Айылдык аймактар
Кыз-Көл

Тарыхы

Кыз-Көл айылдык аймагы

Кыз-Көл айыл өкмөтү 1931-жылы негизделген. Кыз-Көл айылдык кеңеши 1935-жылдын февралынан айыл чарба артелинин жаңы уставы боюнча иштей баштаган. Алгач Октябрь районунун карамагында болгон. Аталган айыл аймагынан Мухтар Борбугулов, Шабданбай Абдраманов, Аширалиев Абдиумаматкадыр, Халдарбай Мамаюсупов, Мырзабек Малабаев, Бакбур Кутманов, Субан Жолдошев, Марат Кайыпов, Курманбай Турдубаев, Жаннат Туташева, Кадырбай Чойбеков, Айти Тойчиев сыяктуу көптөгөн алдыңкы адамдар чыгышкан.