Абдылдаев Авазбек
1943-жылы Сузак районундагы Жалгыз-Жаӊгак кыштагында туулган. Медицина илимдеринин кандидаты. Орто мектепти аяктаган соӊ, 1959-жылы КГМИнин дарылоо факультетине кирип, институтту аяктаган соӊ, 1965-жылы Өзгөн районуна жолдомо менен барып иштеп калат. 1969-жылга чейин медициналык эксперт, 1969-жылдан тартып Жалал-Абад шаардык бейтапканада иштеген. Басылып чыккан илимий-техникалык эмгеги үчүн 1983-жылы СССРдин саламаттыкты сактоо кызматынын отличниги наамын алган. 1991-жылы Жалал-Абад облустук патигистологиялык бюрого жетекчилик кылуу менен бирге медициналык окуу жайда сабак бере баштайт. Сиӊирген эмгеги жана жаш адистерди тарбиялоо жаатындагы кызматы үчүн КРнын Ардак грамотасы менен сыйланган. 2001-2006-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык факультетинде доцент болуп эмгектенет. Ондон ашуун илимий эмгектердин автору.
Абдыжалалов Абылкасым
1949-жылы Чаӊгыр-Таш айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунун алдындагы 1 жылдык курста окуган. 1974-жылы Кыргыз Медицина институтун аяктаган. 1974-75-жылдары интернатураны Бишкек шаарындагы №2 клиникалык ооруканада өтүп, хирург деген кесипке ээ болуп чыккан. 1975-77-жылары станция Пишпектеги темир жолчулар ооруканасында хирург жана анестезиолог болуп иштеген. 1977-жылдан тартып Чаӊгыр-Таш айылындагы ооруканада дарыгер хирург болуп иштеп, 1978-жылдан баштап ушул оорукананын башкы дарыгери болуп дайындалат. 1990-жылы “СССР Саламаттык сактоосунун отличниги” деген наам алган. 1999-2001-жылдары Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2002-жылдан тартып ушул күнгө чейин участкалык оорукананын башкы дарыгери болуп эмгектенип келүүдө.
Абдухалилов Ахмаджан
1954-жылы Сузак айылында туулган. 1977-жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтун аяктаган. 1978-жылы Сузак райондук борбордук ооруканада хирург болуп иштөө менен өзүнүн эмгек жолун баштаган. 1978-82-жылдары кан куюу бөлүмүнүн башгчысы, 1982-86-жылдары хирургия бөлүмүнүн дарыгери, 1986-жылы Сузак районунун башкы дарыгердин амбулаториялык-поликлиникалык иштери боюнча орун басары, 1996-2003-жылдары башкы врачтын дарылоо иштери боюнча орун басары, 2003-жылдан баштап Сузак аймактык ооруканасынын директору болуп иштеп келе жатат. СССРдин Саламаттыкты сактоосунун отличниги, КРнын эмгек сиӊирген врачы. Бир нече областтык, райондук грамоталар менен сыйланган.
Амираев Абдрасул
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы Амираев Абдрасул 1941-жылы, Сузак районундагы Үлгү айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Ташкөмүр шаарында райондор аралык сот-мед. эксеперт, ошол эле жерде врач-травматолог, хирургия бөлүмүнүн башчысы, башкы врачтын орун басары, 1981-87-жылдары Шамалдысай шаарчасынын, Сүлүктү шаардык ооруканаларынын башкы врачы, 1987-жылы Жалалабат шаардык оорукананын хирургу, травматология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Арзиев Исамамат
1951-жылы Сузак районундагы Кыргызстан айылында туулган. 1968-жылы орто мектепти аяктаган соң, КГМИнин студенти болгон. Аскердик даярдыктан өткөн. 1974-жылы Медициналык институтту толук аяктап, эмгек жолун Жалал-Абад областтык кургак учукка каршы диспансеринде врач-ординатор болуп иштей баштаган. 1975-79-жылдары Кургак учук, өпкө бөлүмдөрүндө бөлүм башчысы болуп эмгектенген. 1979-98-жылдары башкы дабагердин орун басары болуп эмгектенген. 1998-2003-жылдары Көк-Жаңгак шаардык ооруканасынын башкы дабагери, 2003-жылдан азыркы күнгө чейин Жалал-Абад областтык Р.Г. Бауэр атындагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы дабагери болуп үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук кеңештеринин депутаты болгон.
Бакиева Турдукан
КРнын эмгек сиңирген врачы Бакиева Турдукан 1942-жылы, Сузак районундагы Тейит айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүткөн. Эмгек жолун Ош областтык Балдар ооруканасында врач болуп баштап, 1967-69-жылдары Өзгөн шаардык ооруканасында, 1969-80-жылдары. Жалабат шаардык балдар ооруканасында врач-педиатр, балдарга кеңеш берүү бөлүмүнүн башчысы жана Жалалабат шаардык балдар ооруканасынын эмканасынын башкы врачынын орун басары болуп иштеген. 1980-2010-жылдары “Бакыт” балдар реабилитация борборунун башкы врачы кызматын аткарган. Саламаттыкты сактоо отличниги.
Кожоназаров Кенжебай
Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор Кожоназаров Кенжебай 1933-жылы, Сузак районунун Ырыс айылында туулган. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөн. 1957-60-жылдары Шамалды-Сай участкалык ооруканасынын жана ревмотологиялык санаториянын башкы врачы, 1960-69-жылдары Жалалабат шаарындагы балдар ооруканасынын башкы врачы болуп иштеген. 1963-80-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун педиатрия кафедрасында ассистент, 1983-97-жылдары Педиатрия кафедрасынын кафедра башчысы, ОшМУнун медициналык факультетинде педиатрия кафедрасынын башчысы, ал эми 2000-жылдан А. Батыров атындагы Эл достугу университетинде кафедра башчысы болуп, окутуучулук жана илим изилдөө тармагына кеткен. 85 илимий эмгектин, 3 монография, 3 ойлоп табуунун автору.
Тургунбаев Ойрот
Медицина илимдеринин кандидаты Тургунбаев Ойрот 1934-жылы, Сузак районунун Сафаровка айылында туулган. 1959-жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтун, 1964-жылы аспиратураны бүтүргөн. Эмгек жолун 1959-жылы аймактык медицина институтунда, илимий кызматкер болуп иштеп баштаган. Андан кийин, ушул эле институтта окумуштуу-секретарь болгон. 1965-1979-жылдары профсоюздардын курортторунун республикалык башкармасынын төрагасынын орун басары, төрагасы, Кыргызстан КП БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн сектор башчысы, 1972-1979-жылдары Кыргыз ССР Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары, 1979-жылы кыргыз ССР Саламаттык сактоо министри болгон. Андан кийин Афганистан Республикасынын өкмөтүндө кеңешчи-консультант болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты.
Садырбеков Мааданбеков Садырбекович - 1949-жылы 2-февралда Сузак районуна караштуу Барпы айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин “Ардактуу дарыгери” наамынын ээси. Атасы Садырбек айылдык интеллегенция өкүлдөрүнүн көч башында турган. Апасы Уулжан балдарды тарбиялоо менен алектенген. 1956-1966-жылдары Крупская атындагы орто мектепте окуган. 1965-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, 1973-жылы окуусун ийгиликтүүаяктаган. 1973-жылы алгачкы эмгек чыйырын Октябрь райондук ооруканасында врач-хирург болуп иштөө менен баштап, 1976-жылга чейин эмгектенген. 1976-1986-жылдар аралыгында башкы врачтын орун басары, 1986-1997-жылдары башкы врачтын орун басары, ал эми 1998-2003-жылдары хирургия бөлүмүнүн башкы врачы болуп иштеген. 2003-2015-жылдары Октябрь аймактык ооруканасынын директору кызматын аркалаган. Азыркы учурда Садырбеков Маданбек хирургия бөлүмүндө врач болуп эмгектенүүдө. 1998-жылы "Саламаттыкты сактоонун ардактуу дарыгери" наамы ыйгарылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин, областык райондук билим берүүбөлүмүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган. 2014-жылы Ленин айыл өкмөтүнүн "Ардактуу атуулу" наамы берилген.
Узаков Орозали
Медицина илимдеринин доктору, профессор Узаков Орозали Жаанбаевич 1956-жылы, Сузак районундагы Жийде айылында туулган. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. 1978-80-жылдары Жалалабат шаардык ооруканасында врач, 1984-97-жылдары Кыргызстан акушердик жана педиатрия институтунда улук илимий кызматкер, директордун орун басары, 1997-жылдан кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын медицина борборунун директору жана дарылоо иштери боюнча проректору кызматтарында иштеген. Ошондой эле КРнын саламаттык сактоо министрлигинин башкы аллергологу, Пульмонологдордун Европалык ассоциациясынын жана борбордук Азия пульмонологдорунун ассоциациясынын президиумунун мүчөсү, Саламаттык сактоонун отличниги болгон. Жогорку категориядагы врач. 80ден ашык илимий эмгектин, 1 монографиянын автору. Анын эмгектери негизинен аллергология, пульмонология, педиатрия ооруларын изилдөөгө багытталган.
Узакбаева Майрам
Узакбаева Майрам - 1953-жылы Сузак районунун Дмитриевка айылында туулган. 1970-жылы Кңк-Арт орто мектебин, 1976-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык институтун аяктаган. 1976-1977-жылдары интернатураны Жалал-Абад областтык ооруканада ңткңн. 1977-1995-жылдары Октябрь аймактык ооруканасында врач-невропатолог, 1995-жылдан бери Октярь карылар жана майыптар үйүнүн жетекчиси болуп эмгектенет. Саламаттыкты сактоонун «Эмгек сиңирген
кызматкери», «Социалдык кызматтын отличниги», Сузак районунун «Ардактуу атуул» наамынын ээси. Бир нече Ардак грамоталар менен сыйланган. 2 уул 2 кыздын энеси.
Исмаева Кулайша
1936-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун үгүт айылында туулган. 1959-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтун аяктаган. Эмгек жолун 1959-67-жылдары Ала-Бука районунда төрөт үйүнүн жана бөлүмүнүн багчысы болуп иштөдөн баштаган. 1967-72-жылдары Сузак районундагы Октябрь айылындагы ооруканада төрөт бөлүмүнүн башчысы, 1972-76-жылдары Октябрь райондук ооруканада башкы врачтын орун басары, 1976-98-жылдары Октябрь айылдык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы болгон. 1998-жылдан азыркы күнгө чейин Октябрь үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда эмгектенип келе жатат.
Кудайбердиев Зулпукар
Медицина илимдеринин доктору, профессор. 1939-жылы Көк-Жаңгак шаарында туулган. Медицина институтунун дарылоо факультетин бүтүргөн. Институтту бүткөндөн кийин Кемин районундагы Ильич участкалык ооруканасынын башкы врачы, 1964-76 КММИде клиникалык ординатор, терапия кафедрасында аспирант, ассистент, доцент, ошол эле мезгилде ин-тун врачтардын билимин өркүндөтүү боюнча факультеттин кардиология циклин жетектейт. 1977-жылдан Кыргызстан кардиология илимий изилдөө инс-да (1996-ж. КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин каридиология жана терапия борбору) директордун ил. иштер боюнча орун басары, ошол эле мезгилде факультеттик терапия кафедрасында профессор. Анын илимий эмгектери тоо физиологиясы жана терапиясынын проблемаларына арналган. Дени сак жана оору адамдар бийик тоо шартында узак же кыска убакытта болгон жүрөктүн иштөө абалын, борбордук жана чет гемадинамикалык көрсөтүүлөрүн, өпкөдөгү кан айланууну изилдеп, жүрөк-кан тамыр системасынын бийиктик гипоксиясына көнүгүү реакциясынын өзгөчөлүктөрүн жазган. Көп эмгектерин Теӊир-Тоо менен Памирдин ар кандай бийиктиктеги аймактарында убактылуу же дайыма жашаган адамдардын кара жумушта иштөө жөндөмдүүлүгүн изилдөөгө арналган. 160тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 монография, 4 усулдук сунуш, 2 ойлоп табуунун автору. СССР Саламаттык сактоосунун отличниги, КРнын эмгек сиӊирген врачы жана мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
Мурзакматов Камза
1939-жылы Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында туулган. КРнын эмгек сиңирген врачы (2000), 1962-жылы Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. 1965-71-жж. Сузак райондук учун оорулар ооруканасынын башкы врачы, 1971-91-жж. Ош облустук, Сузак райондук учук оорулар ооруканасынын башкы врачы. СССР саламаттык сактоо отличниги.
Жолдошев Субан
Белгилүү врач, 1962-жылы Бек-Абад участкалык ооруканасына терапевт болуп дайындалып, эмгек жолун баштаган. Ал жөн гана дарыгер эмес, райондогу жана облустагы коомдук ишмер катары да зор кадыр-баркка жетишкен. Айылдык, райондук жана облустук Кеӊештеринин депутаттыгына шайланган. В.И.Лениндин туулгандыгынын 100 жылдык юбилейлик медалы, “Ардак Белгиси”, “Эмгек Кызыл Туу” ордендери менен сыйланган. 1978-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген врачы” деген ардактуу наам берилген. Сузак аймактык ооруканасына ысмы ыйгарылган.
Өмүрзаков Жахангир
1947-жылы Сузак районунун Бек-Абад айылында туулган. КРнын эмгек сиңирген врачы (1999). 1971-жылы кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөн. 1971-81-жж. Сузак районунун санитария-эпидемиологиялык станцияда санитар врач (СЭС), башкы врач, 1981-89-жж. Ош облустук санитариялык агартуу үйүнүн 1989-96-жж. Ош облустук, Жалал-Абад облустук СЭСтеринин башкы врачы, 1996-2000-жж. Жалал-Абад облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы, 2000-жылдан Жалал-Абад облустук бириккен оорукананын директору. СССР саламаттык сактоонун отличниги, КРнын саламаттык сактоо отличниги. Медалдар менен сыйланган.
Узакбаева Майрам
1953-жылы Кара-Чолок айылында туулган. 1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтун аяктаган. Эмгек жолун 1977-жылдан Октябрь номерлүү ооруканасында врач болуп иштөдөн баштаган жана бул жерде 1995-жылга чейин үзүрлүү эмгектенген. 1995-жылдан азыркы күнгө чейин Сузак райондук карылар жана майыптар үйүнүн жетекчиси болуп эмгектенүүдө. 1999-жылы “КРнын саламаттыкты сактоосуна эмгек сиӊирген кызматкер” деген ардактуу наамга ээ болгон.
Юнусов Хамражан
1932-жылы Сузак районунун Сузак айылында туулган. 1955-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүргөн. 1955-56-жж Жалал-Абад облустук сөөк-муун учук ооруларын дарылоочу оорукананын башкы врачы, 1956-59-жж Сузак райондук борборлоштурулган ооруканасынын башкы врачы, 1959-85-жж. хирургия бөлүмүнүн, 1985-92-жж. “Эркин” айылдык врачтык амбулаториянын, 1992-95-жж. кайрадан райондук оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы. Медалдар менен сыйланган.
(С. Стамбековдун материалы)