Айылдык аймактар
Сузак жаштары менен жолугушуу

"Сузак биримдиги" коомдук бирикмесинин кеңешме тобунун мүчөлөрүнүн аракети менен 2019-жылдын май айынын аягында, Бишкек шаарында окуган районубуздун жаштары менен жолугушуу болду. Жолугушуунун максаты жаштарды биримдикке, ынтымакка жана билим алууга үндөө менен бирге, алардын өз ара катнашын күчөтүп, коомдук иштерге активдүү тартуу болгондугуна байланыштуу,  жолугушуу тематикасы районубуздун чыгаан инсандары жөнүндө болду. Жалпысынан 100дөй адам катышкан бул иш-чарабыз орозо күнүнө туш келгендиктен, жаштарга кеңешме тобунун атынан ооз ачаар чайы да уюштурулду.