"Сузак биримдиги" коомдук бирикмесинин төрагасы Эркин Мамановичтин 2019-жылга түзгөн 10 иш планынын биринчиси болуп, жалпы ишембилик болду. Анткени, КРнын президентинин республика боюнча атайын эки айлык ишембилик жарыялоосун биздин бирикме да жетекке алды. Бирикме алгачкы ишембиликти 2019-жылдын 30-март күнү Сузак районунан чыккан белгилүү коомдук ишмер, Кыргыз ССРнин Министрлер кеңешинин мүчөсү Дөлөн Өмүрзаковдун атына коюлган Бишкек шаарындагы борбордук стадионунда өткөрдү. Бул ишембиликте 300 дөй сузактыктар чогулуп, стадионду тазалап, өз каражатына актап сырдап, эки машине калдыктарды чыгарып, трибунасынын полун жана ажатканасын ремонттоп берди. Ошондой эле Дөлөн Өмүрзаковдун сүрөтүн илдиришти. Бул иш чарага сузактык депуттарыбыз, коомдук ишмерлерибиз активдүү катышып, төрага Э. Сарбашев, Багыш айыл тургуну Г. Жумаев, депутат Б. Төрөбаев, Көк-Жаңак шаарынан Замир Исмаиловдор демөөрчүлүк көрсөтүштү. Бул ишембилик иш чарасы бир айга уланып, кеңешме топтун күчү менен Сузак районундагы ар бир айыл өкмөттө өткөрүлдү.