылдык аймактар
Кара-Дарыя

Тарыхы

Кара-Дарыя өрөөнү илгери камыш токойлуу жапайы айбанаттар мекендеген жер болгон дешет. Асакалдардын айтуусу боюнча деп жазган Урайым ажы Атековдун жазганына таянсак, илгери ушул чөлкөмдө Жахангир деген олуя адам жашап, ал таштарга курандын сүрөөлөрүнөн жана Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) пайгамбарыбыздын хадистеринен үзүндүлөр жазып калтырган экен. Ошондон улам ал таштар Чаңыл-Таш, Чаар таш деп аталып жүрүп, кийин Чаңгыр-Таш деп аталып калган деген божомол бар. Ал эми Чаңгыр-Таштын ылдыйындагы айылга илгери бир даанышман адам мечит куруп, аны акиташ менен сырдап турганынан ал Ак-Мечит деп аталып, андан улам ошол айыл дагы Ак-Мечит деп аталып калган. 

Жолдошев Жантөрө аксакалдын айтуусу боюнча1925-30-жылдары Совет доору башталган учурда Яков деген коммунисттин жетекчилигинде Чаңгыр-Таш менен Ак-Мечиттин ортосуна азык-түлүк сатып алуучу пункт курулуп, жанына мектеп жана оорукана салына турган долбоор башталат. Пункт курулуп бүтүп анын атын коюууда элдин жарымы Ак-Мечит койсок десе, жарымы Чаңгыр-Таш болсун дешип элдин арасында талаш күчөйт. Ошондо бир аксакал ортого чыгып; - Туугандар, мына оң жагыбызда Карасуу, сол жагыбызда Сырдарыя агып турат. Келгиле Карасуунун “Кара” деген сөзүн, ал эми Сырдарыянын “дарыя” деген сөзүн алалы да, бул пунктту “Кара-Дарыя” деп атайлы - дейт. Аксакалдын сунушу жалпыга жагып, ошондон улам Кара-Дарыя аталышы башталган экен. 

  • 1930-жылы Чаӊгыр-Таш аймагында Фрунзе атындагы айыл чарба артели түзүлгөнБул жерде негизинен ДөшАк-МечитЧаӊгыр-таш элдүү пунктары кирген Кийин майда колхоздорго бөлүнүп, Ак-Мечит айылдык кеңешине Кызыл-Аскер, Фрунзе, Кызыл-Октябрь колхоздору, ал эми Чаңгыр-Таш айылдык кеңешине Коммунизм, Карл Маркс, Калинин колхоздору кирген. 

            1956-58-жылдары бул чарбалар бириктирилип, анын базасында “Фрунзе” атындагы колхоз кайра түзүлгөн. Учурда Кара-Дарыя айыл өкмөтү - Сузак районундагы административдик аймактык бирдик болуп саналат. 1966-жылга чейин айыл кеңеши деп келинген.

Powered by Froala Editor