Айылдык аймактар

Ардактуу мугалимдер


Абазов Абдымуктар - 1948-жылы, Сузак районундагы Барпы айылында туулган. Эл агартуунун отличниги. Ош мамлекеттик университетинин филология бөлүмүн аяктап, эмгек жолун айылдагы катардагы мугалимдиктен баштаган. Новатор-мугалим катары окуу процессине бир катар жаӊылыктарды киргизген. Усулдук колдонмолору республикалык ж.б. методикалык басылмаларга жарык көргөн. Өз учурунда жана бүгүнкү мезгилде насаатчы мугалим катары, жаштарга устат катары кеӊири маалым болгон. Токтосун Темирбаев атындагы орто мектебин 35 жыл бою директор болуп башкарган. Бир катар өкмөттүк сыйлыктарга көргөзүлгөн. 

Авазов Абдыманап Конокович - 1948-жылы, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында туулган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими. Т.Темирбаев атындагы мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштейт.

Абазов Макамбай - 1950-жылы 19-мартта Сузак районунун Кызыл-Кыя айылында туулган. Жалал-Абад шаарындагы А. С. Пушкин атындагы педагогиялык окуу жайынын дене-тарбия бөлүмүн бүтүргөн. 1973-1976-жылдары Карл-Маркс атындагы мектеп интернатында тарбиячы болуп иштеген. 1979-1993-жылдары Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинде педагогика жана психология мугалими, 1993-жылдан ушул күнгө чейин, ушул эле окуу жайынын, инженердик педагогикалык факультетинин педагогика жана психология кафедрасынын ага окутуучусу болуп эмгектенет. 2013-жылы Жалал-Абад “Мамлекеттик Университетине эмгек сиңирген мугалими” ордени менен сыйланган жана ушул эле жылы “Эл агартуунун мыктысы” наамын алган. Бир канча Ардак грамоталардын ээси. 


Алыкулов Нышанбай 

1908-жылы Сузак районунун Төөлөс айылында туулган. Алгачкы агартуучулардан. 1927-жылы Ош педагогикалык институтун бүтүргөн. Мектепте мугалим, ошол элде учурда баштапкы комсомол уюмунун жана айыл кеңешинин катчысы болгон. 1928-34-жж. Жалал-Абад кантонунда, Караван (Аксы), Октябрь райондук элге билим берүү бөлүмдөрүнүн башчысы болуп иштеп, 1942-45-жж Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1945-52-жж. Сузак райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 1952-жылдан Сузак районундагы Большевик колхоз башкармасынын төрагасы болуп иштеген. Анын демилгеси менен ар бир айылга мектептер ачылган. Экинчи даражадагы Эмгек Даңкы ордени жана медалдар менен сыйланган.

Болотов Жолболду

1942-жылы туулган. Билими жогорку. Эмгек жолун 1964-жылы Сузак райондук комсомол комитетинде инструктор болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин Кара-Алма орто мектебинде узак жыл мугалим болуп иштеген. 1971-жылы Кара-Алма орто мектебинен Николаев атындагы орто мектебине директор болуп которулат. 1975-77-жылдары Болотов Көк-Арт айылдык кеңештин төрагасы болуп шайланат. 1977-жылдан 1984-жылга чейин Сузак районунун элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болот. 1985-жылы Крупская орто мектебинде директор болуп иштейт. 1989-жылы Ырыс орто мектебине которулат. Андан кийинки жылдарда ал Карл Маркс орто мектебинде иштейт. 1995-жылы Саты орто мектебине директор болуп дайындалат. 2000-жылдан баштап ал Жалал-Абад шаардык №21 орто мектепке директор болот. Ж.Болотов СССРдин жана Кыргыз ССринин Эл агартуу отличниги. “Эл достугу” орденинин ээси. 2005-жылы КРнын “Ардак грамотасы” менен сыйланган. 

Ботокараев Пазыл

1933-жылы Качкынчы айылында туулган. 1955-жылы Жалал-Абаддагы Пушкин атындагы педагогикалык институтун ийгиликтүү аяктап, эмгек чыйырын мугалимдиктен баштаган. 1959-жылы Ворошилов атындагы (азыркы Бөкөнбаев мектеби) мектепте директор болуп дайындалган. 1968-жылы Тайгараев айылдык кеңешинин партиялык комитетинин катчылыгына, 1970-жылы Фрунзе колхозуна (азыркы Кара-Дарыя айылдык кеңеши) партиянын катчылыгына жиберилген. 1970-73-жылдары Фрунзе колхозунун башкармасы болуп иштеген. 1974-жылы “ардак Белгиси” ордени, В.И.Лениндин 100 жылдыгына карата юбилейлик медаль, Кыргыз ССРинин, ВЛКСМ Борбордук комитетинин, жогорку партиялык, советтик органдардын Ардак грамоталары менен сыйланган. 1968-жылы “Кыргыз ССРинин Эл агартуусунун отличниги” наамын алган. 

Давлетов Сатыбалды 

1939-жылы Сузак районунун Тайгараев айылында туулган. КРнын эмгек сиңирген мугалими. СССРдин жана КРнын эл агартуу отличниги. 1965-жылы Ташкендеги педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин бүткөн. 1965-79-жж. Сузак районунун мектептеринде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1980-99-жж. “8-март”, Карл Маркс атындагы жатак мектебинин, “Көк-Арт” гимназия мектебинин, 1999-жылдан Тайгараев атындагы орто мектептин директору. 

Жабиров Султанмурат - 1916-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган. 1945-жылдын 21-августунда Кыргыз ССР Эл агартуу тарабынан «Эмгек сиңирген мугалим” наамын алган, жана «жогорку математик» адисинин ээси болгон. Алгач медреседе окуп, андан сон жети жылдык мектепти аяктап, Фрунзе шаарында 6 айлык мугалимдик курсту бүтүргон. Фрунзеден алган буйуртма кагазынын негизинде, эмгек жолун, Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр мектебинде математика мугалими болуп иштеп баштаган. 1941-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарындагы 6 айлык атайын аскердик даярдыктан өтүп, кичи лейтенант офицердик чини менен, ошол эле жылы согушка кеткен. Ата-Мекендик

согушка Кызыл Армиянын 132-Бахмач Кызыл Туулуу аткычтар дивизиясынын, 498-полкунун 7-аткычтар ротасында взвод командири болуп катышкан. 1943-жылы Новоселье-Мутино кыштагындагы чон урушта эрдик көрсөтүп, аскер жетекчилигинин 1943-жылдын 29-сентябрындагы №32-буйругунун негизинде «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланган. Андан башка көптөгөн орден, медалдардын ээси болуу менен «Улуу Ата-Мекендик согуштагы каармандык» медалына да татыган. Ушул эле жылы согуш талаасында, душмандын снаряды тийип эки бутунан ажырап, Иркутскийдеги госпиталдагы дарылануудан соң, кичи мекенине кайтат. Согуштан кайткандан кийин, эл агартуу тармагында эмгектенип, 1943-45-жылдары Базар-Коргон районундагы Правда айылында, андан соң, Колот айылында алгачкы мектептерди түптөп, директорлук кызматтарды аркалаган. Кийин ошол эле райондогу Акман айылындагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жатып, 1962-жылы (ден-соолугуна байланыштуу) өзү туулуп өскөн Сузак районунун Октябрь айылына келип, өмүрүнүн аягына чейин Дзержинский мектебинде мугалим болуп иштеген. Ал 1973-жылы, 20-июль күнү катуу оорудан көз жумган.


Жакыпов Жалил – 1930-жылы, Сузак районунун, Үлгү айылында туулган. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими. 1948-жылы Жалалабат педагогикалык окуу жайын,  1954-жылы Бишкектеги В.В. Маяковский атындагы педагогикалык институтун бүтүргөн. 1954-60-жылдары Сузак районунун мектептеринде мугалим, директор, райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы. 1960-жылдан Жалалабат педагогикалык окуу жайында окутуучу, бөлүм башчы, директордун орун басары болуп иштеген. Кыргыз тилин окутуу методикасына арналган бир нече илимий эмгектин автору. Эл агартуу отличниги. 

Маматов Жоро

Сузак районунда биринчилерден болуп “Кыргыз Республикасына эмгек сиӊирген мугалим” деген ардактуу наамды алган. Маматов Жоро Сузак районундагы Жалгыз-Жаӊгак айылында туулган, билими жогорку, Көк-Арт орто мектебинде 45 жылга жакын мугалим болуп иштеген. Көптөгөн балдарды тарбиялаган. 

Жусупбеков Эржолон 

1920-жылы туулган. Жалал-Абаддагы педагогикалык техникумду бүтүргөн жана узак жыл мугалим болуп иштеген. Ал Ачы кыштагында биринчи профессионалдуу мугалим болуп эсептелет. Анын эмгегин жакшы билген айтылуу Барпы акын ал жөнүндө “Эржолон” деген поэма жазган. Э.Жусупбеков 1952-жылдан баштап партиялык кызматка өткөн. Ташкендеги жогорку партиялык мектепти бүткөн жана 1962-жылдарга чейин партиялык кызматтарда иштеген. Анын эмгеги жогору бааланып, Республиканын билим берүү министрлиги тарабынан “Ардак грамота” менен сыйланган. Азыркы учурда анын ысымы Ачы кыштагынын бир көчөсүнө коюлган.

Рахман Исманалиев - 1926-жылы Жалал-Абад областына караштуу, Сузак районунун Ворошилов айылында туулган. 1940-жылы толук эмес Ворошилов мектебинен 7-классты, андан кийин Жалал-Абад шаарындагы мугалимдер окуу жайын аяктап, эмгек жолун Кара-Булак айылындагы толук эмес мектепте мугалим болуп иштңңдңн баштаган. Ош педогогикалык институтунун физика-математика факультетин сырттан окуп бүтүргңн. 1953-1959-жылдары Октябрь райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. 1959-жылдан баштап Октябрь айылындагы Калинин атындагы 7 жылдык мектепте мугалим болуп иштей баштайт. Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында тоолуу жерде жашаган окуучуларды чогултуп, мектепте класстардын санын кңбңйткңн.

1969-жылы Р. Исманалиевдин демилгеси менен мектептин базасында жатак интернаты уюштурулган. Агайдын эмгекчилдигинен №33 А. С. Макаренко орто мектеби райондогу эң алдыңкы тажырыйбалуу мектептердин катарына кошулган. 1971-жылдан ңмүрүнүн акырына чейин Октябрь айылындагы жаштардын кечки мектебинде директор болуп иштеген. Зор эмгеги үчүн мамлекет тарабынан жогорку сыйлыктарга жетишкен. 1976-жылы дүйнөдөн кайткан.


Таштемиров Омурали

1942-жылы Барпы айылдык округуна караштуу Сай айылында туулган. 1965-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Бир катар илимий эмгектердин автору. Илимге 14 жаӊылык, сунуш киргизген. Эл агартуунун отличниги, жаӊычыл мугалим. 2005-жылы КРнын “Эмгек сиӊирген мугалими” деген ардактуу наамга ээ болгон. Персоналдык пенсионер. 

Ормошев Маматали 

1952-жылы Сузак районундагы Ботсон айылында туулган. Орто Азия мектебин аяктаган соӊ, 1969-71-жылдары колхоздо айдоочу, тракторист болуп эмгек жолун баштаган. 1971-76-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун механика жана колдонмо математика адистигине окуган. 1983-88-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда инженер-механик адистигине ээ болуп билим алган. 1976-78-жылдары Кыргыз ССР Илимдер Академиясында илимий кызматкер болгон. Кыргыз ССРи боюнча АЗЛКнын өкүлү, анын директору болуп эмгектенген. 1993-96-жылдары “Наристе” кичи ишканасынын директору. Өндүрүштө сиӊирген эмгеги үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. 1989-жылы эмгеги үчүн СССр Жогорку кеӊешинин Ардак грамотасынын ээси болгон

Тургунбаев Токтоназар – 1939-жылы, Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында туулган. КРнын эмгек сиңирген мугалими. 1969-жылы Ош мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн.  1969-жылдан Сузак районунун “Көгарт” орто мектебинде мугалим, директордун орун басары, директор болуп иштеген. Элге билим берүү отличниги.

 Узаков Жаанбай

 1921-жылы Сузак районунун Жийде айылында туулган. Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941-45). 1941-жылы мугалимдерди даярдоо курсун бүтүрүп, Сузак районунда мугалим болуп иштеген. Ата Мекендик согуш жылдарында Берлинди алууга катышкан. Согуштан кийин райондун мектептеринде мугалим болуп эмгектенген. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз, Даңк ордендери менен сыйланган. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими”.

Өмүралиев Маканбай 

КРнын эмгек сиӊирген мугалими, көп жылдар бою агартуу тармагында иштеп, жаштарды тарбиялоого көп эмгек сиӊирген. Элге билим берүү системасында жетекчилик кызматтарда иштеген.


(Ы. Жабировдун жана  С. Стамбековдун материалдары)