Айылдык аймактар
Ленин

Тарыхы

Тарыхы.

Ленин айыл өкмөтү үч айылдан турат.

  1. Ленин айылы (мурунку "Кант" заводу)

  2. Орто-Сай айылы (мурунку Гавриловка айылы)

  3. Жыгач-Коргон (мурунку Фрунзе (Сымкат) айылы)


Совхоздун 3-бөлүмү азыркы "Жыга-Коргон" мурдагы Фрунзе айылы деп аталганы менен, бул жерде эл жашабаган шыбак, камыш баскан, жолборстор аралаган кароосуз талаалар болгон. 1850-70-жылдары билинбеген менен орус армиясы Орто Азияга чаң тополоң салып, түндүк кыргыздарды ар тарапка чачыраткан. Ошол учурда Ат-башы, Тогуз-Торо, Ак-Талаадан көчкөн элдердин айрымдары Көк-Арт дарыясынын эки жээгине жайгаша баштаган. Ошолордун арасында Чигитей улуу Али бий башкарган эл, Көк-Арт дарыясынын боюндагы Айгыр-Жал деген талаага келип конушат. Кийинчерээк кыштоосуна арык чыгарышып, мал жандыктарын камаш үчүн жыгачтан коргон салышат.  Ал жер ошол учурдагы түндүк-түштүккө каттаган соода кербендери токтогон жайга айланып, эл оозунда Жыгач-Коргон (дагы бир аталышы Али бийдин коргону) деп аталып калат. 

Кийинчерээк, 1886-жылы Орус империясынын, жергиликтүү (кыргыздардын) калктардын бардык укуктарын чектеген жобосу чыккан. Жобонун 270-статьясы боюнча, Кыргызстанда жашаган көчмөн калктардын, тактап айтканда Кыргыздардын ээлеген жерлери мамлекеттин гана менчик жерлери болуп саналган.

  Ошентип, көчүрүлүп келген славян жарандарына каалаган жерлери бөлүп берилүүгө тийиш болгон. Орусташтыруунун негизги каражаттарынын бири оторчулук саясаты эле.        Ошондон баштап орус дыйкандары жана кембагалдары көчүп келип дыйканчылыка ынгайлуу жерлерге отурукташып, жаны айыл-кыштактар пайда боло баштаган.

  Келгиндердин биринчи чон агымы 1881-1892-жылдарга туура келип, Көк-Арт өрөөнүндө Ивановка, Благовещенск, Спасовка, Гавриловка, Семихата, Атарвановка, Сафаровка, Михайловка, Подгорный, Дмитриевка, Архангель сыяктуу орус кыштактары пайда болгон.  Азыркы Жыгач-Коргон айылы турган жерде Дондон келген орус дыйкандар отурукташкан. Алар жети үйлүү болгондуктан өздөрүн "Семи хата" деп аташкан. Ошондон улам ал жердеги карапайым кыргыздар туура айта алышпай, "Сымкат" деп атап келишкен.

Ленин аймагынын дагы бир тарыхый айылы Орто-Сай.  Ал жерде байыртан кыштоо кылып жашаган кыргыздар, келгин орустардан кооптонуп жогору көздөй сүрүлгөн. Орто-Сайга  1902- 1914-жылдары көчүп келген орус эли ал жерди Гавриловка деп Жабирайилдин атына коюп алган жана бул айылда "Артель" болуп жашашкан. Бул жерде 1925-жылы Октябрь революциясынан кийин гана мектеп ачылып, 1-2 класс болуп, балдар жашына карабай чогуу окушкан. Мектептин имараты бир байдын атканасы болгон. 1930-жылы "Красный Труженник" деген ат менен колхоз уюшулат. 


  Мына ошол үч бөлүмдү учурда бириктирген Ленин айыл өкмөтүнүн борбору Ленин айылы. Азыркы Ленин айылы турган жерде сүргүнгө айдалганган еврейлердин жана татарлардын, поляктардын ошондой эле, орус мигранттарынын жардамы менен көп курулуштар бүткөрүлгөн. Мисалы, 1944-жылы кант заводу курула баштаган. А дегенде жаны курулуп жаткан айылды "Кант" заводу деп гана аташчу. Тилекке каршы заводтун (реконструкциясы) курулушу өзгөрүлүп, Кара-Балтага көчүрүлүп кеткен. Жергиликтүү калк ошол заводдон иштеп байыр алып, тоо тараптардан көчүп келишип айылды жаратышкан. 1946-жылы колхоз болуп уюшулган. 1957-59-жж. колхоздор совхозго кошулуп, “Октябрь жүзүмчүлүк совхоз комбинаты” аталган. Совхоздо жүзүм өстүрүлүп, мал асыралган, завод жүзүмдү жана мөмө-жемишти кайра иштетип чыгарган. 2000-жылдан акционердик коом болуп түзүлгөн. 

    Сымкатта 1934-жылы "Жаны-Арык" колхозу уюшулган. Андан кийин отуз-кырк түтүндөн эл жашаган колхоздор бириктирилип, 1936-жылы колхозго Шапалак аттуу (фамилиясы белгисиз) башкарма дайындалат. (Шапалактын урпактары азыркы учурда Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Кулбайлуу айылында турушат. Ленин айыл өкмөтүнүн Ленин айылында Кылычбаев Таир деген жашаган ушул кишинин таятасы болгон). Андан кийин Кабиров Мамыт 1937-жылдан 1939-жылга чейин башкарма болот. Бул кишинин урпактары Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Сафаровка (мурдагы Ленин-Жол) айылында жашашат. 1939-жылы эл ушул Жыгач-Коргон айылынын жашоочусу Алиев Жоробекти башкармалыкка шайлашат. Анын тукумдары да ушул жерде жашап өмүр сүрүшүүдө. Алиев Жоробек 1942-жылы өз каалоосу менен согушка аттанып, башкармалыкты Верентин Николайга өткөрүп берет. Ал өмүрүнүн акырына чейин Таран-Базар айылынын этегиндеги Дмитриевка айылында жашаган. Андан сон башкармасы болуп Арзиев Жума шайланган.

  1950-1953-жылдары колхоз Фрунзе колхозу болуп аталып калган. 1953-1957-жылдары Ысык-Көл облусунан келген Кулданов Рабкоп башкармалык кылган. 1958-1960-жылдары Фрунзе колхозунун эн акыркы башармасы болуп Давлетов Турдукул шайланган. 

  Ушул жылдары элди жумушка тартуу максатында колхоз трабынан үйлөр салынып, Кара-Алма айылынын тургундары көчүрүлүп келип, үйлөр квартира катары берилген. Бул көчөнүн аты "Согон-Таш" (Азыркы К.Ханазаров) деп аталган. 1950-жылы Фрунзе айылынан бир чакырым жерге гидроэлектростанциясы курула баштайт. Бул курулушка да карапайым калктын салымы зор болгон. Мисалы, ГЭСке суу алып келүү үчүн 300 метр канал кол менен казылып жеткирилген жана 1954-жылы март айында ишке берилген. Бул ГЭС үч айылга Фрунзе, Октябрь, Сафаровка, Кыз-Көл, Карамарт, Михайловка, Таран-Базар айылдарын жарыктандырган. 

  "Жыгач-Коргон" айылы, 1927-жылы "Талды-Булак", 1929-жылы "Сары-Камыш", 1934-жылы "Жаны-Арык" айыл совети болуп келсе, ошондой эле, 1936-жылы "Фрунзе" атындагы колхоз болуп уюшулган.

  Ал эми 1957-жылы үч айыл бир колхозго кошулган.

  1959-жылы Ленин айыл совети деп аталып, 1-2-3-бөлүмдөр ушул селолук советке караган. Аталган аймактан Сулайманова Рысбү, Орунбекова Бегайым, Жоробеков Кочкор, Пиримбаев Жусуп, Турдукулова Саламат сыяктуу көптөгөн эң мыкты адамдар чыккан.